Агым

п»ї
 
Анапияевди Жаныш Бакиев өлтүрттүбү?

25- февралда Ютубга Алманбет Анапияевдин өлүмүнө шектүү делип издөөгө алынган Гүлжигит Абилазизовдун ИИМ өкүлдөрүнө көрсөтмө берип жаткан тасмасы чыккан. Ошол күнү кечинде жарым сааттык бул тасма КТРКдан көрсөтүлдү. Абилазизовдун айтымында, 17-февраль күнү Алманбет Анапияевге ИИМдин Кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын экс-жетекчиси Айбек Абдразаков, Жаныш Бакиевге окшош орто жаштагы көз айнекчен адам жана анын сакчысы Рустам Сайдуевге түспөлдөш дагы бирөө келген. Көпкө сүйлөшүп отурушкан соң алар түн ортосунда шейшепке оролгон бир нерсени машинеге салып кетишкен. Ошондон кийин Гүлжигит ал жактан качып, Москвада эки күн жашынып жатып, акыры Кыргызстанга келген. Келери менен ИИМге көрсөтмө бергени өзү келген имиш. Гүлжигиттин жарым сааттык көрсөтмөсүнүн стенограммасынын негизги жерлерин берүүнү туура көрдүк.
Гүлжигит өз көргөзмөсүндө ал Ош шаарынын Озгур айылынын тургуну экенин, 1989-жылы 8-июлда туулгандыгын, улуту кыргыз, билими орто, бойдок экенин айткан. Ал мурда соттолбоптур, учурда эч жерде иштебейт. Анын айтымында, ага эки ай мурун белгисиз бирөө чалып, анын ал-акыбалын сурап, Гүлжигиттин ишсиз кыйналып жүргөнүн уккан соң "сага бирөө чалат, ал сага иш таап берет" деген. Кийин ага өзүн "Алыш" күрөш федерациясынын президенти Алманбетмин деп тааныштырган бирөө чалып, экөө жолугуп, бир батирде эки айдай чогуу жашашкан.
"...Мен сурадым, "бул ким?" дедим. "Бул мен, Алманбет" деди. "Кайсы Алманбет?" дедим. "Мен Алыш күрөш федерациясынын президенти Алманбетмин", деди. Москва шаарына барып кондук. Күн чыгып калган. Ооба, ошо баягы Домодедово деген аэропортко кондук. Талаада кетип баратабыз. Ии, иши кылса ушуну менен общий бир 7-8 саат жүрүп койдук да жолдо. Жолдун боюнда Минск деп жазылып бир щит турган. Отурганда эле ушу эшик жактан Алманбет байке келип калды. Мен сүрөттөн бир жолу көргөм да эми. А мындай көргөн эмесмин. Үйгө кирдик, эки этаж жакшы салынган үй экен. Бул үйдүн муногу бурчу гараж экен... Спальнянын үстүндө анан жанында да бирден комната бар экен. Ошол жерде ушул Алманбет байке жатат экен. Биз экөөбүз эле жашап жаттык. Анан мага айтты "сен менин жанымда эле бол" деди. Мен жаныңызда эмне иш кылам десем, "сен просто тамак-аш даярдайсың, чай десем чай алып берип коесуң. 10-15 миң айлык берем" деди. Акча керек да, сразу эле макул болдум. Ошентип бул жерде эки ай жашадык. Ага чейин ал үйгө сакалчан бою чоң киши келген. 2-3 жолу келгенден кийин анан сакалы жок келди. Кийин Алманбет байке "Айбек" деп калды. Мен аты Айбек турбайбы деп калдым...




 






??.??