"Агым", 20.02.15 Кыргыз мөңгүлөрүн ким эритип жатат?
Акыркы кездери кышкысын кар аз жаап, жайкысын күн катуу ысый баштады. Анын кесепетинен миң жылдап былк этпеген мөңгүлөр тездик менен эрип, суу тартыштыгы жараларын былтыркы кургакчылык далилдеди. Мөңгүлөр эрип жатса, анан суу кантип жок болсун дегендер да бар. Ооба, эгер мөңгү эрисе суу кенен болушу керек. Бирок адистердин айтымында, учурда өлкөбүздө 6 миңдей мөңгү калды. Ал эми буга чейин алардын 2 миңи эрип жок болгон. Демек суу тартыштыгы - математиканын тили менен айтканда, үчтөн бирди кемитсең эки калат дегендей кеп. Алдыдагы 10 жылда дагы 30% мөңгүдөн айрыларыбыз айтылууда. Мөңгүлөрдүн казанга түшкөн тоң майдай тез эрип жатышына ким күнөөлүү? Бул суроого жооп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмер, биология илиминин кандидаты, география илиминин доктору, профессор Эмил ШҮКҮРОВ менен маек курдук. Профессор 13 жылга жете турган абдан чоң көлөмдөгү тузсуз суунун кору жаткан мөңгүлөрдүн тез эриши жалгыз гана Кыргызстандын эмес, бүтүндөй Орто Азиянын көйгөйү экенин белгилеп, узатылган суроолорго төмөнкүдөй жоопторун берди.


- Агай, айтсаңыз, биздеги мөңгүлөрдүн тез эрип жатышына эмне себеп болууда?
- Союз учурунда жайыттардын 40 пайызы кайра калыбына келтирүүгө жарабай калса, эгемендикти алгандан кийин дээрлик 80 пайызга жакын жайлоо керектен чыкты. Чабандар биринчи жылы мал багып барган жайлоого экинчи жылы да көчүп барышат. Бул жерге бул жылы мынча мал, кийинки жылы тигил жерге тигинче малды жайыш керек деп көзөмөлдөгөн, малдын санын тактаган эч ким жок, башаламан. Жайыттар эс алууга жетишпей, чаң буруксуган чөлгө айланып баратат. Андай жерде шамал да аркырап тургандыктан көтөрүлгөн чаң мөңгүлөрдү басууда.
Өткөн жылы көптөгөн жайыттар өрттөндү. Муну табигый кырсык дешүүдө. Эй, каяктагы табигый кырсык? Талаадагы чөп табигый түрдө бир гана күчтүү чагылган түшкөндө өрттөнөт. Былтыр кыйраткан чагылган түштүбү? Жок, бирок баары күйүп кетти. Кийинки жылы чөп көбүрөөк чыгат деген чабандар күзгө жакын атайын өрттөп жиберишүүдө. Бул жаңылыштык. Мен 1950-жылдардан бери Кыргызстанды түрө кыдырып байкоо жүргүзүп келатам. Өрттөлгөн аймактарда кийинки жылы дүркүрөп чөп өсүп чыкпайт. Тескерисинче алардын уруктарын, ал гана эмес тамырын кошо нөшөрлөгөн жамгыр оңой жууп кетип чөптүн ордуна шагылдар эле калат. Мөңгүлөргө көйгөй жараткан маселелердин эң негизгиси - жараксыз жайыттар. Ал эми экинчи маселе күн санап түшүп жаткан топурак жолдор. Алар айылдарды бириктирбей эле башаламан - ким кайсы жерге кааласа ошол жакка жол салууда. Үчүнчүсү, жолдорго, курулуш иштерине керектелүүчү шагыл, кум алуу үчүн кол жеткен жердин баарында казылып жаткан карьерлер. Мына ушулардан көтөрүлгөн чаңдар мөңгүлөрдү басып, аларды тез эритүүдө.
Мындан сырткары чаң бырыксыган бош жерлер күнгө жакшы жылыгандыктан чегиртке түркүмүндөгү курттар жумурткалап, тез көбөйөт. Алар жетилген соң чөптүү башка аймактарды талкалап, боз топурактуу жерге айлантышат. Чөбү жок, бош жерде нымдуулук аз болгондуктан аба жылуу болот. Мына баары бири-бирине тизмектешкен. Ага жеткирип жаткан мына өзүбүз. Чөлдүү жерлер көбөйүп жатса, келип алып өзүбүз эч нерсе кылбагандай климатка, кен ишканаларына шылтайбыз.
- Ал эми айрым саясатчылар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн тез эрип жок болушуна кен өндүрүүчүлөрдү күнөөлөп келишет. Алсак, Давыдов мөңгүсүн өлкөбүздөгү эң ири "Кумтөр" ишканасы талкалап жок кылып салды деп байма-бай айтышууда. Чын эле ушундайбы?
- Жогоруда эң негизги үч себепти санап өттүк. Жайлоолордон чыккан чаң "Кумтөр" кенинен чыккан чаңдан миңдеген эсе көп. "Кумтөрдүн" экологияны бузуп жаткан бир гана иши - Давыдов мөңгүсүн жаткан ордунан казып алып, экинчи орунга жылдырып жатканы. Бирок бул мөңгүнү жок кылып салды дегендик эмес да. Алтынды казып алуу үчүн тоонун үстүндө жаткан мөңгүнү көчүрүү керек. Ал эми мөңгүлөрдү коргоо боюнча мыйзам жазгандар алтынды жер алдынан казыш керек дешүүдө. Мында деле мөңгүлөр баарыбир ордунан жылат, чаң басат жана абанын жылышы менен эрип жок болот.
Эгер мөңгүлөр жөнүндө көп сөз айткандар ошончолук эле камтама болуп жатышса, анда ишти колго алышпайбы. Мына, элдин малы көбөйсүн деп жанталашабыз. Бирок жайыттарды туура колдонууга ким аракет кылууда? Бул боюнча мыйзам чыгаруучулар Жогорку Кеңештин трибунасынан бир үн каттыбы? Бабаларыбыздай болуп жайыттарды которуп колдонуп, аны сактап калуу боюнча адистер долбоор даярдаганбыз. Ага эч ким көңүл бурбай келет. Карай келсең эле жайыттарды ээлеп алып, малын жайдыргандар баягы эле депутат, бийлик өкүлдөрү жана алардын тууган-туушкандары болуп чыгат. Буга мамлекет өзү киришиши керек.
- "Кумтөр" жөнүндө сөз башталып кетти, эми аталган кендин тегерегиндеги сөздөрдүн дагы бири - аймактагы суунун булганышы. Тактап айтканда, кенден чыккан суу Нарын дарыясын булгап жаткандыгы тууралуу айтып жүрүшөт. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?
- Кенден чыккан суулар Нарын дарыясын булгап, андан ичкен мал-жан ууланып жатат деген болбогон кеп. Иштер менен Көл кылаасын кыдырганда кенге да барып, абалды көрүп жүрөм. Сууга байланышкан бир ишти айтып өтөйүн. Тааныш журналисттерим көз карандысыз иликтөө жүргүзүшкөн. Алар кенден иштетилип чыккан суунун Нарын дарыясына куйган жеринен жана анын боюнда жайгашкан Нарын шаарынан кийинки бөлүгүнөн сууларды алып, аларды анализге жөнөтүшкөн. Эске ала турган жагдай, анализди жүргүзүп жаткан адистер кайсы суу кайсы жерден алынганын билишкен эмес. Жыйынтыгы, Нарын шаары башталганга чейинки бөлүктөгү сууда эч кандай зыяндуу заттар табылган жок. Суу таза бойдон. Ал эми шаар аяктаган бөлүгүнөн алынган суу булганары белгилүү болду. Демек, суу шаарга жеткиче таза, ал эми андан кийин эмнеге булганары айтпаса да түшүнүктүү.
- Абалды жеринен көрүп, илимий иликтөөлөргө таянган адис катары жогорудагы кептердин суу кечпестигин белгиледиңиз. Ал эми кенде алтын алуу үчүн жерди казуу керек. Жер кыртышын талкалоо табиятка зыян келтирүү болуп саналат да...
- Сөздү улай кендин аймагындагы топуракка токтоло кетейин. Анткени баягы эле депутаттар ишкана кен казылган топурак, таштарды аймагындагы жайытка төгүп, талкалап бүттү деген сөздөрдү да айтышууда. Эгер кендин иши менен мен өзүм жакындан таанышып келбегенде депутаттардын айтканына ишенмек болушум керек. Кен 4 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Мындай бийиктиктеги жер шагылдуу болот. Анан кайдагы укмуш жайыт? Казылган таш, топурак, экинчи жердеги шагылга төгүлүүдө. Шагылдын үстүнө шагыл төгүү экологияга эбегейсиз зыян келтирүүбү? Аталган жерлерде аянты анча чоң эмес бирин-серин чөптүү жерлер бар. Ал жердеги өсүмдүк өсүүчү кыртыштын калыңдыгы болгону 5-10 сантиметрди түзөт. Мына ушуларды көрүп алышып, жер кыртышын талкалап жатышат дешет. Бирок ошол эле учурда биздин аткаминерлер, депутаттар жана байлар өздөрүнө заңгыраган үйлөрдү куруп жатышат. Ал жерден казылып алынган шагылды Марска жөнөтүп жатышабы? Чүй боорундагы өсүмдүк өсүүчү катмары 50 сантиметрди түзгөн талааларга төгүшүүдө. Бул келтирилген зыянга эч ким унчукпайт.
Саясатчылар көрүнгөн нерсени айтып элди дүрбөтүп коюуда. Ал эми алардын көздөгөнү эмне экени көрүнүп эле турат. Ишкананы тартып алып, ич ара бөлүп алуу. Мына өзүбүздүн Макмал алтын кенине бирөө асылып, тигиндей-мындай дедиби? Ал кендин аймагында канчалаган айыл-кыштактар бар. Ал кенден да чаң чыгат? Ага эч ким унчукпайт. Анысы аз келгенсип мамлекетке таандык аталган алтын кен ишканасы пайда таппай эле тескерисинче чыгым болууда. Анткени ал жерде биринчи кадамынан акыркы кадамына чейин уурдамай. Ал эми ишкана токтоп калбасын деп ар бир кыргызстандыктын өлкө казынасына төлөгөн салыгынан каражат бөлүнүүдө. Эгер уурдамай токтоп, тартип орнотулса "Кумтөр" сыяктуу мамлекетке пайда алып келе турган ишкана болмок.
Эгер чын-чынына келсек, жерди күрөк менен чукудуңбу, жолду чаңдатып бастыңбы, ал экологияга зыян келтирүү болуп саналат. Андай болсо баарыбыз төлөмөрбүз же эмне биз жерге бутубуз тийбей калкып жүрөбүзбү? Эгер эч кандай зыян келтирбейбиз десек, анда депутаттарга айтып, төрөлгөн боюнча ордуңдан жылбай энеңдин гана эмчегин эм. Ата-энең да ордунан жылбай, тишинин кирин соруп жашасын деген беренеси бар мыйзам чыгарттырып алсак окшойт...

Абай Алыкулов