Агым

п»ї
 
Жалал-Абад шаарында апасына таарынган 3-класстын окуучусу асынып алды.

Мамлекеттик архивдеги XIX кылымдан бери сакталган документтер жоголуу коркунучунда турат.

Ат-Башы айылында 26 жаштагы жигит мас абалында атасын токмоктоп өлтүргөн.

Ошто 19-январда жоголгон 20 жаштагы Мария Рыбалованын денеси анын атасынын мүрзөсүнүн жанынан табылды.

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Талантбек Шаршеев бир күндө 4 карышкыр атты.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев тирүү болгондо бүгүн 83кө чыкмак.

Ноокен районунун Сары-Кыя айылынын тургундары 13 жылдан бери таза сууну сатып ичишерин кабарлашты.

Астана шаарынын бир көчөсүнө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилмей болду.

Ош облусунун Көк-Арт айылында 18 койду көчкү алып кетти.

Шаршембиде Бишкектеги букмекердик конторалардын бирине белгисиз бирөө кирип кассирди коркутуп 49 миң сомду алып кетти.

Евразия өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-агрегатына 80 млн. доллар бөлүүгө макул болду.

Кыргызстан Бажы союзуна кирсе электрондук техникалардын ичинен цифралык сигналдарды кабыл алуучу жабдыгы бар телевизорлор 13 пайызга кымбаттайт.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Мамлекеттик каттоо кызматы менен Социалдык фонд кызматкерлери 2014-жылы 7 миң паспортту мыйзамсыз бергенин аныктады.

Парламент Юстиция министрлигине Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин жактырды.

Бизнесмен Р.Алкановдун адвокаты Талас облустук сотунун жактоочусуна кол салгандардын бирин бошотуу чечимине макул эместигин билдирди.

"Жаңы Агым" - пресс



 






??.??