presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Тармактагы шишик
"Улуттук онкология борборунун иши жетекчиден көз каранды"
Былтыр Улуттук онкология борборунда биртоп ызы-чуулар чыгып, аягы борбордун жетекчисин кызматтан алуу менен аяктаган. Борбордун азыркы абалын билүү максатында Улуттук онкология борборунун онкогинеколог-хирургу, медицина илиминин кандидаты Нурбек БУКУЕВди кепке тарттык.


- Нурбек Медетович, өткөн жылы Улуттук онкология борборуна жатын шишик ооруларын дарылоочу жаңы аппараттар келгени жатат, аны өздөштүрүп, элди дарылайын деген пландар бар дедиңиз эле. Ал план ишке аштыбы?
- Тилекке каршы, ал аппараттар келген жок. Ошонун кесепетинен учурда онкология борборунун иши аксап, оорулууларды жеткиликтүү дарылоо кыйын болуп жатат. Ошондой эле быйыл Улуттук онкология борборунда оңдоо иштери үч айдан бери бүтпөй оорулууларга да кыйынчылык жаратып жатат. Дарылоочу аппараттардын эскилигинен улам айрым оорулууларды чет өлкөлөргө жиберүүгө аргасыз болобуз. Чынын айтканда биздин аппараттардын иштөө мөөнөтү союз мезгилинде эле бүтүп калыптыр. Ошого карабай эски аппараттарды оңдоп-түздөп иштетип келатабыз.
- Азыр кайсы ооруканага барба, айрыкча ушул сиздердин борбордогу гинекологдордун кабинетинин алдында кыз-келиндер, орто жаштагы, улгайган аялдар дайыма кезек күтүп отурушат. Бул жатын ооруларынын көбөйгөндүгү эмеспи?
- Туура, оорулуулар жылдан жылга көбөйүп жатат. Бирок кезек күткөндөрдүн көбөйгөндүгү элдин ден соолукка маани берип, алдын ала көрүнө баштагандарынан да болуп жатат. Азыр кыргызстандыктар каражаттын тартыштыгына карабай дарыгерге көрүнүүгө аракет кылып калышты. Албетте, акчасы жок, убагында көрүнө албай жүргөндөр да көп. Ошондуктан элге колдон келген жардамыбызды берип жатабыз.
- Өткөн жылы Улуттук онкология борборунда биртоп чыр маселелер жаралып, айрым кадрлар да кызматынан алынды. Биздин угушубузча борбордо улуу муундагы дарыгерлер менен жаш кадрлардын ортосунда карама-каршылыктар бар экен. Бул чынбы?
- Бул биздин негизи көйгөйүбүз. Анткени улуу муундагы дарыгерлер жаштарды үйрөтүп жол көрсөткөндүн ордуна биргелешип ишти алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бербей келатышат. Менимче, улуу-кичүү дебей кол кармашып, ынтымакта иштесек кыргыз элине чоң эмгек кылып, көп пайдабыз тиет эле. Өлкөбүздө жападан жалгыз онкологиялык борбор болгондуктан бири-бирибизди көтөрмөлөп, жардам берип, борбордун ишин жакшыртпасак бизге сырттан бирөө келип жардам бербейт. Муну колго алыш үчүн борборду ишти мыкты уюштура билген, эски-жаңы кадрларды түшүнө билген, дили таза, ар кандай интригалардан алыс жетекчи башкарышы керек. Борбордун ишинин жакшырышы жетекчиден көз каранды.
- Жетекчи демекчи, былтыр онкология борборунун жетекчиси кызматынан алынды эле. Буга эмне себеп болду?
- Ал киши убактылуу кызматынан бошотулган. Азыр онкология борборунун кызматкерлеринин көбү анын кайра келип иштешин каалап жатышат. Анткени ал өз ишин так аткарып, калыстык менен иш алып барчу. Ошондуктан анын кайра келиши борбордун ишин жакшыртат деп ойлойм.
- Азыр дарыгерлердин көбү бир эле учурда мамлекеттик да, жеке менчик да ооруканаларда иштеп жатышканы жашыруун эмес. Элдин айтымында, айрым ак халатчандар мамлекеттик ооруканадан оорулууларды жакшы дарылабай, жеке менчик клиникаларында жакшы дарылашат экен. Ушул туурабы?
- Мен өзүм жарым жылдан бери мамлекеттик оорукана менен бирге эле жеке менчик клиникада да иштеп жатам. Ошондуктан бул ойго кошулбайм. Ак халатты кийгенден кийин мамлекеттик ооруканадабы же жеке клиникадабы, дарыгер оорулууга бирдей мамиле кылууга милдеттүү. Анткени ооруган адам кайсы ооруканага барбасын айыксам деген гана ой менен келет. Менимче, муну ар бир врач жүрөгүнө түйөт.
- Кайсы кызматта болбосун, айрыкча медицина чөйрөсүндө адистер дайыма билимин, тажрыйбасын жогорулатып туруш керек. Бул жагы Улуттук онкология борборунда кандай?
- Тилекке каршы, каражаттын жетишсиздигинен чет өлкөлөргө көп чыга албай калабыз. Ошондуктан мамлекет жаш кадрларга көбүрөөк көңүл буруп, башка өлкөлөргө тез-тез чыгарып, билимин жогорулатып, дарылоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүп келүүгө шарт түзүп берсе жакшы болот эле. Азыр Европа өлкөлөрүндө, Россияда онкологиялык ооруларды жаңы ыкмалар менен дарылап жатышат. Аларды азыр үйрөнүп калбасак кийин жетишпей да калабыз.
- Сиздер го сыртка көп чыга албай жатыпсыздар, а чет өлкөлөрдөн онкология борборуна келип өз тажрыйбалары менен бөлүшүп кеткендер болсо керек?
- Былтыр биздин борбордун балдар бөлүмүнө Белоруссиядан адис келип жаңы ыкма, системаларды үйрөтүп кетти. Ошондон улам балдар бөлүмү кеңейип, жакшы иштей баштады.
- Аппараттар эскирди деп жатасыз. Жыйырма жылдан бери мамлекеттик кепилдик менен чет өлкөлөрдөн же Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунан грантка же кредитке аппараттарды алууга Улуттук онкологиялык борбордо аракеттер болгон эмеспи?
- Ошондой келишимдер менен аппараттарды жаңыртсак жакшы болмок. Бирок андай аппараттар өтө кымбат. Эгер борбор өзү кредитке алса, аны төлөш үчүн оорулууларды кымбат дарылоого туура келип калат. А башка өлкөлөрдө болсо онкологиялык оорусу барлар бекер дарыланышат. Ошондуктан аппараттарды жаңыртуу жагын мамлекет ойлонушу керек.
- Онкология борборунда азыр жатын ооруларына жасалган операциялардын туруктуу баалары барбы?
- Буга азыр жооп берүү кыйын. Анткени азыр Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) борборго туруктуу мамлекеттик төлөмдөрдү бекитүүнү карап жатат. Бул кийинчерээк белгилүү болот.
- Молдолор эркек кишинин гинекологдук кесипти тандап алышы туура эмес деп айтып жүрүшөт. Буга кандай жооп кыласыз?
- Албетте, өзүм гинеколог болгон соң бул суроо мага да катуу тиет. Бирок оору Кудай берген сыноо болгондуктан, биздин аларды сакайтып, дарылап жатканыбызды туура эле көрөм. Аял дарылайбы же эркек дарылайбы, эң негизгиси оорунун айыгып кеткени маанилүү. Чет өлкөлөрдө деле азыр гинекология тармагында көбүнесе эркектер иштешет.

Мелис СОВЕТ уулу




Алло, айтарым бар!
Ой бөлүш, окурман!

Урматтуу окурман, кадырман калайык, жаңырган Кой жылынын башы менен "Жаңы Агым" гезити "Алло, айтарым бар!" рубрикасын ачып отурат. Рубриканын аталышы айтып тургандай, гезит редакциясы мындан ары өлкөбүздүн кайсы бурчунан болбосун окурмандардын, элеттиктердин телефон чалууларын кабыл алат. Кимде ким өзү жашаган көчө, айыл, район же облустагы элге үлгү, сабак боло турган жаңылыктарды, ошондой эле ошол аймакта болгон көйгөйлүү маселелерди, жеке өзүнө, айылына байланыштуу кызыктуу окуяларды эл менен бөлүшүп, бийликке жеткиргиси келсе 38-67-06, 0705-032778, 0555782154 номерлерине байланышса болот. Эгер сизде көз менен көрүп, көкүрөктө кайнаган сүйүнүчтүү, күйүнүчтүү, кызыктуу, элге керектүү, маани-маңыздуу окуялар, маселелер, кеп-кеңештер болсо жогоруда көрсөтүлгөн номерлерге чалып айтып берсеңиз, ал гезит аркылуу жерде калбай элге барат. Айылда арман кылбай Ак үйгө, көкүрөктө көшөгөлөнбөй Көк үйгө жетет. Балким сиз айткан кабар бирөөнү жашоого шыктандырса, бүтүндөй бир айылдын көйгөйүн чечип коер. Ойлонулбаган кадамдарды оң жолго салар, толгонбогон чиновниктерди тогуз толгонтоор. Камыкккандарга канат болор, адашкандарга сабак болор. Эң болбогондо эл ичинде байланыш, ынтымак чыңалаар, ынтымак арты менен кыргыз элине ырыс, кут уялаар. Андыктан кайдыгер калбай чал, окурман! Бирок бош отургандан көрө деп бирөөнү жарым саат жамандоолор, ат башындай арманын алты саат айтуулар гезитке жарыяланбайт. Чалуулар күндүзгү саат 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин кабыл алынат. Айтылган кабардын астына чалган адамдын дареги, аты-жөнү, телефон номери жазылат. Андыктан айтарыңыз кыска, нуска, маңыздуу, данектүү, далилдүү болушун суранабыз.


- Учурда кыргыз өкмөтүнүн түзүлүшү өзгөртүүгө муктаж. Биринчиден вице-премьер-министрлерди жоюш керек. Булар министрлерге тоскоолдук кылып иштетпей жатат. Экинчиден, облустарды жоюш керек. Анткени губернаторлор райондук акимдердин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылат. Ошондой эле Жогорку Кеңеш тууралуу да айта кетейин. Кыргызстанга 120 депутат көптүк кылат. Бизге ар бир райондон Жогорку Кеңешке бирден депутат болсо туура болот. Ал депутат ошол райондун борборунда отурушу керек. Себеби ал ошол жактын көйгөйүн көзү менен көрүп, кулагы менен угуп турат. Анан ал айына бир жолу борборго келип сессияга катышып, болгон көйгөй, маселелердин баарын айтып, сунуштарын айтып турушу керек.

Ырысбек КАЗАКБАЕВ, Бишкек шаары,
Тыныстанов көчөсү 8, кв.40


- Менин Алыкул Осмоновдун күйөрмандарына беш соболум бар эле. Алар: 1) Алыкул Осмонов жөнүндө эмне билесиз? 2) Чыгармаларынан жатка айта аласызбы? 3) Алыкул, Ысык-Көл дегенде оюңузга эмне түшөт? 4) Алыкулдун 100 жылдык мааракеси кандай өтсө дейсиз, ага кандай катышыңыз бар жана өзүңүз жашаган жерде акындын мааракесине карата эмне даярдыктар көрүлүп жатат? 5) Скульпторлор Алыкулдун Көл боюна коюлуучу эстелигинин мыкты долбоорун таппай жатышат. Сиз ошол эстеликти кандай элестетесиз?

Негизи эстеликти куруу боюнча тийиштүү мекемелерде жаңы жоболор иштелип чыкса болмок.
Памирбек КАЗЫБАЕВ, Бишкек шаары, 0550482446

- Мен суу боюнча сиздерге кайрылып жатам. Биздин Чалдовар айылы Казакстан менен чектеш. Былтыр кургакчылык болгонуна байланыштуу көлмөлөр кургап калды. Айыл өкмөт башчысы Куралбек Камалиевге барып азыр жөн эле агып жаткан Ашваран суусун көлмөлөргө толтуруп алалы деп кайрылдык. А киши ана-мына деп эле чоюп келатат. Айылдагы суу чарбасына кайрылсак алар төлөгүлө дейт. А суу болсо Казакстанга жөн эле агып кетип жатат. Ушинтип жатып жаз келсе ал суу сугатка кетип бизге суу ашпай калат. Жазы, жайы бул көлмөлөрдөн мал да суу ичет. Суу толсо балык чарбаларына да, элге да жакшы болот эле. Мурда көлмөлөр жер астындагы булактардын суусу менен толукталып турчу. Кургакчылыктан улам булактардан да суу чыкпай калган. Көлмөлөрдү биз ижарага алып айыл өкмөтүнө ижара акысын да төлөп турабыз. Ушуну гезитке жазып, чечип берсеңиздер биздин сообубузга калат элеңер.

Күрүчбек ЧЕКИРБАЕВ, Фрунзе айыл өкмөтү, Подгорный, 49, тел: 0777517064




  п»ї





??.??