"Агым", 06.02.15 Кесиптешке ак жол!
Жанар АКАЕВ:
"Эки күндө эле галстуктан кыйналып кеттим"
Белгилүү журналист Жанар Акаев күтүлбөгөн жерден Президенттин пресс-катчысы болгону ушул жуманын негизги жаңылыктарынын бири болду. Биз жаңы кызматка киришээр алдында Жанар менен маек курдук.


- Жанар, жаңы орун кут болсун! Бул сунуш Президент тарабынан качан, кандай учурда болду? Сүйлөшүүдө мамлекет башчысы кандай шарттарды убада кылды?
- Мага жакында эле сунуш болду, Президент менен жолугушуп, азыркы журналистиканын абалы, сөз эркиндиги сыяктуу биртоп маселелерди сүйлөштүк. Ал өзү жаш, таза, чынчыл адамдарды дайыма колдой турганын айтты. Эч кандай шарт деле болгон жок, бирок Президент таза иште деди. Сунушту угуп, ойлонууга бир аз убакыт сурадым. Бирок көп өтпөй макулдук бердим, анткени ушул кызматта туруп мен мамлекетибизге салым кошкум келди. Ошого болгон күчүмдү жумшайм деп турам.
- Бул кызматка барганда сага кандай кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн?
- Менде кыйынчылыктын көбүн жеңип кетем деген ишенич бар, анткени өзүмө ар дайым катуу ишенем. Кыйынчылык - бир гана галстук тагынганды жакшы көрбөйм, бирок расмий иш-чараларда галстук тагыныш керек болот экен. Эки күндөн бери галстук тагынам деп кыйналып кеттим. Башка кыйынчылыктын баарын жеңебиз.
- Чынында эч кандай таанышы жок, карапайым элдин арасынан чыккан тоолук жигитти Президент өзү чакырып кызматка койгонуна коомчулук бир чети таң калып, бир чети кубанып жатат. Ошол эле учурда көпчүлүк "биз кыйын журналисттен айрылдык. Ак үйгө кирген адам капаска түшүп, тили кыскарып калат" дешүүдө.
- Жанар буга чейин коомдун көйгөйүн бийликке кандай нукта жеткирген болсо, эми ошол чындыкты айтуу эки эсеге көбөйөт. Мен өмүр бою маалымат катчы болуп иштебейм, биртоп убакыттан кийин кайра эле журналистикага кайтышым мүмкүн.
- Президенттин сунушун кандай кабыл алдың? Эмнеге сага токтолушту?
- Мен элдин кайнаган турмушунун чордонунда жүрөм. Жашмын. Иштеп көрөлү дедим.
- Өзүңө белгилүү болгондой Президенттин катчылары ар дайым мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу оппоненттерин соктуруп, жамандатып келген. Сен муну менен кандай күрөшөсүң?
- Менимче бийликтин саясый оппоненттери конкреттүү сунуштарын берсе, бул жаатта мындай ката кетип жатат, муну мындай өзгөртсөк болот деп айтышса жакшы болмок. Саясый оппоненттер менимче бийликке жардам берет. Сын сөзсүз керек.
- Сен агарып-көгөргөн "Азаттык" радиосу АКШнын позициясын кармаганы жашыруун эмес. Анүстүнө сен билишибизче "Ата мекен" партиясына жан тартып келгенсиң. Ошол эле учурда бийлик Россия менен кызматташып жатат. Мындай карама-каршылыктар эми эмне болот?
- Мен бир да партияга мүчө эмесмин. Тышкы саясатта да бир беткей көз карашым жок. Ал жагынан маселе болбойт.
- Буга чейинки Президенттин пресс-катчылары карапайым калк тургай, ММК өкүлдөрү менен, өзгөчө кыргыз тилдүү маалымат каражаттары менен анча иштешчү эмес. Анткени алар кыргызча сүйлөй алышчу эмес. Эми орус тилдүү басылмалар жериле баштабайбы? Сен кызматташууну жандантасыңбы же Президенттин айтканы айткан, дегени деген болобу?
- Мен такыр бөлбөйм, мына, биринчи эле ишке киришкен күнү орус тилдүү сайттар маегимди чыгарышты. Бирок мен мамлекеттик деңгээлдеги ири иш-чаралардын кыргыз тилинде өтүшүн жактайм. Президент муну менен кызматташпагыла деп эч кандай тапшырма бербейт, мен да бирөөнүн тапшырмасын аткарып көргөн жан эмесмин.
- Кубатбек Байболов "Жанар Президентке чындыкты бир айтат, эки айтат, анан жаман көрүнө баштайт. Тарыхта бир да бийлик чындыкты жактырган эмес" деди. Эгер сен ойлогондой мамлекет башчысы сунуштарыңды, пикирлериңди угуп, эсептешпей койсо кандай кадамга барасың?
- Негизи Президент мен жок эле чындыкты укпай калган деген ой туура эмес. Анүстүнө мен ишке киришкениме эки күн болбой сизге маек берип жатып чоң убадаларды, сөздөрдү айтуудан алыс болушум керек. Буюрса белгилүү бир убакыт өткөн соң кайрадан "Жаңы Агымга" жооп берчү күн келет.
- Учурда Атамбаев менен Текебаевдин тиреши күчөп барат. Сенин кызматтык милдетиң ММКда Президенттин позициясын колдоо, аны элге жеткирүү. Эгер Текебаевге каршы аракеттер көрүлө баштаса кандай позицияда болосуң?
- Мен азырынча андай тирешти ачык байкай элекмин. Менимче ыңкылапты жасаган чоң лидерлер өлкө кызыкчылыгы үчүн чоң тирешүүлөргө барбайт деп ойлойм.
- Президенттин тегерегиндеги айрым адамдар сени башкарып алууга аракет жасашы мүмкүн да?
- Алар ким болбосун, мага таасир бере албайт. Мен Президент менен сүйлөшкөндө болгонун болгондой айтам деп эскерттим. Ал да ошону талап кылам деди.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ





Кут түшкөн айыл
Таш-Дөбөгө барып жашасакпы?
Учурда өлкөбүздөгү экономикалык абалдын оордугунан улам алыскы аймактагы айылдар каралбай калганы жашыруун деле эмес. Айыл жаштарын кызыктыруучу дээрлик эч нерсе жок. Ошондон улам айылдагы жаштар борборго же чет өлкөгө жумуш издеп кеткендери көп. Биз сөз кыла турган айыл башка айылдын жаштарына, элине үлгү болчудай экен.
Ар бир жарандын жүрөгүндө мекенге деген сүйүүсү болот. Анын ичинде өзү туулган киндик каны тамган кичинекей айылы да бар. Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын жаштары айылдын социалдык абалын көтөрүп, ага жапатырмак жардам көрсөтүүнү максат коюп, Бишкекте жана чет жерлерде иштеп жүргөн айылдыктар менен бирге "Улуу катаган жаштары" коомдук бирикмесин 2012-жылы түзүшкөн. Анын жетекчилигине Тынчтыкбек Мырзакуловду шайлашкан. Бул коом айылдын инсфраструктурасын оңдоо, жаштарды колдоо, кары-картаң, жетим-жесирлерге, багар-көрөрү жок балдарга, майыптарга, пенсионерлерге жардам берүү жана башка иш-чараларды колго алган. Активдүү жаштардын демилгеси менен мурда каралбай келген айыл азыр жанданып, жашоо жакшы жагына оогону байкалууда. 2012-жылы айыл өкмөтү АРИС долбоору менен жаңы клуб жана кеңсе салдырып, көп жылдан бери таза суу чыкпай калган суу соргучтарды оңдотуп берди.
Караңгы айыл жарык болду
Айылдын жайлоого кетчү жолу өтө татаал болуп, унаалар араң өтчү. Элдин жардамы, өзгөчө айылдагы ишкер Айдарбек Мусаевдин салымы менен жаңы жол ачылып, жайлоонун төрүнө чейин жеңил унаа менен каттап калышкан.
Айылдык демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин китепканасы оңдолуп окуучуларга бардык шарты бар бөлмө ачылып, былтыр эл аралык китеп күнүнө карата Сайраш Кадыркулова атындагы фонд "Китеп - руханий дөөлөттүн мурасы" деген темада окуучулар арасында сынак уюштурган. Үч окуучуга Жумгал райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ысык-Көлдө өтө турган фестивалга катышууга жолдомо берилди. Айыл өкмөтү жана коомдун жардамы менен айылдын көчөлөрүн жарыктандыруу максатында жетимишке жакын көчө чырактары орнотулган. Жеке ишкер Ташыбек Сыргабаев айылга пескоблок чыгарчу ишкана ачкан, ал ошол айылдын көчө чырактарын жаңылоого демөөрчүлүк кылууда.
Таш-Дөбөдөн чыккан балбандар
Бош жүргөн жаштарды спортко кызыктыруу үчүн атайын дзюдо боюнча зал ачылып, машыгуулар өтүп турат. Спорт залда машыккан балдар республикалык деңгээлде байгелүү орундарга татыктуу болушту. Азыркы учурда Таш-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 16 млн. сомдук спорт комплексинин курулушу жүрүп, 1-июнда анын ачылыш аземине даярданып жаткан убак.
Майрамдарда айыл шаңга бөлөнүп, улуттук ат оюндары менен катар дзюдо, тай тебиш, балбан таймаш сыяктуу оюндар өткөрүлүп турат. Бул кичинекей айылга Казакстан, Ысык-Көл, Чүй облустарынан балбандар келип катышып турушат.
Айылдын мыктыларын "Улуу катаган жаштары" коому "Мыкты мугалим", "Мыкты окуучу", "Мыкты саяпкер", "Мыкты улакчы", "Мыкты мергенчи" жана башка айылга жакшы жагынан салым кошкондорду диплом, грамоталар жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйлашат. Бул да болсо айыл элине дем берет эмеспи. Көк бөрү боюнча "Катаган" командасы түзүлүп, байгелүү орундарды алып келет. Райондун деңгээлинде таш-дөбөлүк саяпкерлер баш байге - автоунаага жана акчалай сыйлыктарга ээ болушкан.
Айылда арак сатылбайт
Айылда жалпысынан 5-6 жерде соода кылуучу жайлар бар. Көпчүлүк айылдарда спирт ичимдиги сатылып, анын айынан ар кандай жагымсыз окуялар болуп турат эмеспи. Ал эми Таш-Дөбө айылынын эли кеңешип жаз мезгилинен кеч күзгө чейин бир да соода кылуучу жайларга спирт ичимдиктерин саттырышпайт. Айыл эли, аксакалдары чогулуп арак сатылбасын деген сунушту киргизишкен. Айрыкча жаз, жай, күзүндө жумуш кычап турганда эч ким арак ичпейт. Той-топурлар да араксыз өтүп калган. Айыл жаштары, мурда-кийин ичип жүргөндөр да арак сатылбагандыктан мас болгондорду көчөдөн көрүүгө болбойт. Ал эми бул айыл башкалардан айырмаланып кышка даярдыкты эрте эле көрүшөт. Жылуу кезде көмүрдү кампага эрте сатып алып коюшат да, айыл эли кышында арзан алышат. Ал эми жазында, күзүндө жер айдоо, оруп-жыюу мезгилине карата күйүүчү майды да арзан кезинде алып коюшат. Ушунун баары айыл турмушун кыйынчылыктан чыгаруу, социалдык жашоосун жогорулатуу эмеспи дейт айыл эли.
Жыл сайын май айында мектептин 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жолугушат. Бул айылдын бүтүрүү-чүлөрү жөн эле келип шапар тээп кетпестен, айылга пайда алып келүүчү чакан долбоорлорду бүтүрүп жатышкан экен. Былтыр 10, 20 жылдыкты белгилегендер койлорду дарылоочу купка салып беришиптир. Быйыл айылга көпүрө салуу, кой кыркуу боюнча ишкана жана башка долбоорлорду ишке ашырууга белсенип турушат. Быйылкы жылкы айыл өкмөтү Абдыкалый Темиров атындагы маданият үйүнүн жана музыкалык мектебинин ачылышын пландап жатат.
"Жакшыга жанаш, жамандан адаш" деп элибиз бекер айтпаса керек. Ар бир айылда ушундай демилге болуп, социалдык абалы төмөндөп бараткан кыштакты ошол жерден чыккан жаштар көтөрүп алса эмне үчүн болбосун...

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА