presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Феликс КУЛОВ, "Ар-намыс" партиясынын лидери:
"Өкмөт өзү реформага муктаж, бизге 8 министрлик эле жетмек"
Гезитибиздин өткөн сандарына "Ар-намыс" партиясынын Кыргызстандын энергетикасын банкроттук абалга алып келүүгө аракет кылып жаткандыгы, себеби ушул тапта партиянын төрагасынын орунбасары Эрнест Карыбеков деген эксперт энергокомпанияларды бириктирүү боюнча аракеттенип жүргөнүн, бул тармакты аталган партиянын мүчөсү Валерий Диль жетектесе, парламенттеги тиешелүү комитетти да Кожобек Рыспаев деген "ар-намысчы" депутат мыкчып турганын, демек, энергетиканы "энчилеп" алган генерал үчүн оңтойлуу учур экенин кыйытканбыз. Ырас эле жазыппыз. "Пайгамбар тоого келбесе, тоо пайгамбарга барыптыр" болуп маалыматка реакция кылган партлидер бизди энергетика боюнча чай кайнам маекке чакырды.


- Феликc Шаршенбаевич, биз энергетиканын "эсебин табууга" киришип жаткандыгыңыз боюнча маалыматты партиянын орунбасары Эрнест Карыбеков деген эксперттин иш-аракеттеринен улам айтып жатабыз...
- Эрнест Карыбековдун жаран катары өзүнүн оюн айтууга мыйзам жол берет, бизде сөз эркиндиги. Бирок анын айткандары "Ар-намыс" партиясынын позициясы эмес. Себеби ал партиянын орунбасарлыгынан кеткен, мен ага укук коргоочу, эксперт катары өз ой-пикириңди айта бер, бирок партиянын атынан билдирүү таратпа дегем. Ошондуктан аны бизге таңуулаштын кереги жок.
- Макул, бирок өлкөдөгү энергокомпанияларды бириктирип бир монополист кылуу партиянын деле позициясы эмеспи?
- Ооба, бул партиянын расмий чечими. Биз карап отуруп, мындан башка жол жок экендигин көрдүк. Илгери бир эле "Кыргызэнерго" деген холдинг болгон. Биз бул холдингди төрткө бөлүп, эркин, атаандаш рынок пайда болсун дегенбиз. Бирок иш жүзүндө андай болбоду. Себеби биз энергетиканы алтыга бөлүп койгондо, алты объектиден алты башка уурдоо орун алат экен. Башкармасы көп, иштегени аз болот экен. Ошон үчүн коомчулук дагы, биртоп адистер да төрт энергетиканы бөлүштүрүүчү компаниялар менен "Электрстанциялары" жана "Улуттук Электрстанцияларын" бириктирүү керек деп жатышат. Мындай ирилештирүүдөн кийин бул тармакта 2 млрд. сомдон ашык каражат үнөмдөйт экенбиз. Мына, баары экономикалык анализдер аргументтер менен эсептелген чечим. Аларды бириктире турган өкмөт, тагыраагы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду. Демек, бириктирүү же башка жолдор менен өнүктүрүү партиянын иши эмес, өкмөттүн иши. Мындан биздин партияга эч кандай жең ичинен да, ачык да пайда жок. Биздин партия мындан эч нерсени уурдап калбайт, кылмыш кылган жок. Эмне үчүн бизди күнөөлөйсүңөр, мен такыр түшүнбөйм?..
- 2 млрд. сом үнөм болсун, бирок ошончолук жумуш орундар кыскарат да. Экинчиден, ансыз да азыр төрт компания өкмөткө баш бербей жатканда ал жалгыз монополистти кантип тизгиндейбиз?
- Монополист болсо баш ийбей калат дегенге кошулбайм. Азыр деле энергетикада бир монополист бар - ал өкмөт. Тагыраагы, Энергетика министрлиги бул тармакты толук көзөмөлгө алып башкарып жатпайбы. Кеп монополия болгон-болбогондо эмес, кеп аны эффективдүү башкарууда. Кантип башкарыш керек? Биз айтып жатабыз, өкмөт төрт энергокомпанияны бириктирип, "ЭС" менен "НЭСКти" бириктирип, башкарууга конкурс жарыялаш керек. Мейли, ага кыргызстандык компаниялар катышсын, мейли чет элдик компаниялар катышсын. Баарына тең бир гана талап - эффективдүү башкаруу, өнүктүрүү. "Сен ким болбо, болгону мобул мөөнөткө чейин холдингди алып каражатыңды саласың, жоготууларды кескин азайтып, ууруларга жол бербей, техникалык-материалдык абалды саздан чыгарасың. Сыноо мөөнөтү деген жок, жыйынтык чыгарасыңбы, кирешеңди аласың, кокус чыгарбайсыңбы, кечирип кой, салган каражатың мамлекетте калат, уурулук үчүн мыйзам алдында жооп бересиң!". Болду, бул талапка өзүнө ишенген каржы ресурсу бар, салган акчасын актатуу үчүн күнү-түнү күжүлдөп иштей турган гана жеке компаниялар макул болушат. А азыр бизде кандай болуп жатат? Улам бир министр келет, каалаганын жасайт, кетет. Кийинкиси келет, мурдагысын күнөөлөйт, анысы жооп бербейт. Энергетикага баары убактылуу келип, пайдага туйтунуп кете турган эле сыйкырдуу баштык болуп калды. Андыктан партия энергосектордогу абалды көрүп туруп, айла жок ушундай кадамга барууга чечим кабыл алып жатат. Эртең ГЭСтер иштен чыгып калса, жогорку чыңалуудагы чубалгылар, подстанциялар иштен чыгып калса ордуна келтириш кеч болуп калат.
- Эки жыл мурун "Ак кеме" мейманканасындагы энергетикага байланышкан жыйында сиз энергосекторго насыя алуу керек деген экенсиз. Олчойгон насыяны алып бирок аны убагында кайтара албай калсак, энергетика толугу менен башкалардын колуна өтүп кетет деп кооптонуп жатабыз да...
- Биз эч качан сырттан энергосекторго кредит алалы деген жокпуз. Биз болгону жеке башкарууга убактылуу келишим менен берели дегенди гана айтып жатабыз. Ал эми башкарууну өзүнө алган тарап эч качан энергетикалык объектилерди күрөөгө коюп, өзүбилемдик менен насыя ала албайт. Айталы, Токтогул ГЭСи, Бишкек ТЭЦи сыяктуулардын баары стратегиялык маанилүү мамлекеттик объектилер болуп саналат жана буларды күрөөгө коюуга, сатууга мыйзам жол бербейт. Энергетикага өкмөт гана өз кепилдиги менен сырттан каражат тартып келе алат. Азыр мына ушундай болуп жатат, өкмөт сырттан насыя алып келип бул тармакка салууда, бирок анын натыйжасы чыкпай жатат. Ал эми жеке башкарууга берсек, алар өздөрү инвестиция салышат, талапка ылайык айтылган убакытка чейин анысын актап алышат. Мисалы, эртең Токтогул ГЭСин жеке тарап убактылуу башкарууга алсын дейли. Алар өкмөткө келип "биз 100 млн. доллар каржы салабыз, турбиналарды алмаштырабыз, дамбаны бекемдейбиз, техникалык жарак-жабдыктарды алмаштырабыз. Бирок бул акчаны 10 жылда кайрып алганга чейин бизден тартып албайсыңар" деши мүмкүн. Албетте, реконструкцияланып калганы элге эле жакшы, үзгүлтүксүз энергия менен камсыз болот. Ошондуктан башкарган тарапка макул болуп, болгону "элге энергиянын тарифин 2 сомдон ашырбайсың, сууну коромжу кылбайсың, экспортко кымбат сатасың" деген шартты койсо эмнеге болбосун? Ушул жерден бир мисал, Түштүк Кореяда жападан жалгыз ири аэропорт мамлекеттин башкаруусунда болуп, банкроттук абалга жетет. Анан айласы кеткен бийлик аны жеке менчикке убактылуу башкарууга берет. Он жыл аралыгында баягы эски аэропорт эл аралык ири хабга айланып, адамдар дүйнөнүн каалаган жерине учууга мүмкүнчүлүк алат. Ошол сыяктуу эле азыр биз дагы "Манас" эл аралык аэропортун жеке башкарууга убактылуу берсек деген ойдомун. Мага аны орустар иштетеби, кытайлар иштетеби баарыбир, болгону ички каттамдар арзан болсо, жаңы учактар, коопсуз маршруттар ачылса, көп өлкөлөргө түз уча алсак болду да. Же аэропорт иштебесе койсун, кыргыздар учпаса мейли, асты өкмөттүн ээлигинде болсо болду деп отура беребизби? Ошондой эле энергетика тармагын да биротоло менчиктештирип, сатып жиберүүгө эмес, убактылуу башкарууга берүү керек.
- Жеке менчик дейбиз, жеке ишкерликтен көтөрүлүп министр болгондор деле кыйратпай жатпайбы...
- Учурда бизде мамлекеттик түзүлүш, өкмөттүн өзү реформага муктаж болуп отурат. Мен жакында болгону 8 министрлик калсын деген долбоор сунуштадым. Коңшу казактар болсо 6 эле министрлик калтырышты. Сенин сурооң да ушуга туура келип жатат. Бүгүн биз кыйын бизнесмендерди алып келип министр коюп жатабыз. Бирок система өзү ишке жарамсыз болгон соң, алар эффективдүү иштей албай жатышат. Ошон үчүн биз аларды министр кылып койбой, андан көрө мамлекеттик ишканаларды убактылуу башкарууга беришибиз керек болуп жатат. "Мына, "Кыргызтелекомду" ал же "Кыргызкөмүрдү" убактылуу башкарууга ал да, сен өзүңдүн антикризистик менеджер экендигиңди ошол жерден көргөз. Эгер ишкананы миллиондогон киреше менен алдыга чыгарсаң, сага ошол кирешенин 5 пайызы тиет, өзүң да миллионер болосуң. Кокус, ишкананын иши артка кетсе, камаласың, мүлкүңдү мамлекетке коесуң" дегенге бара албай жатпайбызбы...
- Башкасын коелу, азыр энергетиканы сиздин таламдашыңыз Валерий Диль көзөмөлдөп, партиялашыңыз Кожобек Рыспаев парламенттеги комитетти кармап отурат. Эмне үчүн төрт жылдан бери сөздөн ишке өтүп, реформага бара албадыңар?
- Дилдин иштегенине аз эле убакыт болду, ал кишинин да жакшы ойлору бар. Кожобек Рыспаев болсо парламентте төрт жылдан бери комитетти жакшы жетектеди, биртоп мыйзамдар кабыл алынды. Ал керек болсо азыр дагы өкмөттү желкелеп, тарифти арзандаткыла, коррупцияны токтоткула деп келе жатат. Парламент да, өкмөт да коллегиялык орган, бир партия жеке эч нерсени өзгөртө албайт. Мени бүгүнкү бийликтин "серый кардиналы" катары эсептейсиңер. А мен болгону депутатмын. Өзүмдүн укук-милдеттеримдин чегинде аракет жасап жатам, керектүү органдарга "карагыла, текшергиле, уурдаса камагыла" деп кат жөнөтүп, жетекчилерден жыйынтык талап кылгандан башка эмне кыла алам? Энергетиканы кеч боло электе оңдоп, чакан ГЭСтерди куруп, келечек муунга жарык Кыргызстанды калтырсак деген эле ойдо жүрөм.
- Ошол ой менен кызыңыз Жамийланы мыйзамды аттап, Нарын ГЭСтерин куруу боюнча тендерге катыштырыпсыз да?
- Мен бул кабарды укканда абдан ачуум келди. Бирок кызымдын мыйзамсыз иш аракетке барбасына ишенип өзүнө чалдым. Ал болсо "ата, бул компания эчак эле түзүлгөн, курбуларым болгону 1 пайыз акциясына ээ бол дешкенде баш тарткан эмесмин. Тендерден уткандан кийинки маалыматты окуп мен да дароо ошол 1 акциядан баш тарттым" деди. Азыр анын тендерден уткан компанияда эч тиешеси жок, кайра каттоодон өткөрдү, ишенбесеңер карап текшерип көргүлө.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




  п»ї





??.??