presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Шыкмаматов кеткен менен шылтоо кала берет

Кыргызстанда кайрадан ММКларды мыйзам аркылуу ооздуктоо, укуктук шылтоо менен кысымга алуу аракети дагы бир жолу көтөрүлдү. Бул бир кездери гезиттердин редакцияларында сагаалап жүргөн, жалаң эркин ММКнын күчү менен саясый аброй топтоп, акыры бийликке келген учурдагы өлкө башчыларынын акыркы төрт жылдагы бир нече жолку аракеттеринин бири. Күйгөн жерибиз "КР ММК жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" деген мыйзам долбоорун сунуштаган Юстициянын экс-министри Алмамбет Шыкмаматов буга чейин ММКлардан эч кандай деле ыдык көргөн жок эле. Аны саясатка колунан жетелеп келген "Ата мекендин" анабашы Өмүрбек Текебаев өз колу менен сөз эркиндигин Башмыйзамга киргизип, "кимдир бирөөлөрдүн адамдык ар-намысына, беделине шек келтиргендиги үчүн журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт" деп бадырайтып жазып койгон. Ооба, учурда бул мыйзам долбоору коомдук кызуу талкууга түшкөнү аны демилгечи орган дароо артка чакыртып алды.
Бирок биз эртең болбосо бүрсүгүнү кайрылып келчү бул мыйзам долбоор тууралуу жазууга аргасызбыз. Анткени мурда да ушундай болгон. Адегенде ксдпчы Галина Скрипкина ММКларды ооздуктаган долбоор сунуштап, коомчулуктун реакциясын байкаган соң артка чакыртып алган. Экинчи жолу "ар-намыстуу" депутат Эристина Кочкарованын колу менен ошого окшош эле долбоор сунушталып, ал күчүнө кирип, "кимдир бирөөнү оор кылмышка күнөөлөгөн маалыматы үчүн жазмакер кылмыш жообуна" тартылмак болгон. Демек...


Сот чечимисиз жабылсын дегендер соо эмес
2015-жылдын 20-январында Юстиция министрлиги коомдук талкууга чыгарып, бирок туура 10 күндөн кийин кайра артка чакыртып алган бул мыйзам долбоордогу эң эле коркунучтуу берене ММКларды соттун чечимисиз эле жабуу! Долбоордо бул "Мыйзам долбоорунун 8-беренесине ылайык массалык маалымат каражаттарынын иш-аракети түзүүчүнүн (түзүүчүлөрдүн) чечими боюнча, соттун чечими боюнча, ошондой эле өкмөт аныктаган мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотууга жатат" деп берилген. Ал эми өкмөттүн аныктаганы боюнча ММКны Маданият жана маалымат министрлиги тескөөгө алган. Демек, эртең аталган министрлик кайсы каалаган ММКны жапкысы келсе, ар кандай ичкүптүсүн бир барак кагазга чүргөй салып жаап кое алат. Бул албетте бир уккан кулакка авторитардык бийликти, оозу төөнөлгөн сөз эркиндигин гана түшүндүрүп турат. Ал эми буга долбоорду жазуучулардын бири, Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын адиси Эдил Зулпуев макул болбой, бул жерде ММКнын эркиндигин чектөө болбой турганына ишендиргиси келет. Ал "сунуштап жаткан долбоордо кандайдыр бир себеп менен басылма ээсинин ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө соттун чечими чыкса, же болбосо басылма ээси каза таап, ал негиздеген ишкананын жумушун улантууга мыйзамдуу мураскор жок болсо, соттун кошумча чечими жок эле медиа-мекеме ишин токтотушу керек. Башка учурда алардын жумушуна эч кандай тоскоолдук болбойт" дейт. Башкача айтканда, бул берене ММКларды каттоо, кайра каттоо сыяктуу юридикалык жактан гана иреттештирүү үчүн киргизилиптир.
Бирок мындай өтө эле сыйда, жондотуп түшүндүрүлгөн берененин артында өтө опурталдуу нерселер жаткандыгын ММК өкүлдөрү, медиа-эксперттер бардыгы бир ооздон белгилеп жатышат. "Медиа Полиси" институтунун жетекчиси Бегайым Усенова соттун чечимисиз ММКнын ишин токтотуу эч бир мыйзамга жатпай турганын белгилейт. "ММКнын ишмердиги кайсы бир министрликтин протоколу менен токтотулбашы керек. Сот гана басылманын ишин токтото алат. Эгер бул долбоор боюнча ММКнын сотсуз эле токтотуу мүмкүн болсо, анда Минюст өзү кызыкдар тарап болуп эсептелет. Анда журналист кайсы органга кайрылып, адилеттикти талап кылат? Ал эми сот үч инстанциядан туруп, анда эки тараптын тең жүйөсү кылдат текшерилет. Ошондуктан бул мыйзам долбоору мыйзамсыз. Алдыдагы шайлоого байланыштуубу же жокпу, бул маанилүү эмес, болгону бул долбоорго сөз эркиндигин каалаган коом каршы турууга тийиш" деген оюн билдирет.

"Кызыкдар тараптын" кыйкырыгы менен иш бүтөбү?
Андан ары бул долбоордо "Эгерде массалык маалымат каражаты бир жылдан көп жарыкка (эфирге) чыкпаса, анда ар кайсы кызыкдар болгон жак массалык маалымат каражатты жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу" деген берене бар. Мындагы "ар кайсы кызыкдар тарап" делген сөз чынында шектүү туюлат. Бул деген азыркы каржылык-чарбалык кыйынчылыктан улам бирде жарыкка чыгып, бирде жарыкка чыкпай келе жаткан ММКларды биринин артынан экинчисин жабуу деп түшүнсөк болот. Дегеле ММКны жаптырууга кызыкдар тараптар ким болушу мүмкүн? Биринчиден, эркин ММКны жактырбаган бийлик өкүлдөрү, сын-пикирлерди уккусу келбеген мамлекеттик органдар, кылыктары жарыкка чыкканды кыртышы сүйбөгөн саясатчылар, андан ары кетсек, балким атаандаштарынан арылгысы келген ошол эле ММКлар өздөрү да болушу мүмкүн. Мындай "кебез менен мууздаган" мамилеге медиа-эксперттер макул эмес. "ММКны жөнгө салган кодексте жетиштүү беренелер бар. Мисалы, ММК улуттар аралык чыр-чатакка чакырбоосу керек, террористтик-экстремисттик чакырык жасабашы керек дегендей. Мындай учурда Юстиция министрлигисиз эле ММКны кызыкдар тарап сотко бере алат. Ал эми башка учурларда ММКнын ишин токтотуу бул сөз эркиндигин кысымга алуу болуп саналат. Ансыз да жалган маалымат үчүн кылмыш жазасына тартуу боюнча мыйзам кабыл алынып, мунун баары сөз эркиндигин катуу көзөмөлгө алууга багытталган эле. Басма сөздү жабууну соттон алып чиновниктерге берүү бул ошол министрдин жана анын кол алдындагылардын адекватсыздыгын көргөзүп турат. Юстиция министрлигин көзөмөлдөгөн партия балким бул жоболорду шайлоо алдында өздөрүнө пайдаланып "ак жүрөк жана таза" көрүнгүсү келип жатса керек. Кызыкдар тараптын баары эле арыз жазып сотко кайрыла берсе, ММКлар эркин иштей алабы, албетте ишин токтотот" дейт медиа эксперт Игорь Шестаков.

Каттоодогу "кош бойлуу" коррупция
Уурданып сүйлөгөн "ушагы" үчүн кызматтан кетип жаткан Алмамбет Шыкмаматов сунуштаган мыйзам долбоорунда ММКларды каттоо, кайра каттоо, басылманы жабуу же жетекчисин алмаштыруу жагына да өзгөртүүлөрдү кийирүү каралган. Мисалы, кайсы бир басылманын ээси каза таап же дайынсыз жоголсо, мураскери жок болсо, же басылмага ээлик кылган адамдын ишкерлиги сот тарабынан токтотулса, анын ишмердик жүргүзүүсүн токтотууга кайсы мамлекеттик органдын чечими чыкса, басылма ишин сотсуз токтотушу керек. Эгер басылма башка бирөөгө өтсө, кайра катталса, нускасы өзгөрсө, дареги алмашса, атургай башкы редактору алмашса да атайын Юстиция министрлигине кабарланышы талап кылынган. Мындай административдик-укуктук ченемдердин өзү коррупциянын күчөшүнө жол ачат дешет медиа тармагындагы укуктук адистер. Мисалы, "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн юристи Сергей Воронцовдун айтымында, мыйзам долбоорундагы сунуштар Башмыйзамга түздөн-түз каршы келет жана укуктук талаада толук чечмеленип берилген эмес. "Бул долбоор боюнча кетсек, анда ММКларды каттоо, кайра каттоодо коррупциянын жатканын көрөбүз. Анткени бул жерде талаш-тартыштар көп. Ошондой эле басылманы жабуу боюнча дагы так, эрежелерге салынган жана чектелген аракеттер көрсөтүлгөн эмес. Мындай убакта аны ар кандай мыйзамдык жолго салыш үчүн коррупция гүлдөйт десек болот. Ошондуктан бул долбоорду палатанын талкуусуна чыгарууга болбойт. Долбоорду талкууга чыгарардан мурун, аны иштеп чыгуу учурунда авторлор ММКнын өкүлдөрү менен талкуулап, Алмамбет Шыкмаматов журналисттердин көзүнө тик карап, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эмнеге таянганын айтып берсе болмок" дейт юрист.

Жыйынтык ордуна
Ал эми тажрыйбалуу журналист, эксперт Азамат Тынаев болсо бийликтин маал-маалы менен эле ММКны эрмектеп, анын тегерегинде ар кандай мыйзамдык чалмаларды ойлоп табуусун токтотушу керектигин белгилейт. "Бул дискриминациялык жана антидемократиялык долбоор. Юстиция министрлиги азыр ММКнын бурамасын буроо идеясын "көөмп" койгону эле жакшы. Андан көрө алар ММКларга позитивдик маанайда карап, кызматташып, тескерисинче, алардын коомчулукка ишенимдүү жана так маалымат жеткирүүсүнө жардамдашып, маалыматка жетүүсүнө шарт түзүп берген иштер менен алектенгени дурус болмок. Учурда бүткүл кыргызстандык пресса Юстиция министрлигинин позициясы зыяндуу экендигин сезиши жана мамлекеттин масс-медианы ашыкча жөнгө салуусуна жол бербөөсү керек" дейт Тынаев.
Ал эми ар убак ММКнын эркиндиги үчүн күрөшүп келген адис Акмат Алагушов министрликтин артка чакыртып алган мыйзам долбоорун долбоор деп атоого деле болбой турганын, андагы сунуштар укуктук-мыйзамдык жактан толук чечмеленип берилбегенин айтат. "Ал жерде талаш маселелер көп болчу, биз толугу менен өзүбүздүн каршы пикирибизди билдиргенбиз. Ал мыйзам долбоорунда ММКны сотсуз жабуудан башка, интернетти ММК катары каттоо, ММКны түзүүчү жактар боюнча көп талаштар, түшүнүксүз жагдайлар арбын эле. Ал боюнча көп сөз бар, артка кайтарган соң, аны өздөрү деле түшүндү десек болот го" деди...

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




  п»ї





??.??