presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Өкмөт башчы өз оюн айттыбы же…
Буга чейин батышчыл, чечкинсиз саясатчы делинип келген премьер-министр Жоомарт Оторбаев 29-январда Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын улуттук салык саясатына активдүү кирише бере турган болсо кыргыз өкмөтү бул уюм менен иштешпей турганын жар салды. Мындай билдирүүсүн ал так ЭВФдин башчысы Эдвард Гемайелди кабыл алардын астында Бишкек мэриясынын коллегиясында ортого салды. Өкмөт башчынын "Биз аларга мындан ары биз тараптан жумшактык болбойт деп айттык. Эгер мурдагыдай эле биздин карыздарга, салык саясатыбызга кийлигише турган болсоңор иштешүүнү токтотобуз. Силердин бизге керегиңер жок. Эл аралык валюта фонду өкмөткө структуралык реформаларды жүргүзүүгө, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга көмөк көрсөтсө гана иштешебиз деп айтабыз" дегенинин артында эмне турат? Ансыз да ажобуз ар кимден акча сурап, экономикабыз эртең эмне болот деп турганда мындай "баатырлыктын" кереги бар беле?


Албетте, өз алдынча мамлекет катары Кыргызстан салык саясатын өзү каалагандай жүргүзүүгө акылуу. Бирок тышкы карызы 3 млрд. 647 млн. долларга жеткен, ошого карабай дагы деле тыштан тынымсыз карыз алып жаткан өлкөнү көз карандысыз деп айтууга да болбойт. Үч жылдык программанын алкагында Кыргызстанга үч жыл ичинде 100 млн. доллар жеңилдетилген кредит бере турган ЭВФтин да негизги талабы сырттан карыз алууну токтотуп (тышкы карызды ИДПнын 60 пайызынан ашырбоо), бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартуу жана ишкерлерден салык чогултууну кыскартпоо. А азыркы экономикалык каатчылык жагдайда Кыргызстан тыштан карыз албаса жашай албайт. Тактап айтканда, тыштан карыз алуу токтосо көптөгөн инфраструктуралык долбоорлор ишке ашпай калат. Ошондуктан кыргыз бийлиги тыштан кредит, гранттарды алууга аргасыз.
Экинчи жагынан алганда, ЭВФ буга чейин Кыргызстан менен тыгыз кызматташып, биртоп экономикалык, финансылык жардамдарды, кеңештерди берип келген. Ошондой эле ЭВФ эл аралык финансы рыногундагы бирден бир таасирдүү фонд. Эгер Кыргызстан аны менен иштешүүдөн баш тартса башка эл аралык финансылык институттар да кыргыз өкмөтүнө көмөктөшүүдөн баш тартышы мүмкүн. Анүстүнө башка финансылык уюмдар ЭВФ сыяктуу кредитти бир ай ичинде эмес, жарым, бир жылдан соң араң беришет. Бул жагын эске алганда өкмөт башчыбыздын өктөмдүгүнүн пайдасынан зыяны көп болуп калышы мүмкүн. Башкасын эске албаганда да 2010-жылдан кийинки кризистен соң ЭВФтин Кыргызстанга кол сунганы чоң жардам болгон. Муну 2014-жылдын 27-июнунда болгон бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар кеңешинин жыйынында Жоомарт Оторбаев өзү моюндаган. А ушул эле жылдын июль айында Жоомарт Оторбаев Эдвард Гемайелге Кыргызстандын Бажы биримдигине кирип жатканын сүйүнчүлөп, мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялоо боюнча реформалар комплекси бекитилгенин жана аны ишке ашырууга ЭФВтин көмөгү керек экенин билдирген болчу. А ЭВФтин башкы колдоочусу Америка экенин эске алсак, АКШнын геосаясый, идеологиялык каршылашы Россия башында турган Бажы биримдигин ЭВФ колдоп ийбейт. Буга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниши Бисвалдын Бишкектеги "АКШ Кыргызстандын ар тараптуу байланышты өнүктүрүү максатында бирикмелерге биригип жатканын колдойт, бирок Бажы биримдиги Кыргызстандын экономикалык жана бажылык катнаштарын чектейт" дегени далил.
Демек, кандай болгон күнү да ЭВФ өзүнүн ар кандай долбоорлору менен Бажы союзунун кенен тамыр жайышына тоскоолдук кылганга аракет кылат. Муну алдын ала билген Москва Президент Алмазбек Атамбаевге, а Президент өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге ЭВФтен баш тартуу тапшырмасын бериши толук ыктымал. Мындай жыйынтык чыгарууга да негиз бар. Анткени премьер-министр болгону Жоомарт Оторбаев "кыргыз өкмөтү мындан ары ЭВФ менен иштешер-иштешпесин чечиши керек. Эгер коомчулук бул уюм менен иштешүүнү колдосо кызматташабыз, эгер колдобосо өз алдынча иштейбиз" деп айтып келатат. Бул жерде коомчулукту бетке кармоо жөн гана шылтоо экени айтпасак да белгилүү. Себеби буга чейин бийлик кайсы эл аралык уюм менен иштешүү же иштешпөө боюнча эл менен кеңешкен деле эмес. А азыркы тапта мындай маселени Москва чечери бештен белгилүү. Оторбаевдин өктөм билдирүүсү, андан аз өтпөй Москвага сапар алганы деле жөн жерден болбосо керек.
Албетте ЭВФ Американын колу экени анык. Бирок тышкы карызыңарды көбөйтпөгүлө төлөй албай каласыңар, ашыкча чыгымдарды азайтып, казынаңарды толтургула деген талап менимче жаман талап эмес. Америкадан тажрыйба топтогон илимпоз Жалилидин Жээнбай агабыздын "эртең куйрук жеш үчүн бүгүнкү өпкөдөн баш тарт" дегени да так ушуну айтып турбайбы.

Мелис СОВЕТ уулу




Максат ИШЕНБАЕВ, "ЗалкарБанктын" мурдагы башчысы:
"Алыпсатарлар базар экономикасынын элементи, аларды кесип салууга болбойт!"

(Уландысы.
Башы өткөн санда)

- Максат мырза, өкмөт өздүк булактардан киреше киргизе албай же өндүрүштү ирденте албай турган чагы. Деги эле сырткы жардамдардан тышкары өкмөттө бармагын майлай турган башка булак барбы?
- Бүгүн өкмөт антикризистик эле эмес, приватизациялык дагы программаны иштеп чыга албай турат. Менимче, "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп тээ 90-жылдардын башындагы башаламан приватизациядан элдин да көңүлү кайт болуп, бийлик дагы коркуп калса керек. Бирок бүгүн талап башка, өкмөт киреше алып келе турган учурда бюджетке каражат кошмок тургай бюджеттин эсебинен эптеп кармалып турган объектилерди коркпой эле жакшы шарттарды алдына коюп, инвесторлорго приватизацияга бериши керек. Бизге мисалы, РСК, "Айылбанк", "Кыргызтелеком" дегендерди кармап отуруунун зарылчылыгы жок. Ушулардын баарын мыкты баага коюп сатып жиберсек биз утушка эле ээ болобуз. Бул сатуу эле эмес, инвестиция. Анткени алардан жакшы каражат бюджетке топтолот, экинчиден, аларды Европанын же Кытайдын ири банктары сатып алып филиалдарын ачса, элге 5-7 пайыздан насыя берип ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга жардам берсе жаманбы? Ошондой эле мына "Манас" эл аралык аэропортун сатпаш керек деп катуу туруп жатабыз. Бирок сатпаган күндө дүйнө аба жолдору күн санап өсүп турган чакта аны заманбап деңгээлде иштетүүгө бир тыйын каражатыбыз жок экендигин эмнеге моюнга албайбыз? Маселен, Сингапурда биздикиндей аэропортту реконструкциялап, эл аралык хабга айландырууга 2 млрд. АКШ доллары сарпталган. Бизде андай каражат жакында болушу да мүмкүн эмес. Болгону азыр мурдагы Бакиевдер энергокомпанияларды арзан баада сатыкка коюп жибергендей кылбай, сатып ала тургандарга талапты катуу коюп, базар баасында жогорку баада сатуу керек. Дагы айтайын, сомду кармап калабыз деп Улуттук банк 500 млн. долларды сатып жиберди. Анын ордун толтуруш үчүн балким чындап эле РСКбанкты сатыкка койсок, ал 500 млн. долларга жөн эле сатылат. Ал акча кайра эле Улуттук банкка түшүп алтын резервдерин толтурмак. Жок, биздин бийлик мындай чечкиндүү кадамдарга бара албай жатат. Анткен себеби алар өздөрүнүн жакындарын, тааныштарын, досторун ошол бюджетти митедей соргон, киреше бербеген мамлекеттик ишканаларга тыгып, "бекер айлык жеп отура тур" деп коюшкан. Болбосо мамлекет өзүнө алып иштеткен ишканаларды алып карагыла, баары тең киреше бербей эле мамлекетке карыз болуп, салык да төлөбөй өз арбайын согуп отурат.
- Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларды жабууну сунуштап жатканын билесиз. Айтыңызчы, сомдун кунунун учушуна ушулар эле күнөөлүүбү? Буларды жаап коюу менен маселе чечилеби?
- Жок, мен бул акча алмаштыруучу жайларды жабууга абдан каршымын. Улуттук банк аларды спекулянттар деп жатат. Туура, алар спекулянттар. Спекуляциялык аракеттерди кез-кези менен кылып келишет. Бирок базар экономикасын окусак, ал жакта спекулянттар экономиканын бир элементи катары саналат. Үч-төрт күн кайсы бир валютанын таңкыстыгы пайда болуп, спекуляция жүрүп кетсе эле аларга таарынган болбойт. Мисалы, кайсы бир күнү Казакстанда буудайдын түшүмүнүн аз болгондугуна байланыштуу буудай мурдагы баада сатылбай, импорт токтоп калды дейли. Кыргыз өкмөтү, буудай менен иштегендер Казакстанга шашылыш барып жаңы баалар боюнча сүйлөшүп, келишим түзүп, ал келишим боюнча жаңы баадагы буудай келгенче эки жума өтүп кетти дейли. Ошол учурда каалайбызбы-каалабайбызбы бул жактагы жергиликтүү тегирмени барлар ундун баасын кымбаттатып жиберишет да. Буудайдын келишин күтүп отурмак беле? Ошол сыяктуу эле акча алмаштыруучу жайлар дагы таңкыстыкты пайдаланып калышат, бул мыйзамченемдүү көрүнүш. Андыктан сомдун кунунун учушуна акча алмаштыруучу жайларды күнөөлөгөндүн ордуна өкмөт өзү спекуляциялык кырдаалды жаратпай, тез чечим кабыл алып оперативдүү иштегенге көнүшү керек. Мисалы, мен карьерамды Улуттук банкта баштаган кездеги операцияларды мисал кылгым келет. Анда биз валюта базарына дайым анализ жасап турчубуз. 1998-жылкы кризистерде Германияга учуп барып кадимкидей эле учактар менен доллар ташып келип, коммерциялык банктарга таркаткан учурлар болгон. Экинчи жагынан, азыр акча алмаштыруучу жайлар 24 саат бою иш алып барышса аларды жаап койсок, банктар болгону 8 саат иштешет. Демек, элге эле ыңгайсыздык жаралат. Ооба, мен лицензиясы жок иштеген акча алмаштыруучу жайларды жапканга кошулам, аларга салынган айып пулдун суммасын да көтөрсө болот, бирок жабуу менен маселени чече албайбыз.
- Учурда сиз өңдүү жаш экономисттердин бири Кубан Чороев "Алтын сом" идеясын коомчулукка, бийликке сунуштап жатат. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Чынын айтайын, мен буга дагы каршымын. Алтын сомду киргизүү деген бул сомдун кунун алтынга байлап коюп жатпайбы. Дүйнөлүк практикадан алып караганда минтип улуттук акчаны кайсы бир нерсеге байлап коюу өтө опурталдуу болуп саналат. Мисалы, силер билесиңер бир кезде кадимки эле Джорж Сорос Англиянын фунт-стерлинги ушундай болуп алтынга байланып турган кезде чабуул жасап болуп көрбөгөндөй кирешеге ээ болгон. Ал фунт-стерлингди жана анын тагдыры байланган алтындын резервин эсептеп чыккан дагы, эки-үч өнөктөшү менен алтындардын көп бөлүгүн сатып алып, валютанын баасын эң төмөнкү чекке жеткирип салган. Андыктан сомду азыркыдай эле базардын сынына коюп, эркин кармап, суроо-талап менен аныктап тургандан өтөөрү жок. Эгер сомду алтынга байласак ал биздин жер алдындагы эмес, колдо бар алтын резервдеги алтын менен эле өлчөнөт да. Эл аралык спекулянттар аны оңой эле эсептеп туруп алтынга чабуул жасап жиберсе сом жөн эле өлүп калышы ыктымал. Мындай тобокелчиликке барып кереги жок го?!
- Акыркы суроо болсун, айрымдар Кыргызстан алтынды Европада евро менен долларга эмес, Бишкектен сомго сатса пайдалуу болмок дешет...
- Биз алтынды сомго саткан менен базарда чет элдик валюта күчтүү ролду ойноп турганда эмне пайда? Андыктан алтынды долларга эле сатып, алтын резервдерибизди көбөйтө берген эле оң болот. Бизге, Кыргызстанга сомго караганда чет элдик валютанын таңкыстыгы жок болсо, ошол жагымдуу да. Сомдун курсунун төмөндөшү так ошол чет элдик валюталардын базарда азайып кеткендигинен келип чыгып жатпайбы. Мындай шартта бизге алтын болобу, башка товарлар болобу, экспорттун көлөмүн көбөйтүү гана керек деп айтып жатабыз. Себеби экспорт менен кошо ошол дүйнөлүк валюталар да бизде арбын жүгүрөт.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ




  п»ї





??.??