presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Мэр мээнет
Мэрия былтыр эмне бүтүрдү?

Кечээ Бишкек мэриясында мэр Кубанычбек Кулматов, биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков, вице-мэрлер Айгүл Рыскулова, Бакыт Дүйшөмбиев, Марас Саккараевдердин катышуусунда 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча брифинг болуп өттү. Бир саатка созулган брифингде гезит, телевидение, радио журналисттери мэрге, мэрия жетекчилигинин өкүлдөрүнө биртоп орчундуу суроолорду берүүгө үлгүрүштү.
Эчен жылдан бери шаар бийлигинин баш оорусу болуп келаткан Терентьевдин тарыхый үйүн оңдоо, бөлүнгөн каражаттан сөз башталып, бирок "ит итке ит куйругуна шылтайт" болуп бул боюнча жарытылуу жооп болбоду.
Жыйында шаар башчысынан Кытай мамлекетинин Бишкектин жолдорун оңдоого убада кылган гранттары качан келери суралды. Мэрдин айтымында, учурда гранттык келишим ратификацияланып бүтүп, кытай тарап жолдорду оңдоочу компаниялардын тизмесин мэрияга жөнөткөн. Мэрия алардын ичинен иштешүүгө ылайыктууларын иргеп алып Тышкы иштер министрлиги аркылуу Пекинге жиберишиптир. "Кийинки жумада ал компаниялардын өкүлдөрү Бишкекке келип бардык долбоордук документтерди алганы келишет. 45 күндөн соң алар өздөрүнүн сметалык документтерин, конкурстук сунуштарын беришет. Ошондон соң биз конкурс аркылуу кызматташчу компанияны тандап алып, долбоорду ишке ашырууга киришебиз. Долбоордо 105 километрге созулган 45 көчөнү оңдоо каралган. Алгач Махатма Ганди, Мухтар Ауэзов, Таабалды Жукеев көчөлөрү жасалат. Эгер бул жолдор жакшы бүтсө удаа эле Токтогул, Ала-Тоо көчөлөрү оңдолот" дейт мэр Кубанычбек Кулматов.
Жыйында Коомдук биринчи канал тарабынан шаарда көп кабаттуу үйлөрдү курууда мэриядан уруксаттар кандай негизде берилери, шаардыктардын бул боюнча нааразычылыгы кантип токтотулат деген суроо узатылды. Вице-мэр Бакыт Дүйшембиевдин айтымында, курулуштарды куруу уруксатын Бишкек курулуш башкы башкармалыгы берип, а бүткөн объектилерди Мамлекеттик экологиялык-технологиялык инспекциясы эксплуатациялоого киргизип жаткандыктан мэрия ага катыша да, таасир эте да албай жатыптыр. "Бул маселени чечүү үчүн мэрия Бишкек курулуш башкы архитектурасын шаардын көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү сунуштап, атайын токтом долбоорун өкмөткө жөнөткөн. Бүгүн бул долбоорду тиешелүү министрликтер талкуулап жатышат. Эгер бул кабыл алынып калса, уруксат берүү Бишкек шаарына өтөт. Ошондой эле бүткөн объектилерди эксплуатацияга кабыл алууга Бишкек мэриясынын түздөн-түз таасирин тийгизүү да каралып жатат. Бул өзгөрүүлөр киргизилсе жер берүү, үй куруу уруксаты жана бүткөн үйдү эксплуатацияга берүү жоопкерчилиги мэрияга өтүп, мэрия муну толук көзөмөлдөп калат" дейт вице-мэр.
Мэриянын жерлерди мыйзамдаштыруу, суу, шаардык таштанды, социалдык курулуштар тууралуу жооптору менен 2014-жылы бүткөрүлгөн иштерин гезиттин кийинки санында окуйсуздар.





Бөрү заман
Оштон 5,6 млн. долларды тоноп, университетке ууруга киргендер кармалды

Акыркы кезде Кыргызстанда түшкө кирбеген кылмыштар, акча тоноолор жасалып, кылмышкерлердин арасынан кой терисин жамынган карышкырлар да чыгып жатат. Алсак, өткөн жылдын 27-декабрында Ош аэропортунан 5,6 млн. долларды уурдап, бир адамды барымтага алып кетишкен. А 1-февралда Бишкектеги Орто Азиядагы Америка университетине мурдатан даярданып жүргөндөр ууруга киришкен. Жакында алар кармалып аты-жөндөрү тастыкталды.
Бишкектин Биринчи май РИИБинин жетекчисинин орунбасары Талант Асаналиевдин айтымында, 1-февраль күнү таңкы саат 06.40та Орто Азиядагы Америка университетинде белгисиз адамдар жүргөнү тууралуу кабар түшкөн. "Дароо окуя болгон жерге барган тартип сакчылары университеттин эшиги жабык экенин көрүшүп, эшикти бузуп киришкен. Көрсө, мурдатан даярданып жүргөн уурулар таңга жуук имаратка киришип кароолчуну таңып ташташып тоноого киришкен экен. Бирок уурулардын тилеги таш каап, тартип сакчылары алардын алгач үчөөнү, кийин бирөөнү колго түшүрүштү. Алардын жол башчысы университеттин студенти болуп чыкты. Кармалгандардан болгарка, кувалда, рация, травматикалык тапанча, мык суургуч, көзөгүч, беткаптар, уюлдук байланышты өчүрүүчү аппарат табылды" дейт Т.Асаналиев. Тергөө учурунда кармалгандар алар мурдатан бир канча банк филиалдарын тоноону пландаштырып коюшканын айтышкан. Буга далил катары алардан милиция кызматкерлери банкоматтардын жайгашкан жерлеринин схемасын табышкан. Кармалгандар Сокулук районунун тургуну 32 жаштагы А.Азиз, Жалал-Абад облусунун жашоочусу 31 жаштагы Н.Нурлан жана ошол эле облустун тургуну 32 жаштагы Б.Мелисбек экени аныкталган. Окуя болгон күндүн эртеси кылмышка катыштыгы бар окуу жайдын студенти Байбагыш.Н. кармалган.
Ошондой эле тартип сакчылары 27-декабрда Ош аэропортунан 5,6 млн. долларды көз көрүнөө тоноп кеткендерди кармашты. Бул күнү куралданган, милиция кызматкерлеринин универсалдык формасын кийишкен, беткапчан алты адам Ош аэропортунан акчаны алып бараткандарга кол салып аталган сумманы алып кетишкен. Ак түстөгү D0118 номерлүү "Тойота Эстима" машинеси менен келген кылмышкерлер акча менен кошо "Асман-Тур" туристтик фирмасынын директору Руслан Кулатовду да барымталашкан. Кечээ Ош жана Ош облустук ИИМ башкы башкармалыгы 5,6 млн. долларды алып кетишкендерди кармашканын, алар Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын жарандары экени тастыкталды. Алар Баткен облусунун жашоочулары Р.М, О.Д, С.Н (ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган), З.Р жана А.С. болуп чыкты. Буларды кармаганда кылмышка катыштыгы бардыгын далилдеген 1 миллиондон ашык доллар чыккан. Ошондой эле 29 огу менен Калашников автоматы, 21 огу бар АКС-74 Калашников автоматы, огу жок Макаров пистолети табылган.
Учурда Баткен облусунда кылмышкерлер айдап жүргөн эки машиненин калдыктары табылган. Издерин суутуш үчүн алар машинелерди кескилеп темирге өткөрүп жиберишкен. Кызыгы, кылмышкерлердин бири Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замир Сыргабаевдин иниси экенин буга чейин "Азаттык" радиосу жазып чыккан. Депутат болсо "иним уурдаса бир байдын акчасын уурдаптыр" деп кебелбей турат.





Намыска камчы
Кыргыз кандай болуш керек?

4-февраль күнү "Кыргыз кодекси" коому пресс-жыйын өткөрдү. Биздин аң-сезимибизге сиңип келген "кыргызчылык" деген түшүнүктү түп-тамыры менен жок кылуу максатында аталган коом активдүү иштерди жасоодо. Алгачкы кадам катары "Кыргыз кодекси" китебин чыгарып, чыныгы кыргыздын жашоосу кандай болуш керек деген суроого жооп беришет. Коомдун башында Маданият, маалымат жана туризм министринин орунбасары Максат Чакиев, журналист-публицист Улан Абдрахманов, "Кыргыз кодекси" коомунун мүчөлөрү Марат Сыдыгалиев менен Руслан Ашымканов турат.
Көп жылдан бери Россияда иштеп жүргөн Руслан Ашымкановдун айтуусунда, чет жерде иштеген кыргыздар өз ара жердеш, уруулаш, айылдаш, эң болбоду дегенде көчөлөш болуп бөлүнүшөт. Жыйынтыгында орустар кимиси түндүктөн, кайсы кыргыз түштүктөн экенин мыкты ажыратып калышкан. Кыргыз элине бөлүнүп-жарылуу жат көрүнүш, бир ууч кыргыз эли өз жеринде эмес бөтөн элде бөлүнүп жатса жок жерден чоочун элге жем болорун белгилейт. Ал эми Максат Чакиев "биз бир нече жылдан бери кыргыздарга карата туура эмес пикирлерди байкап келебиз. Мисалы, эже-карындаштарыбызга "ОБОН" деген терминди чаптап коюшту, тилекке каршы, бул ат Кыргызстанда гана колдонулат. Биз эмне үчүн аялзатын "ОБОН" деп аташыбыз керек? Биздин апалар андай эмес. Мына ушундай пикирлерди жокко чыгаруу максатында бул китеп жарыкка чыкты. Анда кыргыз эли атамзамандан бери сөзүнө бекем турган, кыраакы болгону баяндалат. Ошондой эле кыргыз кандай жоопкерчиликти алат, кандай мотивдер менен башкарат, жашоодо кандай принцип менен жашаш керектиги айтылат. Китепти окуган ар бир жаран өзүн таба алат деген ойдомун" деген пикирин билдирди. "Кыргыз кодекси" китебинде кыргыздын түп-тамыры, буга чейин жазылбаган кыргызга гана мүнөздүү эрежелер, эркек менен аялдын коомдогу орду, баланы тарбиялоо адеби жана башка кыргыздын баалуулуктары менен философиясы камтылган.





Баш кесмек бар...
Бийликтин билегин эми көрөбүз

Журналист Дайырбек Орунбековго 2014-жылдын 29-октябрында Башкы прокуратура тарабынан "жалган маалымат таратты" деген күнөө коюлуп, КР Кылмыш жаза кодексинин 329-беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле. Журналист өзүнүн "Маалымат KG" сайтына 2010-жылдагы "Ош коогалаңына убактылуу өкмөт күнөөлүү" деп жазган. Дайырбек Орунбековдун айтымында, аталган макала мурда жарыяланган маалыматтарга таянып жазылган. Кылмыш иши козголгондон кийин тергөөнү УКМК жүргүзүп, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.
26-январда Биринчи май райондук соту бул ишти карап, күбөлөрдүн келбей койгондугуна байланыштуу сотту 4-февралга жылдырган. Дайырбек Орунбековдун жактоочусу Жыргал Бабаев кылмыш иши мыйзамсыз ачылганын белгилеп, "Дайырбек Орунбековдун үстүнөн эч ким арыз жазган эмес. Болгону "Жаңы жүздөр" гезити "Ош коогалаңына убактылуу өкмөттү күнөөлөгөн Дайырбек Орунбековду жазага тартыш керек" деген багыттагы макаласын жарыялаган. Ал макаланы Анара Юсупова аттуу журналист жазыптыр. Бул түз арыз катары саналбайт. Аталган гезитке жарыяланган макала боюнча "карап чыккыла" деп Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага резолюция жиберген" деди.
Алгачкы 26-январда болгон сотто күбө катары чакырылган "Жаңы жүздөр" гезитинин редактору Лейла Саралаеванын келбей койгондугуна байланыштуу сот отуруму жылган. 4-февралдагы отурумда Лейла Саралаева күбө өтүүдөн баш тарткан. Сот доогердин, күбөлөрдүн катышуусу жок сот отурумун уланткан. Бирок прокурордун "жарыш сөзгө даяр эмесмин" деген өтүнүчү менен сот отуруму 10-февралга жылдырылды.
Белгилей кетчү нерсе, Кылмыш-жаза кодексине былтыр кирген 329-берене менен биринчи жолу кылмыш иши козголуп жатат. Козголгондо да эч ким арыз жазбай, Башкы прокуратура өз демилгеси менен иш козгогон. Аталган сот процесси мыйзам чегинде болобу же журналисттин оозун жабыш үчүн бийлик өз каалаган өкүмүн чыгартабы, дагы байкап турабыз.

Даярдагандар Мелис СОВЕТ уулу, Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА





  п»ї





??.??