presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Отунбаева мартка даярданууда
Саясатчы эркектер жабыла билекти түрүп келаткан шайлоого даярданып жаткан убакта, экс-президент Роза Отунбаева 2-3-мартта өтө турган Кыргызстан аялдарынын улуттук форумуна даярданып жатат. Көрсө, быйыл эл аралык жана республикалык деңгээлде аялдарга байланышкан 90, 20 жана 15 жылдык делген үч маараке белгиленет экен. Марттын башында улуттук филармонияга өлкөнүн булуң-бурчунан миңден ашык аял өкүлдөрү чогулуп, жыйырма биринчи кылымда аялдардын алдында жаңы пайда болгон кыйынчылыктар, аларды чечүүнүн жолдору, кыскасы, аялзатынын бүгүнкү турмушунун бардык жагы талкууга алынат. БУУ мындай демилгени колдоп жатыптыр.
Азыркы шартты эске алганда, Кыргызстандагы эркектерге караганда көпчүлүктү түзгөн аялдар жамаатын Роза айымдын активдештире баштаганы да жөндүүдөй.

Аскар Акаев Дубайдан кимге жолукту?
Өткөн айдын соңун-да Дубайдын Джумейра Палм районунан качкын ажо Аскар Акаевдин карааны чалдыкты. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, Аскар Акайыч ал жактан кадимки Акматбек Келдибеков менен бир нече ирет жолугушуу өткөрдү дейт. Жолугушууда кандай маселе талкууланганы белгисиз. Келдибеков менен алдыда келе жаткан парламенттик шайлоо, балким саясый позициялар тууралуу сүйлөшкөндүр… Мындай божомолубузга толук негиз бар. Акматбек мырза жакында жергиликтүү гезиттердин бирине курган маегинде Аскар Акаевди айга-күнгө теңеп мактап, "мен дагы бир жолу Аскар Акаевичтин акылдуу адам экендигине ишендим. Өзү Москвада жүрсө дагы интервью берип, кандай иштегениме туура баа бергенине аябай ыраазы болдум" деп айткан. Эми ошол экс-кожоюн атайын Дубайга барып Келдибековго бекеринен жолукпаса керек…
Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Аскар Акаев 1-февралда "Аэрофлот" авиакомпаниясынын SU521 аба каттамы менен Москвага сапар алды. Бул тууралуу кийинчерээк кеп кылабыз.

Терентьевдин тебеленген үйү
Борборубуз тээ Пишпек аталган шаар тибиндеги кыштак катары жашап турган маалда алгачкы шаар башчысы болуп дайындалган Илья Терентьевдин үйү делген эски үйдүн учурда кебетеси кетип, кулайын деп араң турат. Бул боюнча кечээ шаар мэри Кубанычбек Кулматов "Аскар Салымбеков Иса Өмүркуловдун маалында эле 500 миң сом реконструкцияга берген, бирок Маданият министрлиги ишке ашырбай жатат" дегендей оозу бош унчуккан. Биздин иликтешибизче, бул жерде Маданият министрлиги менен мэрия өлө элек аюунун терисин эле талашып жатышыптыр. "Мен спорткомплекстин жанындагы Терентьевдин үйүн реконструкция кылыш керекпи же түрттүрүп ордуна шаарга керектүү бир нерсе куруш керекпи, атайын жыйынтык чыгарып долбооруңарды бергиле, ошого жараша каржылайм деп айткам. Албетте, шаардын ортосунда кемели кеткен имараттын турушу мага деле жаккан жок. Бирок эки орган келише албай эле дайыны жок болду" дейт Аскар Мааткабылович.
Демек, "даяр ашты жечү көп" болуп Терентьевдин эски үйүнөн да пайда тапкысы келген эки тарап ушул үчүн бир пикирге келбей жатса керек.

Сагынбаеванын "салык саясаты"
Редакциябызга борборубуздагы Улуттук госпиталдын айрым медицина кызматкерлери кайрылып, алда ненин башын кылтыйтышты. Алардын сөзүнө көңүл бурсак, аталган оорукананын жетекчилиги кызматкерлерге айлык таратып жатканда негедир эле 1000 сомдон кармап калат экен. Бухгалтериядан сурашса андагылар үстүңкү кабатты сөөмөйү менен көргөзүп, эмнеге экендигин жогору жактан сурап алгыла дегени өтө эле таң калычтуу угулду бизге. Бул эмне, Улуттук госпиталдын жетекчиси Динара Сагынбаеванын өзүн-өзү билгендиги, коррупциялык схемасы деп түшүнөбүзбү? Айтор, бул атайын иликтеп аки-чүкүсүн териштире турган орчундуу маселе болуп калды. Кийинки санга чейин кийлигишип көрөбүз го...

Ажы акебиз аспирант
Кыргызстандагы ислам аалымдарынын анабашы, жүрөгүндө кыргыз деген от ойногон Чубак ажы Жалилов жакында аспирантурага тапшырып илим изилдей турганын угуп калдык. Бирок анын илимий иши исламга деле эч тиешеси жок, тескерисинче, кыргыздын тээ кыйырын изилдейт экен. Тагыраагы, аалым акебиз "Манас" эпосуна сүңгүп кирип, андагы кыргыздын кылым кечкен каада-салттарын казып чыгарын жар салды. Ансыз да үч бөлмөлүү китепканасындагы 5 тоннадай китепти окуп чыккан аалым эми эпостон эмне деген жаңы сырларды ачып чыгар экен, күтө туралы.

КСДПдан чийилчүлөр…
Күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого карата партиялар болжолдуу тизмени түзүүгө киришти. Тар чөйрөдөгү күбүр-шыбырга караганда, КСДПнын атынан мандат тагынып отурган Ыргал Кадыралиева, Турсунтай Салимов, Мамат Орозбаев, Мамытбай Салымбеков сындуулар, вице-премьер Дамира Ниязалиева тизменин алдында да, ортосунда да, арт жагында да көрүнбөй арман күүсүн чертип жаткан чагы. "Экске" айланчу "эксдекчилерди" эми ким кучагына батырар экен? Ошол эле маалда Президент Алмазбек Атамбаев саясый элитаны жаңы жүздөр менен жаңыларын билдиргени бар. Анын алгачкы желаргысы байкала баштады. Ушул темптен жазбаса жакынкы 5-10 жылда "карт бөрүлөр" сүрүлүп, саясый элита жаңы жүздөр менен толукталат го. Үмүт артып туралы.

Алимбековдун марттыгын эми көрөбүз
Бүгүн-эртең "Биздин депутат" деген аталыштагы жаңы китеп басмаканадан жарык көрүп, окурмандарга жеткени туру. Китепте Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири Нурбек Алимбековдун ишмердүүлүгү, кичи мекенине жасаган иштери, саясый, экономикалык көз караштары, ойлору чагылдырылган. Албетте, буга чейин да эл арасында эл өкүлү тууралуу асыресе анын марттыгы, кайрымдуулугу, меценаттыгы тууралуу жакшы пикирлер бар экенин билебиз. Баса, марттык демекчи, ошол китептин автору, жаш саясат таануучу Нурлан Орозбаев экенин да угуп калып, буюрса Нукебиз депутаттан гонорар катары бир канча куб жыгач алат го деп сүйүндүк. Себеби Нурбек Алимбеков түптөгөн "Папан-курулуш" ишканасы Орусиянын токоюн Бишкекке "көчүрүп келген" эң чоң компания.

Бекешов бекем жерге барды
Эл өкүлү, жаш депутат Дастан Бекешов бул чакырылыштагы парламент депутаттарынын ичинен эң эле жүүнү тирүү жигит экенин көргөздү. Бирок "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" болуп негедир "ар-намысчылар" Дастан Бекешовдун тыңдыгын көрө албагандай элес калтырып, көп жерден колдобой келишет. Ушундан улам саясый келечеги булар менен бирге эмес экенин сезген Дастан Далабаевич өз алдынча партия түзүп баштаган. Акыркы маалыматтар боюнча азыр ал кийинки шайлоого "Эмгек" партиясы менен аттанаары белгилүү болду. Кыскасы, кийинки шайлоого карата партлидерлердин баары эле карт бөрүлөрдөн кач-качтап, жаштарга басым жасаганы саясый элитанын чарчаганын көргөзүп тургандай...

Коалиция үчүн Алмамбетти аяшкан жок
Ак үйдө өкмөт алмашат экен, керек болсо парламент да таркап кетиши мүмкүн деген шыбырлар көбөйө баштады. Анын башкы аргументи катары баары эле Алмамбет Шыкмаматов менен Данияр Нарымбаевдин тирешин карашат. Өз булактарыбыздын билдиргенине караганда, жаңы өкмөт түзүүгө алды менен КСДП кызыкдар болуп атайын интриганы башташкан. Бирок алардын арам оюн билип калган Өмүрбек Текебаев кырчылдашса да коалициядан чыкпай коюп, тигилердин тилегин таш каптырды дейт. Ошондон улам го, Феликс Кулов дагы кайсы бир маалымат булагына "Ата мекен" коалициядан чыкпаш үчүн Шыкмаматовду кызматтан кетирди. Коркпой эле койгула, коалиция таркабайт деп жооп бериптир. Албетте, саясый стабилдүүлүк үчүн "ата мекенчилердин" бир кызматка байланбаганы деле жакшы. Бирок "Наполеончик" мырзанын сары улакча садага чабылганынан партия ага өтө чоң карыз болуп калганын да айтып коюушубуз керек.

Жылдыз Жолдошева 80 тыйын кылгыла дейт
"Ата журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошева маңдайында отурган парламент спикери Асылбек Жээнбековго, парламенттен элүү кадам капталда отурган өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге ММКлар аркылуу кайрылуу жөнөтүптүр. Анда депутат эл менен жолугушкан учурларда электр энергиясына болгон тарифти ырааттуулукка келтирип, өйдө-ылдый бааларды жокко чыгарып, энергия үчүн туруктуу 80 тыйындык тарифти киргизүүнү талап кылып жатканын айтат. Өлкөдөгү саясый абалды стабилдүү кармоо үчүн элдин үнүнө кулак салып, парламент өзү бир кезде тариф аныктоо укугун өкмөткө берген токтомдорду жокко чыгарып, ал укукту эми парламент өзүнө алуусун суранган. Тиги экөө буга кулак салышат болду бекен?

"Жаңы Агым" - пресс









??.??