presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Омор СУЛТАНОВ,
Кыргыз эл акыны:
"Акындар кечиргиле, ырларыңар окшошот совхоздун ак коюндай бир-бирине...."

2015-жыл Түрк дүйнөсүндө "Омор Султанов - 2015-жылдын адамы" деп кабыл алынды. Ушуга улай адабиятка бараандуу салым кошуп, кыргыз поэзиясын дүйнөлүк деңгээлге көтөрө алган эл акыны менен азыноолак кеп курдук.

- Омор агай, жаңырган жылды түрк дүйнөсү сиздин адабиятка кошкон салымыңызды эске алып "Түрк дүйнөсү адабиятында 2015-жыл Омор Султанов жылы" деп жарыялады. Ушул жарлыкты кандай кабылдадыңыз?
- 2013-жылы Анкарада түркий тилде сүйлөгөн 38 мамлекеттин жазуучулары түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигин түзгөнбүз. Бул идея 2012-жылы Бишкекте өткөн түрк мамлекеттеринин лидерлери катышкан саммитте айтылган эле. Уюшулган жазуучулар бирлигинин теңтөрагалары болуп Азербайжандын белгилүү жазуучусу Анар Рзаев, Түркиянын көрүнүктүү жазуучусу жана коомдук ишмери Якуб Өмероглы, Кыргызстандан мен шайланганбыз. Ошондон баштап ар жылы эмгегине жараша адабияттагы жылдын адамы деген ардактуу наамды ыйгарып келатабыз. Алгач ирет адабияттагы жылдын адамы болуп түрк дүйнөсүнүн жазуучуларынын Анкарада өткөн конгрессинде таланттуу түрк акыны Али Акбаш аталган. Андан кийинки жылдары ирети менен казак жазуучусу Төлөн Кабдеш улы, Азербайжандан Анар Рзаев, Түндүк Кипр мамлекетинен акын Бозкурт Исмаил шайланышкан.
2014-жылы сентябрь айында өткөн бүткүл түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин Татарстандын борбору Казань шаарында өткөн конгрессинде альтернативдүү шайлоо өтүп, менин талапкерлигим көпчүлүк добуш менен "адабияттагы жыл адамы" болуп бекитилди. Мындай иш-чара жалпы түрк дүйнөсүнүн адабияты, анын өнүгүшү үчүн жакшы салтка айланчудай болуп калды. Бул жаңылык албетте жакшы жышаана дечи. Бирок ага өтө эле маңдай жарыла сүйүнүп кеткен жокмун. Анткени мурдагыларды көрүп калбадымбы. Мен илгери Ашыраалы ырдагандай "ант уруп элүүгө чыгып" үйдө "туулган күн" өткөрүп атсам (анда тойду үйдө эле өткөрчүбүз) чакырган коноктордон Чыңгыз Төрөкулович бир аз кечигип келди. "Чыке, күндүр-түндүр мактоолорду угуп келатасыз, биерде мен эмне кыларды билбей отурам, мактап эле атышат, мактап эле атышат" десем, Чыкем "а сен кулакты жапырып коюп уга бер" деди. Чыкемдин ошол сөзү ар дайым эсимде турат.
- Өмүр дегендин өзү эмне? Дегеле өмүр, убакыт деген түшүнүктөрдү кандай чечмелей аласыз?
- Муну ар ким ар кандай түшүндүрөт го. Жеке баамымда, өзүмдүн өткөргөн өмүрүмдү кылган ишим менен өлчөйм. Ошондо менде мындан да көп иштерди жасасам болмок деген өкүнүчтөр пайда болот. Бир жолу ини досторумдун бири айтат: "Сиз мүмкүн болушунча көбүрөөк иштерди бүтүрүпсүз..." Жумурумдун башы тыз дей түшүп, "Марат, карттанып турган жарамдын оозун ачпачы!" дедим. Марат түшүндү окшойт, сөзүн башкага бурду... Мен көп жылдар Чыңгыз Төрөкулович менен жакын жүрүп калдым. Ал киши жазуучу катары абдан жемиштүү иштеди. Бирок коомдук иштерге көп убактысын коротуп чарчап атканын көрүп ичим ачышты да бир күнү "Чыке, ушул жыйындарга барбай эле койбойсузбу?" десем, "барбасам барбай койду, келбесем келбей койду деп атышпайбы" деп оор күрсүнгөнүн көрүп, огобетер аядым эле. Бара-бара өзүм да дал ошондой болдум. Турмуш агымында убакыттын өткөнүн, өмүрдүн корогонун көрүп-билип туруп аргасыз моюн сунасың. Бала чакта кеч киргенин көрүп алып көчөдө чүкө атыша албай калганыбызды эстеп күн батпай эле койбойбу деп өкүнчүбүз.
Тестиер курактан тартып түйшүккө баттык. Тосор колхозунун белдүү адамдарындай эле иш аткарчу экенбиз. Эми ойлосом, турмуш биздин муунду жакшы эле ары-бери калчаган экен. Улуулар менен аралаша иштеп жүрүп наркты, тилди да жеткире үйрөнүүгө туура келиптир. Ошонун баары кийин жашоо-тиричилигимде эбегейсиз зор олжо берди. Артыкча жазууда. Эми ойлосом, Тосордогу ошондогу адамдар кары-жашы дебей бардык жагынан жеткилең чулу адамдар экен. Азыр эстеп отуруп бирин да жаман адам экен деп айта албайм. Белимчи Буланбай чоң ата Москвадагы МХАТтын чоң актерундай болчу. Казына деген чоң темир уста жездебиз эч кандай билими жок туруп мылтык жасачу. Капканчы Ыбырай деген абабыз, тегирменчи Мамбет деген жезделерибиз, деги койчу, баары, баары илгерки Манас доорунан калып калгандай көкүрөгү тунук жетик адамдар эле. Ошолорду көрүп өскөн бизге алардын акыл-насааты таасир этип, билинбей калыптандык. Бир айыл элге бир эле салабаттуу адам жүрүм-туруму менен чоң тарбия бере алат. Бизге окшогон эзелки, бирок аз элди тарбия (салт, нарк) менен бүтүндөй сактап калууга болот. Буга мамлекеттик атайын саясат керек...
- Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары биртоп акындар поэзия дүйнөсүндө жаңылыктарды жасаганга далалат жасашты. Азыркы тапта ошол толкун, ошол күч дагы да кыргыз адабиятында жаралат деп ишенесизби же жаштардын көбү интернет, социалдык тармактар менен алагды болуп, дүйнөлүк поэзиядан кабарсыз оту жок ырларды жаратып өзүн өзү жар салуудабы? Айтыңызчы, жаш акындардагы изденүү, дүйнө тааным, ой чабыт, көркөм фантазия сизди канааттандырабы?
- Алтымышынчы жылдары поэзияга жаңылык киргизебиз деген акындар жоон топ эмес болчу. Адабиятка жаңылык киргизчүлөр жоон топ болуп кирбейт. Андайлар бирдеп, жарымдап гана кирет. Жаңычылдарды жерип, көнүмүштөн оолактай албаган кокуй наалаттар гана жоон топту түзүшөт. Накта башын сайып коюп кирген жаңычылдар бирин-серин, аз санда болгондуктан аларга бардык жагынан тоскоолдуктар жаралат. Консерваторлор ар качан болуп келген. Анткени алар жан тынчтыгынан ажырагылары келбейт. Бул боюнча орус поэзиясында "участь новаторов - безумие" деген канаттуу бир сөз бар. Аларды ошондойчо жанкечтиликтен кудай гана өзү колдоп шыктантса керек. Алардын тагдырлары да (Пушкин, Байрон, Блок, Шандор Петефи) трагедиялуу. Бирок алардын артында жарык нур чачылган бойдон калат. Акындарды да коом, социалдык чөйрө жаратат. Азыркы биздин жаш акындарга эң сонун поэтикалык революция жасоого шарт түзүлүп турат. Маселен, мансапкорлор элди көз көрүнөө талап-тоноп атышат. Бир жагынан күнөөсүн мойнуна коюп, соттоп камап жатса эртеси эле ошол соттор актап ийишүүдө. Журналисттер аны чукуп жазууда. Бир дагы жаш акындын бул боюнча үнүн угалекмин. Бирок эл эмеспизби, түңүлбөй кое туралы...
- Адабияттын астанасын жаңыдан аттаган жылдарды бир көз алдыга тартып көрсөңүз...
- 1959-1960-жылдардын күзү болсо керек эле. Телевизор жаңыдан турмушубуздан орун алып калган кез. Телевидениеге ыр оку деп чакырып калышты. Бир катар ырлардын катарында:
"Акындар кечиргиле, ырларыңар окшошот, Совхоздун ак коюндай бир-бирине.... - деген саптарды окуп туруп кетип калдым. Эртеси эле ызы-чуу түшүп мени издеп калышыптыр. ЦКга чакырып атат дешти. Бардым. Партияда элем. Көзү өтүп кеткендигине байланыштуу атын атабай эле коеюн, ошол: "Сен эмне көөп жүрөсүң?" деп зекиди. Көбө элекмин дедим мен да тартынбай. "Аа, көөп кете элек болсоң советский хозяйствого сөз тийгизип жүрөсүң" деп бир баракка жазылган кагазды алдыма таштады. Окусам, совхоздун ак койлорун шылдыңдап теледен ыр окуду деген арыз экен. Болду, түшүнүк жазып келесиң дешти. Эмне деген түшүнүк жазарымды билбей бозала болуп чыктым. Анын аягы ЦКнын пленумуна салынып, кемчилигимди моюнга алып атып эптеп кутулгам. Эми мындай окуялар арбын болду. Адабияттын астанасын ушундайча аттадык эле...
- Ак ыр жана анын табияты тууралуу эмне кеп айта аласыз?
- Чынын айтсам, "ак ыр" дегенди өзүм жактырбайм. Көп учурда верлибрди эркин ыр деп алганбыз. Ак ыр менен көп учурда аралаштырып айткандар көп. Кыргыздын ыр өнөрүндө жорго сөз менен эркин ырдын табияты окшош. Искусство ар бир элдин улуттук салтынын атрибуттарына ылайыкталып өнүгүшү керек. Ак ырды Москвадан окуп келип Рамис Рыскулов алып келди. Анан бир катар жаштар ак ыр деп жазып киришти. Аларды туурап ал кезде майда жашын жашап эле койгон, уйкаштыкты зордуктап келип жанаштырган "Ак Мөөрдү" жазган Сүйүнбай Эралиев "Жылдыздарга саякат" деп ак ыр менен же ички ритмикадан жок поэма жазды. Менин оюмча, ак ыр кыргыз поэзиясынан өз ордун таба алган жок. Ал эми эркин ыр табигый түрдө биздин ыр түзүлүшүбүзгө жалгашып кетти. Мисалы, өзүм "Жоготуу", "Пабло Неруда", "Жер титирөө", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" аттуу поэмаларымды эркин ыр формасында жараттым. Окурман аларды жерибей кабыл алышты. Кийин ушундай стилде чыгармалар жаралды...

Данияр ИСАНОВ



  п»ї





??.??