presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Балбан билек
Айсулуу

Айсулуу Тыныбекова деген балбан кызыбызды көпчүлүк тааныйт. Анткени кыргызда кыз бала кантип күрөшсүн деген менталитет менен буга чейин эл аралык аренада күрөшкөн кыргыз кыздары чыкпай келген. А Айсулуу болсо 3-4 жылдан бери өлкө намысын коргоп келет. Анын спорттук карьерасынан сырткары адамды кемсинте сүйлөгөн кызга татыктуу жообун берип, ал кыз сотко берип ызы-чуу болгону да биртоп атын тааныткан. Бирок ошол окуядан кийин Айсулуу чөгүп кетпей кайра чыңалып, улам бир турнирден медаль тагынып келип, жылдын мыкты спортчусу деген наамдарга татып отурат. Өткөн жылдын эсебинен Айсулуу Тыныбекованы "Sport AWARDS" сыйлыгы, "Супер инфо" гезити, спорт агенттиги, интернет колдонуучулары, күрөш федерациясы жылдын мыкты спортчусу деп тапканы чоң жетишкендик. Убада боюнча Айсулууну конокко чакырып маек курдук.

- Айсулуу, колуң эмне болду? Гипс тагып калыптырсың...
- Россияда Иван Ярыгин атындагы эл аралык турнирдин финалында колумду кокустатып алдым. Бул турнирдин аброю өтө жогору бааланат. Деңгээли боюнча экинчи дүйнө чемпионаты деген каймана аты бар. Бул жакка өзүнө ишенген спортчулар гана барат. Ошол жерде мен туура эмес кыймыл жасап алып колумду чыгарып алдым.
- Болбосо чемпион болот белең?
- Финалда монгол спортчусу менен кармашып жаткам. 1:0 эсебинде ал кыз утуп жаткан. Себеби, менин тактикам ошондой болчу. Мен аны чарчатып туруп анан убакыт бүтөрдө көтөрүп чапмакмын. Ал күчкө салып тырышып күрөшөт экен. А менин күчүм көпкө жетет. Ал экинчи жолу чыкканда алсырап баратканы сезиле баштаган. Анан мен чабуул кое баштаганда сызыктан түртүп келатып ошол жерде алаксып кеттим окшойт, 1 упайга түрткөндөн көрө артка ыргытып коеюн деп ойлонуп баратып, туура эмес кыймылдап ийип колумду чыгарып алдым. Колум менен туура эмес таянып алып чыгып кетти. Колумду карасам тескери карап калыптыр. Аябай жаман болдум. Колумдун чыкканынан да финалда утканга мүмкүнчүлүк турса да шашпай жатып утулуп калганыма өкүнүп калдым. Эгер кокустук болбогондо ал кызды жеңмекмин.
Колумду 3-4 сааттан кийин салышты. Анткени сынык барбы же жокпу деп атайын ооруканага алып барып рентгенден текшеришти. Колумдун ооруганынан да колдогу мүмкүнчүлүктү кетиргеним көбүрөөк жүрөктү оорутуп жатты.
- Гипсти канча айга чейин чечпе дешти?
- Бир ай гипсте жүрөсүң дешти. Буга чейин деле колум чыккан. Үч жыл мурун да ушундай болгон. Анда бир айга жетпей эле гипсти чечип салып машыга баштагам. Мында деле бир айга жеткирбей үч жумадан кийип чуркап машыга баштайм. Эки айдан кийин анан күрөшкө түшө берем.
- Эки ай ичинде кайсы турнирлерден калганы турасың?
- Швеция, Австралиядагы турнирлерден калып атам. Негизи бизде календарь бир жылга алдыга түзүлөт. Өзүмдүн да, машыктыруучумдун да пландары бузулду. Айла жок, эки ай спорттон четтей турабыз. Бул убакта Көлдө жатып алып китеп окуюн деп жатам. Себеби, башка убакта мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Спортчулар бош убакыт болсо эле уктап организмди эс алдырабыз. Ошол себептен бул тыныгууну да пайдалуу өткөрөйүн деп чечтим.
- Спорт чөйрөсү сенин өмүр баяныңды жакшы билген менен көпчүлүк жакшы тааный бербейт. Өзүң жөнүндө айта кетсең?
- Мен беш бир тууганмын. Кыздардын эң кичүүсү болом. Бир агам, бир иним анан эки эжем бар. Ата-энем экөө тең врач болуп иштешет. Үйдө агам күрөш менен машыкчу. Мен кичүүсү болуп айылда кара жумушту көп жасагандыктан күчтүү болуп калдым. Күрөшкө агамды көрүп эле кызыгып калгам.
- Биринчи жолу качан килемге чыктың?
- Айылда окуп жүргөндө 11-класс кезимде бир классташ балам шаардан мелдештен келип калды. "Айсулуу, сен күчтүү кызсың го, тигил жакта эптеп эле алы бар кыздар күрөш боюнча биринчиликке катышты. Сен деле күрөштөн мелдешке чыксаң болот. Аларды сен жөн эле чабасың" деп мага дем-күч бере баштады. Анан мен шаарда жүргөн байкеме чалып, мен күрөш боюнча облус биринчилигине барып көрөйүн деп жатам десем, байкем сүйүнүп шаардан Кочкорго жетип келди. Борцовка бут кийим, күрөшкө кийчү трико, баарын жаңы сатып алыптыр. Эртең турнир деген күнү-түнү менен мага күрөштүн ыкмаларын үйрөтүп чыкты. Мен байкем түшүндүрүп жатканда эртеңки күнкү мелдешти элестетип алып, анын сөздөрүн жакшы деле уккан жокмун. Анан бир убакта түшүндүңбү дегенде чочуп кетип, чын эле эч болбосо бир ыкма үйрөнүп алайынчы деп дагы кандай ыкма бар десем, "мельница" деген ыкманы үйрөттү. Ошону жакшылап өздөштүрүп алдым. Эртеси Нарын облусунун биринчилигинде менин салмагымда төрт эле атаандашым бар экен, баарын чаптым. Кызыгы, баарын жанагы "мельница" деген ыкма менен гана чабам. Башка ыкма билсем балким аларды да колдонмок белем... Чынында мен аларды кара күч менен эле жеңген экем деп коем азыр ойлосом. Биринчи килемге чыккан күнү эле облус чемпиону болуп алып, урунарга тоо таппай баштадым. Классташым Бишкекке бар, ал жактан сага татыктуу атаандаштар чыгат деп айтып калды. Түйүнчөгүмдү түйүп алып Бишкекке келдим. Өлкө чемпионатында 2-орунду ээлеп калдым. Аябай ыйладым. Мени апам кичинемден дайыма биринчи болгонго көндүрүп койгон экен, биринчи жолу 2-орунду алганым мага аябай катуу тийди. Ошондо мени жакындарым бул деген чоңдор арасындагы чемпионат болчу. Сен өзүң мектеп окуучусу болуп туруп чоңдор менен кармаштың. Бул деген чоң ийгилик. Жакында жаштар арасында болот, ошол жерден өзүңдү сынап көр, ошондо туура болот дешти. Ал эми жаштар арасында баарын чаптым. Көбүнчө "мельница" ыкмасы менен. Ошентип менин чоң спорттогу карьерам башталды. Байкем менен эжем мени улуттук университеттеги Түгөлбай Базакечов деген агайга жиберди. Бишкектеги биринчи машыктыруучум ошол киши болду. КУУнун залында машыгып жүргөндө мага кыздардан татыктуу спаринг партнер чыкпай койду. Анан техникалык университетте "Кыргызстан" курама командасы машыгарын угуп, ошол жакка окууга тапшырдым.
- Сен көп эле турнирлерге катыштың. Кайсы турнир сен үчүн маанилүү, эсиңден кеткис болуп калды?
- Спортчу үчүн ар бир турнир маанилүү. Анткени баарына даярданып барат. Ошентсе да мен үчүн жакында эле АКШда өткөн турнир эстен кеткис болду. Себеби, мен ал жактан алтын медаль утуп келдим. Буга чейин мындай чоң турнирлерде коло, күмүш менен гана чектелчү элем. Бул менин эң чоң жеңишим болду.
- Спорттон кандай пайда таптың?
- Мен кичинемде дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө бат-бат болуп турган жумушта иштегим келчү. Анан бардык кыздардай эле таанымал адам болгум келчү. Азыр эки кыялымдын бирин орундаттым. Мени спортчу катары баары таанып, сыйлап турушат. Ушул спорттун айынан бир нече өлкөлөрдө болуп келдим. Кээ бир өлкөлөрдө 3-4 жолу болдум. Тагдырыма нааразы эмесмин, бардык балалык кыялдарым орундалып отурат.
- А материалдык жактан пайда болуп жатабы?
- Мамлекет тарабынан, жеке демөөрчүлөр, спортту колдогон меценаттар тарабынан акчалай сыйлык, стипендиялар берилип турат. Андан сырткары ушул жылы өзгөчөлөнгөн спортчуларга күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн квартира берди. Мен ошол үйдү барып көрүп койгонго убакыт таппай жүрөм. Астымда машинем турса, каржылык жактан кыйналбасам, үстүмдө үйүм турса, мен спортчу болгонума нааразы болбошум керек деп ойлойм.
- Окуу жайда мугалимдер тарабынан жеңилдиктер болобу?
- Мелдештердин айынан окууну көп калтырам. Аны мугалимдер туура түшүнүшөт. Кыргыздын ишенген балбан кызы болсо деп мага ийгилик каалап көп кыйнабай эле зачет коюп беришет. А группалаштарым мен калтырган лекцияларды көчүрүп бергенге жардам беришет. Ачыгын айтсам, мен кыздар менен достошконго караганда балдар менен жакшыраак дос болом. Кыздар ушак айтышып, бирөөнү сындап жатышса өзүмчө эле жаман боло берем. Алар менен сүйлөшө турган жалпы темабыз жоктой эле балдар менен кобурашып калам. Эки группалаш балам да күрөш менен машыгат. Алар менен спорт тууралуу көп сүйлөшөм.
- Косметика колдонуп, көйнөк кийген учурларың болобу?
- Кээде маанайым жакшы болсо, машыгуулар жок болсо көйнөк кийип, боенуп деле коем. Бирок менде андай күндөр аз болот. Бир айда 2-3 жолу эле боенбосом, такыр деле боенбойм.
- Кантип эс аласың?
- Мен өзүм теңдүү жаштар сыяктуу түнкү клубдарга барып эс албайм. Өмүрүмдө ушинтип эс алып көргөн эмесмин. Анткени ал жактан тескерисинче эс албай чарчап келериң көрүнүп турбайбы. Мен убакыт болсо эле организмди эс алдырып уктайм. Тоого чыгып таза аба менен дем алып, жаратылыш менен кобурашканды жакшы көрөм.







  п»ї





??.??