presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Эч ким, эч качан унутулбайт
"Биз жашаш үчүн аталар курман болгон"
Быйыл СССРдин 27 млн. адамынын өмүрүн алган Улуу Ата мекендик согуштун бүткөнүнө, фашисттик Германия жеңилип, Улуу Жеңиштин орногонуна туура 70 жыл толот. Келечек муундун жыргал жашоосу үчүн курман болгондордун ичинде үйлөрүнө кайтпай калган 114 миң кыргызстандык жоокер бар. Алардын 58 миң 809у курман болсо, 56 миң 24ү дайынсыз жоголгондор жана мунун 1395и аялдар. Айыл жерлериндеги такталарда аттары жазылганы эле болбосо, согушта дайынсыз жоголгондорго азыр кызыккандар деле жок. Ошого карабай төрт жылдан бери дайынсыз жоголгондордун 200дөн ашыгынын курман болгон жери менен жайларын интернет аркылуу табышкан "Эрдик" пилоттук долбоорунун автору Каныбек МЫРЗАКАНОВ менен анын жубайы Гүлнура МЫРЗАКАНОВАны кепке тарттык. Алардын айтымында, техника өнүккөн заманда келечек муун үчүн өмүрүн арнаган ар бир кыргыз уулунун жаткан жери табылып, куран түшүрүлүшү керек.


- Каныбек мырза, өлгөн адам эмес тирүү адамды издөө кыйынга турган заманда бул ишти баштаганга эмне себепкер болду?
- Менин таятам илгери Таш-Көмүр шаарынан согушка кетип, бул жакта жубайы Бүбүш, уулу Ташкенбай, кызы - менин апам Кимсан калган экен. Согуш убагында таятаман бир-эки жолу кат келип, согуш бүткөндө дайыны чыкпай калат. Таенем аскердик комиссариатка эки-үч жолу барса күткүлө деп коюшат. Таенем үмүт үзбөй кайра-кайра барып жүрүп жылдар өтүп кетиптир. Апамдын айтуусунда, 1954-жылы аскердик комиссариатта өрт чыгып документтердин баары күйүп кетет. Ал жердегилер Москвага кат жазабыз дешет да таятам дайынсыз жоголгон делинип кала берет. Көрсө, менин таятам Жандар Чыналиев 1943-жылы Россиянын Смоленск облусунун Демидов шаарында 3-ноябрда жарадар болуп госпиталга түшүп, ошол жерде курман болуптур. Анан шаардын боордоштук көрүстөнүнө коюлган экен. Буга чейин бул маалымат эч жерге чыкпай эми гана архивден чыгып отурат. 1973-жылы мен Кыргыз ССРинин футболдук командасы менен Украинага мелдешке барып Улуу Ата мекендик согушка арналган чоң эстеликтерди, музейлерди, курман болгон баатырларга болгон сый-урматты көрүп келдим. Бизде неге мындай эмес деп арданып, таятамды издеп көп гезит, журналдарга жаздым. А 1978-жылы аскердик кызматымды кайра эле Украинанын Харьков шаарында өтөдүм. Ал жактан да "Красная звезда" деген гезитке таятамдын дайынын билгендер болсо кабарлашкыла деп жазгам. Бирок эч кандай жооп болбоду. Ошентип жүрүп 2009-жылы "Эхо Москвы" радиосунун "Цена победы" уктуруусунан радионун редактору "обд. мемориал" сайтына согушта дайынсыз кеткен туугандарын тапкандардан көп кат келип жатканын айтып калды. Аны угар замат эле КТРКда иштеген уулум Семетейге ошол сайттан чоң таятаңды изде дедим. Ал төрт ай карап, төрт айдан кийин гана Чыналиев Забар, аялы Чыналиева Бүбүш дегенди таптым деп калды. Дарегин тактасак таятам болуп чыкты. Анан апам барып атасына топурак салып келсин деп жергиликтүү бийликке, Коргоо министрлигине, президенттик аппаратка, өкмөткө каражат сурап кайрылдык. Бирөөнөн да оң жооп болгон жок. Парламент депутаттарына, Россиянын элчилигине кайрылсам алардан да эч кандай реакция болбоду. 2012-жылы спикер Асылбек Жээнбековдун, депутат Турсунбай Бакир уулунун колдоосу менен апам, апамдын агасынын баласы экөө Смоленскиге барып таятама топурак салып келишти. Ошондо жергиликтүү жашоочулар "согуш бүткөнү Орто Азиядан биринчи жолу силер келдиңер, ушул жерде Орто Азиядан келген атчандар дивизиясы согушкан. Бул жерде курман болгондор көп" дешиптир. Апамды Санкт-Петербургдан коштоп барган иним Канатбек ал жердеги курман болгондордун журналын карап көрсө чын эле орто азиялыктардын аты-жөндөрү көп экен. Ошондон бери мен элге туугандарыңарды издегиле деп эле какшап келатам. Акыры айлам кеткенде Биринчи радионун башкы редактору Таалайгүл Сыдыкбековага кайрылып, былтыр Биринчи радиодон, Достук радиосунан, "Кайдасың?" телеберүүсүнөн пилоттук долбоор катары бир жылдык издөө акциясын уюштурдук. Башында 60-70тей адамдын дайын-дареги табылган, азыр мүрзөсү менен табылгандардын саны 220га жетип калды.
- Айрым интернет сайттар издөө отряддарынын жардамы менен ушундай маалыматтар табылды деп туура эмес маалымат беришти дедиңиз эле?
- Мен өткөндө радио аркылуу кайрылсам бизди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева кабыл алды. Ошондо биз өзүбүздөгү алтымыштай адамдын дайын-дарегин берип, булардын туугандары болсо бизге кайрылышсын, маркумдардын мүрзөлөрү тууралуу маалыматтарды беребиз дегенбиз. Көп өтпөй дагы бир табышмактуу журналист бала келип кеткен. Анан эле "АКИpress", "Кабар" маалымат агенттиктери издөөчү отряддардын жардамы менен табылды деп биз Дамира Ниязалиевага берген алтымыш адамдын тизмесин чыгарышты. Биз ошол маалыматтардын астына буларды издөө отряддары эмес биз тапканыбызды жаздык. Бирок башкалар бизчилеп бирөөлөрдү издешкен жок да. Биз жалпы кыргызстандыктарды издеп, ар биринин туугандарына маалымат берип, кайтарымдуу байланыш түзүп жатабыз. Жакында Ат-Башы районунун Туюк-Богошту айылынан сөөгү Чехословакияда коюлган Алманбет Колдубаевди таптык. Бир-эки күндөн соң ошол айылдан бирөө баланча деген кишини издеп атабыз деп чалып калды. Биз Колдубаев тууралуу айтсак ал ага маани бербей эле, биринчи биздикин таап бергилечи дейт. Мына азыркы замандын кишилеринин кылганы. Бирок биз берген маалыматты бири-бирине айтып, элге тараткан адамдар да көп. Аларга ырахмат.
- Сиздер дайын-дарегин тактаган 220нын ичинен канчоосунун туугандары табылды?
- Бизге телефон чалышып, ММКларга чыккан тизме аркылуу аталарын, туугандарын тапкандар отуз чактыдай болуп калды. Жакында биз дайын-дарегин тактаган Оролов Ороскулдун туугандары Оштон келишип маркумдун жайы тууралуу маалымат кагазын алып кетишти. Кудай буюрса, өкмөт согушта курман болгон аталарынын мүрзөлөрүн тапкандарга ошол жактарга барып келүүгө жардамдашабыз деп жатат. Аларга жок дегенде бир жолу барып топурак салып, куран түшүрүп келүүгө шарт түзүшүбүз керек. Каражат жок деп отурган уят. Быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы болгондуктан айрым мамлекеттик иш-чараларды кийинки жылга калтырып, ага кетчү каражатты аталарыбыздын арбагынын урматына коротушубуз керек. Муну эртерээк колго албасак жылдан жылга согушта курман болгондордун туугандары азайып, калбай баратат. Муну мен парламент радиосу аркылуу депутаттарга айтып, бул үчүн бюджеттен каражат бөлүүнү ойлогулачы дегем. Реакция нөл. Каражат тууралуу бир облустун губернаторуна айтсам ал да тил эмизип тим болду. Ошондуктан 2015-жылды мен "Издөө жылы" деп жарыялагым келет. Баарыбыз кайдыгер болбой, ал менин атам же чоң атам эмес экен дебей, табылган маалыматты бири-бирибизге жеткирсек жакшы болот эле. Антпесек чоңдорубуз кыймылдагыдай эмес. Журналисттер да канчасынын туугандары табылганына кызыкпай, дайынсыз кеткендердин табылып жатканына маани берип, көмөктөшсөңүздөр.

Гүлнура МЫРЗАКАНОВА,
Каныбек Мырзакановдун жубайы:
- Азыр жолдошум Каныбек, уулум, келиним болуп төртөөбүз дайынсыз кеткен аталарды издеп жатабыз. Айрымдар 70 жылдан бери аталары, туугандары кайсы жерде согушуп, кайсы жерде курман болушканын билбей келишкен. Мына азыр эле өзүм өскөн Люксембург айылынан 1907-жылы туулган Мамыш Исаев деген адамды таптык. Ал тууралуу минтип жазылган. "Место рождения - Кантский район, Люксембургский сельсовет, место службы - Белорусский танковый военный лагерь, младший лейтенант, убит 1 сентября 1943 года, член ВКПБ, захоронен Орловской области, село Мокрое, Диавского района, жена Асыл Исаева, Кантский район, село Труд" деп турат. Ушундай маалыматтарды биз курман болгондордун туугандарына жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок элге кеңири жайылтуу үчүн массалык маалымат каражаттарынын көмөгү керек болуп жатат.
- Ошондо сиздер мурда согуш болгон өлкөлөрдөн сурамжылоо кылып жатасыздарбы же интернет аркылуу эле издейсиздерби?
- Биз эч кандай уюм болбогондуктан, эч кимден эч кандай документ сурабайбыз. Интернет, чөнтөк телефон деген бар, "обд. мемориал" сайтында 13 млн. 700 миң кишинин тизмеси турат. Ал дайыма толукталып жатат. 2003-жылы Россиянын президентинин буйругу менен Россия Федерациясынын Коргоо министри бул сайтты түзүп, бардык материалдарды чыгарып жатат. Биз ошо боюнча издейбиз. Бизге дайынсыз жоголгон жоокердин туугандары чалышат. Анан жоокердин аты-жөнүн, туулган жылын, жерин, кайсы райондук военкоматтан кеткенин, үйлөнгөн болсо жубайынын атын сурап жазып алабыз. Үйлөнбөгөн болсо апасынын атын жазабыз. Анткени үйлөнгөндөрдүн 90 пайызынын аялдарынын аты чыгат. Андан соң чалган адамдын аты-жөнүн, телефонун жазып калабыз да айтылган жоокерди интернеттен издеп баштайбыз. Бирөөнү издеп жатып кокусунан башка кыргызстандык жоокердин аты чыгып калса аны да дароо жазып алабыз. Алгачкы күндөрү кадимкидей ыйлап жаттык. Анткени согушка кеткендердин көбү 16 жашынан эле кетсе, кээ бир үйдөн төрттөн, бештен эркек согушка кетип кайтпай калышканын көрдүк. Бирөөлөр бир-эки айдан кийин эле дайынсыз болуп кетсе, айрымдары 41-42-жылдары курман болуп, дагы бирөөлөр 45-жылга чейин согуш отун кечишиптир. Бир жолу 1940-жылы согушка кетип 1945-жылы дайыны чыкпай калган адамды таптык. Ошондо ал 5 жыл согушуптур. Түшүнгөнгө бул өтө чоң трагедия жана баалуу маалымат. Анткени алар баатырдык менен курман болуп жатышат. Ошондуктан ким болбосун Ата Мекендик согушта курман болгон аталарын издеши керек.
P.S. Көзү азиз болсо да үй-бүлөсү менен талбай аракет кылып, биздин жаркын келечек үчүн курман болгондорду издеп жаткан Каныбек Мырзакановдун демине таң калдым. Гезиттин кийинки сандарынан баштап бул адамдар тактаган кишилердин аты-жөнүн жарыялап турабыз. Мырзакановдор менен байланышкысы келгендер (0554)119965, (0772)448010 телефондору менен байланышса болот.

Мелис СОВЕТ уулу




  п»ї





??.??