presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Экономика эксперттин элегинде
Максат Ишенбаев, "ЗалкарБанктын" мурдагы башчысы:
"Бажы биримдиги экономикалык эмес эле саясый долбоор"

- Максат мырза, үстүбүздөгү 2015-жылы Кыргызстан Бажы биримдигине киргени турабыз, муну менен өлкө экономикасы кандай өнүгөт? Жылыштар, бурулуштар болобу?
- 2015-жылы Кыргызстандын экономикасы үчүн оор жыл болот деп эсептейм. Өзүңөр билесиңер, Орусия 2014-жылы Батыштын санкцияларынын алгачкы этаптары менен жарым жылга жетпеген убакыт эле жашап калды. Башында ал санкциялар эскертүү иретинде жумшагыраак башталып, кийин сентябрь айында катаал формага өттү. Ошону менен орустар жарым жылдык эле санкцияларга туруштук бере албай, экономикасы абдан төмөндөп кетти. Мисалы, орус рубли 70 пайыздан ашык девальвация болду. Ал эми быйылкы жылы санкциялардын иштеши, дүйнөлүк мунайдын баасынын төмөндөшү Орусиянын бюджетине, экономикасына дагы катуу сокку урат. Ал эми биз болсо Орусия менен бир кайыкка түшүп жаткандыктан, ошол соккулардын кесепетин тартпай кое албайбыз. Биринчиден, Орусияда жашап иштеп жүргөн миллионго жакын гастарбайтерлерибиз жумушсуз калышат же ал жактан алган маяналары өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунан ашпай калат. Мурда жыл сайын Орусиядагы мигранттар кыргыз экономикасына 2 млрд. доллардан ашык киреше киргизишчү. Алар тапкан акчаларына бул жактан жерлерди, үйлөрдү сатып алышчу, курулушка жумшашчу, транспорттук техникаларды сатып алышчу. Мындай акча жүгүртүүлөрдөн Улуттук банктын алтын резервдери да толукталып турчу. Эми ал которуулар кескин түрдө төмөндөйт, жумушсуз калган же өпчап айлык алган мигранттар бул жакка келишет. Себеби ал жакта аз акча алып, карызга батып кыйналып жүргөнчө, бул жерге келип үйүндө бекер жаткан жакшы деп айтып жатышат. Өкмөт болсо бул жактагыларга жумуш орундарын түзүп бере албай жатканда, аларга карата эч пайдалуу иш алып бара албайт. Кыскасы, кыргыз үчүн кыйын эле болот.
- Кантип эле Бажы биримдигинин (ББ) жарыгы тийбесин?
- Мен бул биримдикке башынан эле каршы болчумун. Бийликтегилер экономикага жол ачылат, базарыбыз кеңейет, чек аралар ачылат деп жатышпайбы. Бирок баарыбир орустар өздөрүнүн базарына оңой менен бизди киргизбей, өздөрүнүкүн сактап кала беришет жана биздин базарларды да ээлеп алышат. Маселен, Казакстанда жашап-иштеген ишкер досторумдун айтымында, алар ББга киргенден бери кыйналып эле келе жатышат. Себеби орустар менен соода жүргүзүүдө көптөгөн тоскоолдуктар жаралып, эки өлкөнүн теңата соода жүгүртүүсү сакталбай, Орусиянын товарлары Казакстандын рыногун каптап, ал эми казактардын Орусияга экспорттоочу товарлары ар кандай бюрократиялык тосмолорго кабылып, мисалы, сертификаттарды ала алышпай, лабораториялык жыйынтыктар дал келбей дегендей, кысымга учурашкан. Ал эми Белоруссия президенти Александр Лукашенко да Орусиянын монополисттик саясатына ачыктан ачык эле каршы чыгып, "бул туура эмес союз болуп калды. Орусия бир тараптуу өзүнүкүн эле түртүп жатат" деп айтып жатпайбы.
- Абал мындай болуп турганда ББга кирбей турсак болмок беле?
- Эми башында биздин расмий бийлик сөз берип койгон. Бирок анда Орусияда баары жакшы болчу. Кийин Орусия-Украина мамилеси бузулуп, Батыш Орусияны кыса баштаганда Президентибиз "Владимир Владимирович, сиздер өзүңүздөрдүн маселени чечип алганча биз бул союзга кирбей күтө туралы, эртеби-кечпи киребиз да" деп убакытты чое турганы оң болмок. Чынында ББ деген бул эч кандай экономикалык эмес эле саясый биримдик. Орусия ББга Кыргызстанды кошуу менен өздөрү экономикалык жактан чоң пайда табабыз деп ойлогон жок. Себеби бизде базар абдан эле тар. Төрт миллион калкы бар элге алар товар сатуудан киреше деле таппайт. Болгону алар геосаясый кызыкчылыктан улам, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдү өздөрүнө жакындатып, кубаттуу держава катары көрүнгүсү келишет. Ошондой эле ББдан биздин экономикабыз деле кескин өсүш алып кетпейт. Биздин ишкерлер буга чейин деле жашылча-жемишин, текстиль товарларын Орусиянын каалаган шаарына экспорттошчу. Бажы биримдигинен алар эч кандай жаңы жардамдарды деле ала алышпайт деп ойлойм. Өкмөт болсо ББнын арты менен Орусиядан көп инвестиция келет деп үмүттөнөт. Бирок мен аны күтпөйм. Себеби азыр Орусия сыртка инвестиция бөлмөк тургай, өздөрүнүн ички инвестициялык долбоорлорун, чыгымдарын кыскартып, өлкө экономикасын биротоло кыйратып албоонун айласын издеп калды. Буга мисал, башында Орусия ББга кирерде Кыргызстанга 1 млрд. доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүп, инвестициялык фонд түзөбүз деген. Кийин анын көлөмү 500 миллионго түштү. Акыры келип жаңы жыл алдында болгону 100 млн. доллар Улуттук банкка которушту. Демек, башка олуттуу инвестицияны күтпөй эле койсок болот. Негизи эле акыркы 10 жылдык тарыхты карасак, кытайлар менен башталган долбоорлор бүтөт, орустар менен башталган долбоорлор бүтпөй келе жатат.
- Өкмөт эми ошол 100 миллионду эффективдүү пайдаланып, экономикага эртерээк натыйжа бере тургандай иштете алабы?
- Азыркы өкмөттүн мага жакпаган жактары абдан көп. Биринчиден, айлана-тегеректи кризис каптап келе жатат, а биздин өкмөт "баары жайында" деп беймарал иш алпарууда. Эч кандай антикризистик программасы, аракети, кадамдары жок. Дагы эле казактардын иш алып барганын карайлы, күзүндө Орусияда рублдин куну учуп, "кара шейшемби" демекчи, бир күндө болуп көрбөгөндөй девальвация болгондо Казакстандын премьер-министри Кытайга учуп барды дагы, 19 млрд. долларга инвестициялык келишимди түзүп келди. Мунун өзү антикризистик кадам болуп саналат. Ошондой эле биздин Улуттук банкты алалы, сомдун күчүн кармап калыш үчүн улам базарга долларды алып чыгып отуруп, азыр баш-аягы 500 млн. доллардай интервенция кылып коюшту. Бирок анын ордун толтуруу боюнча аракет жок. Казактар болсо банк тармагында "сооперация" деп коет, ошону колдонуп кытайлар менен өздөрүнүн валюталарын алмаштырышып, 2-3 млрд. юань алып келип Улуттук банкына резерв катары салып коюшту. Эгер биздин өкмөт менен Улуттук банк мурдагыдай жайбаракат иштей бербей, алдыдагы кризисти эске алып ушундай кадамдарга барса, ошол интервенцияга кеткен 500 млн. доллардын ордун барак түрүндө болсо да юань менен толтуруп коюшмак.
Экинчиден, мына быйылкы жылдын бюджетин карайлы. Баягыдай эле акчанын көбү чиновниктердин армиясын багууга кетип жатат. Мен эч кандай ашыкча чыгымдарды кыскартуу, чиновниктердин санын азайтуу боюнча иш-чараларды көргөн жокмун. Ошол эле учурда Грузияны алалычы, чиновниктердин санын үч эсеге кыскартып, биздегидей үч вице-премьердин ордуна бир да вице койбой, реформаларга чукул убакытта эле барышты дагы, бюджеттин көбүн өнөр жайга бурушту. Биз буларды эчак жасап койсок болмок, тескерисинче артка кетип, кошумча кызмат орундарын ачып жатабыз.
- Эгер сиз өкмөт башчы кызматында болсоңуз, азыр банкта "уктап жаткан" Орусиядан келген 100 млн. долларды кайсы тармакка жумшамаксыз?
- Мен бул каражаттын жарымын айыл чарба тармагына салмакмын. Себеби бүгүн дыйкандардын иштешине кичине эле түрткү берсек, алар жерди тытып иштеп, эртеңки күздө эле сапаттуу, экологиялык жактан таза азык-түлүктөрдү даярдап бергени жатышат. Мына, акыркы үч-төрт жылдан бери өкмөт 5-6 млрд. сом айыл чарба насыяларын бере баштаганы бул тармакта кичине жылыштар болду. Бирок бул жетишсиз сумма да. Бир дыйканга көп дегенде 300 миң сомдон араң тийди. Ага бир трактор келбесе, бир керектүү шайман сатып алсаң үрөнгө жетпесе, кандай колдоо болот эле? Ошондуктан Кыргызстандын жашылча-жемиш жакшы бышкан райондоруна же мал өстүрүүгө шарты бар райондорунун калкына көбүрөөк жардам берсек, ошончолук үзүрүн көрмөкпүз. Экинчиден, учурдагы кризис ирденип калган курулуш тармагына сокку урганы турат. Андыктан мамлекет ипотекалык компанияны түзүп, ал аркылуу ипотекалык курулуштарды баштоо зарыл. Мындан биз жарандарыбызды да турак жай менен камсыздайбыз, каражат дагы айланып ордуна кайтып келет. Эгер курулуш тармагы өнүксө, өзү менен кошумча дагы үч-төрт тармакты ала кетет. Бул - жумушчу орун, курулуш каражаттарына суроо-талап жана шаардын инфрастурктурасы жакшырат. Бул жерден айта кетчү нерсе, ипотекалык курулушка бурган каражат 10-15 жылда ордуна келиши мүмкүн, бирок башка бир тармакка салып, анан андан натыйжа чыкпай, токтоп калып же коррупциялык жол менен желип кеткенче, ипотека ишенимдүү кадам деп айтат элем. Анан албетте, өндүрүштү колдоого алууга тийишпиз. Бүгүнкүдөй эле майке-турсий тигип чыгара бербей, жаңы технологияларды пайдалануу менен жаңы заманбап керектөөлөрдү чыгарууга умтулушубуз керек. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө биздеги СЭЗдер сыяктуу технопарктар иштейт. Ал үчүн биз инвесторлорго шарт түзүп, атайын жер бөлүп берип, ал жерге жолду, сууну, газды, электр энергиясын тартып камсыздап беришибиз керек. Ошондо инвесторлор жаңы технологияларды алып келип иштете башташат.
- ББдан сырткаркы өлкөлөр, мисалы, Түркия, Кытай менен болгон экономикалык алакабыз кандай болот?
- Алар менен буга чейинки болуп келген соода-сатык мамилебиз өтө кыйынчылыкка туш болот. Себеби ББга кирген мамлекеттер бирдиктүү бажы төлөмдөрүн кабыл алгандыктан, мурдагыдай арзан бажы төлөмдөрү жоюлуп, анүстүнө чек араны орустар көзөмөлдөп калат десек болот. Айрыкча Кытай менен болгон байланыштын катаалдашы Кыргызстанга абдан оорчулук алып келет. Себеби биз Кытай товарларына абдан көнүп алганбыз да. Себеби ББнын бажы төлөмдөрү кыйла эле кымбатка тургандыктан, мурдагыдан биртоп эле кымбат товарларды сатып алууга чөнтөгүбүз чак келбей калат.
- Азырынча Кытай биздин эң негизги инвесторлордун бири да. Мындан ары да алар инвестиция сала беришеби?
- Менин пикиримде, Кытай ББга киргенибизге карабай инвестиция салышы мүмкүн. Бирок алар азыркыдай иштеши күмөн туудуруп ортодо калган "Жунда" заводу, же "Датка-Кемин" сыяктуу Кыргызстан үчүн стратегиялык объектилерге эмес, өндүрүшкө инвестиция салат. Анткени биздин Орусия менен бир экономикалык тутумда болушубуз кытайлар үчүн жакшы шарт. Алар биздин аймакка өндүрүшүн орнотуп, техникаларды, технологиялык жарак-жабдыктарды, азык-түлүк даярдоочу жарак-жабдыктарды чыгара турган заводдорду куруп, товар өндүрүп Орусиянын чоң рыногуна киргизиши мүмкүн. Бул биздин жумушсуздук баскан Кыргызстан үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Себеби бизде жумушчу орундар түзүлөт, өндүрүштөн чыккан товарларды башкалардан арзаныраак алууга мүмкүнчүлүк болот. Ал өндүрүштөр отунду, энергияны пайдалангандыктан биз көмүр, электр энергиясын сатып, бюджетке акча түшүрөбүз, салык катары төлөмдөр түшөт.
P.S. Жаш кадр, экономикалык эксперт Максат Ишенбаев менен болгон маегибизди ушул жерден токтото турууга туура келди. Кийинки санда аналитик бизге азыр көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан "Алтын сом" идеясынын күнгөй-тескейин, Улуттук банктын акча алмаштыруу жайларды жабуу демилгеси экономикалык сокурлук экендигин, РСК Банкты, "Манас" аэропорту, "Кыргызтелеком" сыяктуу объектилердин тагдырын кантип оң жакка чечүү керектигин, карызга баткан калкты кантип насыядан арылтса болорун айтып берет.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ









??.??