presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Агым

Суу башындагы сунуш
Энергия Токтогул ГЭСинде эле эмес, тоо сууларында да толтура
2009-жылы агездеги "Агымдын" азыркы "Жаңы Агымдын" "Канданек" рубрикасына материал даярдап жүрүп Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаевдин улуу уулу, техника илиминин доктору, энергетик, ойлоп табуучу Карлен Токомбаевге жолугуп, бир сааттай сүйлөшүп, жубайы Анара апанын да чайын ичкен элем. Андан бери билинбей эле 5 жыл өтүп кетиптир. Ошол жолугушууда 82 жаштагы Карлен ата мага уулу Аскар экөө иштеп чыккан "Кыргызстандын тоолуу райондорунда чакан гидроэнергетиканы калыптандыруу жана андан ары өнүктүрүү концепциясын" берген эле. Убагында ага көп маани бербеген экем. Жакында ошол концепцияны карап чыгып, азыркыдай энергетикалык кризис учурунда бул концепциянын көп маанилүү жерлери бар экенин аңдадым. Анда эмесе анын орчундуу жерлерин окурмандар менен бөлүшөлү.

Чакан ГЭСтерди бекер чанганбыз

Республиканын ичиндеги ири Чүй, Талас, Нарын, Сары-Жаз, Кара-Кужур, Сырдарыя дарыяларына жана Ысык-Көлгө куя турган бир нече миң тоо суулары бар. Булардын бир нече жылдык агын суусунун (23 километр/куб) орточо энергетикалык потенциалы кубаттуулук боюнча 8,2 млн. кВт жана энергия боюнча 72 млрд. кВт/саат. Мунун өзү Кыргызстанда бир нече жүз киловаттан миң-он миң киловаттка чейинки кубаттуулуктагы ондогон чакан ГЭСтерди курууга шарт түзөт. Гидроэнергетикалык баалуулугу боюнча тоо суулары мүнөздүү жогорку, ортоңку, төмөнкү участокторго бөлүнөт. Жогорку тоолуу участок (5-10 чакырым) деңиз деңгээлинен 3000-2200 метр бийик болуп дарыянын агымы миң киловаттка чейинки кубаттуулуктагы жогорку басымдуу ГЭСтерди курууга ылайыктуу. Ортоңку участок (10-25 чакырым) деңиз деңгээлинен 2200-1500 метр бийиктикте орун алып он миңдеген киловатт кубаттуулуктагы бир-эки ГЭС курууга мүмкүндүк берет. Бирок жогорку, ортоңку участоктордо ГЭСтерди куруу татаал болгондуктан азыркыга чейин ал жерлер колдонулбай келатат. Ал эми тоо сууларынын төмөнкү участогу түзөңүрөөк жерлерде болгондуктан ал жерлерге бир нече жүз киловатт кубаттуулуктагы эки-үч чакан ГЭСти курууга болот. Айрым аймактар сутка бою чакан ГЭСти иштетип тура турган бассейндерди курууга ылайыктуу. Советтик доордо ушундай аймактарда заманбап жабдыктар менен жабдылган 250 киловаттан 2000 киловаттка чейинки кубаттуулуктагы айылдык чакан ГЭСтер бар болчу. Алсак Арасан (1700 кВт), Ленинполь (1150 кВт), Араван (550 кВт), Ысык-Ата (1400 кВт), Сокулук-1 жана Сокулук-2 (ар бири 1200 киловаттан) сыяктуу чакан ГЭСтер кезинде айылдык гидроэнергетиканын негизин түзгөн. Тоо этектеринде жана өрөөндүү аймактарда 20-50 киловатт кубаттуулуктагы кичине ГЭСтер курулган. 1913-жылдан 1963-жылга чейин өлкөдө жалпы кубаттуулугу 70 миң кВт жана бир жылдык иштеп чыккан электр энергиясы 300 млн. кВт/саатты түзгөн 200гө жакын айылдык ГЭСтер иштеп турган. Кийин чакан ГЭСтерди бириктирүү, ирилештирүү иштери башталып, көпчүлүк чакан ГЭСтер каралбай калып иштен чыккан. Ал кезде жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары менен подстанцияларга салыштырмалуу чакан ГЭСтер экономикалык жактан пайдасыз деген бүтүм чыккан. Ошол себептен мамлекеттик энергетика системасы мурда айылдык аймактардын көп бөлүгүн электр менен камсыздап турган он миңдеген киловатт кубаттуулуктан айрылган. Ошол эле кезде чакан ГЭСтердин натыйжалуулугун 1940-жылдан бери иштеп келаткан кичи Аламүдүн ГЭСи, Аламүдүн ГЭСтер каскады, "Быстровка" ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер далилдеп отурат. Бул ГЭСтер иштеп чыккан энергиянын өздүк наркы ТЭЦтин энергиясынан бир кыйла арзан жана 50 жылдан бери алар ал ГЭСтерди курууга, иштетүүгө кеткен чыгымды жүз эсе актап койгон. Ошондуктан азыркы таптагы энергетика тармагынын акыбалын эске алып борбордоштурулган энергетиканы жападан жалгыз вариант катары кароого болбойт. Кичи гидроэнергетиканы энергетика системасынын эң маанилүү бөлүгү катары карап, мурда иштен чыккан чакан ГЭСтерди калыбына келтирүү менен жаңы чакан ГЭСтер курулуу керек.

Ишти кичинеден баштасак болот
Албетте, азырынча Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга чет өлкөлүк инвесторлор анча кызыкдар эмес. Өлкө бюджети да андайларды курууга али алсыз. Бирок бул туңгуюктан да жол табууга болот. Мисалы, тоого жакын аймактарда жайгашкан сугат системасына багытталган суу сактагычтардын суу кое бергичтерине, алардан чыкчу каналдарга, чачыратып сугаруу системасынын магистралдык суу түтүктөрүнө, плотиналарга ондогон же жүздөгөн киловатт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтерди орнотууга болот. Мындай ГЭСтердин артыкчылыгы аларга көп каражат, кымбат жабдыктар талап кылынбайт. Тактап айтканда, Кыргызстан үчүн салтка айланып калган деривациялык ГЭСтерди кургандай башкы суу сактагыч, деривациялык канал, басымдык бассейн, түтүктөрдү куруунун кажети жок болот. Ошондуктан мындай ГЭСтерди куруу аз убакытты талап кылып, кадимки толук кандуу чакан ГЭСти курууга салыштырмалуу чыгаша 20-50 пайызга кыскарат. Экинчиден, мындай ГЭСтерге жөнөкөй жабдыктарды, жергиликтүү курулуш материалдарын колдонуп, жергиликтүү элдин жумушчу күчүн да пайдаланууга болот. Анткени азыркы кырдаалда карапайым эл да мындай ГЭСтердин курулушуна, иштешине кызыкдар. Кыргызстандын айыл чарбасын электрлештирүү мезгилинде (1937-1953-жылдар) материал, жабдыктар, квалификациялуу адистер жетишпей турганда так ушул факторлор негизги ролду ойногон. Албетте, ал кезде мындай ГЭСтерди биртоп адам иштетип, аны үзгүлтүксүз иштетүү да кыйынга турган. А азыркы кезде болсо өнүккөн өлкөлөрдө автоматтык башкаруусу менен 16-22 кВт кубаттуулуктагы гидроэлектрдик агрегаттар (микроГЭС) чыгарылууда. Мындай гидроагрегаттар менен 200 кВт кубаттуулуктагы көп агрегаттуу ГЭСтерди чогултуп иштетсе болот. Мындай ГЭСтердин иштөө мөөнөтү да чектелүү эмес. Учурда муну ишке ашырууга Суу чарба департаменти, айылдык фермерлер жана куруучу, монтаждоочу мекемелер да абдан кызыкдар. Анткени биринчиден, жумуш орундары түзүлөт, экинчиден, суу, электр маселеси чечилет. Ошондуктан мындай долбоорлорду ишке ашырууда чакан ГЭСтерди куруп кайсы бир объектини электрлештирүүгө катышкан фирмаларга мамлекеттик түрткү, колдоо керек. Так ушул колдоонун жоктугунан жыйырма жылдан бери чакан ГЭСтерди куруу маселеси кагаз жүзүндө эле калып келатат.

Колдо бар энергиянын баркы жок
70-жылдардын аягында Кыргызстандын алыскы аймактарында мурда иштеп турган чакан ГЭСтердин бири да калбай калган. А ошол кезде дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мындай ГЭСтер маанилүү ролду ойноп турган. Бизчилеп башка мамлекеттер аларды талап-тоноп жок кылып жиберген эмес. Мисалы, ошол кезде Испанияда жылына 1,7 млрд. кВт/саат электр энергиясын чыгарган 735 чакан ГЭС, Швейцарияда ар жылы 250 млн. кВт/саат, Швецияда жылына 2 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыккан 1050 чакан ГЭС, Германияда жалпы кубаттуулугу 227 кВт болгон 36 миң чакан ГЭС иштеп турган. Ошондой эле АКШда азыркыга чейин өтө көп чакан ГЭС бар. Бүгүнкү күндө Кытайда жылына 70 млрд. кВт/саат электр энергиясын берген 45 миң чакан ГЭС иштейт. А 1973-жылдагы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болгон энергетикалык кризис аларды чакан ГЭСтер боюнча прогрессивдүү техникалык изденүүлөргө түрткөн. Азыр көп өлкөлөрдө мындай ГЭСтерди куруу долбоорлору активдүү ишке ашып келатат. Мындай иштер АКШда, Швецияда, Индияда азыр мамлекеттик колдоого алынып, ири суммалар бөлүнүп турат. СССР таркаганга чейин кичи гидроэнергетиканы кайра калыбына келтирүү маселеси бир нече жолу Кыргызстанда да мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөн. Акыркы жолу кабыл алынган "Кыргызстан гидроэнергетикасын ыкчамдык менен өнүктүрүү" программасында (1988-жыл) 26 жаңы жана 18 мурда иштеген чакан ГЭСтерди куруу, калыптандыруу максат кылынган. Бул ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 327 миң киловатты түзүп, бир жылда 1,25 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыкмак. Тилекке каршы, мурдагы программалардай эле бул программа да ишке ашкан эмес. Ошол себептен учурда 500 миң тонна отунга тете энергия эч пайдасыз эле агып кетип жатат. Ошол эле учурда Кыргызстандын кичи гидроэнергетикасын өнүктүрүүгө жетиштүү потенциал, бул тармакта дасыккан адистер жана инвесторлорду кызыктырып, чакырууга ыңгайлуу шарттар бар. Муну колго алуунун ордуна өкмөт быйыл минтип Казакстандан электр энергиясын импорттоп, элге бир туруп тарифти 2 сом 5 тыйын, бир туруп 1 сом 80 тыйын кылып айласы куруп турат. Балким оозду чойгон чиновниктер Карлен Токомбаевдин концепциясында айтылган бул маанилүү жагдайларды эске алса, азыркы жагдайга кептелбес белек. Болору болду, бирок жогоруда айтылгандарды ишке ашырууга эми деле кеч эмес.

Мелис СОВЕТ уулу









??.??