presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Агым
Тегирмен
Эркектерге ишенбей жалаң сулуу келиндердин энчисине айланган Башкы прокуратура

1935- жылы СССРдин улуу жол башчысы Иосиф Сталин мурдагы "техника баарын чечет" лозунгду "кадрлар баарын чечет!" дегенге алмаштырган. Андан бери далай мезгил өтүп, союз тараганы СССРдин бир бучкагы болгон Кыргызстан 25 жылдан бери өз арбайын өзү согуп келатат. 25 жыл ичинде кадрлар эмес, калың элди башкарган үч-төрт ажо алмашты. Ажолор алмашкан сайын өлкөнүн бардык тармактарындагы кадрлар колкаптай алмашып, чиновниктер улам жаңы келгенин мактай берип ушу кезге чейин эч нерсе өзгөргөн жок. Кайда караба баягы эле көйгөй, баягы эле тытышмай. Айрыкча саясый, экономикалык чөйрөдө "орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" болуп, кадрлар алмашкан менен эч бир маселе чечилбеди. Мурунку кадр чалып кеткен боткону кийинкиси келип ого бетер ашмалтайын чыгарып жатат. Башкасын айтпай эле өлкөдөгү укуктук-мыйзамдык тартипти алалы. Мындан төрт жыл мурун кызматка келген Башкы прокурор Аида Салянованы мамчиновниктер жерге, сууга тийгизбей "тажрыйбалуу жаш кадр келди, ушул баарын тартипке келтирет" дешкен. Коррупция боюнча толтура кылмыш ишин козгогон бул айым алардын бирин да аягына чыгарбай, жылкы теппей, жылан чакпай туруп эле кызматын тапшырып баса берди. Кеткенде да Президенттин "ал отпускага кетти, жакында кызматына кайтып келет" деген сөзүн жокко чыгарып, анын Манас II даражасындагы орденин да албай, парламентке да келбей туруп 19-январда рапорт жазып берди. Аида айым өзү чалмакейин чалып кеткен иштер эмне болорун, элдин ага көрсөткөн ишенимин ойлоп да койгон жок. Кызыгы, "Салянова өлкөгө керек" деп канкакшап жаткан Президент үч күн өтпөй анын ордуна президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси Индира Жолдубаеваны сунуштап, парламент анын талапкерлигин жактырып, Президент аны Башпрокурорлукка бекитти. Индира Жолдубаева ким, кандай критерийлер менен ал бул кызматка сунушталды, ал кандай иштейт деген суроолор элди кызыктырып турат.

Индира айымдын ити качан чөп жеп баштаган?
Президент сунуштаган Индира Жолдубаева айым азыр 35 жашта. Ал 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. 2002-жылы улуттук университеттин юридикалык факультетин аяктаган. 2002-жылдын майынан 2003-жылдын мартына чейин "Сорос-Кыргызстан" фонду каржылаган "Калктын аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам" долбоорунда юрист-кеңешчи, андан соң 2005-жылдын май айына чейин "Манас" эл аралык аэропортунда юрист болуп эмгектенет. 2005-2006-жылдары "Компаньон" микрокредиттик компаниясынын юристи, 2006-2008-жылдары ДЭКА ЖАКсынын аткаруучу директору болуп иштеген. 2008-жылы Индира айым алгачкы жолу мамлекеттик кызматка өтүп, президенттик администрациянын укуктук бөлүмүнүн соттук органдар секторунун эксперти болуп иштеп баштаган. 2009-жылы президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүнүн укуктук анализ жана экспертиза секторунун башчылыгына дайындалган. (Так ошол 2009-жылы бир тууган жездеси Аалы Карашев экс-президент Курманбек Бакиевдин жакын кишиси катары Ош облусунун губернаторлугунан бошотулуп вице-премьер-министрликке бекиген) 2009-жылы жолдуу айым Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орунбасары, а 2010-жылы болсо агездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын укукту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп, 2011-жылы президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Баса белгилей кетсек, Индира айым 2010-жылы өткөн парламенттик жана 2011-жылы болгон президенттик шайлоолордо Алмазбек Атамбаевдин штабында тер чача иштегени азыркыга чейин айтылып жүрөт. 35 жашта гана экенине, прокуратура тармагында бир жыл да иштебегенине карабай Башкы прокурорлукка көрсөтүлүшүнө анын 2010-2011-жылдардагы "ак эмгеги" себепкер болду дегендер да жок эмес. Ошондой эле Индира Жолдубаеванын карьера жагынан жолдуу болушуна энелеш бир тууган таежеси, Конституциялык соттун экс-төрайымы Чолпон Баекова жана бир тууган жездеси, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев түрткү болгон деген маалымат да бар. Анткени Чолпон Баекова аны юридикалык факультетке өткөрүп, окууну ийгиликтүү аякташына өбөлгө болсо, 2009-жылы Индира айымдын кызматтык тепкич аркылуу көтөрүлүшүнө так ушул Аалы Карашев себепчи болгон. Ал эми президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин айтымында, Индира Жолдубаеванын таасирдүү туугандарынын бийликте болуп калышы жөн гана "дал келүүчүлүк". Ошондой эле "И.Жолдубаеванын мындай ийгиликке жетиши анын жеке профессионалдык сапатынын жемиши" экен.

Көп нерсеге көз жумушту
Кызматтык тепкич демекчи, "Прокуратура жөнүндө" мыйзам боюнча Башкы прокурор болуучу адамдын жашы 40 жаштан 65 жашка чейин болушу керек жана юридикалык адистиги боюнча эмгек стажысы 15 жылдан кем болбого тийиш. А президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин айтымында, Индира айымдын 13 жылдык гана юридикалык иш стажысы бар. Анүстүнө Индира айымдын жашы 35те гана. Демек, бул жерде "Прокуратура жөнүндө" мыйзамы одоно бузулуп жатат. Бирок депутаттар, болочок прокурор айымды колдогон чиновниктер анын тыңдыгын, ишти алып кете ала тургандыгын бетке кармашып бул мыйзам бузууга көз жумду кылышты. Баарынан өкүнүчтүүсү, "өзүнүн жолу бар", "Конституциянын жана мыйзамдын жолунда мурда башталган коррупцияга каршы күрөштү уланта" (Индира Жолдубаева) турган Башпрокурор кыргыз тилин жакшы билбейт. Көрсө, ал шаарда өсүп, орус мектепте окуган имиш. Буларды мисал келтиргенибиз, болочок Баш прокурордун талапкерлигин жактырган депутаттар жогоруда келтирилгендерди байкабай бир гана кемчилигин - анын жаш экендигин байкашканы болду. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди билүүсү керек, эмне үчүн эне тилин билбеген кадрды биз колдошубуз керек дегендин ордуна айрым депутаттар "Марат Султанов деле үйрөнүп кеткен, сиз да үйрөнүшүңүз керек" демиш болушту. Аида Салянованын жолдошундай менин ишиме аралашкан адамым жок дегендей кылдыбы, айтор, Индира айым "турмушка чыккан эмесмин, балдарым жок" деп актанып да алган.


Мыйзамда жашы 40 жаштан жогору,
15 жыл юридикалык иш стажысы бар адам Башпрокурор болот делгенине карабай Индира Жолдубаеванын талапкерлигин Президент сунуштап,
парламент колдоду. Бул боюнча ар кандай ача пикирлер бар.
Башкы прокурорлукка кандай адам келиши керек эле?


Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Кыргызстанда өзү мыйзам бузулбаган жер барбы? Негизи Салянова ууруларга каршы, коррупцияга каршы катуу киришип, болгон күчүн, тажрыйбасын жумшап жаткан. Аны алуунун кажети жок эле. Менимче, коррупционерлер, шүмшүктөр жогору жакка улам-улам арызданып жатып кызматтан алдырышты окшойт. Эгер жакшы, таза, мыкты кадрлар болсо Кыргызстан эбак эле оңолуп кетмек. Отто Бисмарк деген арий бабабыз "жакшы мыйзамдар болуп туруп, жаман жетекчилер болсо өлкө алдыга жылбайт, тескерисинче, начар мыйзамдар болуп мыкты жетекчилер болсо өлкөнү алар алдыга сүйрөп кетиши мүмкүн" деген экен. Анын сыңарындай, бизде начар да, жакшы да мыйзамдар бар. Бирок биздин кадрлардын 70-80 пайызы начарлар. Алар өз чөнтөктөрүнө иштеген уурулар. Буга далил, азыр Кыргызстан коррупция боюнча эң акыркы топто экенин эл аралык уюмдар эсептеп жазып жатышпайбы. Коррупция менен күрөшүп жатабыз дешкени менен майда-чүйдөлөрү кармалып, чоңдору жогору жакта отурушат. Жогорку Кеңештеги он бештей депутатка, биртоп министр, чиновниктерге качан эле кылмыш иши козголгон. Алар кол тийбестигине жамынып алып жүрүшөт.

Кабай КАРАБЕКОВ,
ЖК экс-депутаты:
- Менимче, мыйзамда иш стажысы боюнча андай норма жок болуш керек. Формалдуу эмес түрдө эле укук коргоо органдарында 10 жылдан кем эмес юридикалык иш стажысы болушу керек деген талап бар. Бирок жаш боюнча 35 жаштан жаш эмес деген бар. Азыркы талапкер 36да экен, ошондуктан жаш жагынан мыйзам бузуу жок. Жолдубаеванын эң чоң минусу - анын иш тажрыйбасы жок. Ал ИИМде да, УКМКда да, прокуратурада да иштеген эмес. Азыр Башпрокурорлук кызматты саясый кызмат деп эсептешет. Ошондуктан анча таанымал эмес, жаш адамды дайындап жатышат. Балким анын ишине жаштыгы жардам берер. Ал ишин жаңы баштап жаткандыктан андай болот, мындай болот деп айтыш кыйын. Кыскасы, азыр анын плюсунан минусу көп.

Эсенбай НУРУШЕВ, белгилүү журналист, публицист:
- Биринчиден, жаштардын келгени жакшы. Билим, жаштык деген эч нерсеге кепилдик боло албайт. Негизинен мындай жерге тажрыйбасы бар, алчы-таасын жеген адам келсе жакшы болмок. Мен да прокуратура жөнүндөгү мыйзамды окуп көрсөм анда кырктан жаш эмес, 15 жыл юридика чөйрөсүндө иштеген адам Башкы прокурор боло алат деп жазылыптыр. А башка өлкөлөрдө жалаң прокуратурада, көзөмөл органдарында көп жыл иштеп, каныккандарды Башкы прокурорлукка коет. Анткени юристтердин баары эле прокурор боло бербейт. Ушул жагы эске алынса жакшы болот эле. Бирок бизде эч качан андай болбойт. Конституцияга карабай жаткандан кийин ошол мыйзамга карап коюшмак беле. Ар ким өзүнүн ишеним көрсөткөн кишисин коет. Азырынча бул мындай деп айта албайбыз, иштеп көрсүн. Чындап келсе Аида Салянованы деле мыйзамга карабай ошондой коюшкан. Ал прокуратура тармагында бир күн да иштебептир. Бизде бирөөнү кызматка коердо апендинин кызындай макташат, кийин бир жаман жагы билинип калса аны өлө жамандап, күнөөнүн баарын ошого оодарышат. Мен бул Жолдубаеваны деле билбейт экем. Кыскасы, акыл-эстүү иш кылганга үйрөнбөсөк ушинтип эле ызы-чуу боло берет.

Мирослав НИЯЗОВ, коомдук ишмер, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси:
- Жаш экен деп чана берген болбойт. Эгер анын билими, аракети, юридикалык иш тажрыйбасы жакшы болсо эмнеге иштегенге болбосун? Албетте, Аида Салянованын күтүүсүздөн кетип калганы жаман болду. Ал дагы жаштыгына карабай жакшы эле аракет кылды. Балким Жолдубаева андан да жакшы иштеп кетер.

Мелис СОВЕТ уулу









??.??