"Агым", 30.01.15 Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, ЖК депутаты:

"Улуттук биримдиктин жоктугунан "Кумтөрдү" чече албай жатабыз"

- Өмүрбек Чиркешович, Ысык-Көлдө сиздердин партиянын катышуусунда өткөн "Ысык-Көл демилгеси" аттуу курултай алдыдагы шайлоого карата даярдыкпы?
- Шайлоого дагы убакыт бар, биз азырынча ага карата өнөктүгүбүздү баштай элекпиз. Бүгүн дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Геосаясаттан алып карайбызбы же геоклиматтан алып карайбызбы, айланада болуп жаткан окуялар, өлкөлөрдүн өз ара мамилелери жаңы нукта, жаңы жолдо өзгөрө баштады. Мунун бизге да тиешеси бар экендигин эске алып биз, кыргыз эли дагы мамлекеттин мындан аркы келечегин камкордукка алуу үчүн аракеттенүүбүз керек.
Ооба, ысык-көлдүк туугандар атайын бүгүн чогулуп, "Ысык-Көл демилгелери" аттуу курултай уюштуруп чакырыптыр, биз колдодук, келдик. Анткени бул жерде кандайдыр бир партиянын кызыкчылыгы же кайсы бир саясый күчтүн айлана-тегерегиндеги маселе көтөрүлгөн жок. Бул жерде кыргыз элинин, мамлекеттин кечээкиси менен эртеңин бирге талкуулап, дүйнө өзгөрүп жаткан маалда улутту, элди, Мекенди сактап калуу идеясы турат. Андыктан бул курултайдагы ынтымакты чыңдоо, биримдикте болуу, ар кайсы сырткы күчтөрдү ээрчибөө, экологияны сактоо, мамлекетти күчтөндүрүү идеясын колдоп бул демилгени колдоого бүт Кыргызстандын элин, саясый күчтөрүн чакыралы деп жатабыз.
- Негизинен "Ата мекен" партиясы шайлоого даярбы? 2010-жылы кыйынчылык менен араң келдиңиздер эле...
- Ооба, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо биздин партия сен айткандай кыйынчылык менен эмес, күтүлбөгөн жыйынтыктар менен келген деп айтсак болот. Ага болсо биртоп факторлор түрткү болгон. Ошентсе да бизге ишенген жүз миңдеген адамдардын колдоосу менен партия аз добуш менен Жогорку Кеңешке келдик. Бирок биздин партия андан берки төрт жыл ичинде өзүнүн жыйырма жылдык тарыхындагы айныгыс принциптерине туруп, позициясын карманып, элге берген убадаларынан кайтпай келатат. Ошондон улам эл аракетти, мээнетти байкайт экен, шайлоочуларыбыздын катары калыңдап жатат. Биз шайлоого ишенимдүү түрдө барабыз.
- Учурда биртоп депутаттар силердин катарыңардан чыкпадыбы, бул кедергисин тийгизбейби?
- Биздин партия кайсы бир адамга байланып кайсы бир ууч саясатчынын көзүн карабаган эркин, демократиялуу партия. Андыктан биздин катардан кеткен депутаттардан улам партиянын күчү тайыды, электоратын жоготту, шайлоого болгон шансы төмөндөдү дегенге кошулбас элем. Кеткендердин ордуна жаңылар келет, кетпегендердин да катар тизмеси алмашат. Бүгүнкү күнү биздин партиядан депутат болуп жүргөндөрдүн бир катары тизмеге кирбей турганы шексиз. Ошондуктан кээ бирлери алдын ала эле башка партияга киргенге аракет кылууда. Бул жерде бир-эки депутат тууралуу сөз болуп жатат.
- 2010-жылдагы шайлоого караганда бул шайлоо компроматтар кармашы болот деп жатышат. Анда эле сиздин партияга карата айгак болгон "мародерчулук" кайрадан калкып чыкпас бекен?
- Бул биздин партияга айгак болгон жок. Тескерисинче, жалганчылардын жүзүн элге ачып берип, ошол кандуу окуя менен кимдир бирөөнү саясый өлүккө айландыргысы келгендердин тилегин таш каптырды. Биздин партиянын ал ишке тиешеси жок экендигин тергөө аныктап чыкты. Бул оюнга дирижер болгон Зарылбек Ырсалиев бүгүн болбосо эртең баарыбир жалганчылыгы үчүн жооп берет. Анткени ал тергөөдө "атамекенчилердин" катышуусун далилдеп берем деп дээрлик эки жыл чуркады, Президенттен, Башпрокурордон кайра-кайра тергөөгө мөөнөт сурады. Үч ай деди, бир ай деди, кана далилдери? Тескерисинче, талап-тоноону иликтей келгенде "Ата мекен" гана таза чыгып, башка партиялардын бул ишке катышкандыгы боюнча фактылар чыгып калып жатты го?! Андыктан биз өзүбүз дагы бул иштин ачык-айкын аягына чыгара тергеп, башкалардын бетин ачууга кызыкдарбыз. Эл, шайлоочулар мародерчулук деген чылгый саясый оюн экенин түшүнүштү. Андан биз эч кооптонбойбуз. Мен дагы айтып кетейин, Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинде "кылмыштын мөөнөтү эскирбейт" дегенди киргизгенбиз. Андыктан аны азыркы бийлик коргогону менен эртең ал баарыбир бул иши үчүн жооп берет, түрмөгө отурат.
- Шайлоо демекчи, сиздер долбоорлогон шайлоо кодексине өзгөртүү киргизип, партиялардын ички аймактык тизмесин түзүү боюнча мыйзам долбоорунун тагдыры эмне болду?
- Тилекке каршы, ал мыйзам долбоору башка саясый күчтөрдүн, асыресе бийликчил күчтөрдүн колдоосун таппай турганы белгилүү болуп калды. Анткени бул мыйзамдан административдик, материалдык ресурстары бар эски партиялар, саясый элита качып туруп алышты. Себеби, бул мыйзам колдоо тапса азыркы саясый элита дароо толугу менен алмашпаса да жарым-жартылай жаңырары борбордо эле акчасын санап отурган ууру, коррупционер, популисттердин ордуна аймактардагы айылдарына, райондоруна эмгек сиңирген, жергиликтүү калктан кадыр-барк күткөн, элдин турмушун, көйгөйүн жакындан билген, жаштар, лидерлер келиши мүмкүн болчу. Муну биз дээрлик жарым жыл бою талкууладык, коомчулукка жеткирдик, колдоо күттүк. Албетте, бул мыйзамдын турмуштук зарылчылыктан улам жаралып жатканын элдер түшүндү, жаштар шыктанды, сүйүндү. Бирок саясый элита аны каалаган жок.
- Өмүрбек Чиркешович, сиз 20 жылдан ашуун убакыт саясатта жүрөсүз. Ушул 20 жыл бою Канаданын кичинекей бир компаниясы бүтүндөй бир Кыргызстан деген өлкөнү чүкөдөй өкчөп келет. Сиздердин фракция "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча чечим кабыл алды эле, бул сунушту башка комитеттер, фракциялар колдочудайбы?
- Эгер "Кумтөр" чаканыраак буюм болгондо аны эчак эле улутташтырып алып койсок жеңил эле болмок. Бирок Кыргызстан үчүн бул чоң объект, аны улутташтырыш үчүн бизде улуттук биримдик болуш керек. Биз бул маселени чечиштен мурун адегенде максатыбызды бир жерге топтоп, аныктап, андан соң аны ишке ашырууга аракет жасасак, ал бүгүнкүдөй маселе болуп, мамлекет менен тең ата сүйлөшө алмак эмес. Тилекке каршы, биз бирдиктүү боло албай жатабыз. Президент бирди айтат, өкмөт башчысы экини айтат, фракция үчтү айтат, парламент төрттү айтат. Анүстүнө Кыргызстандагы ЖМКлардын дээрлик бардыгын "Кумтөр" каржылагандыктан алар таптакыр "Кумтөрдүн" чындыгын айтып, улутташтыруу чечимибизди эл душманынын чечими катары көрсөтүп жатышат. Мындай абалда жалгыз бир фракциянын чечими колдоо таап, улутташтырууга барышыбыз өтө эле күмөн десем да болот. Бул маселени Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев дагы чече албаганы ошол улуттук биримдиктин жоктугунан болуп жатат.
- Анда улутташтыруу демилгеси элге жакшы көрүнүүнүн эле амалыбы?
- Жок, бул элге жагынуунун, канадалыктарды коркутуунун, саясый упай топтоонун амалы эмес. Бул деген "Кумтөр" боюнча "Ата мекен" партиясынын көп жылдардан бери карманып келе жаткан позициясы. Биз өз позициябызга качан болбосун турабыз, сатылбайбыз, алданбайбыз деген сөз. Экинчиден, Жогорку Кеңеш былтыр февраль айында "Кумтөр" боюнча чечим кабыл алганда, "үлүштүк пайызы 50-50 болгон биргелешкен ишкана түзүлсүн, ага кошумча "Центерра" дагы үч-төрт пункттан турган талаптарды аткарсын, эгер ага макул болбосо үч айдын ичинде өкмөт "Кумтөрдү" улутташтыруу процессин баштап бул боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштасын" деген. Аны да "Ата мекен" колдогон эмеспиз. Мына, андан бери үч ай эмес, бир жылдан ашуун убакыт өттү "Центерра" Кыргызстандын талабын аткарган жок. Ошондуктан биз өкмөткө жардам кылып, өкмөт алып келчү мыйзам долбоорун парламентке сунуштап жатабыз.
- Башкы прокурор Аида Салянованын отставкага кетиши бийликте ар кандай оюндардын болуп жатканын көрсөткөндөй болду. Мындай маселелер чыгып жатканынан балким сиз деле кабардар болсоңуз керек...
- Аида Салянованын Башкы прокурорлук кызматтан кетиши элге кандай күтүүсүз, табышмактуу болсо, биз үчүн да ошондой күтүүсүз болду. Чындыгын айтыш керек, мен анын айланасындагы иш-аракеттер тууралуу уккан да, билген да эмесмин. Андыктан табышмактын сырын таба албайм. Бирок кандай гана болбосун жумуштан бошонуу Конституцияга ылайык өз ыктыяры менен болду. Мыйзамга ылайык Президент анын ордуна жаңы талапкерди сунуштады. Бүгүнкү күндө Башпрокуратурада жасай турган өтө чоң иштер тургандыктан Президент деле алдыга койгон маселелерди түшүнгөн, ошону аткарып кете ала турган потенциалы бар талапкерди тандады деген ойдомун. Ошондуктан биз Президенттин тандоосун сыйлайбыз жана Жогорку Кеңеште колдоп беребиз деген ойдо турам. Ачык айтыш керек, Аида Салянова мыйзам чегинде өз милдетин так аткарды, ачык-айкын иштеди, мыйзамдуулуктан чыкпай, органдын өз милдеттерин так аткарышына уюштуруучу, жетекчи болуп берди. Ал эми Президент жылдырып жаткан талапкер деле жаштыгы, курчтугу, билими менен ошондой эле иш алпарса неге болбосун? Бардык нерсе иштегенден кийин көрүнөт.

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ