presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Агым
Ойдүрмөт
Бизге кандай Генпрокурор керек эле?

(Башы 1-бетте)

Парламенттик коалицияны негиздеген КСДП К.Бакиевдин зулум бийлигин кулатууга чейин тилектеш болуп келген "Ата мекен" партиясын оппозиция жээгинде калтырып, мурунку бийликтин көрчеңгел тобундагы саясатчыларды кайрадан бийлик курчоосуна топтоду. Себеби бийликтин мерчемдүү үч бутагын бөлүшүүнүн оңой жолу ошол болду. Көп өтпөй ЖК төрагасы А.Келдибеков Кыргызстандын Башмыйзамы парламенттик башкаруу негизинде түптөлгөндүктөн өзүн өзү өлкөнүн биринчи адамындай сезген дымакка жетти. Тез эле каруусу күчкө толуп баштап, ал эмес каратүнөк кылмыштуу топтор менен чогуу жаңы жыл тосуп шапар тепкенин "атамекенчилер" видеоматериалдар менен далилдеп бергенден кийин гана ээрден көчүгү кыйшайып, кылмыштуу иштери биринин артынан бири ачыкка чыкты. Анын соңунан өкмөт башчысы Ө.Бабановдун төбөсүнөн кара булут айланып, Ө.Текебаев экөөнүн ит жыгылыш күрөшү ушуга чейин аягына чыкпай келет. А.Келдибековго улай өз партиялашы Иса Өмүркуловго Генпрокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону менен бүгүнкү күнү экөө тең торго салынбачудай жагдай келип калды. Бул экөөнөн башка да ж.б.ларга кылмыш ишин козгоого мындан ары мүмкүн эместигине азыркынын Кыз Сайкалы болор Салянованын акыры көзү жетти көрүнөт. Себеби, алдыда шайлоо туру.
Шайлоо алдында кайнай турган саясый соодалар Генпрокурордун бетине дагы көө жабаар чечимдерге барууга аргасыз кылышы ыктымал. Аида Жеңишбековнаны эки анжы кылып чайнай турган чечимдер улам чыга берери бышык эле. Ансыз да буга чейин Азиз Батукаевдин таржымалы бетине чиркөө болуп калганын билебиз. Адеп-ахлак ориентиринен ажыраган азыркы бийлик кылмыш дүйнөсүнүн анабашы А.Батукаевдин кандуу колун кыса кармап, атүгүл коопсуздугуна, ден соолугуна чейин кам көрүп "Манас" аэропортунан кантип узатканы дайын. Коомчулук арасында ушул күнгө чейин бул ишке тиешелүү киши Президент өзү деген имиштер чындыкка жакын экени сезиле баштады. Анткени расмий бийликтен ким жазага тартылды? Ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматтан кеткенден кийин гана А.Атамбаев өзү Батукаевге тиешелүү кылмыш ишинде Атахановдон аз-аз кемчилик кетип калды дегендей жооптон башка ооз ачкан жок. Анда эмнеге Генпрокуратура тарабынан Атахановго иш козголбоду? Садагага чабылган жалгыз "сары улак" Турсунбек Акун гана болду. Башка бир да жан сот тургай, администрация жоопкерчилигине тартылбады.
Мүмкүн коомчулук биле бербеген ушул сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги окуялардын дагы канчасы Ак үйдүн амирине ылайык чечилүүсүнөн тажаган Салянованын да сабыры түгөгөн чыгар. Окуядан улам Президенттин карамагындагы Генералдык прокуратуранын жетекчилигине жогортодон түшкөн буйруктар көп болгон үчүн Аида Салянованын ички карама-каршылык күрөшү ушуга алып келген жокпу? Себеби, адам качан тез-тез чарчайт? Психологиялык туруктуу абалдын балансы бузулган кезде адамды ушундай ыргылжың мүнөз басат.
Жаңы жыл туштай Президент А.Атамбаев Салянова боюнча журналисттерге: "Иштен кетем деп арыз жазган эмес, бирок ачык айтайын, мурда мындай учурлар болгон. Анткени Аида Жеңишбековнаны түшүнсө болот. Жумушу абдан кыйын. Дайыма найзанын учунда жүрөт. Эс алууга суранды. Мен да уруксат бердим" дегени да ушул ойго түртөт. Анан да Кыргызстандын болочок президенти болор адам Салянова экенин айтып да далысынан таптап көрдү, болбоду. Бул окуядан көп өтпөй, Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иш козголгону коомчулукка маалым болду. Аида Салянова болсо "Азаттыкка" убагы келгенде бардык жагдайлар ачыкка чыгарын айтканы да бекеринен эместей...
Албетте, Кыргызстанда коррупция менен кармашуу процесси абдан татаал. Коррупция десе кимдин болбосун тиши кычырап, куйкасы курушат. Айрыкча Өмүрбек Текебаевдин. Бу киши Акаевдин заманынан бери коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө билегин түрүнүп, канчалаган мыйзамдарды токуду, канчалаган аракеттерди кылды, ал эмес коррупция каякта экенин Генпрокуратуранын көзүнө такаган фактылардын далайын парламент залынан көтөрүп чыкты. Айрым учурларда стрелканын учун түптүз көрсөтүп, коррупциянын анабашы делгендердин атынан өйдө атаган да жападан жалгыз ушу киши. Бирок кыргызда "айткандын оозу жаман" дегендей азыр коомчулукта Текебаевди жек көргөндөр толуп кетти. Азыр Текебаев ооз ачса эле аны жеткен популист санагандарды четтен табасың. Эмнеге? Арийне анын ушунчалык жек көрүндүгө айланганын жеке өзүм мындай түшүнөм: биздин коомдун сүйүүсү чындыкты айткан адамга карата эмес, жалганды көбүртүп-жабырткандарга карата көбүрөөк ысык. Байкашымча, журналисттер журтунун аллергиясын Текебаевге каршы козгогон адамдар толуп кетти. Алардын көбү кайсы бир майрамдардын шылтоосуна такап, журналисттерге чай уюштурган айкөл, сүткөлдүк менен коомчулукка кимди суук тумшук көрсөтүүнүн ыкмасын колдоноорун карапайым эл биле бербейт.
Эгер Атамбаевдин чындап эле коррупция менен аёосуз күрөшүүгө каалоосу болсо, Текебаевди Генпрокуратуранын башына алып келип, эми моралдык жоопкерчилигиң үчүн оозуңан чыккан фактыларды далилдеп бер десе жарашаар эле. Себеби булардын 2010-жылкы төңкөрүштөн кийинки элге берген убадаларынын эң башкысы - өлкөнү чырмооктой каптаган коррупциянын тамырын түп орду менен жок кылуу болчу. Менимче, Ө.Текебаев Генпрокурор болуп калган күнү Ак үйдүн жарымы түрмөгө камалып, коомчулуктун жарымы титиреп отурмак. Бирок А.Атамбаев өзүнө ылайыктуу талапкер катары Индира Жолдубаеваны тандады көрүнөт. Жаңы талапкердин адилет чечимдерин убакыт көрсөтөр, азырынча жаңыдан Генпрокурорлукка дайындалган И.Жолдубаеванын ишине ийгилик тилеп туралы...

Олжобай ШАКИР




Оп, майда
Азиздер үчүн акча бөлүндү
Өлкө башчысынын буйругу менен Бишкек жана Ош шаарларындагы көрүүсү начар азиз балдарга 800 миң сом бөлүндү. Бул каражат Брайль шрифтинин жана жалпак ири шрифттин базасында 1-11-класстарга "Кыргыз тили" окуу китебин чыгаруу үчүн жумшалат.

"Кырк чоро" сурак берүүдө
23-январь күнү "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин жигиттери борбордогу "Люкс" караоке-барына мыйзамсыз кирип, аталган барда интимдик кызмат көрсөтүлөрүн айтып видеого тартып башташкан. Тартылган видеороликти интернетке жайгаштырышкан. Аталган жайдын жетекчилиги кадыр-баркыбызга доо кетирди деп Бириничи май РИИБне азыр менен кайрылган. "Кырк чоронун" жигиттери сурак берүүгө бөлүмгө чакырылышып, азырынча түшүнүк кат жазуу менен чектелешти. Ал эми РИИБи "Таатан" соода борборунун жанындагы караоке-барга уюштурган рейд боюнча "Кырк чоронун" үч жигитине кылмыш иши козголду. Анткени ал барда эс алып жаткан кытайлардын чөнтөк телефону жана акчалары жоголгонун билдиришкен.

Карыз кокого жетти!
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына мүчөлүк взносту төлөбөй, добуш берүү укугунан ажыратылды. Биздин мамлекет добуш берүү укугун калыбына келтириш үчүн жарыбаган 6731 доллар төлөшү керек. Ал эми ИИМдин Интерполго болгон карызы 150 миң еврого жетти. Шарт боюнча Интерполго Кыргызстан жыл сайын 5-6 миң евровзнос төлөп турушу керек. Аталган сумма 15-20 жылдан бери төлөнгөн эмес.

Фанатчылык түпкө жетет
Үй-бүлөсүн Сирияга жиберген Чүй облусунун жараны кармалды. 1986-жылы туулган, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жашаган М.Айбектин үйүнөн диний-экстремисттик мүнөздөгү 175 диск, 12 баракча, компьютердин системдик блогу жана 2 ноутбук табылган. Опер кызматкерлер анын башкаларга жөнөткөн каттарын текшерүүгө алганда өткөн жылдын октябрь айында ал өз атасын, эки бир тууганын, карындашын, келинин Сирияга жөнөтүп жибергени аныкталды. Азыркы тапта Айбектин жакындары болжол менен Сириянын Ракка шаарында. Бир туугандарын ал жакка эмне максатта жана ким аркылуу жиберилгени учурда укук коргоо органдары тарабынан териштирилүүдө.

"Дельта-Востоктун" иши ачылды
Өткөн жылдын сентябрь айында борбордо "Дельта-Восток" инкассаторлук фирмасынын кызматкерлерине кол салуу болуп, фирманын директору каза болгон. Унаадан 1 млн. 770 миң АКШ доллары уурдалган. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кылмышкерлердин бетин ачты. Фирманын кызматкерлерине ок жаадыргандар кыргыз- казактардан түзүлгөн эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Алар буга чейин ушундай ири суммадагы акча ташыган инкассаторлорду тоноп күн көрүп келишкен. "Дельта-Восток" фирмасына кол салгандан кийин кылмышкерлер үй-бүлөсүн, тонолгон акчаны алып чет мамлекетке чыгып кетишкен. Аталган топ эл аралык издөөгө берилди.

ММКларды жабууга жол берилеби?
Юстиция министрлиги ММК тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү пландоодо. Буга чейин ММКны жабуу чечимин сот чыгарса, эгер өзгөрүү колдоого алынып мыйзам кабыл алынса, мындан ары ММКларды сотко жеткирбей эле Маданият маалымат жана туризм министрлиги жабууга укуктуу болот. Бул сунуш азыр талкууга алынды. Бийликтин бул кадамын ММКга көрсөтүлгөн кезектеги кысым катары баалагандар арбын.

"Тумар" чыныгы талант!
Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-уландардан түзүлгөн "Тумар" бий тобу Киев шаарында өтүүчү "Украина - менин таланттарым" аттуу долбоордун 1-турунан өттү. Дүйнөлүк жылдыздар катыша турган сынак 5-февраль күнү болот. Эске салсак, "Тумар" бий тобу Түркияда өткөрүлгөн "Сиз Түркиянын талантысыз" аттуу мелдештин жарым финалына өткөн. Баса, жаңы жыл алдында өлкө башчы убада кылган автоунаа да топтун колуна тийди.

Баткенде балдар кантип билим алат?
Баткен облусунун Лейлек районундагы Кайрагач жана Тогуз-Булак орто мектептерин 2014-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жараксыз деп тапкан. Окуу жылы башталганда окуучулар чатырларда окуп келсе, учурда айылдагы ижарага алынган менчик үйлөрдө билим алып жатышат. Кайрагач орто мектебинде 514 окуучу, Тогуз-Булак орто мектебинде 273 окуучу бар. Жаңы мектепти курууга мамлекеттик казынадан акча бөлүнөр-бөлүнбөсү азырынча белгисиз. Мындай көрүнүш Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында да катталган. Кум-Дөбө орто мектеби авариялык абалга келгендиктен мектеп окуучулары айылдагы үйлөрдүн биринде билим алышат.

Туурадан кеткен туугандар
Ооганстанга кулчулукка сатылып, эптеп кайра келген Таалайбек Абдрахманов бийликте отурган тууганы аны кулчулукка сатканын билдирди. Таалайды Салтанат, Нүргүл аттуу карындаштары Ооганстанга чакырып, үйдүн курулуш иштерине жардам берүүнү суранышкан. Ай сайын 700 доллар төлөп беребиз деген убадасына турбай, кийинчерээк Таалайды аскер базасына жеткиришип ар кандай кара жумушка салышкан. Өзүнө окшоп кулчулукка келген дагы 8 кыргыз жараны Ооганстанда калганын айтып, азыркы тапта анын жогору жакка жазган арыздары каралбай жатканын кошумчалады. Таалайдын таякеси чоң кызматта иштегендиктен, анын Президенттин аппаратына, Аламүдүн РИИБине, Аламүдүн райондук прокуратурасына, кийин Башкы прокуратурага, Акыйкатчыга жазган кайрылуусунан майнап чыккан эмес.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??