presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ура, зоопарк келди!

Дүйнө жүзүндөгү көп эле өлкөнүн, мамлекеттин борбор шаарында элди кызыктыра турган жаныбарлардын зоопаркы бар. Ал эми биздин Бишкекте тарыхый музейлер, көңүл ачуучу борборлор, соода түйүндөр, кинотеатрлар, парктар бар болгону менен зоопарктын жок экени өкүнүчтүү. Мурда ВДНХнын ичинде кооз куш (павлин), ак куу, төөкуш, лама сыяктуу жандыктардын кичинекей зоопаркы бар эле. Бирок ал иштебей, жаныбарлардын жок болгонуна он чакты жыл болуп калды. Ошондон улам бишкектиктер атайын гастролдоп чет жактан келген зоопарктарды көрүүгө аргасыз. Ал эми Кыргызстан боюнча карасак Каракол шаарында жападан жалгыз зоопарк бар.


15- январдан тарта Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Дене тарбия жана спорт академиясынын короосунда Казакстандан келген тропикалык жаныбарлардын зоопаркы көрүүчүлөрдү кызыктырууда.
Бул зоопаркта африкалык арстан эркек-ургаачысы менен, Ыраакы Чыгышты мекендеген жолборс, Түндүк Америкада жашаган кара ягуар, Африкадан алынып келинген пантера, сейрек кездешүүчү алабай тукумундагы көлөмү торпоктой болгон короочу ак ит, Америкадан алынып келинген аюулар, Австралияны мекендеген төөкуштар, Борбор Азияда учкан бүркүттөр, Сибирден алынып келинген карышкырдын түрлөрү, Казакстанды мекендеген төрт мүйүздүү кочкор, бийик тоолордо жашаган илбирс, Борбор Азияда жашаган үкү, Батыш Европадан келген марал, элик, кичинекей породадагы понилер, төө жана Африка, Индиянын жунгли токойлорунда жашаган маймылдарды көрүүгө болот.
Бул жаныбарлар Кыргызстандагы кыштын чилдесиндеги суукка кантип чыдап жатканын сураганыбызда алардын көпчүлүгү -25 градуска чейинки суукка чыдай алышат экен. Ал эми суукту көтөрө албаган жаныбарларды атайын айнектин ичине салышкан. Айнектерде маймылдар гана бар. Арстан, жолборс, төөкуш, аюу жана башка жандыктар темир тордун ичинде. Келген көрүүчүлөрдү көнүмүш көз караш менен караган жырткыч жаныбарлар кээде ырылдап, күрүлдөп үн чыгарып көрүүчүлөрдү кызыктырып жатышты.
Албетте, мындай экзотикалык жаныбарларды дайыма эле көрө бербейт эмеспизби. Аларды канча маал тамактандырат, жаштары канчада экенин бизге айтып беришкен жок. Себеби булар биздин коммерциялык сырыбыз дешти.
Зоопаркка келгендердин көпчүлүгү арстан, жолборс, карышкыр, пантерага кызыгып жатышты. Бул жаныбарлардын аттары да кызык экен. Мисалы, арстандардын аттары "Король Лев" мультфильминдеги каармандардын атындай эркеги Симба, ургаачысыныкы Умка, дагы бирөөнүкү Цезарь экен. Ягуардын аты Ласточка, пантерага Пент деген ысымды коюшуптур. Аюунуку Мамур, маралдын атын Луиса, карышкырдын аты Бой, иттин аты Чало жана башка ар бир жаныбардын өздөрүнүн мүнөздөрүнө жараша жомоктогу, белгилүү чыгармалардагы ысымдарды коюшуптур.
Темир тордун ичинде ары-бери тынымсыз басып жүргөн жолборсту белгилүү "Жизнь Пи" аттуу тасмадагы жаныбарга окшоштурган көрүүчүлөр аны Пи атап алышты. Ал эми кичинекей понилерге минген балдар зоопарктын ичинде сейилдеп жүрүштү.
Зоопарктын сыртында атайын кичинекей көрүүчүлөр үчүн ар кандай карусель, селкинчек, оюн-зоок программалар, аттракциондор бар экен. Тилекке каршы, азыркы аба ырайынын сууктугунан ага түшкөн бөбөктөрдү деле көрүүгө болбойт. Өткөн жумаларда аба ырайы жылуу болуп, балдар карусель, селкинчектерди тээп ойноп кетип жатканын айтышты уюштуруучулар. Эгер көрүүчүлөрдүн саны көп болсо февраль айынын аягына чейин болобуз дешти.
Биз жомоктордон, чыгармалардан окуп же сыналгыдан арстан, жолборс, пантера, илбирс тууралуу гана билебиз. Ал эми алардын кандай экенин көпчүлүгүбүз биле бербесек керек.
Мисалы, арстанды алсак мышык түрүндөгү жаныбарлардын эң күчтүүсү жана эң чоңу болуп эсептелинет. Аны бекеринен жаныбарлардын падышасы деп айтпаса керек. Алардын эң чоңу 250 кг салмакта, чачтарынын узундугу 40-50 см.
Өткөн кылымдарда арстандар көп жерди мекендеп үйүр-үйүрү менен Африкада, Иранда, Жакынкы Чыгышта, Европанын түштүгүндө, Орусиянын кээ бир жерлеринде, Индияда жырткыч жаныбар катары көп жүрчү. Бирок акыркы мезгилде арстандарды тукум курут кылып отуруп учурда Африкада жана Индиянын кээ бир жерлеринде гана сакталып калган. Дээрлик көпчүлүк жерде аларды табууга мүмкүн эмес. Башка жаныбарлардан айырмаланып арстандар үйүрү менен жашашат. Кээде үйүрүнөн куулуп кеткен арстандар да болот. Алар башка арстандар менен үйүр топтошот. Кээси өлгүчө жалгыз жашашат. Арстандар үйүрүнө башкаларды киргизишпейт. Алардын ургаачылары ууга чыгышат, ал эми эркектери үйүрдү кайтарышат. Ургаачылары тапкан табылганы балдарына, эркектерине да тең бөлүшөт. А эгер эркек арстандар ууга өзү чыгып, табылга алып келсе балдарына бербейт, ургаачыларына кичине калтырат да калганынын баарын ары жакка сүйрөп кетип өзү жейт. Андан тамак талашкандарды ырылдап, жолотпойт. Арстандар 10-14 жыл гана жашашат. Кээ бир учурда алардын 20 жыл жашагандары да кездешет. Бирок мындайлар өтө эле аз. Ал эми ургаачыларынын көбү 10 жылга да жетпей көз жумушат. Алар үч жаштан баштап төлдөшөт. Булар башка үйүрдөгү арстандар менен да урушуп, атүгүл бирин-бири өлтүргөндөр да бар. Арстандар сутканын 20 саатын укташат. Төрт саатты тамактанууга жана ууга жумшашат. Эгер ачка болбосо жанында жүргөн башка жандыктарга тийбейт экен.
Ал эми зоопарктагы жаныбарлардын ичинен эң уйкучусу жана жалкоосу аюулар экен деп сөөмөйү менен көргөзүп жатышты келгендер. Себеби алар эртеден кечке уктап жатышты. Башка жапайы аюулардай болуп чээнге кире албаганданбы же сууктанбы, айтор, кыймылдашкан жок.
Эмнеси болсо да анда-санда Кыргызстанга бир келчү экзотикалык жапайы жаныбарларды өз көзүң менен бир көрүп коюу ашыктык болбос.


Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку







??.??