presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Коом бузулганда көрөрүбүз ушу

Акыркы мезгилде замандын бузулганынанбы же мурда мындай окуялар болсо да көмүскөдө калчу беле, айтор бөбөктөрдү зордуктаган айбандан айырмасы жок эркектердин жоруктары көп кайталанчу болду. Бул да коомго журналисттердин ММКга алып чыккан маалыматтарынан улам дүң болсо, канчасын эл билбей көмүскөдө калып жатат.

Жетимдин убалы жетсин...
Жакында Бишкектин Свердлов райсотунда иштеген адвокат менен баарлашып, төбө чачты тик тургузган дагы бир окуяны уктум.
Ысык-Көл облусуна караштуу шаарчалардын биринде 2000-жылы Салима аттуу кыз жарыкка келген. Ата-энесинин мээримин көрүп, өзүнөн улуу эжеси менен бирге чоңоюп келе жатканда 2002-жылы Салиманын энеси капысынан каза болуп калат. Эки жашар Салима менен анын эжеси эки жакта калган. Салиманы таякеси өз балдарына кошуп багып алат. Ал эми эжеси Тамараны Бишкектеги туугандары алышат. Эки кызды туугандарына бергенден кийин алардын атасы башка үй-бүлө куруп кетет да, кыздарынан ошол боюнча кабар алган эмес.
Салима бешке чыкканда таякеси менен таажеңеси ажырашып, шордуу кыз таажеңесинин колунда калган экен. Ал эми таякеси аны менен иши да болбойт. Ошол кезде таякесинин бой жетип калган Турсун деген 21 жаштагы уулу болгон. Үйдө жалгыз ойноп жүргөн Салиманы көргөн Турсун бир күнү кызуу абалында аны жылаңач чечиндирет да айбандык кумарын кандырып, зордуктайт. Чырылдап ыйлаган кыздын үнүн ошол кезде эч ким уккан эмес. Ар кимдин кагуусунда, болушар жакыны жок, жалтаң болуп өсүп калган Салима бирөөгө даттанууга да батынбайт болчу. Эгер бирөөгө айтсаң өлтүрүп коем деп коркутат Турсун. Ал айтып койбосун деп момпосуй алып келип берип алдайт. Салима бул туурасында эч кимге айткан эмес. Турсун Салиманы он жашка чыкканча "эрмектеп" турган.

Кеч суралган кечирим
Салима он бир жашка чыкканда шаардагы эжеси Тамара бой жетип, өзүнчө түтүн булатып жашап калган. Таякесинин үйүндө калган сиңдисин Бишкекке алып келип мектепке киргизип, өзү карап жашап калышат. Бишкектеги мектептердин биринде 5-класста окуган Салима жакын курбусуна таякеси аны айылда жүргөндө кантип зордуктаганын сыр кылып айтып койгон. Салиманын курбусу өзүнүн классташтарына айтат, мектепте ал тууралуу бир заматта уу-дуу кеп тарайт. Бул сөз акыры жүрүп мугалимдерге да жеткен. Мындай жагымсыз маалыматты уккан мугалимдер психолог аркылуу Салимадан алдап-соолап акырындап сураганда, ал болгон окуяны айтып берген. Ошол замат мугалимдер Салиманын эжеси Тамараны чакыртып, кыздын тагдырына балта чапкан Турсундун үстүнөн милицияга арыз жазгыла деген кеңешин беришет. Салиманы дароо дарыгерлерге көргөзүп, психологиясын текшертишет. Буга чейин Салима эжесине эч нерсе айткан эмес экен. Муну уккан эжеси да шок болуп, дароо милицияга арыз жазган. Арызды алган тартип сакчылары, алыста жашаган Турсундун колуна кишен салып алып келишкен. Бул учурда Турсун үйлөнүп, бир баласы бар эле.
Ал эми Салиманын ден соолугун текшерген дарыгерлер аны көтөн чучугу аркылуу жыныстык катнашка барганын, азыркыга чейин дааратканага барганда ооруганын далилдешти. Турсундун колуна кишен салынып, аны суракка жаңыдан алганда эле ал күнөөсүн мойнуна алып, "азыр ошол кездеги кылыгымды эстеген сайын жанымды коерго жер таппайм. Мен ушунчалык акмакчылык кылганымды кеч түшүндүм. Муну эч кимге айткан эмесмин, эстеген сайын жүрөгүм эзилип турчу. Азыр силерге айтып алып жеңилдеп калдым, күнөөмдү мойнума алам" деп кейип, Салима менен Тамарадан чөгөлөп кечирим сураптыр.

Кылмыш - жоопкерчилик кармашы
Турсундун үстүнөн кылмыш иши козголуп, мындан бир нече жыл мурун жасаган күнөөсү үчүн СИЗОго отургузулган. Аны менен кошо иштеген кесиптештери, коңшулары, достору, жакындары Турсундун мүнөзү токтоо, маданияттуу, мындай болушу мүмкүн эмес деп сыпатташууда. Бирок Турсун жасаган күнөөсүн мойнуна алып, тергөөчүлөргө өзү көргөзмө берип отурат. Анан эле СИЗОдо жарым жылга чукул жаткан Турсун акыркы мезгилде баштапкы берген көрсөтмөсүнөн кайра баш тартып, мени кыйнап коркутуп, жөн эле мойнума алдырышты, мен андай ишке барган эмесмин деп жаткан экен. Ал канчалык актанбасын, баарыбир Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренелери менен жазаланарын жакында сот чечет. Азырынча Турсундун кылмышын жеңилдетүүчү эч кандай жагдайлар жок дейт адвокат.

(Макаладагы каармандардын аттары белгилүү себептерге байланыштуу өзгөртүлүп жазылды)




Аялдарды өлтүргөн "Ангар маньягы"

Тилекке каршы, адам өмүрүнө коркунуч алып келип, жаш балдарды зордуктаган же адам өлтүрүп бир нече жандын убалына калган маньяктар да коомдо өздөрүн башкалардан айырмасы жок, тескерисинче абдан үлгүлүү алып жүрүшөт экен. Эске салсак, жаңы жылдан кийин эле эки жашар баланы сабап, зордуктады делген беш кыздын атасын да коңшулары ыймандуу, маданияттуу жакшы адам болчу биз ишенбейбиз деп айтып чыгышкан. Ал эми беш жашар кызды зордуктаган Турсундун да мындай ишке барганына көпчүлүк таң калышууда.

Жакында Орусиянын Иркутск облусунда жыйырма эки аялды мыкаачылык менен өлтүргөн экс-милиционер Михаил Попков өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын алды. Аны да коңшулары, кесиптештери абдан маданияттуу, интеллигент, спорт менен машыккан, боорукер адам деп сыпатташкан эле.
Бул маньяктын курмандыктары 19-28 жаштардагы кыз-келиндер болгон. Алардын көпчүлүгү кечки коноктон же кечеден келаткандар, же үйдөн сыртка дүкөнгө чыга калгандар болгон. Бул окуялар Иркутск облусуна караштуу Ангар шаарчасында болгондуктан "Ангар маньягы" атка конгон бул канкор аялдарды зордуктап, андан кийин балта, бычак, шибеге, отвертка менен өлтүргөн.
1994-2012-жылдар арасында Ангар шаарында кечкисин аялдар көп жоголгон. Кийинчерээк жоголгон аялдардын кыйнап өлтүрүлгөн сөөктөрү ошол шаардын тегерек-четинен табылчу. Маньяктын сары изине түшкөн милиция 30 миңден ашуун адамды шектүү деп сурактан өткөрүшкөн. Акыркы курмандыкка илинип, өлгөн аялдын сөөгүнүн жанында "Нива" унаасынын дөңгөлөктөрүнүн изи калган. Опертоп шаардагы "Нивасы" бар бардык айдоочуларды иликтөөгө алышат. Алардын иликтөөсүнүн негизинде кылтакка шектүү катары Ангар районунун ички иштер бөлүмүндө мурда милиционер болуп эмгектенген Михаил Попков түшкөн.
Михаил Попков адегенде үч аялды өлтүргөнүн гана айткан. Кийинчерээк тергөөчүлөрдүн иликтөөсүнөн кийин 22 аялды өлтүргөнү, эки аялга өлтүрүү үчүн кол салганын ар кандай экспертизалар жана эки миңден ашуун күбөлөрдүн негизинде мойнуна алууга аргасыз болгон. Буга чейин жыйырма жыл бою маньякты издеген милиционерлер андан өздөрүнүн кесиптеши деп эч шектенишкен эмес.
Соттун акыркы чечими чыкканга чейин жазаны жеңилдетүү максатында М.Попков сотко жыйырмадан ашык өтүнүч катын жазган. Ал түрмөдө отурганда мен Чикатилодон кем калган жокмун деп мактанчу экен. Эскерте кетсек, Чикатило 53 адамды өлтүргөн маньяк болгон. Азыр да М.Попковдун дагы 20га чукул аялды өлтүрүшү мүмкүн деген иликтөөлөр уланууда. Ал күндүз үлгүлүү үй-бүлөнүн кожоюну, күйүмдүү ата, боорукер күйөө, спорт менен машыккан, өз ишин мыкты билген жоопкерчиликтүү милиционер болгон. Кечинде эле ал жырткычка айланып, аялдарды өлтүрө баштаганынан эч ким шектенчү эмес. Негизи ал өзүнүн курмандыктарын кызмат унаасы менен көчөгө чыгып, жалгыз бой келаткан аялдардын жанынан токтоп, "чоң кыз, сизди жеткирип коеюнбу?" деп жылмайып, милиция формасын кийип күбөлүгүн көрсөткөн мырзадан эч бир аялзаты баш тарталчу эмес. Анын жанына отурганда эле офицер аларды алдап ээн талаага алып кеткен. Попков эң биринчи курмандыгын 1994-жылы эле өлтүргөн. Аны 2012-жылы гана колго түшүрүштү. Ал кечинде өзү өлтүргөн аялдын үйүнө эртеси күндүз милиция болуп барып иликтеп, кылмыштын бетин ачымыш болуп жүрчү.
Ал аялдарды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин чындап эле өлдүбү деп текшерип андан кийин кетчү. Анын курмандыктарынан экөө аман калганын укканда кантип аман калышты, мен дайыма текшерип анан кетчүмүн, мындай болушу мүмкүн эмес деп таң калган сот залында. "Ангар маньягы" тергөөдө көчөдөгү бузуку, сойку аялдарды коомдон тазалоо үчүн өлтүргөм деген. Бирок анын курмандыктарынын бирөө да сойку болгон эмес.

Бетти даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА









??.??