"Агым", 30.01.15 Адахан мураскер болобу?
Өлкөнүн түштүк аймагын түрө кыдырган Адахан Мадумаров эл менен жолугушууда адаттагыдай эле оппозициялык көз караштарын айтып, мамлекетти саздан чыгарууга каруусун казык кыларын айтууда. Ошону менен катар эле ал Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевди кези келген жерден катуу сындап, аларды азыркы бийлик башчылары менен жеке кызыкчылык үчүн саясый соодалашууга барганын айтып кетүүдө. Бирок негедир өзү деле Жогорку Кеңеш менен өкмөттү өкүртө сындаганы менен Алмазбек Шаршеновичтин ишмердигине карата ооз ачканга жарай элек. Болбосо мурдагы президент Роза Отунбаеваны жерден алып көргө чаап эле басып жүрчү. Ушундан улам саясый коомчулукта айтылып жүрчү "Мадумаров Атамбаевдин мураскери болот экен" деген кепке да ишенип кетет экенсиң. Бирок чынын айтыш керек, Баткен, Ош, Жалал-Абадда Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматовдорго кылмыш иши козголуп, качып-бозуп, калгандарынын амбициясынан тайыганы Адахандын аброю арта баштады.

Абдыкапаров ачыгын айтты
Экс-прокурор Аида Салянованын үстүнөн иш козголду деп жаткан жолдошу Бакыт Абдыкапаров үн катты. Анын айтымында, ага коюлуп жаткан айыптардын баары эч далили жок, жалган айыптар жана бул боюнча айыптоочу тараптар бул кылмыш иши боюнча өзүн бир да жолу суракка чакырган эмес. "Кылмыш иши 5-январь күнү эле козголгон экен, 20-январдан тартып бүт ММКлар жаза башташты. Атургай мени чет өлкөгө качырып жиберген "сары-прессалар" да бар. Бирок аларга теңелбей эле коеюн дедим. Ал эми кылмыш иши боюнча УКМК мени суракка чакырбагандан улам, бүгүн өзүм актоочум аркылуу аларга кат жазып, кылмыш иши боюнча качан суракка чакырасыңар дедим" дейт Бакыт мырза.
Андан ары ал жубайы Башкы прокурор болуп бекигенде эле жакындары анын ишине тоскоол болбоого шерттешкенин, андыктан эч бир ишке кийлигишип, кимдир бирөөлөр менен кайсы бир иштерге аралашпаганын, 2004-жылдан бери эле Балтикадан унаа ташып сатып, чакан ишкерлик менен өз оокатын кылып келгенин айтат. Эгер бул маалыматтар чын болсо, УКМК козгогон кылмыш ишинде чын эле сырдуу жагдайлар бар окшойт.

Саясаттан чарчабаган Сабиров
Мурдагы парламенттик жарышта "Ата мекен" партиясынан талапкер болуп чыгып депутат болгон, кийин Социалдык коргоо министрлигине жеткен Равшан Сабировдун дале болсо саясаттан көңүлү калган эместей. Болбосо министр болуп турганда ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалып, 10 жылга эркинен ажыратууну прокуратура суранып, райондук сот 5 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарганда, парламенттин кийлигишүүсү менен экинчи инстанцияда акталып чыккан эле. Бирок баарынан кейиштүүсү, өзүн министрликке чейин сүрөгөн партиялаштары ал камакта жатканда колдоо көрсөтпөй койгону бар. Ушундан улам Равшан мырза алдыдагы шайлоого "Ата мекен" менен эмес, "Республика - Ата журт" бирлигинин катарында бара тургандыгын угуп калдык. Кантсе да каражаты жетиштүү, кыргызстандык тажиктердин татыктуу лидери эмеспи, шайлоого чыкса шанс алып берери шексиз.

Жапаров жерде калбайт
Айрым ММКлар экс-каржы министри Акылбек Жапаров миллиондорду көтөрүп алып эч бир партияга батпай көчөдө калганын жазып чыгышты. Бирок биздин билишибизче, баштык толо акча, баш толо мээ менен Акылбек Үсөнбековичтин көчөлөп калышы мүмкүн эмес эле. Айталы, өткөн шайлоодо деле аны Бакиевдин командасы катары эч ким албайт, атургай соттолот дегендер чыккан. Бирок Акылбек мырза өзү гана эмес "Ар-намыс" партиясын парламентке айла-амалдарга салып алып келгенин көрбөдүк беле. Мисалы, шайлоого үгүт иштери жүрүп жатканда Акылбек акебиз Ош, Жалал-Абаддагы өзбек калктуу райондорго барып, "Феликс Шаршенбаевич шашылыш Ташкентке Ислам Каримовго жолукканы учуп кетти, ал үчүн кечирим сурады" деп, Чүйдөгү орус улутундагылар менен жолугушууда "лидерибиз Орусияга Дмитрий Анатольевич менен жолугушууга шашылыш учуп кетти" деп атып арбын добуш жыйнаган. Андыктан Акылбек Жапаров көчөдө калбай эле ушу тапта "Ата мекен" партиясы менен шайлоого чыгууга камданып турган чагы. Так, штө....

Шаикова тараптан чыккан шамал
Мамлекеттик каттоо кызматында кайрадан чуу чыкты. Бул жолу аталган тармактын кызматкерлер жамааты жетекчи Алина Шаикованын ишмердигине ичи чыкпаганын, ал каржылык каатчылык басып турган маалда чет өлкөлөргө саякаттап жатканын, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча техникаларды алууда тендерди мыйзам бузуу менен өткөргөнүн айтышып, жетекчинин кадрдык жүрүштөрүн катуу сынга алышкан. Бирок Шаикова бул айыптоолорго шар эле жооп берип, мен акмын, ал атайын заказ, акчадан айрылгандардын арам иши сыягында маалымат таратуу менен алек. Ал эми Шаикова тараптан чыккан шамалды Кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев комиссия түзүү менен иликтөөгө кирди. Деги, ушу мамкаттоо деген мандемдүү кызмат болду, ким жетектебесин желкеден алып жерге урмай.

Жолдубаеванын жолу катуу экен
Жуманын шаршембисинде ЖК Башкы прокурорлукка Президент көргөзгөн талапкер Индира Жолдубаеваны 106 добуш менен шайлап берди. Кызыгы, бул маселе каралып жатканда зал эл өкүлдөрүнө мурдагыдан кыйла толуп турду. Артында айгагы барбы же Президентке лоялдуу көрүнгүсү келгенденби, чыканактай кызга "балык" депутаттардын баары ачылып ак бата беришип, алкап турушту. Бирок бу Башпрокурордун жолу катуу, өкүмү жумшак болот окшойт. Себеби ошол эле күнү түштөн кийин эл өкүлдөрү кесиптеши Нурлан Төрөбековдун жасалма документтерди пайдаланып жүргөндүгү үчүн кылмыш жазасына тартуу боюнча Башкы прокуратуранын аны мандатынан ажыратуу суранычын көпчүлүк добуш менен четке кагышты. Андан да кызыгы, "аз эле калды го, мейли жасалма диплом болсо дагы иштеп турсунчу" деген мыйзамчылар да бар экени болду. Мындан улам эмки кезек эл арасында айтылгандай Акматбек Келдибековдун ишин кароого жетип, ал да сүттөн ак болуп чыга келсе таң калбай эле койсок болот окшойт. Анда Ташиевдин деле соттуулугу алынып, шайлоого шамыраңдап барып калаттыр. Эх, Индира айым, ишти иритпей илгерилетсеңиз экен…

Генерал төө бастыга калды
Анда-санда саясаттан үн катчу генерал Өмүрбек Суваналиев учурда соцтармактарды колдонуучулардын төө бастысына калып отурат. Буга Каттани мырзанын эки пикири жол ачып берип койду. Алгач ал өз ишенимдүү булактарына таянуу менен экс-башпрокурор Аида Салянованын өлкө сыртына чыгып кеткенин жар салган. Бирок иш жүзүндө Аида Жеңишбековна Кыргызстанда эле жүргөнүн айтты. Экинчиси болсо, элдик генералыбыз "коррупционерлердин көбү түштүктөн, ошондуктан бийлик шайлоодо добуш алуу үчүн алар менен соодалашууга барат" деп "балп" эттирип алып, элди экиге бөлгөн эл бузар катары көпчүлүктүн ачуу сынын угуп отурат. Чын да. Өзү генерал болсо, далилдүү маалыматтарга таянып, анан да аймактык көз караштардан алысыраак болгону жакшы болмок.

Иманалиев ыйлап кетип баратыр...
Мурдагы депутат, кийин Эсеп палатасында аудиторлук кызматты аркалаган Жусуп Иманалиев райондук сот тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылды. Анткени ал 2013-жылдын 21-ноябрында кайсы бир каржылык мыйзам бузуу фактысын жаап-жашыргандыгы үчүн 35 миң сом жана 700 доллар пара алып жаткан жеринен антикоррупциялык кызмат тарабынан кармалган болчу. Ошондон бери бул иш тергелип, натыйжада Биринчи май райсоту жогоркудай өкүм чыгарып отурат. "Колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың" демекчи, эки жолку депутат болгонуна карабай, коррупция менен кадимкидей камыр-жумур болгон Жусуп мырза кылмышы үчүн жооп бергени турат. Баса, ал өткөн шайлоодо "Ата журт" партиясын сүрөп, Талас облусу боюнча штабды жетектеди эле. Партиялаштары деле жардам бере албады көрүнөт.

Аксакал үч кызды "ала жатабы?"
Өткөн күздө коомдук ишмер Райкан Алканов Таластагы өз үйүндөгү төшөк үстүндө канга чыланып жаткан жерден табылып, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан эле. Тартип коргоочулар дароо эле шектүүлөрдүн изине түшүп, натыйжада 16, 17 жана 33 жаштагы үч кыз шектүү катары кармалып, тергөөдө сурак бере башташкан. ИИМге ишенсек, ошол коомчулукка "дүң" болгон иш тергелип бүтүп, Талас облсотуна жөнөтүлгөнү маалым болду. Пайгамбар жашынан өткөн кишиге кыздардын эмне себептен кол салганы азырынча эч жерге чыга элек. Укуругу узун адам укугун коргоочулар Турсунбек Акун, Азиза Абдрасулова дегендер үч кыздын убал-сообунан коркуп кабар алганга жарабады.

Эркин Булекбаев ээрди бошотуп…
Кыргызстан Жашылдар партиясын көп жылдар бою жетектеп, жалаң оппозициянын тонун кийип келген Эркин Булекбаев ээрин бошоткону туру. Дегенибиз, алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай, партияда өзгөрүү болуп, партлидерликке көз карандысыз эксперт, эколог Динара Кутманованын уулун алып келгени турат. Демек, Жашылдар атына заты жарашып, жашарып, тазарып, шайлоого шайдоот баралы деп камданып жатса керек. Баса, бул партияга кошулганын айтып жүрчү Азимбек Бекназаровго деле эки тизгин, бир чылбыр ишенип тапшырылбаса керек. Ал киши АКШга кеткен оппозицияга кошула албай калып, эми өз алдынча барууга жол чалып жүрөт деп уктук.

"Жаңы Агым" - пресс