presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Сот системасы неге реформага муктаж?

Сот реформасын терең билбеген Жогорку Кеңештин 3 депутаты өткөн жылдын аягында мамлекеттик башкаруунун жаңы концепциясын түздү. Концепция авторлору аталган документте райондук соттордун судьялары эл тарабынан шайлануусун, облустук соттордун негизинде апелляциялык сотторду түзүп, алар бардык апелляцияларды карап акыркы чечим чыгарарын жана Жогорку сот олуттуу маселени карай турганын, анын курамы 9 кишиден ашпасын сунушташкан. Ушул боюнча менин да олуттуу пикирим бар.
Союз кезинде эле судьяларды эл шайлачу, бирок талапкерлерди Юстиция министри тандап партияга сунуштачу. Партия аларды катуу сыноодон өткөрүп, андан соң бир талапкерди көрсөтчү. Бул жолдон биз өттүк. Азыр антип судьяларды эл тандаганы болбойт. Анткени так ошондо кызматты сатып алып, мыйзамсыз чечим чыгаруулар башталат. Экинчиден, депутаттардын сунушу боюнча азыркы үч тепкичтүү сот системасын эки тепкичтүү кылып, облустук соттордун апелляциялык сот катары акыркы чечимди чыгаруусу мыйзамсыздыкты жаратат. Азыр райондук соттордун чечимине нааразы тарап облустук сотко арызданат. Облустук сот райондук соттун чечими мыйзамсыз болсо бузат. А облустук соттун чечимине нааразы тарап Жогорку сотко кайрылат. Жогорку соттун соттук коллегиясы эки инстанциянын чечимдери мыйзамсыз болсо бузат же кайра кароого жөнөтөт. А Жогорку соттун соттук коллегиясы чыгарган чечимге нааразы тарап эч жакка арыздана албайт. Анткени бул инстанциянын токтому акыркы жана даттанууга жатпайт. Эң негизги түйүндүү маселе ушунда болуп жатат. Мурда Жогорку соттун соттук коллегиясынан да жогору болгон 9 судьядан турган Президиум бар болчу. Ал Жогорку соттун мыйзамсыз токтомдорун бузуп турган. Азыр Президиумду жоюп салышкан. Депутаттардын сунушу боюнча Жогорку сотту алып салуу туура эмес, тескерисинче Жогорку сотто Президиумду, Пленумду түзүү зарыл. Менимче, Президенттин сот реформасын жүргүзүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек дегени абдан туура. Анткени Башмыйзамдын 96-статьясында так ушул Жогорку соттун Президиуму көрсөтүлбөй калган. Ошондуктан 96-статьяга өзгөртүү киргизүү керек.
Сот реформасы тууралуу жакында өлкө Акыйкатчысы да олуттуу маселе көтөрдү. Ал шектүү же айыпкер адамдын баш коргоо чарасын чечүү маселесинде уюшкан коррупциялык схема бар экенин айтты. Анын "баш коргоо чарасынын 7 түрү бар, бирок соттор көбүнесе эң оор түрү болгон камакка алууну көп колдонушат. Байларды үй камагына бошотуп, бей-бечараларды камакка алышат. Камакка алынган соң соттор ишти өз убагында карабай айыпкерлер тергөө абагында айлап, жылдап отурушат" дегени туура. Анткени көп учурда адамдардын сот процессин күтүп абакта узакка отуруп калган учурлары көп. Бирок Акыйкатчынын соттор баш коргоо чарасынын жеңил түрлөрүн колдонушпайт дегени негизсиз. Анткени мыйзам боюнча тергөөчү баш коргоо чарасынын жеңил 5 түрүн айыпкерди сотко алып келбей туруп эле колдоно алат. А оор кылмышка шектүүнү жана чет элдик жарандын аты-жөнү тастыкталбагандыгына байланыштуу аны камап берүүнү өтүнүп сотко кайрылат. Эгер сот камакка албай койсо шектүү качып кетип элдин сотко болгон ишеними сууйт. Ошондуктан соттор тергөө аяктаганга чейин айыпкерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарат. Камакка алуу маселесин караган соттук процесске адвокат, прокурор, айыпкер катышат. Эгер райондук сот камакка албай койсо прокурор облустук сотко апелляциялык сунуш менен кайрылат. Мыйзам боюнча төргөөчү эки айда тергөөнү бүтүрүп, ишти сотко өткөрүүсү, а сот бир айда ишти кароосу керек. Ошондо айыпкер тергөө абагында жалпы үч айдан ашпаган мөөнөт гана отурууга тийиш. Бирок райондук соттор ишти облустук сотко убагында жиберишпейт. Кээ бир иштер боюнча тергөөчү эки айда тергөөнү бүтүрө албайт. Айрым иштер боюнча облустук сот жабырлануучунун, прокурордун өтүнүчү боюнча ишти кайра тергөөгө жөнөтөт. Мыйзам боюнча тергөөдөгү камактын мөөнөтүн прокурордун макулдугу менен бир жылга узартууга болот. Демек, айыпкердин тергөө абагында узак мөөнөттө отуруусуна тергөө мөөнөтүн эки айдан бир жылга чейин узартууга жана ишти кайра тергөөгө жол берген мыйзамдар себепкер. Эл аралык норманын талабына ылайык айыпкер тергөө абагында узак отурбашы керек. Ошон үчүн жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарыбызды эл аралык нормага ылайык келтирүү керек.
А учурда сот реформасы кризиске учурап аягына чыкпай калды. Мунун негизги себеби Сотторду тандоо кеңешинин курамы менен сот системасынын туура эмес түзүлүп калганы себепчи болду. Биз сот реформасын 1993-жыл баштап, өзүбүздүн шартты эске албай Россияга карап Конституциялык сотту, аскердик сотту, арбитраждык сотту түзүп алганбыз. Дал мына ушул жерден биз ээрге кыйшык отурганбыз. Бул боюнча кийин өзүнчө кеп кылабыз.

Аким АБДИЛАТОВ,
Кызыл-Кыя шаары










??.??