presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Агым

Үмүтү үзүлбөгөн Ленинград
"Адамдар өлүп жатат. Мен бүгүн көчөгө чыксам, алдымда бир адам араң кыймылдап баратыптыр. Ал буттарын араң шилтейт. Аны айланып өтүп атып жүзүнө үңүлсөм көкмөк тартып кетиптир. Эмнегедир башыма ошол саамда шордуу, жакында өлөт го деген бир ой келди. Анткени анын өңүндө өлүмдүн белгилери турган эле. Алдыга кеттим. Бир аз узап мойнумду артка бурсам баягы адам жол боюндагы жыгачка жөлөнүп көздөрү жумулуп кетти. Анан акырындап ылдый жыгылды. Качан мен ага жетип барганда өлүп калган экен. Адамдар ачкалыктан ушунчалык алсыз болуп, өлүмгө туруштук бере албай өлүп атат. Ал эми өлүп бараткан адамдарга айланасында араңжан баскандар маани беришпегендей. Өлүм кадимки катардагы эле көрүнүш сыңары. Ар бир адам ойлорунда эртең биз да ушинтип өлөбүз дегенсийт. Таңында үйдөн чыгарың менен көчөдө жаткан өлүктөргө туш келесиң. (1941-жылдын 15-ноябры. Ишемби. Е.А.Скрябинанын күндөлүгүнөн).

Көзгө урунган бардык көрдүйнө, жалтырак-жултурак, алтын-күмүш зер буюмдар түккө татыбай калган заманды Ленинграддын тургундары Улуу Ата мекендик согуш учурунда баштан кечиришти. Ошол мезгилде адам баласынын оюнан күнү-түнү нан деген ыйык сөз чыкпады. Калың журт түккө татыбай калган көз жоосун алган кооз эмеректерин кышкы суукта отун кылып жагышты. Күн түнгө айланды. Айланада алсыз кыймылдаган адамдар каректеринен нуру өчүп баратып "үстүңдө кийимиң бүтүн, алдыңда ашың белен болсо, мындан өткөн бакыт барбы?" деп оор улутунушту. 872 күндүк ошол алаамат адамдардын аң-сезимин селт эттирген согуш учурундагы эң кайгылуу окуялардын бирине айланды. Азыркы арааны ачылып, ачкөздүк деген илдет менен жабыркашкан адамдар тарыхтын апааттуу барактарын эзели эстеринен чыгарбоого тийиш.
* * *
1940-жылдын 18-декабрында ааламга ээлик кылам деген Адольф Гитлер "Барбаросса" операциясын иштеп чыгып, №21 аскер директивасына кол койду. "Барбаросса" операциясында 3 миллиондон ашуун калкы бар Ленинград шаарын жер менен жексен кылуу каралган. Ленинградды ээлеп алсак 333 ири өндүрүш мекемеси менен машина куруу заводдорун алып, бир катар зор байлыктарга ээ болобуз деди. Ленинграддын завод-фабрикаларында ал кезде 565 миң адам эмгектенип, 130 илимий-изилдөө институттарында инженер ойлоп табуучулар бүтүндөй союздук өлкөлөрдү курал-жарак жана согуштук техникалар менен жабдып аткан убак эле. Эгер Ленинград шаарын багынтып алсам Балтика аскер-деңиз флотун күмжам кылып дүйнөдөгү эң ири соода портуна айлантам, алгач шаарды шакекче сыңары курчоого алып, тегерек-четтерин эч ким кирип-чыга албагыдай электр зымдары менен тартабыз. Кокус кимдир бирөө чыгууга аракет жасаса, окту мөндүрдөй жаадырууга туура келет. Мына ошондо андагы калк ачарчылыктан өзүнөн өзү өлөт деди фюрер.
Советтик бийлик Ленинграддагы аялдар менен балдарды шаардан аман алып чыгуу иштерин 29-июнда баштап 27-августта араң аяктады. Ленинграддан 488 миң 703 адам эвакуацияланды. Анын ичинен 219 миң 691 адам майда балдар эле. Бирок ортодо фашисттер темир жолду керектен чыгарып салышкандан кийин кайрадан Ленинградга 175 миң бала кайтып барууга аргасыз болушту. Ладога көлүнө тоңгон муз үстү менен экинчи эвакуация 1942-жылдын апрель айында өтүп, 659 миң киши четке чыгарылды. Үчүнчү эвакуация ошол эле 1942-жылдын майынан октябрь айына чейинки аралыктарда жүрүп, 403 миң адам куткарылды. Жалпы жонунан Ленинграддагы блокадада 1 миллион 500 миң адам башка аймактарга жөнөтүлдү.
Гитлердик баскынчылар 1941-жылдын 8-сентябрында шаарды курчоого алды. Бейпил турмуш кечирген элдин турак жайларынын көбү бомбаланып атты. Шаарды баскынчылардан коргоо үчүн 10 миңдей советтик адам кара жумушка салынып окоптор казылды. Бетме-бет келишкен немистик аскерлерди кара жумушчулар колдорунда болгон бирин-серин мылтык, лом, балта, бычак менен каршы алышып танкалардын алдында тепсендиде калды. Тарыхчылардын айтымында, шаарды коргоого алган алгачкы кармашта 135 миң 400 жумушчу окко учкан. Ленинграддан оолак качып өз жанын аман сактагандарды "келемиш" деп жек көрүп, өз шаарын баскынчылардан коргоо үчүн бири-бирине шерт беришти. Ошентип курчоодо калган элдин башына анык алаамат келди. Ачарчылык, оору-сыркоо, шаарды бомбалардан тазалоо, фашисттик баскынчыларга кашык каны калгыча туруштук берүү - алардын эң башкы милдетине айланды.
Курчоодо калган шаардыктарда азык-түлүк запастары азайды. Москвадан келе турган жардам да кечигип жатты. Күнүнө 250 граммдык нандын кесимин талон менен алышкан эл арып-ачты. Азык-түлүгү жетишсиз ачка отурган адамдарга кышкы суук да өчөштү. 1942-жылдын январь-февраль айларында шаарда 100 миңдей адам ачкалыктан о дүйнөгө аттанды. 30 градуска жеткен суукта үйлөргө жылуулук менен суу берилбей калды. 1941-жылдын декабрь айында 26 адам ач болгонунан адам этин жегендиги үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Ачка калгандан адам этин жеген мындай тирукмуш көрүнүш 1942-жылдын январында - 356, февралында - 612 окуя деп катталды. Шаар ичиндеги алааматта калган Елена Скрябина 1941-жылдын 8-октябрында күндөлүгүнө "адамдар айбанга айланып баратат. Абдан жоош, токтоо жана сулуу делген Ирина Левицкаяны ар дайым ардактаган күйөөсүн сабайт дегенди ким ойлоптур? Эмне үчүн ал күйөөсүн сабайт? Анткени күйөөсү ар убак тамак сурай берет экен. Опкок деп күнөөлөп атыптыр. Айтор, курчоодогулар ачарчылыктан аргасыз таптакыр башка адамдарга айланды" деп жазган. 1941-жылдын 20-ноябрында кара жумуш менен иштегендерге 250 грамм, кызматкерлер жана балдар үчүн 125 грамм нанга талондор таратылды.
Жылуулук менен суу берилбеген көп кабаттуу үйлөрдө кышкы ызгаарга жана ачкалыкка чыдай албаган эл кымбат баалуу эмеректери менен китептерин өрттөп жылынышты. Абанын температурасы минус 40 градуска жетти. Көчөлөрдө ачкадан тоңуп өлгөндөрдү жакындары чана менен араң сүйрөгөн көрүнүш адатка айланды. Үрөй учурган жагдайларга туш келгенине карабай шаардыктар согушта мекенге кызмат кылабыз деп заводдордо тынымы жок иштеп, 57 миң 817 снаряд жана миналарды, 161 миң 300 граната, 84 миң 200 жардыруучу заттарды даярдап фронтко жөнөтүп атышты. Курчоодо калган элдин демине дем кошобуз деген чыгармачыл чөйрө да талыкпай иштеди. Акындар элдин көкүрөгүн жаркытып мекен тууралуу ырларды жазса, артисттер Балтика аскер-деңиз флоту менен Ленинградды коргогон эр жүрөк жоокерлерге согуш убагында 24 миң концерт коюп, 600 спектаклди тартуулашты. Жазуучулардын чыгармаларында жеңиш сөзсүз биз тарапта болот деген ишеним турду. Айланада адамдардын өлүктөрү тоодой үйүлүп четинен кырылып атса да келечектен үмүттөрү үзүлбөдү. Майда балдар да каармандыкты көрсөтүп шаарды тазалоо иштерине аралашты. 1941-жылы декабрь айында мектептерде окуу токтотулсун дегенине карабай, Ленинграддагы 39 мектепте сабактар өтүлө берди. Окуучулар тыныгуу учурунда мурдагыдай ызы-чуу салбай заматта улгайган адам сыңары токтоо тартып кетишти. Окуучулар чана менен мектепке суу ташып, урандыларды тазалашты. Сөөк сыздаткан катуу суукта балдардын алсыз колдору үшүгөнүнөн көгөрүп калем кармаганга шайы келбеди. Сыя челектер тоңду. Ушул абалды №148 мектептин 7-классынын окуучусу "окуучулар меш жанында корголошот. Эшиктин жылчыктарынан кирген суук денебизге тарап барат. Мордон чыккан түтүндү катуу суук кайрадан класс ичине айдап кирип, көзүбүздөн жаш шорголойт. Окуганга жана жазганга мүмкүн эмес. Биз пальто, көлөч, колкап, баш кийимчен отурабыз" деп күндөлүгүнө жазды.
Шаар эли ачарчылыктан кырылып атса да театрларда, мектептерде жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулуп, белек-бечкек менен кошо күчтүү тамактар берилди. Бул балаты кечеси балдар үчүн күтүлбөгөн белек болду. Кайсы бир окуучу кыздын 1942-жылдын 6-январында жазган күндөлүгүндө "бүгүн балаты майрамы болду. Кандай гана керемет! Чынын айтайынбы, мен коюлуп жаткан пьесаны түк ойлогон жокмун. Акыл-эсимдин бардыгы качан түшкү тамак берилет дегенде. Түшкү тамак чынында эле укмуштай сонун болду. Бардык балдар кесме, шорпо, ботко, нанды жанталашып жеди. Бул балатыны эч унутпайм!" деп баяндалган.
Мектептерде берилген шорпо менен нанды окуучу балдар өздөрү жебей ата-энелерин ойлоп үйүнө ташышты. 1941-жылдын декабрь айында мектеп-интернатты аралап бараткан генерал М.Духанов "интернаттын кире беришиндеги эшиктин жанында тургам. Балдар үйлөрүнө барып ата-энелеринен кабар алганы жөнөп атышат. Тепкич ылдый он төрт жаштагы бир бала чуркап келатып кулап түштү. Колундагы идиши сынып, тамак-аш жерге төгүлдү.
- Тамакты кайда алпараттың эле? - дедим балага.
- Үйгө, апама! Апам ачкадан араң басат, - деди бала көзүнүн жашын колу менен аарчып. Ордумдан туруп башка балдар да үйүнө ата-энелерине тамак ташып жатабы деп сурасам, ооба дешти!" деп эскерген.
* * *
Курчап алган фашисттик баскынчылардын бир бурчун жарып кирүү советтик аскерлер үчүн кыйынга турду. 1943-жылы 12-январда Ленинград жана Волхов фронту Балтика флотунун көмөгү аркасында Ладога көлүнүн жээгинен сокку урду. Советтик аскерлер Ленинград ичине кире тургандай кыска жол жасалды. Акыры фашисттик баскынчылар менен айыгышкан кармаш жүрүп Волхов фронтунун 18-дивизиясы №5 Жумушчулар кыштагына өтүп кирди. 1943-жылдын аягында шаардыктарды блокададан куткаруу үчүн биртоп аракеттер көрүлдү. 1944-жылы 27-январда Ленинград, Волхов фронттору Кронштадт артиллериясы менен бирге Нева бойлой жайгашкан Ленинградды толук азаттыкка чыгарууга болгон күчүн жумшап, 18-немистик армиянын таш-талканын чыгарып шаарга кирди. Гитлердик баскынчылар артка чегинди. Ленинграддын аймактарындагы Пушкин, Гатчина, Чудово шаарларын душмандардан толук тазалоо менен Ленинград блокадасы алынды. Азаптуу эки жыл төрт айга созулган убакытта 632 миң адам ачтан өлүп, бомбалоодо курман болушса да тирүү калган калаа тургундары күжүрмөн эрдик менен өз шаарын баскынчылардан коргогонго жарашты.

Данияр ИСАНОВ











??.??