presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Агым
Санариптин саны көбөйдү
Кыргызстанда "Спорт" каналы ачылат

Замандын агымынан калбай мамлекеттин негизги каналы болгон КТРКнын алкагында "Музыка", "Баластан" сыяктуу кошумча каналдар иштеп жатканы көпчүлүккө белгилүү. Өнүккөн өлкөлөрдө ар тармакка арналган каналдар толтура. Мисалы, Россиянын РТР каналынын эле "Россия 24", "Культура", "Спорт 1", "Спорт 2", "Россия кино" деген сыяктуу толтура тармактык каналдары бар. Анткени учурда бүт дүйнө санариптик берүүлөргө өтө баштады жана ар тармакты өзүнчө канал кылып бөлгөнгө өтүшкөн. Өнүгүп жаткан Кыргызстан үчүн атайын спорт каналы ачылып жатканы чоң жаңылык.
Өткөн дем алыш күнү спортко кайдыгер карабагандар Улуттук олимпиада комитетинин жыйындар залына чогулушуп, кыргыздын биринчи санариптик спорт каналынын концепциясын талкуулашып, ар ким өз сунушун айтышты. Жыйынга УОКтун башчысы Мурат Саралинов, Мамлекеттик спорт жана дене тарбия агенттигинин башчысы Кадырбек Эргешов , КТРКнын башчысы Султан Жумагулов , белгилүү спортчулар, журналисттер жана федерациялардын жетекчилери катышты.
Жаңы ачыла турган каналдын негизги максаты - сергек жашоого үндөө менен дүйнөлүк жана жергиликтүү спорт жаңылыктарын кеңири көргөзүү. Жаңыдан кадам таштап жаткан каналдын программалар торчосунун 50 пайызын жергиликтүү берүүлөр жана дүйнөлүк таймаштарды түз алып берүү киргизилген. КТРК тарабынан даярдалган спорт программалары жергиликтүү федерациялар менен биргеликте тартылары да айтылды. Каналды социалдык пакетке киргизсе 17-июндан тартып 24 саат бою тынымсыз көрсөтүлө баштамакчы.
Жаңы кызматта жаңы долбоор баштап жаткан КТРКнын башчысы Султан Жумагулов төмөндөгүчө пикирин айтты:
- Бул спорт каналы аркылуу биринчиден, элди сергек жашоого үндөө, экинчиден, Кыргызстандын ар-намысын коргоп жүргөн спортчуларды коомчулукка таанытабыз, колдойбуз, жардам беребиз. Үчүнчүдөн, дүйнөлүк спорт жаңылыктарын, чоң-чоң мелдеш, турнирлерди кеңири коомчулукка көргөзөбүз. Биздин көрөрмандар кызыктуу каналга ээ болот деп ишенем.
Ал эми Мамлекеттик спорт жана дене тарбия агенттигинин башчысы Кадырбек Эргешов буга чейин биздин каналдар спорт темасына айла жок гана убакыт бөлүп келишкенин, спорт тууралуу баарынын артында анан кыска эле берип коюшарын ачык эле айтты. Телеканалдар үчүн спорт тармагын чагылдыруу - эң акыркы тема болгонуна нааразы болгонун жашырбады. Спорт каналынын ачылганы спортту өнүктүрүүгө көрүлгөн чоң кадам экенин баса белгилеп өттү. Бул канал көпчүлүктү сергек жашоо образына тартуучу күчкө ээ экенине басым жасады.
КТРК менен Мамлекеттик спорт агенттиги массалык спортту пропагандалоочу долбоорлорду биргеликте өткөрүшөрүн айтып, коомчулукту, федерацияларды, колунан иш келген мекенчил инсандарды КТРКнын спорт каналын колдоого чакырды.
Өкмөт буга чейин спорт каналды колдоп, азыноолак каражат берүүгө убада берген. Эске сала кетсек, Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактар санарип телеберүүгө 2015-жылдын 17-июнуна чейин өтүшү керек. Калган аймактар баскыч-баскыч боюнча жыл соңуна чейин санарипке өткөрүлөт.












??.??