presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Агым
"Шабдан баатыр" "Курманжан даткага" атаандаш болобу?
2016-жылы кыргыз эли кезектеги тарыхый тасмага күбө болот. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинде Шабдан баатыр тууралуу тарыхый көркөм тасманы тартуу иштери боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн. Мамлекеттин буюртмасы менен тарыхый тасманы тартуу жоопкерчилиги режиссер Эрнест Абдыжапаровго жүктөлдү.


Режиссердун айтымында, сценарий февраль айынын аягына чейин бүтүш керек. Сценарийди жазганга мамлекеттен 100 миң сом бөлүнүп, тартуу иштерине болжол менен 80 миллион сом бөлүнмөкчү. Тасма Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин чыгармасынын негизинде тартылат. Сценарийдин акыркы варианты тарыхчылардын таразасынан өткөндөн кийин март айында актерлорго кастинг жарыяланары маалым болду. Кино 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына даяр болот.
"Шабдан баатыр" тасмасы тууралуу айрым инсандарыбыздын ойлорун ортого салдык. Кыргыз киносундагы жаңы кадамды бири колдосо, экинчиси тарыхый тасмалардын атаандаштыгы катары кароодо.

Бексултан ЖАКИЕВ,
Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу:
"Курманжан датканын" деңгээлинен түшүшпөсө"
- Чыгарма деген ичте жаткан бала. Ал баланын кандай болорун алдын ала эч ким билбейт. "Курманжан даткага" атаандашып "Шабдан баатырды" тартып башташты деп өткөндө кеп кылып жатышат. Мен буга кошулбайм. Биз баатырларды өз ара бөлбөшүбүз керек. Баатырдын баары кыргыз элиники. Маселен, "Курманжан датка" өз максатына жеткен тасма болду. Кыргыз элинин биримдигин даңазалаган кино. Мен мындан кийинки тартыла турган кинолор "Курманжан датканын" деңгээлинен ылдый түшпөсө дээр элем.

Аскар Медетов,
КУУнун окутуучусу, филология илиминин кандидаты:
"Кыргызга күйгөн адамдар жазып, тартса болмок"
- "Шабдан баатыр" тасмасын тартууга жоопкерчиликтүү мамиле жасашса болот эле. Эртеңки күнү Атаке, Боромбай, Балбай баатырлар тууралуу тасма тартабыз дечүлөр четтен чыгышы мүмкүн. Мен бул тасманын тартылышын "Курманжан датка" киносуна атаандаш катары чыгып жаткандай баалайм. Анүстүнө баатырлар жөнүндө кино тартканда бир өңчөй ошол кездеги тарых камтылат. Тарых кайра-кайра тасмага кайталанып түшө берсе элдин кызыгуусу кетет. Сценарийин Каныбек Иманалиев жазып жатыптыр. Ал киши ыр жазып жүрөт, илимде жүрөт, китеп жазып жатат. Бирок кылган иштеринин майын чыгара жасаганына күбө боло элекмин. Баары чала жасалган. Шабдан баатыр XIX-XX кылымда жашап, дин тааныган адам болгон. Орус империясы баатырга дал ошол динди тутканы үчүн жаман көрүп каршы чыгып жатат. Ал эми Каныбек Иманалиев динден жийиркенген, динди тоотпогон адам. Өзүнө, табиятына жандүйнөсү карама-каршы келген адамдын тагдыры тууралуу кантип сценарий жазат? Ал эми режиссер Эрнест Абдыжапаров кыргыз элин, динди келекелеген тасмаларды тартып жүргөнүнө көпчүлүк күбө. "Шабдан баатыр" тасмасын тартып жаткандар жоопкерчиликтүү, олуттуу мамиле жасашса жакшы болмок. Режиссер да, сценарий жазгандар да жоопкерчиликти сезбей жатышат окшойт. Кыргыздын кан-жанына сиңген баатырлардын басып өткөн жолун чагылдырууда кыргызга күйгөн, жан тарткан режиссерлор керек. Мисалы, Замир Сооронбаев, Бекболот Айдаралиев сыяктуу таланттуу режиссерлорго ушул тасма тапшырылса болмок. Бирок алар мындай милдетти алышпайт. Анткени тарыхый тасманын жоопкерчилигин сезишет.

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ,
тарых илиминин кандидаты:
"Өткөндөгү ката кайталанбаса"
- Мен тарыхчы катары Санкт-Петербург, Москвадан Шабдан баатыр тууралуу биртоп маалымат чогулткам. Кыйын убакта элди даанышмандык менен башкара алган баатырыбыздын кылган иштери азыр өлкө башында отургандарга жакшы сабак болмок. Шабдан баатыр тууралуу тарыхта так, таасын айтылган маалыматтар арбын. Киножаратуучулар сценарийин жазууда тарыхчылар менен тыгыз иштешсе жакшы натыйжа бермек. Эгер тасмада тарых бурмаланып, Шабдан баатырдын кылган иштери ачык-айкын чагылдырылбаса, түндүк менен түштүктү кагылыштыруу коркунучу бар. Убагында "Курманжан датка" тартылаарда датка тууралуу биртоп маалыматты, тарых барактарында калган издерин айтып режиссерго сунуш киргизгенбиз. Бирок тарыхчылардын берген кеңеши ал тасмада эске алынган жок. Жыйынтыгында көркөм тасма болгон күндө деле тарых биртоп бурмаланды. Мен Каныбек Иманалиевдин сценарийин окуганым жок, бирок өткөндө кеткен катаны бул жолу режиссерлор кайталабайт деп ишенем.

"Курманжан датка" кайсы каракчылардын колуна түштү?
"Оскар" сыйлыгына талапкерлигин көрсөткөн "Курманжан датка" тарыхый киносу кыйын күнгө туш болду. 21-январь күнү аталган тасма социалдык тармактарга тарап кетип, кинонун жаратуучулары каракчыларга наалат айтып отурган кездери.
"Курманжан датка" тасмасы социалдык тармактарга жайылып кеткендигине режиссер Садык Шер-Нияз өздүк баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жасаган:
"Мамлекет жана кыргыз кинематографиясы үчүн өтө жагымсыз, орунсуз жана кейиштүү окуя. Муну мен ачыктан ачык уурулук деп эсептейм. Биз бул фильмди чет элге жайылтуу үчүн аябагандай зор каражат жумшадык. Анткени дүйнөлүк чоң дистрибуциялык компаниялар менен ондогон сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Мына эми биринчи жолу Кыргызстандын фильмин татыктуу сатууга болот деп ишенип калганбыз. "Айтышфильм" бул үчүн 10 млн. сомдон ашык каражат жумшап, тасманы эл таанып, чет элдик сатуулардан мамлекетибизге бери жагы 20 млн. сом түшөт деп үмүттөнүп жатканда каракчылар бизди ушинтип кашайтып отурушат. Эми ушул пираттар уурулуктан эмне табат түшүнбөйм. Кыргызстандын фильми чет элди тамшандырып, дагы дүйнө кыдырса андан баарыбыз утат элек да. Кыргыз кинематографиясы өнүгүп келе жатат, бул шексиз далил. Күндө кыргыз кинолору Голливуддун кинолоруна татыктуу туруштук берип жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Бирок пираттар менен күрөшпөсөк, анда кыргыз кинематографиясынын тамырына балта чабылып калышы мүмкүн!"
Ал эми тасманын продюсери Фархат Бекмамбетов биздин суроолорубузга төмөнкүдөй жооп берди.
- Бул атайын эле карасанатайлык менен жасалган иш. "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильминин уурулардын колуна түшкөн варианты түп нускадан айырмасы жок. Ал экрандан камерага тартылып алынган эмес. Сапаты жакшы. Интернетке жүктөгөндөн эч кандай пайда таппайт. Биз фильмди чет өлкөлөргө сатуу боюнча жарнамага 150 миң доллар каражат сарптаганбыз. Режиссер Садык Шер-Нияз үч айдан бери Америкада жүрүп, бир нече келишимдерди түзгөн эле. Тасманын интернет сайттарга жайылып кетиши ошол иштерди жокко чыгарды.
- Ошондо "Курманжан датка" эл аралык фестивалдарга катыша албай калабы?
- Катыша берет. Бирок айрым эл аралык фестивалдын уюштуруучулары интернеттен көргөн тасманын сапатына доо коюшу мүмкүн. Биз азыр пираттардын жайылтуусуна бөгөт койгонго аракет кылып жатабыз. Такыр эле колдон келбей калса, анда тасма телевидениеден жапырт элге көрсөтүлөт.
- "Айтышфильм" киного кеткен чыгымдын отчетун бергиси келбей, кинону өздөрү жайылтты деген имиштер да желдей тарап жатат…
- 70 миллиондун отчетун биз эмес "Кыргызфильм" берет. Биз буга чейин чыгым кандай жумшалганы тууралуу бир эмес, бир нече жолу эсеп-чотубузду бергенбиз. Мамлекет "Курманжан датканы" тартып жатканда коммерциялык негизде тарткыла, тасма өзүн өзү акташ керек деген максат койгон эмес. Мамлекеттин, кыргыз элинин биримдигин даңазалаган, улуттун баалуулугун сактаган кино болсун деген буйрук берген.
P.S.Чет элдик абройлуу сынактарга катышып, кыргыздын жүзүн таанытып жаткан тасманын тагдырына балта чабууга кимдер кызыкдар болгону азыркыга чейин такталбай келет. Такталган күндө деле бирөөнүн эмгегин уурдаган пираттарга акчалай гана айып салынары маалым. Буга чейин "Курманжан датка" киносу ондогон чет элдик кинофестивалдарга катышты, дүйнө кыдырып кыргызды таанытты. Андан да маанилүүсү, жер шарындагы эң абройлуу, кадыр-барктуу "Оскар" киносыйлыгына талапкер катары катышты. Буга чейин кайсы кыргыз киносу ушундай ийгиликке жетишти эле? Демек, бул кадамы менен пираттар эбегейсиз эмгек жумшаган чыгармачыл топтун төрт жылдык мээнетин текке кетире албайт десек болот.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА










??.??