presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Агым
Ойго келбеген сунуштар
Жогорку Кеңештеги
"бала бакча"
- Кимде кандай сунуштар бар?
- Алтын балык кармап алып ага бардык каалоолорубузду аткартпайлыбы?
- Камчаткадан бука алып келип багып сатпайлыбы?
- 500 гектар жерге апийим эгип, сырт жакка экспорттобойлубу?
- Урматтуу министрлер, кыргыз экономикасын көтөрүү боюнча кимде дагы реалдуу сунуштар бар? - деген анекдот сыяктуу биздин чиновниктер кээде ойго келбеген, кээде күлкүңдү келтире турган, кээде ыйлатып ийе турган сунуштарды сунуп туруп калышат. Ошол учурда алардын жогорку билим алганына эмес, мектепте окуганына шектенип кетесиң. Чоңдор деле жинди эмес. Алар өлкөдө бир нерсени оңдош керектигин, өзгөртүш керектигин билишет. Бирок эмнени өзгөртүш керектигин билбегени таң калтырат. Бул ирет биз кызматтагы адамдардын адаттан тыш сунуштарын тизмектеп өтүүнү туура көрдүк.

Өкмөт башчынын өзгөчө сунушу
Бул макаланы жазууга кечээ күнү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин сунушу да түрткү болду. Ал айтат, мындан кийин балдарды зордуктаган педофилдердин сүрөттөрүн Ала-Тоо аянтына илели дейт. Элестетиңиз, аянтта баратсаңыз эле 7-апрелдин баатырлары, Манастын эстелиги анан эле кылмышкерлердин сүрөттөрү 5-6 метрлик плакатта илинип турганын. Бул ушундай жаза имиш. Алардын сүрөтүн эмес, өздөрүн асыш керектигин коомчулук айтып жатса деле премьер-министр ушундай сунуш айтты.

Жарыябы же жарнамабы?
"Жарнама жөнүндөгү" мыйзамды карап жатышып биздин депутаттар "жарнама" деген сөздү "жарыя" деген сөзгө алмаштырабыз деп биртопко талашышкан. А бирок ошол сөз мыйзамда алмашып калганда жарнамалык материалдардын маңызы, мааниси, таасири кандай өзгөрөрүн эч ким түшүндүргөн эмес.

Соодагер Сарпашев
Вице-премьер-министр деле шефинен кем калган эмес. Ал буга чейин өкмөттүн жыйынында Тышкы иштер министрлигинде лизинг системасын өнүктүрүү максатында соода-сатык тармагын кошуп туруп, Тышкы иштер жана соода-сатык министрлиги кылып өзгөртпөйлүбү деп сунуштаган. Муну менен Сарпашев ички соода алакаларын кайда катарын түшүндүрүп берген эмес.

Эл ордо
Депутат Малик Осмоновдун демилгеси менен Ак үйдү "Эл ордо" деп өзгөртпөйлүбү деген маселе көтөрүлдү. Мындай өзгөртүү мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, элдин маданиятын, каада-салтын жайылтууга, алга жылууга түрткү бермек экен.

Аскерлердин санын көбөйтөлү
"Ата журт" фракциясынын депутаты Ажибай Калмаматов парламент жыйынында эмне сунуш айтарын таппай калып эле айтып салдыбы же мурунтан ойлонуп келгенби, айтор, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын кайтаруу жана конвоирлөө аскери деп сунуш киргизген. Муну уккан генерал Шейшенбек Байзаков бул тармакта көп жыл иштеген адис катары анын атын өзгөрткөндө эч нерсе өзгөрбөйт. Тескерисинче, документтерди, жазууларды өзгөртүп чыгуу үчүн толтура каражат кетет деп каршы пикирин билдирген.
Ажибай мырза жалгызсырап калбасын дедиби, айтор экс-кесиптеши Абдрахман Маматалиев да пайдасы тийбеген сунуш киргизген. Ал Жол кайгуул кызматын (ДПС) кайра ГАИ деп өзгөртөлү, эл көнүп калган ГАИ турат деген пикирин айткан. Чынында эле бул тармак ГАИ, ГУБДД, ДПС болуп канча өзгөрсө деле баягы курсагын чандайткан инспекторлор ошол алган акчасын алып эле машина аңдып жол боюнда турганы турган. Же кырсык азайган жок, же казына көбөйгөн жок. Аталыштарды кайра өзгөртүү толтура чыгым алып келери айтпаса да түшүнүктүү.

Кеме туура эмес аталган дейт
Көп сүйлөбөй отурган балык депутаттардын катарын толуктаган Гүлнара Жамгырчиева Балыкчы шаарынын атын канча ирет өзгөртсө да өнүгүп-өспөй койду дейт. Ошол себептен 20-кылымдын Гомери болгон Саякбай Каралаевдин атын берели дейт. Депутаттын ою боюнча, Саякбай Каралаев шаары деп аталып калса эле жылыш болуп кетет экен. Жөн гана ушул ат менен калтырып, жумуш орундарын түзүп, өндүрүштү жандандырса жылыш болорун бирөө-жарым айткан эмес окшойт.

Заманбап аксакал
"Ата журттун" аксакалы деле өзгөчө сунуш жагынан рейтингден калып калган жок. Ал СССРдин кишиси болсо да заманбап сунуш айтты. Мыктыбек Абдылдаевдин пикири боюнча, депутаттардын көбү сессияга келбегендиктен жыйындарга скайп аркылуу деле катышса боло турган кылбайлыбы деп чыккан. Көпчүлүк депутаттар Мыктыбек Юсуповичтей "продвинутый" болбогондуктан, Skype деген эмне деген бойдон ал сунушту укмаксан болуп коюшкан. Чынында эле СМС жаза албаган депутаттар кайдан скайп колдонмок эле.

Куралчан эл
Чек арадагы ызы-чууларды талкуулап жаткан кезде бир депутат ошол жакта жашаган элге курал таркатпайлыбы, ошолор кайтарсын деп балп эткен. Аны уккан чек арачылар анда эл аралык согуш чыгып кетет деп араң токтотушкан. Бул өтө "өзгөчө" демилге экенин ошол мезгилде Россиянын белгилүү маалымат каражаттары да жазып чыккан эле.

Бензин жок
Жылдызкан Жолдошева да быйыл жылдагыдай эле өзгөчө сунуштары менен эсте калды. Алардын арасында май куюучу станцияларды шаардан алыс жакка курбасак, аба бузулуп зыяны көп тийип жатканын айткан. Бул демилгени көпчүлүк депутаттар колдоп ийе жаздап, арасынан акылдуураагы чыгып, элестеткиле, 5 литр бензин куйгусу келген карапайым адам шаардын сыртына 10 литр бензин коротуп барып куюп келмек беле, бензиндин зыяны ошол машиналардан күйүп чыкканда тиет, а май куюучу жайлардан алардын жыты чыкпайт деп араң токтотуп калышкан.

Кыргыздар көбөймөк
Айнуру Алтыбаеванын сунушу элге аябай жаккан. "Ар-намыстын" депутаты ар бир жаңы төрөлгөн төртүнчү баладан баштап мамлекет 300 миң сомдон сүйүнчү пул берип турушубуз керек деди. Депутат айым демографиялык кризиске кабылган Россияны туурагысы келгендир. Бирок чөнтөгүн какса коко тыйын түшпөгөн Кыргызстан үчүн ал акчалар кайдан алынарын Айнуру айым жакшы түшүндүрүп бербеди. Болбосо жеңелерибиз эчкидей болуп эгизден сегизди төрөп эле байып жатып калышмак дечи, эч ким иштебей. Бул сунушту мамлекет байыганда кайра көтөрөлү деп көмүскөгө сактап коюшту.

Президент мейманканага көчсүн!
"Ата журт" партиясынын акылдуу депутаты Улукбек Кочкоров Президентти эмнеге мынча жаман көрөрүн ким билсин, айтор, мамлекет башчысын аппарат-сапараты менен кошо бош жаткан "Ысык-Көл" мейманканасына көчүрүп ийели. Ошол жакта отура берсин. Ак үйгө эл ээн-эркин кирип-чыксын деп ийген. Чамамда Атамбаевге бул сунуш катуу тийген окшойт, ал жөнүндө башка сөз эч жерде козголбой калды.

Сабаш керек
Дастан Бекешов болсо денени жазалоо институтун киргизүү сунушун айтып чыккан. Анын пикири боюнча, түрмөлөрдү толтуруп алып кылмышкерлерди бага бербей, жеңил-желпи кылмыштарды камчы менен сабап жазалаш керек экендигин айткан.

Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ





Илимпоз чубаган ой
Жалалидин ЖЭЭНБАЙ:
"Мамлекеттик эрк болбосо, "реформа" дегенди жайына койгон оң"
(Башы 8-бетте)

Мен мектепти бүтүп, Лейлектен Фрунзеге келгенде нарындык абитуриенттер менен таанышып калдым. Ошондо биринчи жолу түштүктүк катары мени жектешкендигин өз жонтеримен сездим. Өзүм кыргыз болуп туруп, улутташтарымдын мындай жат мамилесине абдан таң калгам. Кийинчерээк ошого окшош мамилелерди башка түндүк жаштарынан да байкай баштадым. Ошондо мен аларга карата бирдеңкени туура эмес кылып атат окшойм же кандайдыр бир жаңылыштык болсо керек деп бушайман болчумун. Бир учурда аны агама айтсам, "капа болбо, мындай нерселер жаштардын ортосунда боло берет, бир жылдын ичинде аралашып, дос болуп кетесиңер" деп койду. Чынында кийин ошондой эле болду. Бара-бара курсташтардын кимиси каерден экенине көңүл деле бурбай калдык. Беш жыл студенттик убакта бирге жүргөндөн кийин жердештик сезимдер калып, курсташтардын арасында бири-бирибизди сыйлап, ким кайсы региондон экендиги эч кандай роль ойнобой калды.
Окууну бүтүп, Баткен айылына келип иштеп калдым. Ошол кездерде Лейлектен айырмаланып, Баткен районунда башка региондордон келип иштегендер көп экен. Ошондо түштүктүктөрдүн да аркалыктарды жактырбаганын байкай баштадым, көрсө муну мурда билбечү экемин. Эгерде түндүктүк кыргыздар көп санда түштүккө көчүп барышса, бир кыйласы ал региондогу улутташтарынын арасынан деле жагымсыз мамилени көп эле көрмөк деп ойлойм. Ал убакка чейин Өзбекстанда да кыйла жашап калгам, анткени атамдын теги Жызактын Бахмалынан эле. Мырза-Чөлгө түшкөн туугандарынын жанына көчүп барып жашап калышкан. Түпкү эли казактар болгон ал региондо да ал кезде бардык улуттар аралаш жашап, бир-бири менен байма-бай катташчу. Мен ошондон тарта бул маселеге илимий түшүндүрмө издегенди жакшы көрчүмүн. Мындан мен эч кандай жамандык кылбаган болсом деле өзүмдү кандайдыр бир күнөөлүү сезем.
Арийне, элде "көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" дейт. Бул улутка да колдонсо боло турган чындык. Кыргыз элинин көп жашаганы башка элдердин алдында эч кандай артыкчылыкка ээ эмес. Тескерисинче, баскан-турганыбызды көп жагынан бааласак, башка элдерден кыйла артта калганыбызды дапдаана көрөбүз. Мунун мисалы, бизде көпчүлүк адамдар орто кылымдардын баалуулуктары саналган жашоонун уруулук-жердештик стилин колдонууда өздөрүн комфорттуу сезет. Себеби, ошол деңгээл өтө көп адамдар үчүн табигый абал. Кеп илим-билимден эле эмес, эң негизгиси жана эң жаманы - турмуштук тажрыйбадан артта калганыбыз. Биздин коомдун арасында ушуга чейин деле орто кылымдардагы баалуулуктарды комфорт сезгендер көп. Бул өтө өкүнүчтүү.
Олжобай ШАКИР











??.??