"Агым", 23.01.15 Жик
Европа ылгабай жашагыла дейт

Учурда Жогорку Кеңеште ЛГБТ түзүмүнө киргендерди пропагандалоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору кароодо жатат. Былтыркы жылдан бери талкуулана баштаган бул мыйзам долбоорго ушу тапта сырттан кысым жасагандар көбөйдү.
15-январда Страсбургда Европарламент Кыргызстан менен сүйлөшпөй туруп эле жогоруда аталган мыйзам долбоорун өздөрүнчө талкуулап, бизге эгер мындай мыйзамды кабыл алсаңар демократияны сактаган Европа өлкөлөрүнө өнөктөш боло албайсыңар дегендей муштум кезешти. Европарламент өз резолюциясында "бул долбоорду артка чакырып алууну Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү жана күчөтүүдөгү 15 маселенин негизгиси катары көрөөрүн" билдирди.
19-январда болсо Женевада вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев баштаган делегация адам укуктарын коргоо боюнча экинчи улуттук докладды жасады. Докладда 2010-жылдан берки Кыргызстандагы түрдүү тармактардагы адам укуктарын коргоонун абалы чагылдырылган. Адам укуктары боюнча бардык тармактардын докладын уккан соң, баягы эле ЛГБТ боюнча мыйзам долбоорун көтөрүп чыгышып, бул эмне кылганыңар деп жекиришти.
Европа чиновниктеринин мындай кысымына кыргыз парламенти туруштук бере алабы-жокпу, кеп ушунда. Адатта жогорудагыдай жемелер куру сөз эмес финансылык ири каражатты бөлүү же бөлбөй жоюу менен коштолот. Жакында эле Евросоюз Кыргызстанга 30 млн. евронун жарымын кредит, жарымын грант түрүндө бергени жаткан. Жогорудагыдай маселеден кийин бул каражат берилер-берилбеси суроо жаратат.
Мындан сырткары Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын көп алым катышы бар. Ушулар, мындан башка саясый рычагдар аркылуу да басым жасала берет. Эми коомчулук колдоп, кыргыз элинин салттуу үй-бүлөлүк жашоосун коргогон мыйзамды кабыл алууда бийлик канчалык көз каранды эмес саясат жүргүзөрүн жакында көрөбүз.





Ыңырчак
Өкмөттү карабай өзүңөр жан баккыла

Апта ичинде өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Тайырбек Сарпашев жана өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев жарыша чыгып, өткөн жылды кандай жыйынтыкташканын, быйылкы жылда кандай иштерди аткара турушкандыктарын айтып беришти.
Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин айтымында, "Centerra" менен сүйлөшүү акыркы стадияда жүрүп жатат. 26-январда аталган компания өкүлдөрү Кыргызстанга келишет. Сүйлөшүүнүн мындай узакка созулган себеби - "Centerra" 2003-05 жана 2009-жылдардагы макулдашуулардагы статьяларды калтырууга катуу аракет кылып жатышат. Кыргыз өкмөтү булар менен макул эмес, анткени азыр шарт да, мыйзамдар да башка. Ошол эле учурда "Кумтөр голд компаниянын" президенти Майкл Фишерди Дениел Дежарден алмаштырганы маалым болду. Сүйлөшүүлөрдүн чечүүчү этабына келгенде "Centerra" жетекчилерди алмаштырып атайын маневр жасап жатабы же Фишердин чын эле мөөнөтү бүтүп кеттиби, аз убакытта белгилүү болот.
Февраль айында Жерүй кени конкурска коюлары маалым болду. Анын артында кандай чуулар бар экени аны ала турган инвесторго алдын ала айтылат экен. Ал эми Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсү боюнча, былтыр эле ишке кирмекчи болуп, бирок кирбей калган Талдыбулак сол жээк, Бозымчак кендери биринчи кварталда толук ишке киришет.
2013-жылы өлкө экономикасындагы өсүш 10,5% болсо, өткөн жылы өсүш 3,6% гана болгон. Өкмөттүн быйылкы жылы чоң үмүт арткан объекттери - энергетика жана транспорт системасында эл аралык келишимдер аркылуу ишке аша турган долбоорлор. Ошондой эле Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кирип жаткан шартта өкмөт кыргыз-орус өнүгүү фондуна келе турган каражаттар аркылуу экономиканы эптеп кармап турууга үмүт кылат.
Былтыр жыл аягында башталган сомдун курсунун төмөндөп кетүүсү, анын рубль-доллар катышынан көз карандылыгы, андыктан инфляция да жогору болоруна, сырттан акча салып турчу мигранттардын каражаты быйыл кескин түрдө азаярына кыргыз өкмөтү эч кандай чара да көрө албайт, анте турган дарамети да жок. Эгер өкмөт ушундай темпте иштеп отурса өсүшкө жетпей экономиканын өңүрү такыр айрылышы мүмкүн. Айтор, өгүз өлбө, араба сынба абал.





Өздөн чыккан жат
Бүгүнкү чек арачы ким?

Акыркы убактарды Кыргызстандын чек араларын кайтарган жоокерлер өз милдеттерин унутуп, жалаң кылмыш кылуу менен гана алектенип калгандай таасир калтырат. Буга биз төмөндө келтире турган окуялар күбө.
Лейлек районундагы "Айкөл" чек ара тозотунда жок жерден бир офицер өлүп, экөө жаракат алышкан. Себебин айтышса кудум кинодогудай. Көрсө чек ара кайтарган бир мадырабаш (жоокер дегенге ооз барбайт) досторуна бир эрдик жасап баатыр болом деп мактанып анысы үчүн чоң акча, машинеге мелдеше кеткен имиш. Аны ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу учурду пайдаланып сыртка чыгып кетип, ашканада бейкапар отурган эки офицерди атып, өзү чек арага кол салуу болду деп ызы-чуу салып кайра өзүн бутка аткан экен. (Менден көрбөсүн деп маскировка кылганы го). Ок жеген офицердин бири өлүп, экинчиси катуу жарадар, тиги мадырабаш да жаракат алган. Ал мадырабаш аскерге кызмат өтөөгө жараксыз болгондугу, медициналык документи жасалма экени маалым болду.
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан Чек ара кызматынын башкармалыгында кызмат өтөгөн дагы бир лейтенант офицерге татыксыз жосун жасап отурат. Ал жалгыз бойлуу эненин алмончоктой кызын коркутуп жатаканасына алып барып зордуктап салган. Болору болуп, боесу кангандан кийин кыз энеси экөөлөп арыз жазышып, тиги зордукчу ушу тапта СИЗОго камалды. Лейтенант сөрөйдүн ата-эне, ага-туугандары экөө эми үйлөнсүн деп бечара энени бура бастырбай өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жатышат. Кыз ооруканада, психикалык абалы жакшы эмес. Кокус өзүнө кол салып өлүп калса эмне болот?
Акыркысы, жакында Ала-Бука районундагы "Көк-Серек" чек ара тозотунан үч өзбек мергенчилери чек араны бузуп биздин аймакка кирип келишкен. Биздин чек арачылар токтотуп, куралдарын таштатууга аракет кылышса тигилер тоготуп да койгон эмес. Чек арачылар ошондо ок чыгарышса, тигилердин бирөөнө ок тийген. Аңгыча өзбек чек арачылар келип калып жарадар болгон немени алып кетишкен. Жарадар болсо биз тараптан деле медициналык жардам көрсөтүп андан кийин бул окуяны мамлекеттик чек араны бузгандык катары карап, өзбек тарап менен бул окуяны чек ара бүтүндүгүн сактоодо аргумент катары колдонсо, чек арачыларды азамат деп калмакпыз.
Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев форма кийип жүргөнүнө эле ыраазы болуп жүрө бербей, чек арачылардын моралдык түспөлүнө, адамдык аң-сезимин көтөрүүгө да көңүл бурса болмок. Кудайга шүгүр, өлкө чек арачыларга жакшы эле көңүл буруп, материалдык жактан камсыздап келатат. Жогорудагы окуялардан улам бүгүнкү чек арачы ким десе, психикасы туруктуу эмес зордукчу дейбизби? Курсак ток, форма бүтүн, бирок аң-сезимди өстүрүп, мекен, чек ара тууралуу чек арачыларды олуттуу окутуу керек го. Балким совет доорундагы армиядагы саясый окуулар азыр керек болуп жүрбөсүн?





сай+сат
Салянова бийлик курмандыгы
Жаңы эле кызматтан кеткен Башкы прокурор Аида Салянованын ордуна ким келет деген суроо коомчулукта кызуу талкууда. Салянованын кеткенин айрымдар сооп гана болду ушуну көрмөксүң деп табалап жатышса, көпчүлүк ал кетпесин, Президент аны алып калсын деп талап коюп, бир бөлүгү митингге да чыгып жиберишти. Башкы прокурор кызматынан кетпесин деген митинг Кыргызстандын тарыхында боло элек эле.


Аида айым кетээрин кетти, эми анын артыкчылыктары менен кемчиликтерин таразалаганга аракет кылып көрөлү. Ал Башкы прокурор болуп үч жарым жылга жакын иштептир. Азыркы шарттан алганда өз дарамети, билими басып өткөн кызмат тепкичтери боюнча бул кызматка туура эле тандалган. Салянова Башкы прокурор болуп турганда баш-аягы жыйырмадай жалаң Жогорку Кеңештин депутаты, министр, агенттик жетекчиси, шаар мэри, министр орунбасары деңгээлиндеги чиновниктерге ар кандай коррупциялык кылмыш иштери козголгон. Коомчулук ушуларды көрүп туруп, чын эле коррупция менен күрөшүп жатат деп ага зор ишеним арткан. Анткени ага чейин Башкы прокурор болгон эркектердин бири да мындай иштерге дааган эмес. Президент Алмазбек Атамбаев да коррупция менен күрөш келишпестик менен жүрөөрүн кайда болбосун айтып дайыма аны колдоорун көрсөтүп келген. Жогорку Кеңештин 120 депутатынын басым-кысымына туруштук берип, биртопторун сестентип да келген. Аида айымдын дагы бир артыкчылыгы, өзү ишенген же ага берилген адамдарды эч нерсеге карабай коргой алганында эле.
Кемчилиги - коррупция менен болгон күрөш жалаң бийлик оппоненттерине карата жүрүп, кокус колго илинип калган бийлик өкүлдөрү эмнегедир жумшак жазага кабылганында эле. Ушу тапта Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Мелис Мырзакматов, Нурлан Сулайманов, Исхак Пирматов, Урмат Аманбаева деген урматтуулар биртоп жеңил дем алып калышса керек.
Аида Салянова эми кайсы кызматка барса да айтыла турган аргумент - Азиз Батукаевдин анын тушунда бошоп кетиши. Ал Батукаевдин бошоп кетүүсүнөн эч кандай мыйзам бузуу көрбөй, тескерисинче, депутаттардын алдында коргоп турганы болду.
Балким Салянова муну өз эрки менен жасаган жок, аны жасатууга аргасыз кылгандарды калкалоо үчүн ушундай кадамга баргандыр…
Дагы бир жагдай, ишкер чөйрөдө Башкы прокуратура өз алдынча көз карандысыз иштей албайт, алар президенттик аппараттын, айрыкча аппарат жетекчисинин орунбасары Икрам Илмиянов ач деген ишти ачып, жап деген ишти жабышат деген көз караш бар. Бул боюнча убагында Бишкек эркин экономикалык аймагындагы акыйкатсыз иштер тууралуу "Жаңы Агым" жазган.
Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши козголгонуна байланыштуу гана кызматтан кетиши коомчулукка көрүнгөн гана себеп болушу мүмкүн. А чыныгы себеби мындан тереңде, таптакыр башкададыр… Балким ал бийликтегилердин өтүнүчүн аткара берип тажагандыр, азыр эми шайлоого аз калганда анын буга чейин жасаган ишине каршы келген ишти жасоого мажбур кылышкандыр. Аны аткарбай койгон соң күйөөсүнүн иши аркылуу кысым көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз кылышкандыр … Бизде баары болуусу мүмкүн.
Анткен менен Аида айым акыркы тандоосунда адам, аял катары үй-бүлөсүн биринчи орунга койгону туура болду.
Салянова го жерде калбайт, бир кызмат тургандыр. Кептин баары эми анын ордуна ким келет, ал баштаган иштер улантылабы же "маслокраддар" чекесинен акталып чыгып, коррупция менен биротоло достошобузбу?

"Жаңы Агым" - пресс