"Агым", 23.01.15 Жашоо шишиги жарылганда
Үч баланы батырган эне жүрөгү төртүнчүсүн неге батырбады?

Катуу токмоктолуп, зордукталды деген эки жаштагы Ибрагимдин тагдыры талкууга алынып, көпчүлүктүн зомбулук көрсөткөн адамга кыжыры кайнап турган кези. Баарынан да наристени жарыкчылыкка алып келип, бирок анын жоопкерчилигин мойнуна алгысы келбеген ата-эненин кайдыгер мамилеси беймаза кылып турган кез. Ибрагимге сексуалдык зомбулук көрсөтүлдү деген маалыматка экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин кантип ушундайга дити барсын деп ишенбегендер көп болду. Тилекке каршы, бул божомол да тастыкталды. Эне сүтү оозунан кургай элек наристени мынчалык кордогуча ата-энеси кайда жүрдү деген суроого дагы деле жооп таба албай башыбыз маң.
Наристенин ата-энеси тууралуу маалымат алуу үчүн Чүй облусунун Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Ажымаматова Роза Азизбековнага кайрылдык.

Ибрагимди төрөгөн энеси Идирисова Умиданын (аты-жөнү өзгөртүлдү) улуту уйгур, 1977-жылы туулган. Учурда Сокулук районунун Ак-Жол айылында турат. Биринчи никесинен үч баласы бар. Улуу кызы 1999-жылы, ортоңку уулу 2001-жылы, кичүү кызы 2006-жылы туулган. Биринчи күйөөсү ажырашып жатканда азыркы 100 чарчы метр аянтты ээлеген үйдү, короо-жайды жалгыз уулуна каттатып кеткен экен. Экинчи күйөөсү менен Умида (Ибрагимдин атасы) болгону сегиз ай гана жарандык никеде жашаган. Ажырашып жатканда Умиданын үч айлык боюнда калат. Дин жолунда жүргөн аял бойдон алдыруу күнөө деп, анүстүнө Назардын өтүнүчү менен төрөйм деген чечимге келет. Бала 2013-жылдын 8-январында төрөлүп, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү 24-январда Ленин райондук ЗАГСыдан алышкан. Умида ымыркайды 48 күн эмизип, "үч баламды араң багып жатам, баланы өзүң чоңойт, 16 жашка чыккандан кийин колуман келсе каралашам" деп Назарга карматат. Бүгүнкү күндө Умида Ак-Жол айылынан Бишкекке сүт ташып иштейт. Үч баласы тең борбордогу гимназиялардын биринде окушат. Жашоо шарты орто, астында унаасы, үстүндө үйү бар. Ибрагимди мындан ары колуна алуу ниети бар экенин да аталган бөлүмдүн кызматкерлерине билдирген.
Ибрагимдин атасы Назар 1973-жылы туулган. Умида менен ажырашкандан кийин Ясмина деген айымга баш кошуп Арча-Бешик жаңы конушунда жашап калышат. Ымыркайды чоңойтууда экинчи аялынын салымы бар экен. Биринчи аялы менен жети жыл жашап, балалуу болбой ажырашкан. Назар менен Ясмина биринчи жолу 2014-жылдын жай айында торолуп калган Ибрагимди өз энесине көрсөтүшкөн. Андан бери Умида уулунан кабар алган-албаганы белгисиз. 2014-жылдын октябрь айында Назар жарандык никеде жашаган Ясмина менен ажырашып, бир жарым жаштагы уулу менен кайрадан Сокулук районуна келет. Бир бөлмө батир таап баласы менен ошол жайда баш калкалап калат. Назардын Ясминадан бир жаш үч айлык кызы бар.
Ал эми Ибрагимди азыркы абалга жеткирди деп шектелип жаткан Жаныбек беш кыздын атасы. Кыздары 17, 16, 12, 7 жана кенжеси 5 жашта. Кыздарды суракка алуу учурунда "Ибрагимге силер дагы кол көтөрчү белеңер?" деген суроого кыздар "от жаккан көсөөгө тийбе, жаман сууну ичпе" деп анда-санда колго чапкандары болбосо катуу сабабагандарын билдиришти. Азыркы тапта ата-энеси камакта болгондуктан кыздарга баш-көз болуу милдетин Жаныбектин 1956-жылы туулган агасы алды. Анын төрт баласы, тогуз небереси бар. Агасы ошол эле Озерный айылында Жаныбектен бир-эки үй аралыкта жашайт.
Назар дааватка кеткендиктен бала жакын туугандарынын колунда калган. Өзүнүн баласын тыңдап карай албаган адамдын дааватына ким муктаж деп азыркы тапта Назарды жаман көргөндөр четтен чыгууда. Ушундан улам дааваттын эрежелери, дегеле кандай адам даават айта алат деген суроо менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына кайрылдык.





Сайпиев Билалидин ажы, даават бөлүмүнүн башчысы:
"Назар эки жашар уулу кырсыктаган кезде дааватта болгон эмес"
- Дааватка чыгуунун өз эрежелери болот эмеспи. Дегеле ага кандай адам чыгат?
- Даават деген сөз жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу. Кылган ишиң үчүн акы албай турган бир эле иш бар, ал - даават. Дааваттан саясый, материалдык пайда көздөбөйт. Негизги максат коомду агартуу. Кандай адам даават айтат? Үлгүлүү, такыба, сабырдуу адам. Даават айтуунун өз тартиби бар. Үй-бүлө биринчи орунда турат. Даават айта турган адам үй-бүлөсүн (динде махрам деп коет) нике жүрбөй турган туугандарына дайындап кетет. Алар атасы же жакын бир тууганы. Үйүнө май, чайын, отун-суусун дайындап туруп анан дааватка чыгат. Муну биздин бөлүм катуу көзөмөлгө алат. Мисалы, дааватка чыга турган адамдын үйү текшерилет. Эгер жогоруда санаган азык-түлүктөрү, дегеле үй-бүлөсү бир нерседен кем болуп туруп дааватка чыгып жатканы билинсе, ал адам артка кайтарылат. 40 күн дааватка чыга турган адамдын чөнтөгүндө 5000-6000 сом, ал эми төрт айга дааватка чыкса 12000 сом акчасы болуш керек. Андан да көп сумманы үй-бүлөсүнө таштоо абзел. Бул эрежелер толук аткарылбаса муфтият дааватка чыгууга уруксат бербейт. Мындан тышкары дааватка чыга турган адамдын карызы болбош керек.
- Баары эле ушул эрежени сактайбы?
- Сактайт. Дааватчылар үй-бүлө-сүн бакпайт деген сөздөр айтылып жатат. Мурда үй-бүлөнү каржылабай дааватка кетип калды деген арыздар бир күндө үчөө түшсө, акыркы он айдан бери үч эле арыз түштү. Мындан улам дааватка баруунун эрежеси бир жолго түштү десем болот.
- Менин кошунам жайдын саратанында дааватка кетип, аялы эки баласы менен ачка калып, кыйналганын өз көзүм менен көргөм...
- Сиздики деле туура. Бирок кээде үй ээси он миң сом калтырат, аны аялы сарамжалдуу пайдаланбай он мүнөттө сарптап салат да, дүкөнгө карызга жазылганга өтөт. Акчаны үнөмдүү пайдаланбагандыктан сырттан караган кишиге үй-бүлөсү ачка калгандай көрүнө берет.
- Эки жаштагы Ибрагимдин атасы тууралуу эмне айта аласыз?
- Дин башкармалыгы бул окуя боюнча жыйын өткөрүп, наристенин атасына жолуктук. Ясмина менен ажырашкандан кийин баласын бир тууган Ороз деген агасына алып барат. Бирок агасынын баланы караганга шарты болбогондуктан Жаныбек аттуу тууганына алып барыптыр. Аялы менен ажырашкандан кийин Назар ичкиликке бериле баштайт. Мечиттеги достору өзүңдү колго ал, дааватка чыгып ичкиликти таштап оңол деген сөзү анын дааватка чыгуусуна түрткү болгон экен. Бирок башында баланы дааватка чыгуу үчүн эмес, иштөө максатында калтырыптыр. Дааватка чыгуу идеясы кийин досторунун сөзүнөн улам келип жатат. 15-ноябрь күнү 40 күндүк дааватка Бишкектен Ысык-Көлдүн Түп районуна жөнөшөт. Бирок 19-ноябрь күнү чыдабай артка кайтып келген. Келсе баласы сагынып ыйлаптыр, бирок акыбалы жакшы эле экен. Ошондо Жаныбек "баланы бизге көндүрүү үчүн узак убакытка кетип, ишиңди кыла бер" дегенинен Раздольный айылында курулуш ишине орношот. Элүү күн өткөндөн кийин 11-январь күнү балаң эсинен танды деп туугандары телефон чалган. 19-ноябрдан 11-январга чейин элүү күн өткөн. Бул аралыкта Назар дааватта эмес, курулушта иштеп жүргөн. Көп жерде дааватка кеткен деп туура эмес маалымат тарап жатат. Дааватта жүргөн адам менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн эмес. Ал жакта чөнтөк телефон колдонулбайт. Назар дааватка чыкпаганы үчүн аны телефон аркылуу бат эле чакыртып алышты. Бул анын жакын жерде болгонуна далил. Окуяда дааваттын эч кандай тиешеси жок экенин баса белгилейм.
- Дин боюнча ата-эне ажырашканда кичинекей бала кимде калыш керек?
- Дин боюнча ала турган болсок, бала эс тартканга чейин 10-12 жашка чейин энеси карап берет. Андан кийин эне баланы окутканга алы келбейт. Чоңойгондон кийин ата балага каралашканы шариятта туура болот.
- Шариятта балага зомбулук көрсөткөн адамды кандай жаза күтөт?
- Мындай кордукту мусулман баласы көрсөтпөйт. Пайгамбарыбыз
"чыныгы мусулман тилинен да, колунан да бирөөгө зыян бербеген адам" деп айткан.
- Экспертиза зордуктаганын далилдебедиби?
- Бул жерде көп кишинин тагдыры байланып жатат. Зордук болгону же болбогону кылдат текшерилиши керек. Шариятта зулумчулук арам. Жаш балабы, орто жаштабы, карыбы, ага зулумдук көрсөтүүгө динде катуу тыюу салынат.
- Кылмышка шектүү делинген Жаныбек дагы дин жолунда экен. Сурайын дегеним, окуган намазы менен кылган иши карама-каршы келип жатканы кандай?
- Жаныбектин намаз окуганынан кабарым жок. Намазканадан сураштырсам ичпеген, чекпеген адам деп мүнөздөштү.
Жаш баланы карабаган ата-эненин жоопкерчилиги мыйзам жүзүндө кандай каралат деген суроого жеке юрист
Бектур Абдыкадыров жооп берди.
- КР Үй-бүлө кодексинин 66-беренесинин 2-пунктуна ылайык, ата-энелердин укуктары балдар он сегиз жашка толгондо (бойго жеткенде), ошондой эле жашы жетпеген балдар никеге турганда жана мыйзамда белгиленген дагы башка учурларда: бойго жеткенге чейин, бала толук аракетке жөндөмдүү болгондо токтотулат. Апасы баласынан 1,5 айлык кезинде баш тартканы үчүн административдик же кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн.
- Эгер баланын ден соолугу калыбына келсе, ата-энесинин колуна берилеби же алар ата-энелик укугунан ажыратылабы?
- Эгер алар өз каталарын моюндарына алып, тергөөгө жардам берсе мыйзамда жеңилдиктер бар. Үй-бүлө кодексинин 74-беренесинин 1-пунктуна ылайык, ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса ата-эне (алардын бири) ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн. Эгер ата-энеси жүрүм-турумун, жашоо ыңгайын же балага тарбия берүү мамилесин өзгөртүшсө, алардын (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн.
- Кылмышка шектүү деп жаткан Жаныбектин күнөөсү далилденсе кандай жаза каралган?
- Ал адамга азыр сот тарабынан күнөөлүү деп айып тагыла элек. Тергөөдө дагы жаңы жагдайлар ачылышы мүмкүн. Мыйзам боюнча ал азыр шектүү деп саналат. Эгер күнөөсү далилденсе өтө оор кылмыш иши деп табылат дагы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3/2 ылайык жыйырма жылга же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми кылмыш кылган адам кылган күнөөсүн мойнуна алса, тергөөгө жардам берсе, аялына жеңилдик болушу мүмкүн.
Ооба, кулагыбыз көп сөздү укту. Бирок адам уккан кулагына эмес, көргөн көзүнө ишенет. Биздин көзүбүз азыр жандандыруу бөлүмүндө чалажан жаткан наристени гана көрүүдө. Бөбөктүн бүгүнкү күндөгү аянычтуу абалына ким күнөөлүү? Үч баланы батырган эненин жүрөгүндө төртүнчүсүнө кантип орун табылган жок? Атасы баласынан элүү күн кабар албай кантип чыдады? Баланын мындан аркы тагдыры кандай болот?.. Суроолор көп, жарытылуу жооп жок. Бирөөнүн тагдырына сын көз менен карап талкууга алгандан алыспыз. Болгону бейкүнөө наристеге айбанча мамиле жасагандар өз жазасын алса. Анан да өз балдарына кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамиле жасаган ата-энелер үчүн жогорудагы тагдыр сабак болсо деген тилек.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА