Агым


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/15/0123_1.htm on line 75

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/15/0123_1.htm on line 75

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/15/0123_1.htm on line 75
п»ї
Бир
бүркүм…
Өткөн жылы Кыргызстан боюнча балдар үйлөрүнөн миңге жакын бала асыроого алынган.

Кыргызстанда "Рух медиа" коомдук бирикмеси диний журналистика багытын өркүндөтүү үчүн журналисттерди окута баштады.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун "Адам укугу" аттуу партия түзүп, келаткан парламенттик шайлоого катышмакчы.

Токмокто 10 жашар карындашын зордуктады делип кезектеги аңги кармалды.

24-27-январда Кыргызстанда катуу суук болуп, абанын температурасы 38 градуска чейин төмөндөөрүн Кыргызгидромет коңгуроо кагууда.

Кыргызстандагы ар кандай жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн 6 462 адам баш тарткан. Анын себебин көпчүлүгү динге байланыштырышкан.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда буга чейин хиджаб кийип мектепке барып жүргөн он эки кыз кадимки окуучулардын формасына өткөнү кубандырат.

Нарын шаарындагы коомдук мончого жергиликтүү чиновниктер бекер киринип кетишерине нааразы болушууда мончо иштеткендер. Былтыр 8 млн. сом чогулткан бул мончо бассейн да куруп алган.

Ысык-Көл облусунун Жаркынбаев айылындагы үйлөрдүн бирине төшөккө оролгон бир айлык баланы таштап кетишкен. Учурда күкүк эне издөөдө.

Абакта жаткан экс-депутат Нариман Түлеевдин 2 жыл жети ай аралыгында 1 млн. 730 миң сом, ал эми чет өлкөдө дарыланып жүрүп, ишке чыкпаган Акматбек Келдибековдун 1 жыл эки ай аралыгында 1 млн. 120 миң сом айлыктарын жакындары алып турушкан.

Бишкек шаарындагы 2-төрөт үйү кызамык оорусунан улам бир нече күнгө жабылды.

Жалал-Абадда 551 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. 2002-2014-жылдар аралыгында үч миңге чукул үй-бүлө жаратылыш кырсыктарынан жабыркап, 1851и коопсуз жакка көчүрүлгөн. Учурда дагы 1128 үйдү которуу керек.

Учурда Казакстандан келген көмүрдүн тоннасы 5500 сом, Кыргызстандыкы 4800 сомду түзөт.

"Жаңы Агым" - пресс





 

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/15/0123_1.htm on line 175

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/15/0123_1.htm on line 175

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/15/0123_1.htm on line 175
а ­е¦Є.НҐй«