Агым

п»ї

Оп, майда
"Жаман бала" жарык дүйнөгө келди
Бишкектеги №2 төрөт үйүндө 30 жаштагы аял 6 килограммдан ашык салмактагы баласын төрөдү. Төрөт үйдүн башчысы Наргиза Мамасейитованын айтымында, 12-январда жарык дүйнөгө келген баланын салмагы 6 килограмм 620 грамм, бою 58 сантиметр. Баланын салмагы, көлөмү чоң экенин мурдатан билген адистер энесине операция жолу менен төрөөнү сунуш кылышканда ал операциядан баш тартып табигый толгоо менен эле төрөгөн. Акушерлердин айтымында, бул бактылуу эненин үчүнчү төрөтү. Келиндин буга чейинки эки баласынын биринчиси 4,8 килограмм, экинчиси 4,5 килограмм салмакта төрөлүшкөн экен. Азыр эне-баланын акыбалы жакшы экенин кошумчалашат дарыгерлер.


Бир үйдөн бешөө ууланып өлдү
ИИМ Токмокто бир үй-бүлө ууланып, беш адам өлгөнү тууралуу кабар таратты. Министрликтин билдиришинче, 8-январь күнү Токмок ШИИБине Охотничья көчөсүндөгү үйдө уулануу болгону кабарланган. Тартип сакчылары окуя болгон үйгө барышып 2002-жылы төрөлгөн Камила, Рамила аттуу эгиздердин, 1999-жылы туулган А.Фариданын, 1998-жыл туулган А.Тахминанын, 1992-жылы туулган А.Салиманын жана алардын 47 жаштагы атасы А.Исмардын жансыз денесин көрүшкөн. Учурда булардын эмнеден каза болгону иликтенип жатат. Экспертизанын божомолунда алар көмүр исинен же үстөлдүн үстүндө турган консерваланган помидор, бадыраңдан ууланышы мүмкүн.


Ажолор айткандарына турбайбы?
Апрелден бери Казакстандын Луговая темир жол станциясында турган Кыргызстандын 352 цистерна күйүүчү майын казак тарап дагы деле кое бербей турат. Буга чейин казак премьери Карим Масимов кое берүүнү убада кылган, бирок маселе чечилген эмес. Кийин Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаевге жолукканда бул маселе ортого салынып казак ажосу майды берүүгө убада берген. Муну ажобуз элге өпкө-өпкөсүнө батпай сүйүнчүлөп келген болчу. Анан кайсы кара теке сүзгөнү белгисиз, казак тарап учурда вагон-цистерналардын станцияда турган ар суткасына 100 доллардан сурап, вагондорду кое бербей турат. 8 айды 100 долларга көбөйткөндө оңбогондой сумма чыгары белгилүү. Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Куловдун айтымында, казак темир жолчуларынын дооматы негизсиз.




 





??.??