"Агым", 09.01.15 Эшек жылдан төө жылга....
Кыргызстанда акыркы күндөрү энергетика маселеси абдан курчуп кетти. Себеби эсил кайран СССР кулагандан бери бул тармакка мамлекеттик деңгээлдеги мамиле, заман талабына жараша реформалар дээрлик жүргөн эмес. Энергетика эл байлыгы катары Башмыйзамда жазылып турган менен өлкөдөгү суунун, суудан алынган электр энергиясынан пайдасын эл эмес, бийлик башындагы бир ууч топ гана көрүп, миллиондогон сомдорду сол чөнтөккө салып келгени маалым. Мына ошол коррупциялык жолдун акыр аягы келип энергетикалык каатчылыкка, энергияга болгон баанын кымбатташына, коңшу мамлекеттерден электрди сатып алууга алып келди. Айласы кетип алдастаган бийлик бул маселени чечүү үчүн электр энергиясы менен жылуулукка болгон бааларды көтөрүүдөн башка жолду таппай койду. Ошону менен Кыргызстанда жаңы тариф саясаты киргизилип, эми ага ылайык 700 кВт/саат электр энергиясын калк 70 тыйындан, андан ашык колдонсо түз эле 2 сом 5 тыйындан төлөп келе жатат. Ансыз да айлык маянасы аз, жумушсуздук баскан калк үчүн бул баалар өтө эле оор болорун бийлик билсе да билмексенге салууда.

Энергетика: мамкомпания мойсойбу же жеке менчик жейби?

Бирок энергетикалык саясаттын эпкини антип карапайым калкка тийип жатканы менен өкмөт күнөөнү өзүнөн издеп, бул тармакты реформалап, чыгымдарды азайтып, ички инвесторлорго мүмкүнчүлүк түзүп, атаандаштыкты жаратууга, эффективдүү иштөөгө барчу эрки жок экенин көргөзүүдө. Тескерисинче, азыр ансыз да буга чейин бир үй-бүлө, бир кландык топтор башкарып, коррупциялык жемканага айлантып келген энергетика тармагын кайрадан ири монополияга айлантууга аракет кылган күчтөр байкалат. Тагыраагы, акыркы учурларда Жогорку Кеңештеги энергетикада эки күн иштеп көрбөгөн, бул тармак боюнча түшүнүгү жок эл өкүлдөрү биринен сала экинчиси кыйкырып, "жеке менчик электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар миллиондогон сомдорду жеп, мамлекеттин казынасына сокку урууда, алардын лицензияларын алып, ишин токтотуу керек" деп кыйкырып чыгышууда. Аңгыча качканга да, кууганга да жолдош болгон бейөкмөт уюмдар ошол куру кыйкырыктарды артынан коштоп, "менчик бөлүштүргүчтөр мыйзам бузуп жатат" деп муңканса жандарына киши туралбайт. Бирок ошол бейөкмөт уюмдардын, депутаттар менен мамкомпания жетекчилеринин жазган арыздарынын негизинде үркөрдөй болгон 17 жеке бөлүштүрүү компанияларды жыл бою Башпрокуратура, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы, Эсеп палатасы, ИИМдин Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгы, Каржы полициясы, Салык кызматы сыяктуу бардык фискалдык органдар, биргелешкен комиссиялар айлап текшерип, натыйжада ушул убакытка чейин бир дагы коррупциялык схемаларды, уурдоолорду, каржылык-укуктук мыйзам бузууларды таппаганы кызылдай факт!
Демек, муну менен "осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт" болуп, өздөрүндөгү миллиондогон карыздарды, сол чөнтөккө бурган көлөмдүү каражаттарды жашыргысы келген мамлекеттик бөлүштүрүүчү компаниялардын тымызын жүргүзүп жаткан аракеттери экендигин төмөнкү мисалдар менен оңой-олтоң эле байкоого болот.
Мисалы, Кыргызстандагы негизги электр энергиясын калкка бөлүштүрүп берүүчү төрт компания: "Түндүкэлектр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Чыгышэлектр" Ачык Акционердик Коомдорунун түйүндөрүнө келели. Колдо бар маалыматтарга таянсак:
- 2012-жылы аталган компанияларга жалпысынан 11 млрд. кВт/саат электр энергиясы кирсе, анын 2,4 млрд. кВт/сааты техникалык жана коммерциялык делген жоготууларга кеткен;
- 2013-жылы 11,051 млрд. кВт/саат электр энергиясы кирсе, анын 2,0 млрд. кВт/сааты жоготууга учураган;
Кыскача айтканда, "Электрстанциялар" (ЭС) ААКсы менен "Кыргызстандын Улуттук Электр Тармактары" (НЭСК) ААКсынын 2012-2013-жылдардагы эле жалпы жоготуусунун суммасын акчалай алганда 1,67 млрд. сомду түзүп отурат. Бул деген акыркы эки жылда Таш-Көмүр ГЭСи толугу менен жоготууга же уурулардын чөнтөгүнө иштеди деген эле сөз. Себеби 2012-жылы Таш-Көмүр ГЭСи 2,121 млрд. кВт/саат, 2013-жылы 1,993 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. Ошол эле учурда "Түндүкэлектр" ААКсы 2012-жылы 1,3 млрд. кВт/саат, 2013-жылга 1,007 млрд. кВт/саат электр энергиясын жоготууга учураткан. Ал эми ошол жылдары Шамалды-Сай ГЭСи 1,45 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрүп, "Түндүкэлектрдин" жоготууларына иштеп берген экен.
Дагы бир биздеги маалыматтар боюнча 2014-жылдын башында мамлекеттик бөлүштүрүүчү компаниялардын дебитордук карызы 4,37 млрд. сомду түзүп турган. Анын ичинде "Түндүкэлектр" ААКсы 2013-жылды 139 млн. сом чыгаша менен аяктаган эле.
Ошол эле учурда айрым депутаттар менен ошол эле мамлекеттик энергокомпаниялар бир беткей каралап, мамлекеттин казынасын уурдап жаткандар катары көрсөтүп жаткан жеке электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга келели. Булар азырынча Кыргызстандагы электр энергиясынын болгону 2 пайызын гана мамлекеттен сатып алып, кайра керектөөчүлөргө сатышат. Демек, жалпы энерго секторго таасир берүүчү күчкө ээ эмес. Алсак, 2012-жылы жеке менчик бөлүштүрүү компаниялар 210 млн. кВт/саат, 2013-жылга 269,8 млн. кВт/саат электр энергиясын мамлекеттен сатып алышкан. Ошол эле учурда жалпы жеке менчик электр бөлүштүрүүчү компаниялардын техникалык жоготуулары мамбөлүштүрүүчү компаниялардыкындай, 28-30 пайыз эмес, болгону 2,96 же 3 пайызга чукул болуп саналат. Бирок жеке менчик компаниялар бул жоготууларды сатып алуучу жана кайра сатуучу баанын ортосунан чыгарып, ЭС менен НЭСКке толугу менен төлөп беришет. Демек бул компанияларда коммерциялык жоготуу деген түшүнүк жок. Дегеле мындай түшүнүк Кыргызстандан башка өлкөнүн энергетика тармагында кезикпейт. Жеке менчиктердин дагы бир артыкчылыгы, буларда мамбөлүштүрүүчү компаниялардай дебитордук карыз деген болгон эмес, атургай учурда сатып алып жаткан электр энергиясынын акысын алдын ала төлөөнү ишке ашырышууда.
Тилекке каршы, мындай фактыларга көз жумган айрым эл өкүлдөрү алдыдагы шайлоону эске алып, карапайым калкка периште көрүнгүсү келеби, парламенттин трибунасынан "жеке менчик бөлүштүрүүчү компаниялар мамлекеттен электр энергиясынын 1 кВт/саатын 27 тыйындан сатып алып, элге 1,50 тыйындан сатып кызыл кулактык кылышууда" деп кызарбай эле кыйкырып чыгышты. Чынында бул кызыга турган сан. Ошон үчүн биз жеке менчик компаниялардын өткөн жылдагы электр энергиясын сатып алуу тарифине көз чаптырдык. Бирок биз эл өкүлдөрү айтып жаткан бааны тапкан жокпуз. Алардын тарифтери төмөндөгүдөй коюлганын Энергетика министрлигинен тастыкташты.

Ошентип жогорудагы тарифтерге көз чаптырсак, мамбөлүштүрүүчү компанияларга салыштырмалуу жеке бөлүштүрүү компаниялар электр энергиясын мамлекеттен кымбат сатып алары көрүнүп турат. Ал эми сатууга келгенде эки тарап тең эле бирдей баада өндүрүштүк кардарлар үчүн 1,5 сомдон, калк үчүн 70 тыйындан сатып келишкен. Эки тарап тең эле ЭС жана НЭСКтен электр энергиясын керектөөчүлөр ортосунда ортомчулук милдетти аткарышат, сатып алышат кайра сатышат. Ошондон улам мамкомпанияларды мамлекеттик мекеме, жеке менчиктерди ортомчу деп кароого негиз жок десек болот.

Тынчтык Алтымышев