"Агым", 09.01.15 Жыйынтык
2014- жылдын
мыкты спортчулары
Өзгөчө акыркы 10 жылда ар бир мекеме, ар бир тармак өзүнүн жылдык жыйынтыгы менен кошо жылдын мыктыларын, өзгөчөлөнгөндөрдү баса белгилеп, сыйлап кетмейди салт кылып алды. Чынында жакшылап ой жүгүрткөн адамга мыктыларды аныктоо өзгөчө спорт тармагына керек экен. Анткени ушундай көңүл бурууга жетүү үчүн ийгилик жарата электер да жакшылап аракет кыла башташат. А мындай аракеттер көп болсо өлкөнүн куржунуна көбүрөөк медалдар түшүп, мамлекетибизди дүйнөгө таанытууга салым кошот. Дене тарбия жана спорт агенттиги да федерациялар менен бирдикте жылдын мыктыларын аныктап, атайын олимпиадалык балда сыйлоо аземин өткөрдү.

Борбордогу белгилүү ресторандардын бирине эл аралык деңгээлде Кыргызстандын намысын коргогон спорт жылдыздарынан сырткары федерация жетекчилери, спорт ардагерлери, спортко салым кошкон меценаттар, демөөрчүлөр, спортту чагылдырган журналисттер, машыктыруучулар, калыстар чогулуп бир үй-бүлөдөй майрамдашты. Белгилүү ырчылар, бийчи, көз боемочулардын коштоосунда өткөн концертте баары шайыр отурушуп кийинки олимпиадага чакыруу алуучу жылда бири-бирине ийгилик каалап тост көтөрүп жатышты.
Концерттик программаны улам сыйлоо аземдери коштоп жатты. Спортчулар ушунчалык көп болгондуктан мыктылардын баары калбай төмөндөгүдөй номинациялар менен бир нече спорт жылдыздары, машыктыруучулар сыйланышты:
Спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн "Жылдын мыктысы" болгондор:
Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү), машыктыруучусу Майрамбек Ахмедов
Евгений Ваккер (велоспорт), машыктыруучусу Эркин Акрамов
Магомед Мусаев (эркин күрөш), машыктыруучусу Табалды уулу Сүймөнкул
Жанарбек Кенжеев (грек-рим күрөшү), машыктыруучусу Махмудов Хаким
Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш), машыктыруучусу Нурбек Изабеков
Турат Осмонов (бокс), машыктыруучусу Мухамеджанов Халдар
Элеман Догдурбек уулу (эркин күрөш), машыктыруучусу Бекболиев Шаарбек
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнөн "Жылдын мыктысы" болгондор:
Мирбек Качкынбаев (тай боксу), машыктыруучусу Елена Шевченко
Зиятдин Садыбеков (кур менен күрөшүү), машыктыруучусу Замирбек Эшенкулов
Артур Тё (самбо), машыктыруучусу Антон Зверев
Каныбек Сагынбаев (бильярд), машыктыруучусу Күмүшбек Дүйшөбаев
Нурбек Кожобеков (кур менен күрөшүү), машыктыруучусу Нияз Курманкулов
Спорттун улуттук түрлөрүнөн "Жылдын мыктысы" болгондор:
Анарбек Жамакеев (тогуз коргоол), машыктыруучусу Нурия Султанмуратова
Мырзабек Кочкоров (алыш), машыктыруучусу Аскар Ботбаев
Нурлан Молдокулов (эр эңиш), машыктыруучусу Нияз Курманкулов
Ардагерлер арасындагы спорт чеберлеринин ичинен "Жылдын мыктысы" болгондор:
Ольга Ярославцева (армрестлинг), машыктыруучусу Жээнбек Мукамбетов
Жаркынбек Шамбетов (дзюдо), машыктыруучусу Уланбек Майнаев
Мидин Арыкпаев (самбо), машыктыруучусу Артур Сон
Жылдын мыкты башкы машыктыруучулары:
Канатбек Бегалиев (грек-рим күрөшү)
Артур Сон (самбо)
Майрамбек Атабеков (кыргыз күрөшү)
Спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн "Жылдын мыкты калысы" болгондор:
Өмүржан Молдодосов (оор атлетика)
Бахадыр Кочкаров (футбол)
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнөн "Жылдын мыкты калысы" болгондор:
Нурлан Байкулов (кармаш-уруш)
Александр Ларионов (самбо)
Спорттун улуттук түрлөрүнөн "Жылдын мыкты калысы" болгондор:
Нурия Султанмуратова (тогуз коргоол)
Жылдын мыкты федерациялары:
Күрөш Федерациясы
Самбо Федерациясы
Улуттук алыш күрөшү Федерациясы
Эл аралык уюмдар тарабынан табылган мыкты федерация:
Эл аралык волейбол федерациясынын сыйлыгы менен сыйланган Кыргызстандын волейбол федерациясы
Интернет колдонуучулар аныктаган жылдын мыкты спортчусу:
Жыл сайын интернет колдонуучулары жылдын мыкты спортчусун аныктайт. Ал үчүн ар бир айдын мыктысы аныкталып, жыл этегинде ошол 12 адамды добуш берүүгө алып чыгып, эң көп добуш чогулткан спортчуну жылдын мыктысы деп табышат. Бул ирет жарышка төмөндөгү 12 спортчу коюлган:
Валерия Уварова (бешилтик), Юрий Краковецкий (дзюдо), Жанарбек Кенжеев (күрөш), Нурбек Аканов (алыш), Каныбек Сагынбаев (бильярд), Семетей Төлөгөнтегин (шахмат), Артер Те (самбо), Азамат Байматов (футбол), Алексей Федосеев (кикбоксинг), Евгений Ваккер (велоспорт), Турат Осмонов (бокс), Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү).
Кызуу жарышта добуш берүүчүлөрдүн 9,6 пайыз добушун алып Евгений Ваккер 3-орунду алды. 10,3 пайыз добушка ээ болгон Турат Осмоновго күмүш медаль тийди. Ал эми жылдын мыкты спортчусу деген наамга бул жылы Айсулуу Тыныбекова татыктуу болду. Ал добуш берүүчүлөрдүн 16,2 пайызына ээ болгон.
2014-жылы Айсулуу кызыбыз бардык катышкан эл аралык турнирлеринен байгелүү кайтып жатты. Тыныбекова Казакстанда өткөн Азия чемпионатынан күмүш, Кореяда өткөн Азия оюндарынан коло, "Нью-Йорка Гран-приси" эл аралык турниринен алтын, "Азербайжан Гран-присинен" коло тагынып келди. Ал эми 2-орунга татыган Турат Осмонов бул жылы Азия оюндарынан коло жана башка турнирлерден бир нече медаль тагынган. 3-орунга татыган Ваккер бул жылы да Азия оюндарынан медаль тагынып, 6-ирет катары менен Азия оюндарынан медаль алган жалгыз спортчу болуп тарыхта кала бере турган болду.
Биздин гезит буга чейин жыл мыктыларына талапкер болгондордун ичинен Евгений Ваккерди, Азамат Байматовду, Нурбек Акановду, Каныбек Сагынбаевди, Жанарбек Кенжеевди окурмандарга кенен тааныштырып берген. Быйыл кезектешип калган мыктылар менен окурмандарды тааныштырууну улантабыз.
Мыкты волейболчулар
Кыргызстандын волейбол федерациясы көпкө кеңешип жылдын мыкты волейболчуларын аныктады. Адатта башкалардан өзгөчөлөнүп чабуулчулар же оюн жүргүзүүчүлөр аныкталчу эле. Бул ирет биринчи жолу эркин Кыргызстандын тарыхында мыкты волейболчу деп либеро катары ойногон коргонуучу табылды. "Кескелдирик" деген каймана атка ээ болгон Канат Абдивасы уулу волейбол аянтчасында турганда кескелдириктей сак туруп, бир да топту жөн кетирбей көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды. Бул аракеттери менен ал өзү ойногон Оштун "Жаш Күч" командасын Жогорку Лиганын күмүш медалына татыктуу кылып, эмки сезондо бир тепкич көтөрүлүп Улуттук Лигага ойноо укугуна алып келди.
Ал эми кыз-келиндер арасында жылдагыдай эле жеңилбес "Салам-Аликтин" кыздары мыкты болду. Бул ирет чабуулчу катары оюн жүргүзгөн Наиля Алиева жылдын мыкты оюнчусу наамга татып гана тим болбостон, КТРК уюштурган "Спорт Старс" жаңы жылдык берүүсүнүн сыйлуу коногу катары да чакырылды. Адистердин айтымында, Наиля болбогондо "Салам-Алик" клубу 6-ирет катары менен Кыргызстандын чемпиону боло алмак эмес экен.

Роналдо мыкты
Дүйнөлүк жаңылыктардан кошо кетсек, Роналдо Месси кармашында акыркы жылдарда атаандашууну Мадриддин "Реал" клубунун чабуулчусу жеңип жатат. Ал өзүнүн Португалия курама командасы менен көп ийгилик жарата албаганы менен, ал ойногон клуб Испания Кубогун, Чемпиондор Лигасын, УЕФАнын Супер Кубогун, клубдар аралык дүйнө чемпионатын утуп чыкты. Ушул эмгектери эске алынып Криштиану Роналдого "Globe Soccer" сыйлыгынын "Жылдын мыкты оюнчусу" номинациясы ыйгарылды. Дубайда тапшырылган сыйлыкты "Реалдын" дагы 3 адамы алды. "Жылдын жаңырыгы" номинациясы "Реалдын" жаңы оюнчусу колумбиялык Хамес Родригеске тийди. Жылдын мыкты клубдук президенти наамы "Реалдын" башчысы Флорентино Переске буйруду. Ал эми эң мыкты футболдук агент наамы Криштиану Роналдонун агенти Жорже Мендешке ыйгарылды.