"Агым", 09.01.15 •


Президент эмне деди?
Биз башканы күттүк эле...
2014-жылдын аягында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик резиденцияга ММК өкүлдөрүн чакырып, жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынын өткөрдү. Андагы Президенттин баш сөзүнө таянсак, Кыргызстан 2014-жылы толугу менен өнүгүү жолуна түшүп, экономикасы чил арышы менен болсо да алдыга жылып, элдин жашоо-турмушу жакшырып баратыптыр.

Айрыкча өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кириши жылдын эң чоң орчундуу да, маанилүү да, жемиштүү да окуясы болуптур. Митингдердин азайышы элдин турмушунун оңолуусунун далили имиш. Андан аркы суроо-жооптор адаттагыдай эле журналисттер менен анын келишпестиги, электр, газ, Башкы прокурор, өкмөттүн аракеттери тууралуу жүрүп, адаттагыдай эле ич жылытпаган жооптор менен коштолуп турду. Себеби биз Алмазбек Шаршеновичтен кыйла салмактуу, таасирдүү, ынанымдуу жоопторду, ой-максаттарды, чечкиндүү план-программаларды уккубуз келген. Анда айтпаган соң, жаңы жылда жалпы элге айтаар дегенбиз. Тилекке каршы, анын жаңы жылдык куттуктоо сөзү, жыл тогошкон мезгилдеги жыйынтык сөзү жарамазан айткан балдардын батасынан анча айырмаланбай калды. Болбосо мындан аркы ички-тышкы байланышыбыз кандай болот, ЕАЭБге киргендер, кирбегендер менен болгон алакабыз кандай нукта өнүгөт, өлкө келерки жылы бюджетин кантип толтурат, диний коопсуздук, энергетикалык коопсуздук, коргонуу коопсуздугубуз кандайча бекемделет, чек ара маселелери кандай нукта чечилери тууралуу ой-пикирлерин элге жеткиликтүү түшүндүрүп, ишеним бербесе да үмүт бериши керек эле.
Баарынан кызыгы, азыр карапайым элдин көртурмушуна ого бетер оорчулук алып келип жаткан, социалдык жарылууга себеп болуучу электр энергиясына болгон баанын кымбатташы боюнча мамлекет башчынын өтө майдаланган жооптору болду. Айталы, Нарын шаарындагы энерготариф саясатына каршы чыккандар тууралуу суроого ойкуп-кайкып жооп берип, энергетикалык абалдан оолактап туруп алды. Андыктан биз 2010-жылдагы бийлик алмашуу да так ушул электр энергиясынын кымбатташынан улам келип чыкканын эске алып, ошол Нарын облусундагы саясат менен иши жок, өз турмушу менен алек болгон жарандардын пикирин угуп коелу дедик. Балким чындык Алмазбек Шаршеновичтин кошоматчылар коргонунан өтпөй жаткандыр. Антсе да сөздүн убагында айтылганы жакшы...




Ат жалында

Эски жылдын этегинде Президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге маек берип жатып, "Нарынга тарифтер арзандасын, башкаларга ошол бойдон калсын деген талапка такыр кошулбайм. Нарын облусу 23 жылдан бери дотацияда отурат. Нарындыктарды ансыз деле кыргыз эли багып жатат. Мисалы, Аксы районунда кээ бир адамдардын эки сотых гана сугат жери бар. Нарында болсо эки гектардан алгандар чыгат. Кимдин турмушу кыйын? Ооба, мисалы Ат-Башынын кышы абдан кыйын. Бирок нарындыктар Ат-Башыны Кыргызстандын "керчөөсү" деп аташат. Эң сонун жер. Чөбү эки метрге чейин өсөт, малга жайыты кенен. Биздин турмуш кыйын, баткендиктер жыргап жүрөт деген туура эмес. Тарифтер боюнча митингдерди 40-50 ОБОН гана баштап жатат. Болбосо ал талапты жергиликтүү эл колдобойт" деп айтты. Сиз буга кошуласызбы?

Жамангул ИСАЕВ, ардагер:
- Мына бүгүн Кыргызстан боюнча жылуу. Бизде, Нарында гана 17 градус суук болуп турат. Ушундай суукта, тоолуу бийик абада Алмазбек Атамбаев он эле күн жашап кетсинчи, андан кийин эмне дээр экенин көрөлү. Президент деген аймактарга тең карап, токол менен байбиченин балдарындай өгөйлөбөш керек эле. Азыр көчөгө чыксаң эле ушул сөз, эл Атамбаевди бекер эле шайлаппыз деп өкүнүп жатышат. Эмки шайлоого барбайм деп эле акылга сыйбаган нерселерди айта бериш керекпи?! Мына, кичине күн жылыса баарыбыз эле митингге чыгып, оюбузду айталы деп атышат элдер. Ал эми митингге чыккандардын Нарын облусуна 2000 кВт/саат электр энергиясын 70 тыйындан кылсын деген талабы абдан туура. Себеби, мен өзү ушул энергетика тармагында иштегем, булардын эсеби жалаң эле жарыктандырууга негизделиптир. Ал эми момундай суукта эл көң, көмүр жаккандан тышкары жылыткыч колдонбосо тоңуп калбайбы?!

Насыпбек АСАНБАЕВ, Ат-Башы районунун жашоочусу:
- Ушул сөздү башка киши айтса да Алмазбек Атамбаев айтпаш керек эле. Себеби ошол Нарынды Нарындай колдоно албай аткан Атамбаевге окшогон өлкө башчылар эмеспи. Нарындын суусун, мал чарбачылыгын, кен байлыгын, туризмге ылайыктуу табиятын, жан-жаныбарын колдонууну билбей туруп анан кантип айтты ушуну?! Мисалы, чет элдиктер ушул Нарында аңчылык, тоо туризмин гүлдөтсө болот, ар бир коктусуна чакан ГЭСтерди салса болот, балык, мал чарбачылыгын уюштурса болот, баалуу кендерди иштетсе, Кара-Кечеге ТЭЦ салса болот. Бирок ушунун баарына мамлекеттик деңгээлдеги мамиле, Президенттин саясаты керек да. Аны жасабай туруп, элди "мамлекетти баккыла" дегени абдан уят. Андай болсо биз Нарындын чегинен чыккан ар бир суунун литрин акчага баалайлы, Торугарттагы бажыдан түшкөн каражатты өзүбүзгө алып калалы. Баса, так ошол Атамбаев эң биринчи бийликке келген жылы чү дегенде эле Бекназаров экөөнүн телефондогу сүйлөшүүсү боюнча, ушул Торугартты 400 миңге баалашып, ошону талашкан. Ооба, андайда Торугарт табылбаган байлык. А мындайда аны унутуп калышат…

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, Нарындын жашоочусу:
- Мен бул боюнча эртеси эле социалдык тармактарга пикиримди билдирип чыккам. Негизи электр энергиясы боюнча сөзү нарындыктардын кыжырына катуу тийди. Дотацияны айтып колко кылбаш керек болчу. "Нарындын элин кудай албайт, ар биринде 3-4 га жерлери бар, чөбү эки метр өсөт, мамлекет багып жатат" деп айтпадыбы. Бул жактын климатын Чүйдөй көрүп, билсе да билмексенге салып койду. Бизде азыр кургакчылык болуп, жарым метр да чөп өспөй калды. Өскөн күнү да бир эле жолу чөп оробуз. А Чүйдө бир жылда үч түшүм алат, муну Президент билбесе билип алсын. Чындап келсе мамлекеттин бюджети, түштүк региону менен депутаттарга эле кетип жатпайбы. Менин баамымда, Нарын элине деп мамлекеттен акча каралганын уга элекмин, мал-жаны менен өз жандарын өздөрү эле багып келе жатышат. Ал эми электр энергиясы боюнча мен нарындык катары эле эмес кыргызстандык катары жаңы тарифтерге каршымын. Электрди үнөмдүү пайдаланып, тармактагы коррупцияны азайта алышпай, миллиондогон акчаларды сол жакка солоп жатышканын мына ушу силер канча жаздыңар. Ошолорго чара көрбөй, анан тарифтерди көтөргөнү чоң катачылык. Бакиевди өздөрү так ушул энергияны кымбаттатканы үчүн кубалашпады беле?!

Жоодар СЫРЫМБЕТОВ, Нарын шаарынын жашоочусу:
- Өлкө башчынын бул сөзү бизге абдан катуу тийди. Бир сөз менен айтканда ал оңолгус ката кетирди, эми элден кечирим сурашы керек. Андай эле Нарын мамлекеттин башына жүк болуп жаткан болсо, бизди бөлүп салсын. Биздин тоолуу жерибизге, кенибизге, мал-жаныбызга кызыккандар четтен табылат, өзүбүзчө күн көрүп кетели. Болбосо Нарындын эли башка аймактардын элиндей, койу өлсө деле, уйу өлсө деле өкмөткө догун арта бербей, башынан өз жанын өзү баккан эл. Атургай бүтүндөй Кыргызстандын борбору, миллиондой калк жашаган Бишкекти негизинен эт, картөшкө менен камсыз кылган ушул Нарындын эли. Эгер биз малды аз баксак, эт экспорттобосок, азыр Бишкектегилер кара суу ичип отурмак. Электр энергиясын Нарын үчүн көтөрбөш керек эле. Анткени жарым жыл бою суукта эл же газ болбосо, жалаң электрди пайдаланат да. Анан тапкан-ташыганын электр үчүн төгүп берип, кекиртегин талга асабы?!

Замирбек ДҮЙШӨНАЛИЕВ, Бишкек шаарынын тургуну:
- Башкасын билбейм, менин ата-энем эсил кайран СССРдин убагында кара жанын карч уруп иштеп чогулткан акчасын азыр пенсия катары алып жан багып жатышат. Ал эми Ат-Башыда жашаган туугандарым өкмөттөн бир тыйын сурабай эле өз жерин багып, малын багып оокатын кылышууда. Алмазбек Атамбаев Чүй же Ош менен Нарынды салыштырбаса жакшы болмок. Бир эле далил, азыр Бишкекте аба ырайы 8-10 градуска чейин жылуу, Ош, Баткен облустары 10-14 градуска чейин жылуу болуп жатканда, Нарында тескерисинче, 20-25 градус суук ыркырап турган маал. Бишкектиктер үч ай кышка араң чыдасак, Нарында дээрлик 6-7 ай кыш болот. Тагыраагы, жергиликтүү эл сентябрь айынан майга чейин от жагып, жылынууга туура келет. Ошондуктан электр энергиясын кымбаттатуу бул аймак үчүн абдан эле оор экендиги чындык.

Майрамбек ЖУМАБАЕВ, Нарын районунун жашоочусу:
- Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө чындык үчүн чыркырап чыгып, коррупциялык бийликке кыштын кыраан чилдесинде каршы чыккан элди бүгүн бийликке келгенден кийин ОБОН атаганы Атамбаевдин элден алыстап баратканы. Кечээ анын Энергетика министри Турдубаев Нарынга барганда ошол Атамбаевдер "Апрель баатыры" деген наам бергендер күбөлүктөрүн ташташпадыбы. Эгер ага ишенбесе, Президент өзү келип көрсүн, азыр бул жактагы бүт эл Президентке нааразы болуп, өкмөттүн светти кымбаттатканына каршы чыгып жатат. Ал эми Нарынды өкмөт эмес, өкмөттү Нарын багышып жатканын ачык эле айтабыз. Эл жерине чөп чыкса-чыкпаса дагы, киреше тапса-таппаса дагы салыгын төлөп, чиновниктерди багып жатат.

Даярдаган Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ