"Агым", 09.01.15 Эс алуу күндөрүңүз көңүлдүү өтсүн!

Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндү ар бирибиз мүмкүнчүлүгүбүзгө, фантазиябызга жараша пландайбыз. Бирибиз жылуу үйдөн чыкпай сыналгы көрүп, экинчибиз көптөн бери көрүшпөгөн дос-туугандардыкына башбагып, дагы бирибиз үй-бүлөбүз менен тоого же муз аянтына баргыбыз келет. Кыш күндөрүн кызыктуу өткөрүүнүн жакшы жолдорун сунуш кылабыз. Көңүлүңүзгө туура келсе төмөндөгү тизмеге көз жүгүртүп чыгыңыз.

Асма жол, лыжа, коньки тепкен жакшы. Акчасычы?

Муз аянтта мээни сергитиңиз
Шаардан алыс чыкпайм, узак жол жүрбөйм деген жалкообайларга шаардагы муз аянттары кучагын кең жаят. Кааласаңыз, колуңузда бар болсо муз аянтына өз конькиңизди колтуктай келсеңиз болот. Болбосо ижарага берилген конькинин кызматынан пайдаланыңыз. Борбордо белгилүү беш-алты муз аянты бар.
Ар бир муз аянтында аз дегенде жүз, көп дегенде жети жүз түгөй коньки бар. Кардарларга коньки менен кошо жаңы байпак берилет.
Коньки тебүүгө эң төмөнкү баалар саатына 150-200 сом. Ал эми эми эң кымбат муз аянттарына саатына 400-500 сомго чейин төлөөгө туура келет.
Хоккей ойночулар кечки саат тогуздан кийин саатына 100 сом төлөп таң аткыча шайбанын артынан кубалашса болот.
Муз тебүүдөн корккондор атайын инструктор менен иштешсе болот. Анын кызматы саатына 200 сом.

Тоо-лыжа базалардын баалары
Борбордон 30 чакырым алыстыкта жайгашкан "Зил" тоо-лыжа базасына башбаккандар арбын. Лыжа, сноуборддун ижара акысы бир күнгө чоңдорго 700 сомду түзсө, балдарга 300 сом турат. Асма жол менен сейилдейм дегендер 400 сомдон 600 сомго чейин төлөшөт. Ошол жакта түнөп бир жумалап эс алгысы келгендерге конок үйлөр кызмат кылат. Эки кишиге ылайыкталган бөлмөлөр суткасына 2500 сом болсо, люкс бөлмөлөр 8000 сомго чейин. Дем алыш күндөрү бул суммалар бир аз өсөт. Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында, Оруу-Сай, Кашка-Суу капчыгайларында да биртоп базалар байыр алган. Алсак, "Ак-Таш", "Политех", "Кашка-Суу" базалары. Бул жайларда лыжанын бир күндүк ижара акысы 400-650 сом турса, асма көпүрө менен сейилдөө 700-800 сом турат. Конок үйлөрдүн баалары 3000 сомдон 6000 сомго чейин болсо, сегиз кишиге ылайыкталган тамак-ашы менен люкс номерлер 17000 сомдон 24000 сомго чейин.
Шарты барлар, шаардан алыс чыккысы келгендерге "Төө-Ашуу", "Каракол" тоо-лыжа базалары кызмат кылат. Борбордон 140 чакырым алыстыкта жайгашкан "Төө-Ашуу" базасында иш күндөрү лыжа, сноуборддун бир күндүк ижара акысы 500-600 сом болсо, асма көпүрө менен сейилдөө 800 сом. Эс алуучулар үчүн ылайыкталып бул жерде вагондор коюлган, өз ара стандарт жана VIP болуп бөлүнөт. Ижара акысы бир түнөгөнгө 4400 сомдон 5600 сомго чейин. Ал эми эки кишиден алты кишиге чейин ылайыкталган коттедждердин баасы тамак-ашы менен 9000 сомдун тегерегинде болот. Базалардын ичинен кымбаты Караколдогу эс алуу жайы эсептелинет. Лыжанын бир күндүк ижара акысы 1000 сомго чейин барса, асма көпүрөнүн баасы 600 сом. Ал эми жата турган бөлмөлөр асмандын башы, эки кишилик бөлмө 6000 сомдун тегереги болсо, 10 кишилик люкс апартаменттер тамак-ашы менен 40000 сомдун тегереги.
Каражатты аз талап кылган эс алууну Чоң-Таш айлынан тапсак болчудай. Лыжанын ижарасы 300 сомдон 600 сомго чейин. Эртең менен эрте чыгып кеч күүгүмгө чейин муз тээп чер жазса болчудай. Балакайлар үчүн ижарага берген үйлөтмө дөңгөлөктөр саатына 50-60 сом турат. Каникулду текке кетирбей пайда тапкысы келген окуучулар эшегин же тайын токуп чыгып он мүнөткө 50-80 сом алып, ат үстүндө сейилдеткенди кирешелүү ишке айландырышкан. Айыл тургундары үчүн эшек минген көнүмүш көрүнүш болсо, айда-жылда шаар сыртына чыккан шаардыктар үчүн такайды, тайды минип сейилдөө жаңылыктай туюлат экен.

Эске түйчү эрежелер
Лыжа узун жана кыска болуп экиге бөлүнөт. Узун лыжалар түз жерлерде сейилдөөгө ыңгайлуу болсо, кыска лыжалар тоодон ылдый катуу ылдамдык менен түшүүгө ылайык. Узун лыжаны тандоодо анын узундугун бойго чактап тандаңыз. Колду баштан өйдө тик көтөргөндө лыжанын бийиктиги колдун учуна жетиши керек.
Кыска лыжалар бурууга ылайыктуу. Андыктан үйрөнчүктөр лыжанын узундугуна көңүл буруулары керек. Бойго ченегенде узундугу ээкке же мурунга жетиши зарыл.
Үйрөнчүктөр лыжанын жумшак түрүн тандап үйрөнгөндөрү дурус. Лыжанын жумшак же катуу экенин өз алдынча билүү кыйын. Ошон үчүн лыжанын маалымат кагазында жазылгандарды окууга же лыжа сатуучунун, инструктордун кеңешине кулак түрүңүз.
Лыжанын катуу түрүн лыжаны көптөн бери тээп жүргөндөр колдонуп келишет. Себеби ал өтө жогорку ылдамдыкта жүрөт.
Оор салмактуулар катуу түрүн тандаганы жакшы. Арыктар болсо лыжанын өзүнүн боюнан 20 сантиметр кыска жана жумшак түрүн тандаганы дурус.
Лыжа тебүү спорттун бир түрү. Андыктан дароо эле лыжаны тээп кетүү муздап турган булчуңдарга күч келтирип, ден соолугуңузга зыян алып келиши мүмкүн. 10-15 мүнөтчө лыжа жабдыктарын тагынбай туруп гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап, дене булчуңдарын жибиткенден кийин лыжаны бутка кийиңиз.

Автандил ИБРАЕВ, "Политех" тоо-лыжа базасынын инструктору:
"Сезон солгундап турат"
- Автандил, быйыл эс алуу сезону кандай өтүп жатат?
- Былтыркы сезонго караганда бир аз солгундагандай. Анткени былтыр кардарлардын аягы февраль айынын жыйырмаларына чейин үзүлгөн эмес. Бул жылы эмнегедир эс алуучулардын активдүүлүгү анчейин байкалбайт. Жаңы жылда беш-алтыдан топтошкон кесиптештер, үй-бүлөлөр келип эс алып жатты.
- Келген кардарлардын көбү өз алдынча лыжа тепкенди билишпейт эмеспи. Сиз инструктор катары ар бир эс алуучуну коштоп жүрөсүзбү?
- Көбүнчө жаш балдарды, жаңы үйрөнчүктөрдү башында коштоп лыжа тепкенди үйрөтөбүз. Кызмат акыбыз ошол конок үйгө, лыжанын ижарасына төлөнгөн акынын ичинде. Кошумча акча албайбыз. Жыл сайын биздин базага келген туруктуу эс алуучуларыбыз бар. Алар лыжа тепкенди мыкты өздөштүрүп алышкан.
- Эс алуучулар көбүнчө эрежени сактабай кандай жарааттарды алышат?
- Куймулчагын оорутуп, бутун чойдуруп алган бир-эки учур болгон. Андайда биздин медициналык кызматкерлер дароо биринчи жардамды көрсөтүшөт.
- Колдонулгандан кийин лыжаларга кандай кам көрөсүздөр?
- Таякчаларын атайын суюктук менен сүртүп тазалап чыгабыз, ал эми лыжанын өзү кургата турган аппаратка илинет. Ар бир кардар колдонгон лыжаны дароо тазалап турбаса бат эле керектен чыгып калат.

Жөнөкөй, бирок жөндүү кеңеш
Жыгылганда буту-колду таштап жатып калбай дароо жыйналуу керек. Анткени туш-тарапка жайылып жаткан колу-бутуңузду башка муз тээп жүргөндөр тээп же конькинин мизи тийсе денеңизди тилип кетиши мүмкүн.
Жыгылып баратканда биринчи орунда башты коргоо керек. Артка жыгылсаңыз башты астыга кармап, капталыңыздан жыгылсаңыз эңкейгенге жетишиңиз.
Муздун үстүнөн жыгылганда жерден жыгылгандай эле шар туруп кетүүгө мүмкүн эмес. Биринчи тизелеп туруп, анан бир буттап туруп калган салмакты ишенимдүү таштаса болот.
Кош бойлуу айымдар аман-эсен эки колун бооруна алмайын муз аянтына барууга болбойт. Жоопкерчиликтен корккон инструкторлор болочоктогу энелерди аянтка эзели жолотпойт.
Ар бир кардар кирип жатканда чөнтөгүндөгү буюмдарды алып коюуну унутпаш керек. Жыгылганда бир жерине сайылса же кирип кетсе өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн.
Конькини кийип алып катуу жыгачтын үстүнө баспаңыз. Мизи мокоп, аны курчутууда сапаты кетет. Кардарлар өзүмбилемдикке салып конькиге аяр мамиле жасабаса айрым муз аянттарында айып пул салынат.

Сергей ШЕСТОПАЛОВ, "Локомотив" муз аянтчасынын инструктору:
"Кооптуу жагдайдын алдын алып турабыз"
- Башка күндөрдөн дем алыш күндөрү кардарлардын саны көп экен...
- Ооба, өзүңөр көрүп тургандай алтынчы, дем алыш күндөрү тыным албай иштейбиз. Биздин кардарлар көбүнчө мектеп окуучулары болгондуктан кылдат болуп алардын ар бир кыймылына көз салып турабыз. Каникул учурунда дем алыш күндөрдөн сырткары иш күндөрү да кардарлардын көп болуп жатканы кубандырат.
- Туулган күнүн муз үстүндө өткөргүсү келген шаар тургундары үчүн кандай кеңеш бересиз?
- Адамдын фантазиясына чек коюп болбойт. Быйыл муз үстүндө жаңы жыл тоскондор арбын болду. Аларга муз аянтына балаты жасалгалап, чакан фуршет уюштуруп, муз аянтын толугу менен кооздоп чыктык. Туулган күнүн биздин аянтта өткөрөм дегендерге атайын стол жасалгалайбыз. Бирок спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салабыз. Антпесе мас болуп алып аянтка жулунуп, кайра-кайра жыгылып- туруп жатып кардардын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн.
- Конькиге кандай кам көрүлөт?
- Ар бир конькини атайын жылуу аба үйлөп тура турган жабдыкка илип кургатып чыгабыз. Андан кийин мизи мокоп калгандар болсо курчутуп, лезвияны бирден сүртүп чыгуу керек. Ар кимдин буту ар кандай эмеспи, жугуштуу оорунун алдын алыш үчүн жарым жылда бир жолу милдеттүү түрдө дезинфекциялап турабыз.