"Агым", 09.01.15 Гүлдөй жанган
Гүлзат Батырканова
Кантип каза болду?

Жыл жаңырганда эле элибиздин сүймөнчүк ырчыларынын бири Гүлзат БАТЫРКАНОВА каза болгону тууралуу кабатыр кабар угулду. Ал Кыргыз эл артисти Шахра Талипованын кызы эле. Гүлзат Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулган. Ал "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө", "Жубайыма" жана башка ырлардын автору. Т.Сатылганов атындагу улуттук филармониянын ырчысы, акыркы убактарда Коомдук телеканалдын "Сармерден" шоу-программасында алып баруучу болуп эмгектенип жаткан. Кырсыкты кайдан деп болбойт эмеспи, кызын жоготуп кара кийинип отурган Шахра эжеге барып кайрат айтып, окуянын чоо-жайын өзүнөн уктук.

- Гүлзаттын арты кайырлуу болсун. Кырсык кандай болгонун өзүңүздөн угалы дедик эле...
- Гүлзат үй-бүлөсү менен үйүндө жаңы жылды тосуп, 2-январда Караколго лыжа тээп эс алганы кетишкен. Жолдо баратканда Бөкөнбаев айылына жетпей эле алдынан машина чыга калган. Аны менен сүзүшүп албайлы деп жолдун чекесине качып айдаганда шагыл алардын машинасын тартып кетиптир. Машина аласалып, унаанын эшиги ачылып, Гүлзат ыргып кеткен экен. Кызы менен уулу, күйөөсү машинанын ичинде калган. Ошол жерден Гүлзат катуу жаракат алып, эс-учун жоготуп коюптур. Аны дароо Бөкөнбаев айылындагы райондук ооруканага алып барышып, дары тамчылаткандан кийин эсине келиптир. Эсине келгенде эле Бишкекке келип доктурга көргөзөлү деп врачтардын коштоосунда бул жакка алып жөнөшөт. Жолдо келатканда Гүлзат улам эсин жоготуп, кайра эсине келип, кан басымы, гемоглобини түшүп кетиптир. Дарыгерлер канчалык аракет кылса да жардам бере алышпады.

- Дарыгерлер кандай диагноз коюшту?
- Биз Гүлзатты медэкспертизага берип, сойдурган жокпуз. Кызым каза болгонун көрүп туруп эми аны кайра сойдурмак белек. Башынан катуу жаракат алыптыр. Бут жагы айрылып, бөйрөк жагы карарып турган, чекеси, жаагы көгала болуп шишип турган. Күйөө баламдын мойну, омурткалары сыныптыр. Азыр ал да дарыланып жатат. Балдарын да медициналык кароодон өткөрдүк. Алардын ден соолугу жакшы экен. Машинасы болсо талкаланып жарабай калды.

- Бул кырсыкка ким күнөөкөр болду?
- Алдынан чыккан машинадан качабыз деп булар жолдун чекесине чыга калып, кырсыкка кабылып жатышпайбы. Тигил алдынан чыккан машине түз эле кетиптир, бул жерде эч ким күнөөлүү эмес, болгону чоң кырсык болду. Мен деле машина айдайм, ошондуктан жолдун четиндеги шагыл тартып кетерин жакшы билем. Эмнеси болсо да чоң кырсык болуп, кызымдан айрылып калдым... Гүлзатка кандай диагноз койбосун баарыбир авариядан каза болду. Тигил же бул жак күнөөлүү деп айталбайбыз.

- Суук кабарды сизге ким угузду?
- Гүлзат өзүнүн өлөрүн сезген-сезбегенин билбейм. Эч нерсе айткан эмес. Бирок ошол кызым өлөр күнү мен бир жерге конокко баргам, ошол жерде отуруп эмнегедир кыжалат болуп, кетким келип туруп алды. Үйгө келерим менен эле кан басымым көтөрүлүп кетти. Дары ичип жарым сааттай жатсам телевизордо "XXI кылымдын жылдыздары" концерти болуп жатыптыр. Гүлзат чыгып ырдайбы деп карап турсак, ал далдоо жакта жүрүптүр, аны көрүп азыр чыгат экен деп деп күтүп турсак күйөө балам телефон чалып суук кабарды айтты. Ал мага бакырып ыйлап Гүлзаттан айрылып калдык деди. Мындай суук кабарды укканда шок болуп, эмне кыларымды билбей калдым. Же көзүмдөн жаш чыккан жок, далдырап, ишенбей, башкача абалда туруп калдым.
Гүлзат Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылына турмушка чыккан. Бирок Бишкекте жашашчу. Анын сөөгү кайын-журтунан чыкты. Адегенде анын сөөгүн Токтогулга алып кетсемби деп да ойлондум. Себеби ал жакта деле үй бар. Бирок кайын-журту сөөк биздики деп салт боюнча Кызыл-Дыйканга алып барышты. Гүлзаттын 85 жаштагы кайненеси бар. Оозунда сөзү бар абдан жакшы, билимдүү аял. Ал да ботодой боздоп, булбулум, супсулуум, ушундан көрө мен өлсөм кана деп ыйлап, кошокту келиштирип айтып жүрөгүмдү оорутту. Эми Кудай өзүнө керектүү адамды алат экен. Гүлзат да кайын журтунда кадыр-баркы бар эле. Мындай жамандыкты Кудайым пендем дегендин башына салбасын... Ботом деп боздоп, балам деп ыйлаган эң жаман нерсе. Менин башымдан бул экинчи жолу өтүп жатат. Мындай жамандык экинчи болбосо экен...

- Мурда да балаңыздан айрылдыңыз беле?
- Эң улуу Кыял деген кызым тогуз жашында чарчап калган. Ал да кичинекейинде ырдачу. Башы ооручу. Көргөзбөгөн доктурубуз деле калган эмес. Бишкекке алып келип көргөздүк, ооруканаларга алып бардык. Жакшы болбой ошол боюнча каза болуп калды. Ал кызым өзүмдүн колумдан кетти... Кийин кыз төрөлгөндө кичүү кызымдын атын ошол чарчап калган кызымдын атынан Кыял койгом. Анын өмүрү узун болсун, Кыялым маңдайымда жүрсүн дегем. Ошол чарчап калган кызым Кыялым эсимден кетпейт, анын курдаштары азыр чоңоюп, бала-чакалуу болуп калышты. Аларды көргөн сайын Кыялым көз алдыма тартылат... Айта берсем арман көп... Эми минтип Гүлзатымдан айрылып калдым...

- Гүлзат эсине келип, кайра эсин жоготуп жаткан экен. Бир нерсе айтканга үлгүрүптүрбү?
- Ооруканадан эсине келгенде чай сураптыр, суусаса керек. Доктурлар жылымык чай берсе, ушундай муздак чай бересиңерби, ысык чай бербейсиңерби деп тамашалап күлгөн экен. Жолдон эсин жоготуп кайра эсине келип жатканда күйөөсүнө "балдарды жакшы караңыз..." деген экен акыркы жолу... Башка сөз айталбаптыр. Кызымдын жаны кыйналып, көзү жумулганын элестете албайм... Болору болду, колумдан эч нерсе келбейт экен. Анын эл арасында кадыр-барктуу экенин, элине кызмат кылганын жанымда жүрсө да билбептирмин. Ал мен үчүн дагы эле кичинекей жаш кыз деп жүрүптүрмүн. Аны акыркы сапарга узатып, коштошуу үчүн абдан көп эл келди. Митинг болуп, Гүлзат тууралуу сүйлөштү. Тааныштары, жолдоштору, ырчы, тамадалар, телевидениеден келишти. Мага келип көңүл айтып, кайгымды бөлүшүп, баары ыйлап жатышты. Ошолорду көрүп садага болоюн кызым, аз жашасаң да элиңе көп кызмат кылган экенсиң, сени сыйлагандар көп экен деп ойлодум. Ош, Жалал- Абад, Нарын, Таластан келдик деп жатышты. Кызымдын айтылбаган канча арманы кетти билбейм...

- Гүлзаттын балдары канчага чыгып калышты эле?
- Кызы Айдана 9-класста, уулу Данияр 10-класста окушат. Балдары чоңоюп калышты, апасын жоктоп ыйлап жатышат. Гүлзатты койгондун эртеси эле таң атпай мүрзөсүнө барып куран окутуп келдик. Бейит башына барып топурагын балдарына көрсөтүп, демин суутуп келдик. Антпесе балдары энесин жоктоп ыйлай беришет да. Анын кызы Айдана да ырдайт. Бозүйдө ыйлап отурганда Гүлзатка сенин кызыңды жаныма алып жүрүп, сенин орунбасарың кылам деп сөз бердим. Кызы да жакшы ырдачу. Мурда көп байкачу эмес экенмин, кечээ күнү Айдананы карап Гүлзатка окшош экенин байкадым. Неберем энесине окшош болсун, бирок өмүрү узун болсун.
Негизи эле Гүлзат машинадан абдан коркчу. Илгери мындан 19-20 жыл мурун экөөбүз менин "Жигулим" менен Балыкчыга барганбыз. Ошол жерге жеткенче чый-пыйы чыгып коркуп барды. Анан мага карап, "апа, машине үйрөнгөндөн көрө комуз үйрөнбөйсүзбү" деп күлгөн эле. Эми Гүлзатымдын жанын жаннаттан берип, жаткан жери жайлуу болсун, ак сүтүмдөн кечтим, кечирим сурадым...

Кыял БАТЫРКАНОВА, сиңдиси:
- Жаңы жылдан мурунураак жолуккам. Ар кимибиз өз үй-бүлөбүз менен тосконбуз. Экөөбүз абдан ынак, сырдаш элек. Ал көп нерсени ичине катчу, көйгөйүн сыртына чыгарчу эмес. Ак көңүл эле, бир нерсе болсо "жайына кой" деген сөзү бар болчу. Мүнөзү абдан ачык, шайыр эле, берешен, ичинде кири жок, баарын бетке айтып салчу. Бирок кек сактабай, тез эле жазылып кетчү. Кичинесинен эле машинеден абдан коркчу. Өзү иштеп тапкан акчасына машина сатып алып, коркконунан аны көп деле айдаган жок. Машинанын алдына көп отурчу эмес, дайыма артында отурчу. Каза болгондо машинанын артында экен.

Арстанбек АБДЫМАНОВ, 5-каналдын продюсери, айылдашы:
- Гүлзат эжени бала кезден бери жакшы тааныйм. Анын көз жумганын укканда ишене албай турдум. Дайыма күлүп, кабагым-кашым дебей, көйгөйү болсо да, бир жери ооруп кыйналса да жадырап-жайнаган адам эле. Гүлзат эжени акыркы жолу иним аскер окуу жайын бүтүргөндө концерт коюп барганда көрдүм. Ал жердеги жоокерлердин чинине, даражасына карабай, баарына жадырап-жайнап, кол тамга берип жүргөн, абдан жөнөкөй жан эле. Аны акыркы сапарга узатып жатканда чын ыкласыман дуба кылып, Кудайдан аны бейиштин төрүнөн орун бере көр деп тиледим. Албетте, кыргыздын кыйын, таланттуу бир перисинен айрылганыбыз абдан чоң жоготуу жана өкүнүчтүү болду...

Мурадил САГЫНАЛИЕВ, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын А.Үсөнбаев атындагы мамлекеттик "Эл шайырлары" тобунун жетекчиси:
- Мен Гүлзатты 1990-жылдан бери тааныйм. Экөөбүз музыкалык студияда чогуу окуганбыз. 1991-жылы А.Үсөнбаев атындагы эл шайырлары тобу ачылып жатканда төрт ырчыны тандап алып кетишкен. Арасында Гүлзат экөөбүз да бар элек. Ошондон азыркыга чейин Гүлзат экөөбүз бир коллективде чогуу иштедик. Ал сахнанын кишиси болчу. Коллективде шаң, күлкү тартуулаган жаркылдаган жан эле. Уюштуруучулугу да мыкты, абдан тың, таланттуу ырчы эле. Сахнада күлкүсү, жылмайып, эркин жүргөнү менен элди багындыра алчу. Анын арабыздан эрте кетип калганы абдан өкүнүчтүү. Анын сахнада ордун толукташ кыйын. Биз үчүн, эл үчүн абдан чоң жоготуу болду...

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА