Агым

п»ї
Жаңы жылдык "белек"
Садыр ЖАПАРОВ:
"Китебимдеги фактыларды далилдегенге даярмын"
Жаңы жылдын биринчи күнүнөн тартып интернетте Садыр Жапаровдун "Саясаттагы 10 жыл" китеби коомчулукта кызуу талкууга түштү. Бул боюнча "Азаттык" радиосу саясатчынын өзүнө телефон аркылуу кайрылып, эмне үчүн китебинде келтирилген мисалдарды убагында айтпаганын жана учурда кайсы өлкөдө, кандай негизде жашап жатканын сурап билген.


"Азаттык": - Садыр мырза, китебиңиздин мазмуну кандай?
Жапаров: - Китепке саясатка аралашкан убактан тарта башымдан өткөн, өзүм аралашып жүргөн фактыларды жаздым. Жазылбай калган фактылар бар, эми алар тууралуу айтпай эле коеюн...
"Азаттык": - Эмне үчүн ал фактылар ачыкка чыкпайт? Же сизге ыңгайлуу гана фактылар жарыяландыбы?
Жапаров: - Жок, андай деле эмес. Эми мамлекеттик сыр деген болот. Мен мамлекеттик кызматкер да болгом. Ошондогу мамлекеттик сырлар китепке кирген жок.
"Азаттык": - Каркыра Казакстанга өтүп жатканда сиз ал кездеги Президент Курманбек Бакиевдин кенешчиси турбайсызбы? Андан кийин эле комиссар болуп калдыңыз. Мурда Каркыра боюнча катуу каршы болуп келатып, кийин Президенттин айтканын кылган парламенттеги "Ак жол" фракциясынын чечимине эмне үчүн унчуккан жоксуз? Анүстүнө Каркыра сиздин киндик кан тамган жер эмеспи?
Жапаров: - 2007-08-жылдары чырылдап жүргөнүмдү ал кезде анча деле көрүнүктүү саясатчы болбогонум үчүн балким эл билбейт. Тилекке каршы, 2008-жылдын март айында "Ак жол", КСДП жана Коммунисттерден турган парламент Каркыраны ратификациялап берди. Мен анда депутат болбой калган болчумун. Ал эми Президенттин кеңешчиси деген кызмат "аты улук, супарасы курук" болчу.
"Азаттык": - Бирок сиз андан аз өтпөй эле комиссар болдуңуз. Ушул кызмат менен Жапаровдун "оозун жабышты" дегендер да бар...
Жапаров: - Эми аны Кудай карап турат. Мен жумуш сурап барган жокмун. Өздөрү чакырышты. Комиссар болуп 2008-жылы жай мезгилинде бардым.

(Уландысы 3-бетте)



 





??.??