26.12.14 Көңүл чордонунда
"Замандаш" партиясы улуттун уюткусуна айланат!

"Замандаш" партиясы тээ башынан эле башкалардай болуп саясый кызыкчылык, бийлик кумары же мансаптын ырахаты үчүн эмес, чыныгы мезгилдин талабы менен, элдин ишеничи менен социалдык көйгөлөрдүн көптүгүнөн улам көтөрүлүп чыкканын баарыбыз эле билебиз. Ооба, ал ошол күндөн бери карай деле Ак үй менен Көк үйдө эмес, карапайым элдин арасында иштеп келе жатат. Мезгил жылган сайын элдин ишеничи, үмүтү болуп, катары калыңдап, кадамы арбып, партия туу туткан тазалыгы, чыныгы элдин кызыкчылыгын көздөгөн аракеттери менен баралына келип турган учуру.
Муну айтып жаткан себебибиз, кечээ Бишкекте өткөн "Замандаш" партиясынын кезектеги 8-съездинин өтүшүнөн улам чыгып отурат. Калпакты кастарлап кийип, каз катар тизилген партиянын мүчөлөрүн карасаң, саясат менен шугулданып, парламентте, өкмөттө иштеп, "экс" делгендерден эч ким көрүнбөйт. Бирок карапайым элдин арасынан ак эмгеги, аракети менен алдыга суурулуп чыгып, адегенде өз жашоосун, анан айылдаштарынын жашоосун тыңдоого салым кошуп жаткан жаңы, таза жүздөр көзгө урунат экен. Өздөрү айтмакчы, "Замандаш" партиясынын бул жалпы жыйыны партиянын буга чейинки иш-аракеттеринин жемишин гана көрсөтүү эмес, мындан аркы жаңы кадамдарынын башаты, партиянын тарыхый чоң миссияны колго алган, чоң өзгөрүүгө кадам таштаган үлкөн окуя катары тарыхта калчудан. Себеби бул партия мындан ары өзөккө, улуттук уңгуга карай багыт алганын жарыялады. Ошондуктан "Замандаш" улуттук кайра жаралуу партиясы деген жаңы ысымды, жаңы ураанды алып отурат.
"Бул өтө чоң жоопкерчилик, өтө оор жүк. Анткени улутту кайра жаратуудан басып өткөн жолубузга, унутулуп бараткан улуттук аң-сезимибизге, түпкүлүгүбүзгө кайтып барып, аны азыркы жашообузга алып келүү өзүнчө машакат. Биз аны билип турабыз. Аны биз жасабасак ким жасайт? Ансыз да элди, улутту бириктире турган, мекенчилдикке сугара турган, келечекке үмүт жандыра турган идеологиябызды 20 жылдан бери таппай, ар кимди туурап, ар кимдин моделин көчүрүп отуруп ушул акыбалга кептелдик. Дүйнөнү чоң интеграциялык толкун каптап, майда мамлекеттер державалардын жемине айланып бараткан чакта Кыргызстанды сактап калуу биздин милдет, биздин саясат болушу керек. Ал милдет кимдин мойнунда? Албетте мамлекеттин титулдук улутунун, кыргыздын мойнунда. Кыргызстан үчүн эң ири биздеги 80ге чукул майда улуттар эмес, алды менен биз, кыргыздар гана жоопкербиз. Ошондуктан улуттук кайра жаралуу жараянын партиянын негизги программасы катары кабыл алалы деп чогулуп жатабыз. Бул элдин, замандын талабы" дейт "Замандаш" кайра жаралуу партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Эмил Өмүракунов.
Ал эми партиянын тең төрагаларынын бири Сапар Асанов улуттук кайра жаралуу демилгесин улутчулук, ураа-патриоттук менен алмаштырбоо керектигин белгилейт. "Улуттук кайра жаралуу деген Кыргызстандагы башка улуттарды кысымга алуу, кыргыздарды гана көтөрүү эмес, бул өлкөнүн негизин түзгөн кыргыз элинин башын бириктирүү, ынтымакка алып келүү, улуттун жүрөгүн ойготуп, намысын курчутуп, аны өлкөнү көтөрүүгө багыттоо. Алды менен кыргыздар биримдикте болсок, өзүбүздү тазаласак, арыбызга келсек, анан биздин арабыздагы башка улуттар да биз менен биригип, биздин улуттун катарын түзүп, камыр-жумур болгон бир бүтүн элге айланарыбызга ишенич чоң. Керек болсо бүгүн ушул титулдук улуттун ынтымагы жоктугунан өздүгүн унутуп, өзгөлөрдү ээрчип жаткандыгынан улам биздеги башка улуттар да кыйналып жашап жатат, тарыхый мекенине кайтып жатышат. Ошондуктан биздин улуттук кайра жаралуу идеябыз биздеги бардык улуттардын кызыкчылыгы, мүдөөсү деп билишибиз керек" дейт ал.
Ошону менен "Замандаш" улуттук кайра жаралуу партиясынын 8-съезди көптөгөн жаңы сунуштар, каалоо-тилектер менен коштолуп, аймактардан шайланып келген 200дөн ашык делегаттар менен меймандардын пикир алмашуусу менен абдан жандуу өттү. Алардын жашы да, карысы да, айымы, мырзасы да жарыш сөздө улуттук кайра жаралуу жараяны ишке ашканда гана өлкөдө экономикалык жылыштар болорун, анткени бийликке куру саясатчылар эмес, кесипкөйлөр, паракорлор эмес тазалар, бандиттер эмес адистер келерин, мамлекеттик башкаруу элдин колунда болорун, өнүгүү жолубуз Батыш менен Чыгыштагы өлкөлөрдүн даяр моделдери менен эмес нукура улуттук модель менен уланаарын айтып жатышты. "Улутту көтөрүү, кандагы көрөңгөбүзгө кайтып баруу менен гана азыркы сырттан келип жаткан диверсияларга - диний фанатизмге, жапайы маданиятка, геосаясый эксперименттик долбоорлорго каршы тура алабыз. Анткени анын баарынын бизге жат экендигин, туура келбестигин ар бир жаран түшүнүп, четке кагат" дейт партиянын мүчөсү, айылдык ишкер Талант Жороев. Албетте, айтканында калет жок.




Келерки жылы Кыргызстандын экономикалык абалы кандай болот?
Акылбек Жапаров,
экс-министр:
"Жалкоо өкмөт иштебесе, ийгилик өзү келбейт..."
- 2015-жылы Кыргызстан бир жагынан Бажы биримдигине өтүп, экинчи жагынан Орусиядагы башталган экономикалык кризистин таасирлеринен улам экономикалык жактан кыйналары турган иш. Анткени күтүлүп жаткан каржы каатчылыгынан улам Кыргызстандагы ири долбоорлорго каражат салуу кыйла азайып, ошондой эле мигранттардан келүүчү 2 миллиардга жакын доллар кескин кыскарганынан күнүмдүк турмуштагы ыргалдуу темп бузуларын ачык айтышыбыз керек. Экинчи жагынан, учурдагы өкмөттүн ошол күтүлүп жаткан абалдан чыгууга алдын ала даярдыгы жоктугу экономиканын алсызданышына ого бетер жардам бергени калды. Же булар деле Бажы биримдигине кирүүдөгү Орусия менен Казакстандан келчү ири каржылык жардам жакында өкмөттүн казынасына келип түшөрүнө ишене албай турушабы, үмүттөрү өчүп баратабы, түшүнүксүз. Болбосо, ошол келчү каражатты алдын ала кайсы тармактарга бөлүү керектигин тактап, ошого жараша план-программаларды кабыл алып, конкурстарды жарыялашы керек эле. Балким Орусия саясый чечим кабыл алган соң, өздөрүндөгү кыйынчылыктарга карабай ошол 500 миллион долларды эртең которуп жиберсе, аны Кыргызстандын экономикасына эки эселеп жардамы тийгендей долбоорлорду даярдап турушубуз керек да. Бакиевдин убагында деле Орусия 300 миллионду эч создуктурбай эле которуп жибербеди беле. Ошондо ошол акчаны даректүү жумшабай, бийликтегилер кымырып качып кете беришти. Демек, учурдагы өкмөт ошол акча Кыргызстанда айлангыдай, валютабыздын күчүн кармоого таасири тийгидей, ошондой эле кыска мөөнөттө өзүн актай баштагыдай тармактарга жумшап, эффективдүү пайдаланышы керек. Мисалы, мен сунуш кылат элем, айыл чарбага, азык-түлүк өстүрүүгө арбын каражатты салыш керек. Анткени Бажы биримдигинин алкагында күзгө чейин экспортко жол ачылып калса, жазында эккен азык-түлүктү күзүндө жыйнап, Орусия менен Казакстанга экспорттоп, жумшаган акчаны кайрып алууга болот. Ошондой эле бул каражатты кезектеги дагы бир ири долбоорго салсак, ал курулуштун бүтүп, ишке берилип, андан өзүн актаганга чейин убакыттан уттуруп коерубузду эсибизден чыгарбашыбыз керек. Андай болсо ага курулуш материалдарын, техникаларды жана керектүү жабдыктарды алууга туура келип, акча сыртка чыгып кетет.
2015-жылдагы экономикалык абалыбыздын оорлошуна улуттук валютабыздын туруксуздугу да кедергисин тийгизгени турат. Себеби рублдин куну кетиши, доллардын өсүшү менен биздин акчанын да абалы оорлошууда. Мындай абалды жөндөш үчүн биз жыл сайын өндүргөн 15 тоннага чейинки алтынды Европага алып барып сатпай, Кыргызстандан сатууга, улуттук валютабыз менен баалап, сомго сатууга барышыбыз абзел. Эгер өкмөттүн буга эрки жетсе, анда дүйнөдөгү алтын алуучулар Бишкекке өздөрү келип валюталарын сомго алмаштырууга мажбур болушат. Мындан биз утушка ээ болобуз.
Жалпысынан айтканда, келерки жылдагы экономикалык кырдаал өкмөттүн иш-аракеттеринен жана геосаясый фактордон гана көз каранды. Өсүп, өнүгүү болбосо дагы абалды турукташтырып, экономиканы кармап турууга болот. Бирок учурдагы бюджеттин тартыштыгы жыл сайын арбып баратканы кооптуу маселе. Аны саясый эрк менен азайтууга аракет кылып, өкмөт чыгымдарды кескин кыскартпаса, бюджеттин тартыштыгы социалдык абалыбызга сокку урат. Ал эми инвестициялык климаттын жакшырышы деле азыр күтүлбөйт. Себеби саясый туруктуулук мурдагыдай эле сакталбай, алдыдагы шайлоонун артынан саясый компроматтар, кармаштар уланышы, өкмөттүн алмашышы инвесторлордун агылып келишин токтотушу мүмкүн.

Максат Ишенбаев,
банк адиси:
"Инфляция мурдагы жылдардагыдан да жогору болот"
- 2015-жылы Кыргызстандын экономикалык абалы кыйын болорун ачык эле айтышыбыз керек. Мына, Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 11, 5 пайызды түзөөрү божомолдонууда. Бул мурдагы жылдардагыдан кыйла көп дегенди түшүндүрөт. Буга негизги фактор болуп валютанын курсунун алмашып, төмөндөп турушун айтсак болот. Бажы биримдигине киришибиз, бажы төлөмдөрүнүн жогорулашынан улам соода-сатыктын азайышы жана Орусиядагы абал инфляцияга өз таасирин берет. Муну Улуттук банк деле болжоп жатат. Экинчи фактор болсо төлөө балансы же экспорт менен импорт. Мисалга, эгер биз канчалык сырттан көп товар алып кирсек, биздеги доллар менен алтын ресурстарыбыз ошончолук чет жакка качып кетет.
Азыр айрым коңшулардан да жакшы сабак алууга болот. Мисалы, жакында Казакстан менен Кытай 14 миллиард долларлык долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту. Бирок аны ишке ашырууда доллар менен эмес, юань жана теңгени жүгүртүүнү макулдашышты. Биз дагы сомдун тагдыры үчүн бардык каржылык операцияларды сом менен жүргүзүүгө өтүшүбүз керек.
Экинчиден, элге айтып кетчү бир кеңеш бар. Азыр көп эксперттер колдогу сомдорду көп коротпой турууну айтып жатышат. Орусияда да ушундай чакырык болгон. Бул туура эмес. Жакшысы акча каражаттарын банктарга салып кармаш керек. Себеби азыркы учурдан алганда банктардагы пайыздык чектер инфляциянын деңгээлинен жогору турат. Демек, колдогу акчадан банк ишенимдүү жана сомдун туруктуу кармалышына шарт бар десек болот.