п»ї
Агым
Электр энергиясы нарындыктарга эле керек эмес
Энергетика жана өнөр жай министрлиги Нарын облусунун тургундарына кошумча компенсация төлөп, талаптарын аткарууну сунуштап жатат. Нарындын 300гө жакын тургуну электр баасын арзандатууну, мурдагы тарифин кайтарууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. 11-декабрга чейин керектөөчүлөр 1 кВт саат электр үчүн 70 тыйындан төлөп келген. Ал эми жаңы тарифке ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандарга 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Митингдин катышуучулары коюлган маселелерди чечүү үчүн бийликке 15-январга чейин убакыт берип, эгер талаптар аткарылбаса, мөөнөтсүз акциялар уланарын эскертишти.
Ал эми Нарындагы көзгө басар жалгыз троллейбус да 300 миң сом карызы болгону үчүн токтоп калуу коркунучунда турат.


Соттор да соттолот
Соттор кеңеши ушул жумада Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Абдыжалил Эргешов менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Марат Жээналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Калтарбек Абдыкадыров, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Камчыбек Илиязов кызматтарынан бошотулду. Ош шаардык сотунун судьялары Закир Максүтов менен Талант Жулдашевдер болсо Жогорку соттун жеке чечими менен отставкага кетишти. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары Бактыгул Алымкулов менен Адылбек Субанкуловдорго сөгүш жарыяланды.






а ­е¦Є.НҐй«