19.12.14 Машина базарда эмне жаңылык?
Бажы биримдигине кирүү демилгеси парламент тарабынан экинчи окууда кабыл алынып, чечүүчү баскычы эле калган мезгилде карапайым калкты ойлондурган маселелердин негизгиси - темир тулпарлардын баасынын кымбатташы. Ошону эске алып учурда автобазарда абал кандай экенинен кабар алдык.


Азыр кымбаттай элек
Эл ойлогондой ушул тапта машина өтө кымбаттап кеткен жок. Мисалы, 15 миңден өйдө турган машиналарга жайкыга салыштырмалуу 1000 доллар гана кошулса, арзан машиналар 300-500 долларга гана кымбаттады. Бир гана "Тойота Ист", "Хонда Фит", "Мазда Демио" сыяктуу бензинди аз ичкен машиналар гана 3500 болсо 4500 болуп, 4500 долларлык "Исттер" 5500 болуп байкала турган суммага кымбаттай түшкөн. Бул машиналардын кымбатташына албетте күйүүчү майдын баасынын жогорулашы себеп болду. Мурда акылдуулар дизель арзан деп солярка менен жүрө турган машиналарды алышчу. Азыр солярка да кымбаттап кетип, эң ыңгайлуу вариант катары кыймылдаткычтын көлөмү чакан, бензиндин жытына эле жүрө берчү кичинекей машиналарды издеп калышты. Ошол себептен базарда кескин кымбаттаган машина катары "малолитражкаларды" айтсак болот.


Алып койгон арзан түшөт
Адатта кышында, өзгөчө жаңы жылга жакын машиналардын баасы эң төмөнкү чекке түшүп, кардарлар жок болуп калчу. А ушул күндөрү бул көрүнүш тескерисинче болуп жаткан кези. Жаңы жылдан кийин Бажы биримдигине кирип кетишибиз мүмкүн, ар кандай мыйзамдар күчүнө кирет деп акчасы бары деле, жогу деле базарда жүрөт. Акчалуулар машина алып койсок ал мындан ары арзандабайт, тескерисинче күн сайын кымбаттайт. Андыктан бош акчаларды көбөйтүп же ийгиликтүү сактоонун жолу машина алып коюу деп аракет көрүшүүдө. Ал эми акчасы жоктор ошол машинанын өзүн күрөөгө коюп эле кредитке алып жатышат. Себеби эмки жылдан баштап ал машинанын баасы кредитти жапкан суммадан да бир канчага кымбат болорун баары түшүнүшүүдө. Ошол себептен күндүн суугуна карабай элдин көбү Бишкектен чыгып бараткандагы "Азамат" автобазарында жүрүшөт.


Газга өтөлү
Учурда арзаныраак түшө турган, жакшы машина айдаштын бир амалы чыкты. Дизель кымбат, бензин кымбат, кыймылдаткычтын көлөмү чоң машиналарды эч ким албай баасы өтө арзандап кетти. Буларга Бажы биримдиги деген коркунучтуу сөздүн да таасири тийбей калды. Беш жыл мурун "шестисотый" мерстин баасы 5-6 миң доллар болуп калат деп ким ойлоптур? Азыркы бүт ыңгайлуулуктары бар машиналардын көбүнүн көлөмү 3 миң кубдан ары. Аларды кирешеси туруктуу болгон байлар гана айдабаса, айлык менен жашагандар кыйналып калышы мүмкүн. Бирок ушундай кыймылдаткычынын көлөмү чоң унааларды салыштырмалуу арзан алып, миң доллардын тегерегиндеги газ менен иштетүүчү жабдыкты орнотуп алсаң, аябай арзан түшүп калат экен. Мисалы, бир жигит "Лексус-470ке" газ менен иштөөчү жабдыкты 1100 долларга орноткон экен, анын күйүүчү майды коротуу чыгымы 10 литр бензиндин акчасына барабар болгонун айтты. А болбосо мындай темир тулпарлар жок дегенде 17-18 литр бензин ичерин жакшы билебиз.


Япониянын күнү бүттү
1-январдан тарта оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө салынган тыюу күчүнө кирет. Андан сырткары, оң рулдуу унаа менен коммерциялык максатта киши ташууга да тыюу салынат. Ошол себептен учурда оң рулдуу унаалардын баасы анча көтөрүлбөдү. Анткени кыргыздар өзү айдаш үчүн алган машинасы менен анда-санда "таксовайтетип" ийиши мүмкүн экенин, кийин сатканда арзанга кетпешин карап алат эмеспи. Мындай келечеги жок машиналарды алуу пайдасыз экенин билгендер Европанын машиналарына кызыга баштады. Ошол себептен учурда машина менен иштеген ишкерлер Латвия, Литва, Германия, Франция, Англия сыяктуу өлкөлөрдөн ташый башташты. Эркин деген сатуучунун айтымында, Европанын машина саткан жерлерине барсаң жалаң эле кыргыздар. Айткан баасына алып атышат. Япониядан ташыган бизнесмендер да Европага өтө качты дейт.


Жаңы жылдан кийин кымбаттайт
Жалпысынан машиналардын баасы кичине эле кымбаттады. Чыныгы кымбаттоо жаңы жылдан кийин байкаларын машина менен көп жылдан бери иштеген Урмат Иманалиев айтып берди. Анын айтымында, жаңы жылдан кийин арзан баадагы машиналар 2-3 миң долларга кымбаттайт. Буга себеп катары салыктын кымбатташын айтса болот. Мисалы, мурда 3 миң куб метрлик машинаны алып киргенде кубуна 0,3 доллар төлөшсө, анын салыгы 900 доллар болмок. А жаңы жылдан кийин 1 кубу 1 доллар менен саналып, 3 кубдук машинага 3000 доллар салык төлөйсүң. Ошонун эсебинен машина 2-3 миңге кымбаттайт тура. Андан да эгер Бажы биримдигине кирип калсак, казак туугандарыбыз Бишкектен дүңүнөн машина ташып кетишет. Себеби биздин баалар алар үчүн итбекер.


Болор бала...
Машина темасынан алыстап бир нерсеге көңүлүм түштү. 6-класста окуган жаш бала от албай калган машиналарды от алдырып бериш үчүн кичинекей арабасына орнотулган аккумуляторду сүйрөп жүрөт. Суукта калып от албай турган машина канча. Түртүп жүргүзгөнгө тар базарда шарт жок. Ошондо ушул жигит сыяктуу от алдыргычтарга сатуучулардын күнү түшөт. Бир машинаны 100 сомго от алдырып берген бул жигит ишемби, жекшемби күндөрү иштеп күнүнө 2500-3000 сом табат экен. Орто эсеп менен жумасына 5000 эле тапсын, айына 20 миң сом таап үй-бүлөсүн багат тура. Ошол учурда сабагын да калтырбай жакшы окуйт экен. "Байке, мени сүрөткө тартсаңыз тартыңыз, бирок бетимди көрсөтпөңүз, атымды деле жазбаңыз, мектепте чоң балдар акча табат турбайсыңбы деп салык салышы мүмкүн. Ансыз деле автобазардын коопсуздук кызматкерлери менден "отметка" алып жүдөтүштү" дейт. Заманың бөрү болсо бөрү бол деп минтип жаш балдарыбыз оюнчук ойнобой ызгаардуу суукта таңкы саат төрттө туруп алып жанын багып жүргөнү же сүйүнүштү же күйүнүштү билдирбеген түшүнүксүз сезимге бөлөйт экен.