presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Баланын баасын бычкандар
Ушул жумада кыргыз гезиттеринин бирине бир жарым жашка чейинки кыз сатып алам деген кулактандыруу чыккан. Гезиттеги бул жарнаманы окуп төбө чачы тик турган окурман кулактандырууда көрсөтүлгөн номерге чалса, телефонун алган абонент унчукпай койгон. Бул боюнча окурман "Репортер" интернет булагына жазып чыккан. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери гезиттеги номерге чалышса ал өчүк болуп чыккан. Бирок 24.kg маалымат агенттиги ал аял менен байланышканын, өзүн Венера деп тааныштырган аял 48 жашта экенин жазып чыгышты. Агенттиктин маалымдашынча, Венеранын күйөөсү милиция кызматкери экен. Эки баласы чоңоюп калгандыктан аял кичинекей кыз багып алгысы келгенин айткан. Кесиби дарыгер Венерага 10 айлык кызын сатууга макул болгон келин байланышып, жолугууну сунуштаган. Келин кызына башкалар 15 миң сом беребиз дегенин да жашырган эмес.


Алканов акталып, үч кыз камалды
ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Нурлан Утемисов жума башында ишкер Райкан Алкановдун иши боюнча тергөө үч кыздын күнөөсүн далилдегенин билдирди. Утемисовдун айтымында, тергөө аяктап, кыздардын күнөөсү далилденгендиктен алар камалган. 6-7 жолку экспертизанын жыйынтыгында кыздардын Алкановго койгон айыптары тастыкталган эмес. Буга улай Утемисов бир жарым айга созулчу медициналык-психологиялык экспертизалар аяктаса кылмыш иши жабылып, Талас облустук сотуна өткөрүлүп берилерин кошумчалайт. Эл арасында болсо бул иш акыйкат териштирилген жок деген пикир дале күчүндө.










??.??