12.12.14 Капчыкты коюп калкты ойлогула
Тирүүлөй тозокко айланган шаардык транспорт

Шаардык транспорт жөнүндө кеп боло калса эле Бишкек мэриясы баланча күнү түкүнчө линиядагы микроавтобустарды талапка жооп бербегендиктен алып салдык деп жооп бере салышат. Бир-эки күндөн кийин карасаң эле баягы микроавтобустар эч нерсе болбогондой эл ташып, кайра жүргүнчүлөрдү ашата сөгүп коюп иштеп жүргөн болот. Же болбосо линиядан чыгарылган айдоочу кайра башка линиядагы фирмага кире калып эле иштей берет. Баарынан кызыгы, микроавтобустарды линиядан машиненин сыры кеткен, орундуктарынын орундук каптары кир, эски, орундуктары кем, ичиндеги линолеуму начар деген себептер менен чыгарышат. Ошол эле кезде микроавтобустар эртең менен ишке канчада чыгып, кечкисин канчада токтоп, жүргүнчүлөрдү кандай ташып, аларга кандай мамиле кылып жатканын, ар бир линиянын диспетчери эмнени көзөмөлдөп отурганын текшерген бир орган же жан жок.
Былтыр чет өлкөлүк бир уюм мэриянын өтүнүчү менен шаардык транспорт инфраструктурасын иликтеп чыккан. Алардын иликтөөсү боюнча Бишкекте официалдуу түрдө ар күнү линияга жалпы 2607 микроавтобус чыгары жана официалдуу эмес маалыматтар боюнча 3500-5000 микроавтобус чыгары белгилүү болгон. Ошондой эле кичиавтобустардын толуусу 117 пайыз болсо, автобус, троллейбустардыкы 50 пайызды түзгөн. Шаар калкынын 7 пайызы гана троллейбус менен ташылса, 10 гана пайызы автобустардын кызматын пайдаланышары да такталган. Ал эми Бишкек шаарынын Маалымат жана жарнама департаментинин маалыматына таянсак, ар күнү шаарда 90го жакын троллейбус линияга чыкса, анын 21и жаңы. Мындан сырткары күнүгө 240тай муниципалдык автобус жана 2300дөй микроавтобус эл ташыйт. Цифралар айтып тургандай мамлекеттик орган менен көз карандысыз уюмдун көрсөткүчтөрү эки башка. Анткени шаардыктарды тейлеген 43 микроавтобус фирмаларынын кожоюндары кайра эле ошол шаардык кеңеште, ар кандай мамлекеттик бийлик бутактарында отургандар. Эл көзүнө микроавтобустардын 50 пайызын кыскартыш керек демиш болуп, көшөгө артында фирмаларына эсепсиз микроавтобустарды киргизип алышкан.
Бирок "көп суур ийин казбайт, ийин казса да кең казбайт" болуп, микроавтобустар жайкы аптап менен кышкы суук күндөрү, майрам күндөрү өздөрү каалаганындай иштешет. Мындай күндөрү жаңы конуш жашоочулары эле эмес шаар ичиндеги жашоочулар жарым сааттап транспорт күтүп калган учурлар көп. Анда негизги милдети шаардык транспортту көзөмөлдөө болгон Шаардык транспорт башкармалыгы эмне иш аткарып жатат? 2006-жылы Бишкек мэриясынын №410 токтому менен шаардагы бардык транспорттук жана жүргүнчүлүк ташууларды башкаруу жана координациялоо максатында Шаардык транспорт департаменти түзүлгөн. 2008-жылы мэриянын токтому менен департамент Шаардык транспорт башкармалыгы (ШТБ) болуп өзгөргөн. Ошол башкармалыктын сайтында бакыйта эле "Управление городского транспорта мэрии г. Бишкек координирует, регулирует и контролирует исполнение договорных обязательств на оказание услуг городским пассажирским транспортом, формирует и распределяет маршрутную сеть пассажирских перевозок по городу Бишкек, принимает меры по дальнейшему развитию инфраструктуры транспортной деятельности в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, привлекаемых к перевозке пассажиров" деп жазылып турат. А микроавтобус айдоочулары болсо кар жаап, суук болсо же дем алыш, майрам күндөрү кааласа ишке саат сегиз, тогуздарда чыгып, кааласа чыкпай да коюшат. Шылтоолору аба ырайы суук, жол кире арзан, май кымбат. А бирин-серин чыккандары болсо микроавтобуска адамдарды тери жүктөгөнсүп тыгып алышат. Эгер микроавтобус айдоочулары минтип өз билгенин кыла берсе, Шаардык транспорт башкармалыгы аларды көзөмөлдөй албаса, Бишкек мэриясын, аталган башкармалыкты, төрт район акимчилигин мамлекет неге каржылап, кармап отурат?!
Шаардык транспорттун жүрүү аралыгы канча мүнөт болушу керектигин, эртең менен саат канчаларда чыгып, канчада токтошу керектигин билүү максатында ШТБнын диспетчердик кызмат бөлүмүнө кайрылдык. Аталган бөлүмдүн билдиришинче, микроавтобустар таңкы саат алтыдан баштап диспетчердик пункттан өтүшүп, кечкисин саат тогуз, ондорго чейин жүрүшү керек экен. "Майрам күндөрү башкармалыктан айдоочулар иштесин деген ички буйрук чыгат. Шаардагы бардык көзөмөлдөө-диспетчердик пункттарды текшерген 8 инспекторубуз бар. Алар маршруттук транспорттун интервалын, техникалык акыбалын, тазалыгын текшерип турушат. Бирок инспекторлор аз болгондуктан баарын текшерип чыга алышпайт. А жүргүнчү ташуучу шаардык транспорттун интервалына келсек, ар кайсы маршруттуку ар кандай. Орточо алганда 4 мүнөттөн 8 мүнөткө чейин. Алыскы жаңы конуштардыкы 10 мүнөт болуп кетет. Шаардагы тыгындардан улам да интервал созулуп кетип жатат. Айрыкча автобус, троллейбустар кыйналып, троллейбустардын интервалы "час пикте" 40 мүнөттөн ашып кетип жатат" дейт ШТБнын диспетчердик кызмат бөлүмү.
Шаардык транспортту көзөмөлдөөчү органдар минтип иттен чыгарса, жүздөгөн, миңдеген шаар жашоочулары күн сайын транспорт тозогунан тирүүлөй кыйналып келатышат. Ал ортодо микроавтобусту күтүп жатып суук тийген жаш балдар, транспорт ичиндеги тыгылышта кан басымы көтөрүлгөн же түшүп кеткен карылар ооруканаларга жатып калышууда.

Мелис СОВЕТ уулу, сүрөттөр интернеттен алынды




Таанып алгыла
Cоттор "соодалашса" сурак кимге?
Өткөн саныбызда толук курамда болбосо да ишке кирген экинчи чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин курамы менен тааныштырып баштаган элек. Анткени аягына чыкпаган сот реформасынын алгачкы кадамы катары Башмыйзам менен бекитилип, сот системасынын тазалыгына, иштиктүүлүгүнө жооп бере турган орган деп ушул Сотторду тандоо кеңешин айтып жатабыз. Атаганат, алгачкы түзүлгөндө эле бул кеңеш актыгы жана тактыгы менен ишке киргенде, Батукаевдин иши баш болгон биртоп былыктуу окуялар орун албай, коомчулук сотторго кичине суктана баштамак...

Антсе да "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп", парламент, Сотторду тандоо кеңеши, жарандык коом бул жолу сотторду сорттоочуларды сыдыргыдан өткөрүп, чындап эле "соодагер" сотторго жан тартпаган таза адамдарды тандап алгандыр деген ишеничибизди суутпай туралы. Бирок талапкерлерди тандоодо эң башкысы адам факторуна эле басым жасалып, ага коюлган мыйзамдык критерийлер өтө эле жумшак болуп калганы көрүнүп турат. Анткени Сотторду тандоо кеңешинин ишин теске салган мыйзамга карасак, бул кеңешке талапкерлер эч бир партияда турбаса, кош жарандыгы жок болсо, укуктук жогорку билими бар болсо, мурда соттолуп же акталып чыкпаса, мамлекеттик кызматта беш жылдан кем эмес иштеген болсо, жашы 30дан ашса, ишмердик репутациясы жакшы бааланса гана болду экен. Ал мурда бейөкмөт уюмда иштегенби, депутаттын жардамчысы же кеңешчиси болгонбу, сот иштери менен кабары барбы-жокпу, мыйзам баарына жол берет экен. Андыктан кезектеги Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн коомчулукка тааныштырып коелу. Эртеңки соттордун жоопкерчилиги ушул адамдардын мойнунда!

Качыке Эсенканов
Аталган кеңештин мүчөлөрүнүн арасынан Конституциялык сотунун мүчөсү болгон, бир катар мамлекеттик сыйлыктарга ээ, сот тармагында эң көп иш тажрыйбасы бар адам. Эмгек жолун Жумгалдын Кызарт кыштагында кара жумуштан баштап, кийин борбордун Ленин районунун укук бөлүмүндө, Нарын шаарынын укук бөлүмүндө уланткан. КР Юстиция министрлигинде консультант, бөлүм башчы, башкармалыктын башчысы кызматтарында иштеп, андан соң Чүй облустук сотунун судьялыгына которулган. 1994-1996-жылдары КР Юстиция министринин биринчи орунбасары болсо, 1996-2010-жылдары Конституциялык соттун судьясы, апрель окуясынан кийин президенттик аппараттын сот органдары бөлүмүндө эксперт кызматын аткарган. Андан соң Жогорку Кеңеш аппаратында эксперт, депутаттын кеңешчилигин аркалап, Сотторду тандоо кеңешинин алгачкы курамынан эң көп упай алып Жогорку соттун судьялыгына шайланган. Анын баскан жолунун урунттуу учурларына келсек, 2007-жылдын 14-сентябрындагы Конституциялык соттун "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүү киргизген чечимине жападан жалгыз каршы чыккан судья ушул Качыке Эсенканов болгон экен. Кеп, ошол кездеги Президент Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңешти таркатып, өзүнүн укуктарын кеңейткен жаңы Башмыйзамды кабыл алуу менен өлкө бийлигин өз колуна топтогонго жол берген Конституциялдык соттун чечими тууралуу болуп жатат.
Дагы бир жагдай, 2007-жылдын 31-ноябрында кабыл алган Бишкек шаардык кеңешинин борбордун аймагында митинг, пикет, жөө жүрүштөр сыяктуу нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салган чечими чыкканда, анын мыйзамсыздыгын жүйө кылып, "Кылым шамы" бейөкмөт уюму Конституциялык сотко кайрылган. Ишти ошол кездеги Консоттун судьясы Качыке Эсенканов карап, шаардык кеңештин бул чечими Башмыйзамдагы жарандардын укуктары тууралуу беренелерге каршы келерин айтып, бул чечимди мыйзамсыз деп тапкан.
Демек, ушул жагдайлар эле бүгүнкү Сотторду тандоо кеңешинде принципиалдуу, өз позициясына турган, укуктук билим тажрыйбасы жогорку жападан жалгыз адамдын бар экендигинен кабар берип тургандай.

Динара Молдошева
1979-жылы Таласта төрөлгөн Динара Молдошева кыргыз коомчулугуна Курманбек Бакиевдин "Ак жол" саясый партиясындагы эң жаш, тирикарак депутат катары таанылган. Бирок бул айым 2010-жылдын 20-майында эле өз арызы менен аталган партиядан чыга качып, жаңыдан түзүлгөн "Республика" партиясынын алдыңкы тизмесинен орун алган жайы бар. Бишкек гуманитардык университетинин социология жана башкаруу факультетин аяктаган Динара айым депутаттыкка чейин БШКда жана ар кайсы бейөкмөт уюмдарда укуктук эксперт, пиар кызматчысы катары иштеп келген болсо, 2011-жылы партлидери Өмүрбек Бабановдун колдоосу менен адегенде Монополияга каршы агенттигинин директор орунбасары, кийин премьер-министр Өмүрбек Бабановдун парламенттеги атайын туруктуу өкүлү кызматтарын аркалаган. Бирок өлкөдөгү өкмөт башчылардын алмашуусунан кийин жаңы келген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Динара Молдошеваны аталган кызматтан алып түшүп, кызматсыз калтырган. Ошону менен эки жылга чукул "жөө калган" Динара Молдошеваны "республикачылар" Сотторду тандоо кеңешине шайлап беришти. Депутаттыктын даамын татып калган айым келерки парламенттик шайлоодо талапкер болуп аттанып чыгабы же аткаруу кызматын аркалоого эле макул болобу, мезгил көрсөтөөр...

Тынчтык Алтымышев