12.12.14 Адабият айдыңында
"Алыкулдун 35 ыры түрк тилине,
тогуз ыры жыйырма тилге которулат"

Табышмактуу, миң сырдуу акын Алыкул Осмоновдун бул дүйнөдөн өткөн күнү да таң каларлык күнгө туш келиптир. Дүйнөнү дүңгүрөткөн, залкар жазуучу, кыргыз элинин руханий атасы Чыңгыз Айтматов 12-декабрда жарык дүйнөгө келсе, так ушул күнү кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмонов дүйнө салган. Келерки жылы улуу акындын көзү өткөнүнө 65 жыл болсо, анын жарык дүйнөгө келгенине туура 100 жыл болот. Алыкул Осмоновду өз атасындай баалап-барктап, анын чыгармаларын кыргыз элине, башка өлкөлөргө да жайылтып келаткан адабиятчы, публицист, "Алыкул үйү - борбору" коомдук бирикмесинин директору Памирбек Казыбаев менен юбилейди утурлай маек кылдык.
- Памирбек агай, 2015-жылы кыргыз поэзиясынын алпы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленгени турат. Өзүңүз көп жылдан бери жетектеп келаткан "Алыкул үйү - борбору" коомдук бирикмеси бул боюнча эмне иштерди аткарып жатат?
- Чынында жасалган иштер өтө эле көп. Алыкулдун көзү өткөн күнү менен 100 жылдыгынын тегерегинде кеп кылсак негизги эки маселе бар. Биринчиси, темирге "талгактардын" айынан 1999-жылы акындын бейитиндеги темир коргон талкаланып бүгүнкү күнгө чейин мурдагы калыбына келбей турат. Буга чейин бул боюнча көп жерлерге кайрылганбыз. Алдыдагы 100 жылдыгына байланыштуу да колунда барларга кайрылып өткөн жумада алар акындын бейитин, эстелигин барып көрүштү. Алар бейит коргонун оңдоп, "Жолборс терисин жамынган баатырдын" мен редакциялаган варианты менен акындын 100 жылдык юбилейине карата календарь чыгарып берүүнү убада кылышты. Мындан сырткары "Алыкул үйү - борбору" коомдук бирикмеси Кытайдагы кыргыз окумуштууларына Алыкул Осмоновдун 6 томдугун берген. Алар Алыкул Осмоновдун биринчи ырлар жыйнагын ошол жактагы кыргыздар үчүн араб тамгасында чыгарабыз деп жатышат. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Лайли Үкүбаева баш болгон адабиятчылар былтыркы сүйлөшүүлөр боюнча Алыкулдун 35 ырын түрк тилине котортуп, Түркияда бастыртканы турушат. Мындан сырткары "Диалог Евразия" эл аралык платформасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүп уюмдун Грузиядагы бөлүмүндө Шота Руставелиге байланыштуу иштерди жасасак деген оюмду айттым. Себеби Шота Руставелинин музейинде алигиче Алыкул Осмонов боюнча экспонаттар жок. Ошонун баарын мен жазып, аталган өкүлчүлүк аны Грузияга жөнөттү. Кудай буюрса, жайында Шота Руставелинин музейине "Жолборс терисин жамынган баатырдын" кыргызча китептерин ала барып, кыргызча, грузинче, англисче Алыкулдан, Шотадан окусак деген ниет бар. Ошондой эле Маданият министрлиги аркылуу ТүркСОЙ эл аралык уюмуна кайрылып, алардын көмөгү менен акындын 9 ырын 20 түрк тектүү тилдерге которолу деп максат кылып жатабыз. Лондондогу Шекспирдин беш музейинин бирине Алыкул Осмонов тууралуу материалдарды англисче жөнөттүк. Эми ал жерде "Алыкул жана Шекспир" деген бир бурч ачтырыш үчүн министрликтин атынан да официалдуу кайрылуу жөнөттүрдүк. 1995-жылы Алыкулдун жүз ыры англисчеге которулуп, элүүсү эле китеп болуп чыккан. Эми анын калганын чыгарууга демөөрчү издеп жатабыз. Былтыр Россияда Алыкулдун ырлары орусча чыкты. Баса, акындын эки миң сап ырын Венгрияда эмдиги жылдан баштап мажар тилине которгону жатышат. Кыскасы, Алыкулду эл аралык деңгээлге алып чыгуу боюнча ушундай иштер жүргүзүлүп жатат.
- Эл аралык деңгээлде го жаман эмес экен, а өзүбүздөчү?
- Өткөндө документалдуу фильмдер боюнча сценарий керек дешкенинен "Кыргызфильмге" Алыкул Осмонов тууралуу бир сценарий өткөргөм. Ал жерде тасма 10 эле мүнөт болушу керек деген талап бар экен. Мен 10 мүнөткө Алыкул кантип батат деп 50 мүнөт, аз болгондо 30 мүнөт сурап жатам. Тасманын убакыты такталып, каражат бөлүнсө ага Алыкул тууралуу мурда айтылбагандарды кошуп, мурда айтылып, жазылгандардын туура эмес жактарын түздөп, тактап, бир документалдык-хрестоматиялык фильм тартсакпы деп турам. Бул ишке ашса фильм окуучуларга, студенттерге кошумча окуу булагы болуп калат эле. Миң, эки миң нуска китепке караганда көбөйтүп алып көрө бергенге бул жакшы болгону турат. Ошондой эле төкмө акын Элмирбек Иманалиевге "Толубай сынчы" поэмасын дастан кылып аткарып чыкпайсыңбы дегем. Ал буюрса юбилейге карата алып чыгам деп жатат. Мындан сырткары поэманы Куурчак театрына да сунуштагам. Эгер поэма куурчак театрларында көрсөтүлсө өтө кызык болмок. Азыр мурда коюлган Кадырбай Мамбетакуновдун "Акын жана ажал", "Бурул Калчабаеванын "Аян", Медетбек Сейталиевдин "Алыкулга гүлдесте" деген спектаклдерин "Учур" театры коюп жүрөт. Бир кезде мен Кадырбай агайга Омор Хайемду жаздыңыз эми Алыкулду деле жазбайсызбы десем "Жолборс терисин жамынган баатырды" пьеса кылып жазган. Ошону Кыргызстанда койдуртуп, кийин аны Грузияда көргөзсөкпү деген тилек бар. Балким гезиттен бирөө окуп Алыкулдун арбагы, Кадырбай агайдын кадыры, Шотанын урматы деп акча берип калса спектаклды койсо болот. Албетте, пьесаны театр адистери окуп көрүшүп анча-мынча жерлерин оңдош керек деп жатышат. Ошентсе да спектакль коюлуп кетсе сонун эле болмок.
- Өзүнүн туулган айылы Каптал-Арыкта да "Алыкул фонду" түзүлүп жатты эле?
- Акындын айылында колунда бар үч аксакал 500 миңден чыгарышып 1 млн. 500 миңге фондду түптөп, Алыкулдун 2 томдугун чыгарышып, эстелигин тургузуп бүтүп калышты. Азыр айылдагы музейдин тегерегин жашылдандыруу, эстелигин орнотуу үстүндө иштеп жатышат. Маданият министрлиги тарабынан ал музейге да акча бөлүнүп эски экспозициялар жаңыртылып жатат. Бизде юбилей бир-эки жума менен эле бүтүп калат. Алыкулдун 100 жылдыгы андай болбошу керек. Алыкулдун он чакты поэмасы, алтымыштай ыры согуш темасына арналган. Ошолорду ураан катары колдонуп, келерки жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын эриш-аркак кылып өткөрсөк өтө маңыздуу болот эле. Маңыздуу дегеним, мен көп эле жердеги Алыкул Осмонов тууралуу иш-чараларга катышып жүрөм. Аларда акындын ырлары үч-төрт тилде окулуп, обондуу ырлары ырдалганы менен Алыкулдун чыгармаларынын жаралуу тарыхын, кайсы жерде кандай ырларды жазганын көбү айта алышпайт. Алсак, акындын Ат-Башыдан "Аксаткын менен Кулмырзаны" жазган экен. Алыкул сүйгөн Айдай Сокулук районунун Күн-Туу айылынан болуп жатат. "Эшимкандын тереги" деген поэмасы Сокулуктун Жыламышындагы теректерден улам жазылган. Ушинтип чыгарма менен турмуштун байланышы ачылса окурманга да кызык болмок.
- Өткөндө акындын үй-музейи жылдан жылга эскирип баратканы, аны сактап калуу боюнча кеп козгодуңуз эле. Сиз кеп кылган Бишкектеги үй-музейиби?
- Алыкулдун туулуп-өскөн үйү эбак талкалангандыктан Каптал-Арыктагы үй жөн гана мемориалдык музей. Аны акындын 75 жылдыгына карата эле Компартия салып койгон. А Бишкектеги мен уюштурган Алыкулдун үй-музейин акын өзү бир кезде сатып алып, ал үйдө 1945-50-жылдары жалгыз жашаган экен. Бул үйдү 2000-жылдан бери үй-музей катары иштетип келатабыз. Шаар мэри, Маданият министрлиги деле буга жардам бербейт. 2000-жылы Чүй облустук администрациясы каражат бөлүп музейди бир оңдоп алганбыз. Андан бери он беш жыл өтүп үй эскирди. Ошондуктан үйдүн жанындагы төрт сотых жерге эки кабат имарат салып, үйдү экспонат катары калтырсак жакшы болмок. Жаңы имаратка аудио-видео зал ачып койсок ал жер Алыкулдун ой, ыр өргөсү катары чыгармачыл адамдарга кызмат кыла бермек. Жыл башында муну ишке ашырганга демөөрчү табылып, ал жайы менен имараттын дубалын тургузуп берген. Эми анын чатыры жабылбай турат. Балким муну Алыкулдун 100 жылдыгына карата бирөө-жарым бүткөрүп берсе музейге келген окуучулар, студенттер үчүн жакшы болот эле. Чолпон-Атадагы үй музейди Бакыт Асанбаев деген фотожурналист иштетип жүрөт. Ал деле колунан келген ишин кылып жатат, бирок өкмөттүк деңгээлде ири жардам боло элек. Жакшы жагы ал жакта Алыкулдун 100 жылдыгына карата эстелик тургузушту. Бирок акындын образы ачылган жок.
- Образ ачылыш үчүн кандай эстелик тургузулушу керек эле?
- Менимче, эстелик Чыгыш-Батыш көпүрөсү аталышта болуп, Алыкулдун жал куйругу төгүлгөн Ак боз атын минген өспүрүм баланын бир тарабында Чыгыш акындары катары Шота менен Алыкул, экинчи тарабында Батыш акындары катары Пушкин менен Шекспир турса сонун болмок. Ошондо эстелик Чолпон-Атага келген туристтерге жылуу маанай тартуулаган адабий-маданий объект болуп калмак. А кимдир бирөөнүн демөөрчүлүгү менен коюлган эстелик, басылган китептер кандай жасалып, кандай чыгып жатканын эл өзү көрүп жатат.
- Каптал-Арыктагы "Алыкул фондунун" демөөрчүлүгү менен Алыкул Осмоновдун 2 томдугу чыкты. Ал китептер сиздин купулуңузга толдубу?
- "Алыкул фондун" түзгөндөргө эгер китеп чыгарсаңар чакан эле китеп кылып, Алыкулдун тандалмаларын эле киргизгиле дегем. Кийин алар 2 томдук кылып чыгарып жиберишти. Азыр окурмандар китеп кымбат экен деп жатышат. Эки томдук дүкөн баасын кошкондо 1300 сом экен. Капчыгы жука студент, окуучулар, окурмандар үчүн чакан, арзан китеп чыгарылса сонун болмок. Албетте, китеп чыгаргандардын ниети жакшы. Бирок көлөмдүү, кымбат, окуганга оор китепти азыр ким сатып алып окуйт? Кызыгы, ошол 2 томдукта менин, кызымдын, Мундузбек Тентимишовдун, Кеңеш Жусуповдун сүрөттөрү жүрөт. Китеп акындын чыгармачылыгына багытталып жатса биздин сүрөттөрүбүздүн эмне кереги бар эле? Анысы аз келгенсип сүрөттөр өтө начар болуп калган. А китептин маани-маңызын адабиятчылар айтышар.

(Уландысы бар)
Мелис СОВЕТ уулу