presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Бир бүркүм…
Кытай Бишкектин жолдорун оңдоого кайтарымсыз 200 млн. юань бермей болду.

"Ата мекен" фракциясы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынын мүлктөрүн улутташтырууну талкууга алып чыкты.

Парламент өлкөнүн 2015-жылга карата бюджетин 117 млрд. сом киреше, 132 млрд. чыгаша менен кабыл алды.

Бирөөнүн банктык эсеп картасынан 1549 доллар уурдаган 19 жаштагы К.Ринат кармалды.

Путин Кыргызстандын түштү-гүнө газ берүүнүн токтотулушун Каримов менен сүйлөшүп, бирок маселе чечилген жок.

"Ак-Жол" чек ара пунктунан Өзбекстандагы Кыргызстан элчилигинин кызматкери жашыруун документтер менен кармалды.

Бишкекте тыңчылык менен кармалган чет өлкөлүк дипломат өлкөдөн чыгарылды.

23-ноябрда "ЭкоИсламикБанктан" күч менен 1,5 млн. сом, 13 миң доллар, 598 миң рубль жана 174 миң теңге алып кеткен эки адам кармалды.

Бишкектеги Ботаникалык бакчанын маңдайында 15-декабрдан тарта балаты базары иштей баштайт.

Нарында түнкүсүн суук 30 градуска чейин жетүүдө.

Электр энергиясы менен жылуулукка болгон жаңы тариф күчүнө кирди.

Россия Украинадан Кыргызстанга келүүчү 19 тонна тоок этин өткөрбөй койду.

Кытайлар кыргыз өкмөтүнүн кепилдигисиз жер семирткич заводун куруудан баш тартышты.

"Жаңы Агым" - пресс










??.??