п»ї
Агым
Машине айдаган ажал
Казакстандын Акмоло облусунун аймагында болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болуп, эки адам жаракат алды.Облустук ички иштер департаменти маалымдагандай аталган кырсык 3-декабрда Жаксын районунун аймагында Екатеринбург-Алматы унаа жолунун 945-чакырымында болгон. Кыргызстандын 35 жаштагы жаранынын башкаруусу менен бара жаткан "Митсубиси" унаасы дагы бир "Митсубиси" иномаркасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен кыргызстандык айдоочу жана 20 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болду. Ал эми 43 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилди.


Саламат эже, сак болбойт белеңиз
Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкованын үйүн тоноп кетишти. Кичирайондордун биринде жашаган ырчынын үйүнө 2-декабрь күнү белгисиз бирөөлөр кирген. Үй ээси эртең менен жумушка кетип, түштөн кийин үйүнө келсе эшигинин кулпусу бузулуп, ачылган бойдон калган. Уурулар уктоочу бөлмөдөгү шкафта сакталган 30 миң долларын алып кетишкен. Тоноо болжол менен түшкү саат бирлерде болгон. Анткени ошол маалда үйдө эч ким болгон эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Эрди-катындын өлүмү
Декабрдын башында Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын бириндеги үйдөн аял менен эркектин сөөгү табылган. Окуя болгон жерге барган изкубарлар эркек асылып өлгөнүн, ал эми аял денесиндеги көгала тактан улам сабалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө күбө болушту. Алардын аты-жөнү иликтенип, Жалал-Абад облусунан келген эрди-катын 37 жаштагы Заирбек менен 35 жаштагы аялы Мира экени белгилүү болду. Ошол каргашалуу күнү Заирбек мас абалында келип, аялын сабап өлтүрүп салган. Андан кийин өзү асылып өлүптүр. Эрди-катындын урушу эмнеден чыкканын учурда тартип сакчылары иликтөөгө алышты.

"Жаңы Агым" - пресс





а ­е¦Є.НҐй«