28.11.14 Биометрияңды билип ал
Ким экениңди тактоого саналуу мүнөт сарпталат

Акыркы күндөрү биометриялык маалымат тапшырууда жарандардын активдүүлүгү байкалат. Ошол эле учурда биометрика тууралуу маалыматы жок жүргөн тургундар да бар. Чыгынбай, жумуштан убактысы артпай же жөн гана маани бербей жүргөн жарандар да жок эмес. 2016-жылы колго тийе турган биометриялык паспортту алууга жарандар кандай кадам таштап жатканына өзүбүз күбө болдук. Мамлекеттик каттоо кызматынын биометриялык маалымат тапшыруу пунктунун кылган ишине байкоо жүргүздүк.
2014-жылдын 20-октябрында старт алган иш-чарага бир айдын ичинде 288 миң 851 адам катышкан. Азыркы тапта өлкө боюнча 855 комплекстүү аппараттар таратылып, маалымат тапшырууга республика боюнча 808 пункт ачылган. Жарандардын биометриялык маалымат тууралуу тиешелүү кабары жок болгондуктан тапшырган адамдардын саны тиешелүү нормадан аз болуп жатканын жогорудагы мекеменин адистери маалымдашты.

Маалымат тапшырууга кандай талаптар коюлат?
Жашы он алтыдан өткөн жарандар биометриялык маалымат тапшыруу үчүн өзүнө ыңгайлуу болгон бөлүмгө ID-карта, же жалпы жарандык паспорт, 1974-жылкы (адатта пенсионерлерде кездешет), 1994-жылдардын үлгүсүндөгү паспортту алып барса болот. Маалыматты тапшырууда алгач ошол жерден камера сүрөткө тартып, электрондук планшетке колуңузду коесуз. Акырында сканерден он манжанын тагы алынат.
Маалымат тапшырууга келген жарандардын көбү ID-картасын жоготуп же мөөнөтү өтүп кеткенин айтышууда. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк көтөрүп келгендер да кездешти. Каттоодон өткөндөн кийин маалымат тапшыргандыгын тастыктай турган баракча жазып беришет, арасында ал баракчаны жоготуп алгандардын саны да аз эмес. Жоголгон баракчаны калыбына келтирүү үчүн адистер ал адамдын ким экендигин архивден издеп таап чыгышат. Биометрия тууралуу элге так, таасын маалымат жетпегенин ушундан билиңиз, каттоодо турган жериме барып өтөмбү деген суроо менен ар бир үчүнчү жаран кайрылып жатты.
Тактоо: маалымат тапшырууда сиздин каттоодо турган жериңиз, жашаган аймагыңыз мааниге ээ эмес. Сизге ыңгайлуу болгон же сиз каалаган пунктка кирип ким экениңизди тактап алсаңыз болот. Мисалы, эки саат аралыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын пунктуна Кеминде, Ысык-Көлдө, Таласта жашап Бишкекке убактылуу келген региондуктар да каттоодон өтүп жатты. Бир ай мурда ачылган пункттардын саны саналуу эле болсо азыркы тапта борбордо жогорку окуу жайларда, мектептерде, мамлекеттик ишканаларда, ар бир министрликте кызмат кылган бөлүмдөр күн сайын көбөйүп ачылууда.

Нуржан НАЙЗАБЕКОВА, Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башкы адиси:
"Чет жакта жашаган кыргыздар да тапшырышат"
- Борбордогулар активдүү тапшырып жатышыптыр, региондо жашагандарга кандай шарттар каралды?
- Биометриялык паспорт жарандарга 2015-жылдын этегинен тарта ыктыярдуу негизде жана жарандардын кайрылуулары боюнча бериле баштайт. Региондор боюнча көрсөткүчтөрдү айта турган болсом бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча 88 миң 569 жаран, Жалал-Абад облусу боюнча 38 миң, Баткен облусу боюнча 27 миң 203 адам каттоодон өттү. Нарын облусу боюнча 19 миң 747 адам, Ысык-Көл облусу боюнча 19 553 адам, Талас облусунда 11 миң 870, Чүй облусу боюнча 46 555 адам каттоодон өттү. Жети региондо тең пункттар көп санда ачылган. Жакынкы арада Казакстан, Россияда иштеген жарандардын ким экендигин тактоо үчүн чет мамлекеттен пункттар ачылат. Ал эми алыскы өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештер үчүн пункт ачуу 2015-жылдан башталат.
- Ошентсе да көпчүлүк элдин маалыматы жок экен. ММКлар менен иштешип, кеңири маалымат жайылтууга кандай чаралар көрүлдү?
- Социалдык роликтерди тарттырып, теле, радио аркылуу кетирип жатабыз. Коомдук, мамлекеттик телеканалдардан кеткени аздык кылып жатат окшойт. Жеке каналдарга акча төлөш керек, ал үчүн бюджеттен каражат каралган эмес. Бирок биз каражат жок деп отуруп калган жокпуз. Калк көп барган базарлардын, ири соода түйүндөрдүн администрациясы менен сүйлөшүп радио түйүндөрдөн роликтерди кетирип жатабыз. Биз эч кандай материалдык кызыкчылык көздөгөн жокпуз. Мамлекеттик деңгээлдеги программага элди тартууну максат кылуудабыз. Биздин аракетибизди түшүнгөн, жардам берген жарандар, ишкерлер четинен чыгып жатат.
- Элдин басымдуу бөлүгү жаңы конушта жашашат. Жашоочулар үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
- Мектептерде, айыл өкмөтүндө бөлүмдөр бар. Жаңы конуштун жашоочулары да четте калбай биометриялык маалыматты актив-дүү тапшырып жатышат.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, сүрөттөр автордуку