presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Токтогул ГЭСинде тополоң
Дүйшөмбүдө көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев 23-ноябрда Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты менен туташкан Т-2 блоктук трансформаторунда авариялык өчүрүү болгонун билдирди. Эксперттин айтымында, авариянын себептери блоктук трансформатордо, 500 киловольттук өткөргүчтө же №2 гидроагрегатта болушу ыктымал. "Авариядан улам 300 мегавольт кубаттуулуктагы электр энергиясын иштеп чыга турган гидроагрегаттын иши токтогон. Эми энергетикалык жана суу режимин өзгөртүү зарыл. Режим өзгөртүлсө суу сактагычтан суу агып чыгуу көбөйөт. Бул жогорку категориядагы авария жана муну тескегенге тез арада өкмөттүк комиссия түзүлүшү керек" дейт Расул Умбеталиев.

Жүздөгөн жылдардан соң жаңырган Ли-бай
"Таланттуу сүрөтчү көз ирмемди токтото алат, таланттуу акын ойду кылымга токтото алат". Улуу адамдардын мындай сыпаттамасын Кытай акындарынын көч башында турган Ли-байга айтса жарашат. Буга чейин ырлары орус котормосу аркылуу бизге жеткен, 701-жылы туулган атактуу кытай акыны, ойчулу Ли-бо же Ли-байдын жүздөгөн жылдар мурда жазган ырлары бүгүнкү заманга шайкеш жаңырып тургандыгын анын ырларын окугандар жакшы билишет. Ли-байдын Кытайда эле алты-жети эстелиги бар. Ушу тапта Кыргызстанда Ли-бай атындагы фонд түзүлүп, ал Жазуучулар союзу менен бирге Ли-байдын чыгармаларын түпнускадан кыргызча которуп чыгаруу боюнча иштерди баштаганы турат. Аз убакыттан соң акын-котормочулар үчүн конкурс жарыяланып, конкурска иргелген ырлар быякта да, Кытайда да басылып чыга турганы белгилүү болду.

Казак электри канча сом?
Казакстандын "Самрук-Энерго" компаниясынын башчысы Алмасадам Саткалиев шаршембиде Кыргызстанга казак тарап 1 кВт электр энергиясын 15,7 тенгеден берерин билдирди. Муну сомго айландырсак 5 сом 65 тыйын болот. Кыргыз өкмөтү болсо баурдастар берген электр энергиясын катардагы колдонуучуларга 2 сом 5 тыйындан (айына 700 киловаттан ашык жакпагандарга), а ишкана, мекемелерге 2 сом 19 тыйындан (салыкты эсепке алганда 2 сом 47 тыйын) берилерин бышыктады. Алмасадам мырзанын айтымында, Жамбыл ГЭСинен келчү электр энергиясын казак тарап үзгүлтүксүз берүүгө даяр.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??