21.11.14 Оп, майда
"Немистер кыргыз тарыхында"
Ушундай аталыштагы көргөзмө 3-октябрдан бери Мамлекеттик тарых музейинде өтүп жатат. "Немистер Кыргызстандын тарыхында" көргөзмөсүн уюштуруп, илимий-практикалык конференция өткөрүүгө "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Алматыдагы Гете институту салым кошту. Көргөзмөгө "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун жетекчиси, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандагы Германиянын элчиси Гудрун Мария Срэга катышты. Бул көргөзмөгө немис элинин XIX-XX кылымда тиричиликке колдонгон буюмдары, китептер ж.б. коюлган. Аталган көргөзмө Ош, Талас облустарында да өткөрүлмөкчү.

7 тонна героин жеңил өтөт
Кечээ баңгизатын көзөмөл-дөө мамлекеттик координациялык комитетинин жыйынында Кыргызстандагы Россия иштеринин убактылуу ишенимдүү өкүлү Евгений Терехин ар жылы Кыргызстан боюнча 7 тонна героин өтүп, анын 1 тоннасы Кыргызстандын өзүндө каларын билдирди. Анын айтымында, баңгизаттын жалпы адамзатына алып келип жаткан кесепетине эбола дарты да тең келе албайт. Ошол себептен Россия баңгизатына каршы күрөшүүдө атайын программа кабыл алып, Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Кыз алакачууну токтоткула!
Бишкектин Свердлов райондук милициясы кыз алакачууга шектелген алты жигитти кармады. Милицияга 40 жаштагы аял белгисиз бирөөлөр сиңдисин алакачып кеткендиги тууралуу кабарлаган. Ушуга окшош кыз алакачуу окуясы Токмок шаарында да катталды. 18 жаштагы кызды алакачкан беш жигит Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалды. 2013-жылы өзгөртүлгөн Кылмыш кодексине ылайык, кыз алакачкандар 5 жылдан 10 жылга чейин соттолот. Мурда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин болчу. Былтыр кыз алакачкандарга байланыштуу 20дан ашуун кылмыш иши козголгон.

Башы жаман эмес
19-21-ноябрь күндөрү Татарстандын Казань шаарында экинчи эл аралык "Turkvision" сынагына Кыргызстандын атынан "Нон стоп" дуэти аттанган. Калыстардын курамы финалга 12 талапкерди өткөрдү. Арасында биздикилер да бар. Бүгүн алар суперфиналда жеңүүчү наамы үчүн ат салышат.

Кышында көбүрөөк эс алышат
Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн 2014-2015-окуу жылына карата өзгөртүү болду. Кышкы каникулда окуучулар 29-декабрдан 18-январга чейин жыйырма күн эс алышат. Ал эми бул узартылган күндөр жайкы каникулдун эсебинен кетет экен. Ошондо жайкы каникулга чыгуу 29-майда башталат. Мурда окуу жылы 25-майда аяктачу. Бул мыйзамга Билим берүү жана илим министрлиги кол койду.

Зилзаланын кесепети
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жер титирөө болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, 90 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келген. Маалым болгондой, учурда чыгымдарды эсептөөлөр уланууда. Ал эми социалдык объектилерге келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатат. Атайын коммисия түзүлүп, 1232 турак үй жана 12 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 486 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 237 турак үй жана 3 социалдык объект II даражада, 44 турак үй жана 2 социалдык объект III даражада, 33 турак үй IV даражада жабыр тартканы аныкталган. Эске салсак, мыйзамда 4-даражада жабыркаган турак жай ээлерине 200 миң сомдон узак мөөнөттүү ссуда берүү, ал эми 3-даражада жабыркаган турак жай ээлерине капиталдык оңдоо иштерин өткөрүү үчүн 10 миң сомдон ссуда берүү каралган.

Ким экениңди тактап ал
Кыргызстанда дээрлик 112 миң адам биометриялык маалыматтарын тапшырды. Маалыматка ылайык, 20-октябрдан 18-ноябрга чейин Бишкек шаары боюнча 42918 адам биометриялык маалыматтарын каттаган. Коргоо министрлиги жана "Тез жардам" кызматында биомаалыматтарды чогултуу иш-чаралары аяктады. Бүгүнкү күнү Бишкек мэриясында жана Свердлов райондук администрациясында бул иш-чаралар уланууда. Өлкө аймагы боюнча 10-18-ноябрь аралыгында 68988 адам биометриялык маалыматтарын тапшырып, жалпы республикада бул көрсөткүч 111906га жетти.

Адам мууздамай оюнбу?
Майлуу-Суу шаарында 13-ноябрь түнү 20 жаштагы Ильяс Мамбедиевдин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлер кармала элек болчу. Жакында Ильясты өлтүргөн үч мыкаачы колго түштү. Алар ошол түнү Ильясты үйүнөн чакырып чыгып, бир кызды чыгарып бер деп кыйнашкан. Ал кыз үйүнөн чыкпай койсо мыкаачылар Ильясты унаасына салып, айылдын четине алып барып колу-бутун байлап, муунтуп өлтүрүшкөн. Маркумдун сөөгүн унаага салып барып анын денесине бир нече бычак сайып, мууздап салышкан да, айылдын четине таштап кеткен экен. Учурда мыкаачылар күнөөлөрүн мойнуна алышууда.

"Дүйнө сулуусу" болбой калды
"Дүйнө сулуусу - 2014" сынагына талапкерлигин койгон Гондурас сулуусу Мария Хосе Альварадонун жансыз денеси табылды. Мария Хосе менен эжеси Софияны акыркы жолу тааныштары 13-ноябрь күнү Санта-Барбара шаарынан көрүшкөн. Андан кийин дайынсыз жоголгон кыздарды издөө иштери башталган болчу. 19-ноябрь күнү Гондурастын Каблоталес кыштагына караштуу Агаун дарыясынын жээгинен табышкан. Кылмышка шектүү деп Мариянын мурунку жигитин кармашты. Ушул жылдын апрель айында өткөн сулуулар сынагында Мария "Мисс Гондурас - 2014" наамына ээ болгон. Ал 19-ноябрь күнү "Дүйнө сулуусу - 2014" сынагына катышууга Лондонго учмак.

Тарыхчыга
таазим!
Бүгүн Улуттук илимдер академиясында көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмер, академик, тарых илимдеринин доктору Бегималы Жамгырчиновдун 100 жылдык юбилейине арналган "Бегималы Жамгырчинов - Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчысы жана коомдук ишмери" аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө. Конференцияга академиктер, окумуштуулар, саясый ишмерлер, илимий жана жарандык коомчулук катышты. Академик Б.Жамгырчиновдун Кыргызстандын революцияга чейинки жана совет доорундагы тарыхынын түйүндүү маселелерин изилдеген 150дөн ашык илимий эмгеги бар.

Төлө дагы,
тынч укта
Азыркы учурда унаага, турак жай, кыймылсыз мүлккө жана жер салыгына салыктарды чогултуу жүрүп жатат. Мамлекеттик салык кызматы салыкты өз маалында төлөбөгөндөр негизги суммадан сырткары 2 миң сом өлчөмүндөгү айып пул жана мөөнөтү өткөн ар бир күнгө туумдарды төлөөгө туура келерин кабарлады.

Санаага салган "салык
маневру"
Россия Федерациясынын кеңеши мунай тармагындагы "салык маневрун" жактырды. Бул мыйзамдын натыйжаларынын бири бензиндин кымбатташы болот. Өткөн жумада өлкөнүн Мамлекеттик Думасы нефтиге болгон экспорттук бажы пошлиналарын этаптуу кыскартып, аны менен бирге эле нефти жана газ өндүрүү салыгын жогорулатуу мыйзам долбоорун колдоп берди. Мыйзам авторлорунун айтымында, бул бюджеттин экспортко болгон көз карандуулугун төмөндөтөт. Россия өкмөтү буга чейин бензин 10 пайызга кымбаттарын айткан. А башка эсептер боюнча бензин 15-20 пайызга кымбаттайт. Бул күйүүчү майды Россиядан алган Кыргызстанга да таасир этиши мүмкүн.

Журналисттер этикасы
электен
өтөт
Келаткан аптанын дүйшөмбү-сүндө журналисттердин үстүнөн жазылган арыз, даттанууларды жарандык коом менен медиасерепчилер талкуулашарын "Азаттыкка" ММКлар үстүнөн арыздарды кароо комиссиясы билдирди. Талкууда комиссиянын жүргүзүп жаткан иши баяндалып, журналисттердин этикасы тууралуу ой-пикирлер айтылат. Бул комиссия 7 жыл бою журналистикага байланыштуу арыздар менен иштеп, айрым макалаларда журналисттердин этикалык кодексине ылайык келбеген сүйлөмдөр камтылса, ал боюнча редакцияга же автордун өзүнө эскертүү берип келген. Комиссияга белгилүү юрист Шамарал Майчиев төрагалык кылат.

"Жаңы Агым" - пресс