21.11.14 Сариевдин сактыгы менен актыгы?
Экономика министри Темир Сариев Президентке кайрылуу жазып, 2010-жылдын апрель окуясынан кийин Кыргызстандагы айрым банк ячейкаларынан табылган миллиондогон каражаттардын дайын-дарегин тактоо боюнча комиссия түзүп, ишти тыкыр иликтөөнү суранды. Анын мындай кадамга барышына алдыдагы шайлоо себеп болду көрүнөт. Анткени аталган ячейкадагы каражаттар ошол кездеги убактылуу өкмөт тарабынан "өлкөнү турукташтырууга жумшалды" деген трактовка менен кумга сиңген суудай жок болуп, айрымдар аны ошол кездеги министрлер өздөрүнүн партияларына жумшаган деп айтып келишкен. Ал арада Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефондук сүйлөшүүсү делген шектүү аудиотасма да чыгып кеткен эмес беле. Ушул жагынан алганда Темир Сариев коомчулукка чындап эле ал акчага өзүнүн тиешеси жоктугун ачыктаганы калгандай. Анда кимдин башы кылтыйып чыгып калар экен? Аны Президенттин комиссия түзүп-түзбөгөнүнөн эле биле берсек болот го.


Жумагуловдун жумасы
Ушул жуманын этегинде КТРКнын генералдык директорлугу үчүн шайлоо өткөнү туру. Байкоочу кеңештин жаргылчагына түшүп жанчыла турган талапкерлердин тизмесинде он адам бар экени белгилүү. Ооба, арасында асмандан түшкөн эч ким жок, баары эле журналистиканын жака-белинде жармашып жүргөндөрдөй көрүнөт. Бирок сын көз менен карасак, азыркы "и.о" Султан Жумагулов эле баскан жолу, эл аралык, жергиликтүү массмедианы жакшы билгендиги, телекоммуникацияны түшүнгөндүгү менен сыдыргыдан сый өтүп кетчүдөй болуп турат. Бирок аны менен кошо жүнү тирүү талапкер катары ошол каналдан телчигип келаткан Космос Чыдыновду да белгилеп койбосок болбостур. Бул жигит азыр жаштыгына салып "КТРКдан кеткен ар бир материал бийликтин буйругу менен кетет деген стереотиптен кетишибиз керек. Бийликтин андан башка да жасай турган иштери бар. Болгону маалыматтын объективдүүлүгү КТРКнын жетекчисинин эркинен көз каранды" деп демдүү турат. Көрөлү, балким Жумагуловдун жылдызы жанса, орунбасар кылышты ойлонуп көрөр...

Аксакалча жоксуңарбы?
Ушул жумада Казакстандын экс-премьер-министри жана Коргоо министри Серик Ахметов жемкорлукка байланыштуу айыпталып, үй камагына алынганы тууралуу маалымат тарады. Аталган өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына таянсак, бул чиновникке "Сарыарка", "Металлургия-металл иштетүү", "Казагрофинанс" компаниялары боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алкагында "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Бул окуя коңшуларыбыздын бийлиги коррупцияга каршы жараянды ак же көк деп бөлбөстөн тегиз жүргүзөрүн, мамлекетке ким зыян келтирсе, аны кызматына, саясый салмагына, бийликтегилер менен болгон жакын мамилесине карабай жоопко тартарын көргөзүп отурат. А биздикилерчи?

Кат жазчы мага...
Саясат деген ушундай экен, кези келгенде бириккендер ажырашып, ажырашкандар кайра табышып, кечиришип, өкүрүшүп, айтор, туруксуздуктун символу сыяктуу. Муну турмуш далилдеп жатат. Өз булактарыбыздан алган кабарларга караганда, ушу тапта Казакстанда китеп жазып жаткан Садыр Жапаров кайрадан досу Камчыбек Ташиев менен кат жазышып, саясый теманы жандандырып жаткан чагы. Сыягы, досунун Өмүрбек Бабанов менен түзгөн тандемине өзү да кошо кирип, кайрадан депутаттык креслого отурууну эңсеп жатса керек. Антсе неге болбосун? Оңдой берди болуп, бул жактагы Текебаев баштаган саясатчылар да "Кумтөр" маселесин көтөрүп жатканда келип элге жолугуп, колунан келген ишти жасай берсин да.

Салянова майрамга даярданууда
Эртең 22-ноябрда кыргыз прокуратурасы өздөрүнүн 90 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Демек, өлкөнүн көзөмөл органы көкүрөк керип, сыйлыктарга, куттук сөздөргө тунганы туру. Албетте, Башкы прокурор Аида Салянова да Ак үйдөн чоң белектерге ээ болору күтүлүп жатыптыр. Ага органга тиешелүү болгон эң жогорку чин, наам, сыйлыктар тапшырылып, аны менен кошо бийликтин бийик сыпаттамалары жааганы туру. Ооба, торколуу токсон жылдык мааракеге туш келген анын ишмердиги деле жаман болгон жок. Жакшы иштеди, жалтанбады. Жогорку Кеңештеги "жорудай" зор 120 депутатка жалгыз эле "ителгидей" жабылып тийип, коррупционер, бейбаш депутаттарды бирден "илип" кетип жатты. Акыйлашкандардын оозун аппак кылып, жакалашкандарды жайлап түшүп жатты. Андыктан прокурорлор ар бир тостту Аида айымга арнаса ашык болбос...

Порошенко дуэлге!
Өзүн-өзү эгемен деп эсептеп, Украинадан бөлүнүп кетүүнү каалаган Луганск Эл Республикасы дегендин башчысы Игорь Плотницкий Украина Президенти Петро Порошенкону дуэлге чакырып турган кези. "Байыркы славян жоокерлеринин салты менен дуэлге чыгалы. Кимибиз жеңсек, өз шартыбызды коебуз, эгер мен жеңилсем Лугансктан тарапташтарым менен чыгып кетем, өлкөм мурдагыдай Украинада калат, сен жеңилсең, биз эгемен мамлекет болуп мыйзамдуу бөлүнүп кетебиз" дейт өрөпкүгөн Плотницкий.
Мындай мырзалык чакырыкка азырынча Украина башчысы үн ката элек. Сыягы, "бир оруска теңелип өлүп алгыдай акылыман адаша элекмин" деп турат көрүнөт. Балким тобокелчиликке деле барса эрдик кылган болот беле...

2017-жылы Азимбек эмес Адахан келет дейт
Саясатта чоң ийгилик жаратыш үчүн бийик секириктин алдында убактылуу артка чегинип, дем алып, саясый процесстерге сырттан гана көз салып, ыңгайлуу учурду күтүш керек деген бир ыкма бар. Биздин угушубузча, азыр мындай стратегия менен Адахан Мадумаров иш алып барып, тарапташтарынын нааразычылыктарына муюп, башынан ылдый жугунду куйгандарга чыдап, азыркы бийлик менен тил табышкан өңдөнүп, Түркияда жүргөн кези экен. Баарынан кызыгы, бул планды ага азыр Ак үйдө Алмазбек Шаршеновичтин бир капшытында отургандар үйрөтүп, алабарман Адаханды акыл менен башкарып жатышыптыр. "Ичкиликтер илибой убакта колдошот, камсанабаңыз" дегендердин планы ишке ашса, 2017-жылкы президенттик шайлоодо дал ушул талапкер утуп чыкчудай. Мындан улам, Азимбек Анаркуловичтин "мен жеңем" дегени жөн эле маневр сыяктанып калат экен.

"Жоону" Фарид сайып, аты Икрамга калабы?
"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн айланасындагы чыр апогейине жеткени маалым. Бул опурталдуу оюндун башында Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов тургандыгы тууралуу кеп кетип жатат. Ал болсо "ооба, мен жасап атам" демек беле, танганы танган. Бирок ушул жумада анын дагы бир амалдуу "ходу" иштеп, ал бул ММКга болгон "операцияларын" айрым досторунун оозу менен президенттик аппарат башчысынын орунбасары Икрам Илмияновго бургусу келди. Айталы, бийликке жан тарткан бир партиянын таасирдүү адамдарынын бири тар чөйрөдө бул ишти Фарид Икрамсыз жасай алмак эмес, "Вечерний Бишкекти" жаңы жылга чейин алышат экен деп айтканы угулуп жатат. Бул кеп бекер чыкпайт. Демек, аталган партияда Фарид Ниязовдун достору бар экендигин эске алганда, биздин айтканыбыз туура чыгууда. Мейли эми кандай кылса да Фарид акенин өз эрки. Болгону анын бул кадамдары азырынча шефин коомчулукка жек көрсөтүүдөн башка жыйынтык бере элек.

Мыйзамдын артында эмне бар?
Кесиптик өмүрүнүн көбүн Айыл чарба министрлигинде өткөрүп, анын ичинде ветеринария тармагын каалагандай калчагандардын бири, ЖК депутаты Талант Узакбаев парламентке веткызматка байланышкан жаңы мыйзамды сунуштап жатат. Сүйлөсө оозунан алтын шилекейи чачыраган эл өкүлү эгер бул мыйзам кабыл алынып калса мал оорусун алдын алууга шарт түзүлүп, малдоктурлар да, өкмөт да, мал ээлери да бирдей жоопкерчилик алып, эпизоотикалык коопсуздук ордуна келип, жыргап эле калат экенбиз. Бирок анын бул айтканына өзүнүн эле кесиптештери ишенбей, "ай шегибиз бар, бул дагы бир акча жегендин амалы го, ыя?" деп ыктытып турушат. Чын да. Аз мурда агасын министр кыла коюп, айыл чарбага келген гранттарды солго айдаганы үчүн анысы жоопко да тартылбадыбы.

"Акыркы" Бакиев абактан чыкты
2010-жылдын май айындагы Жалал-Абад аймагындагы башаламандыкты уюштурганга катыштыгы бар деп күнөөлөнгөн Санжар Бакиев кечээ жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыгарылды. Бул жигит мурдагы бийлик ээлери, алды өмүр бою, арты 10 жылдан кем эмес мөөнөткө түрмөгө сыртынан кесилген Бакиевдер кланынан жалгыз жазага тартылганы чындык. Өткөн жылы Санжар камактагы 20 миң адамдын арасынан "бактылуу айыпкер" катары "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата" амнистияга туш болуп абактан чыгаарда, кайра аны тизмеден чийип кутулушкан.

"Жаңы Агым" - пресс