21.11.14 Кылмышкерлерди жаздымынан кетирбеген кинологдор
Кинология тармагында иштеген кызматкерлердин жеңилин жерден, оорун колдон алган иттерсиз алардын жумушун элестетүү кыйын. Иттер кинологдордун ишенимдүү кесиптешине айланганына, аларсыз кылмышкерди, баңгизатты табууга мүмкүн эмес экенине өзүбүз күбө болдук.



ИИМ дин Кинология борбору 1971-жылы негизделген. Ал кезде питомник Бишкек шаардык ИББине карап, 1988-жылы ИИМге өткөрүлүп берилген. Учурда республика боюнча жүздөй, ал эми аталган Кинология борборунда 30дай адис эмгектенет. Мындан сырткары бул борбордо милициянын ит менен кайгуулга чыгуучу кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери өлкөбүздүн бардык аймактарынан келип, 6 айлык курстан окуп кетишет. Кинология борборунда учурда жетимиштей "төрт буттуу тартип сакчысы" бар, арасында немис овчаркасы, алабай жана лабрадор, спаниель породасындагы иттер. Бул иттердин ар биринин аты, алтургай өздүк делосу да бар. Аларды жарылуучу зат, курал, баңгизаттарды издеп табууга үйрөтүшөт. Машыктыруу болжол менен 6 айды талап кылып, бир ит орточо сегиз жылдан тартып эң көп дегенде он беш жыл кызмат кылат. Ит карып, алдан күчтөн тайыганда коопсуздук кызматында иштегендерге өткөрүлүп берилет.
Кандай кам көрүлөт?
Иттер менен кинологдор бир жумада беш күн эртеден кечке чейин машыгышат. Машыгуу алгач эртең менен ветеринардык көзөмөлдөн башталат. Иттин дене табы ордундабы, ууланган жокпу деп кылдат текшеришет. Андан кийин атайын аянтта машыгуу башталат. Буларды жөндөмүнө жараша бир нече топко бөлүп машыктырышат. Мисалы, кээ бири курал-жарак, жарылуучу заттарды, дагы бири баңгизатын издөөгө даярдалса, дагы бири из кубалайт. Мындан сырткары кайгуул-күзөт кызматына чыга турганы, объект кайтарганы болот. Кайгуул-күзөт кызматында алабай, ротвейлер жана овчарка породасындагы иттер, баңгизатын издөөдө лабрадор, спаниель, овчаркалар, ал эми издөө иштеринде жалаң овчаркалар даярдалат. Спаниелдердин мурду жытты жакшы билгендиктен алар баңгизатын издөөгө шыктуу. Иттер бир күндө эки маал тамак менен камсыз болушат. Тиешелүү өлчөмдө эт, ботко, малдын ич этин, жер-жемиш берип багышат. Ит формасын жоготуп, семирип кетпеш үчүн тамактануунун эрежеси катуу сакталат.
Итти эпке келтирүү кыйын иш
Иттер күүсүнөн жанбай, 24 саат бою даяр болуш үчүн күндө машыккандан сырткары буларды "практикалык ишке" алып чыгышат. Темир жол вокзалы, батыш-чыгыш автобекетине, "Манас" аэропорту булардын иштей турган аянты. Үйүлүп турган жүктүн арасынан катардагы кызматкер баңгизатты казып табууга биртоп убакыт сарптайт. Ал эми "төрт буттуу кызматкерлер" бул тапшырманы саналуу секундда гана ишке ашырат.
Биз борборго барган учурда иттер кезектеги машыгууга чыгышыптыр. Кинологдор "төрт буттуу окуучуларына" түрдүү буйруктарды берип аткаруу көнүгүүлөрүн өткөрүп башташты. Бийиктикке секирип, кылмышкердин артынан кууп жетип, баңгизатты издеп табууда биртоп тажрыйба топтошуптур. Катылган баңгизатты бардык иттер тапканы менен, лабрадор породасындагы ит өз ишин башкалардан мыкты жана ыкчам аткара алды. Анткени анын жыт сезүү инстинкти эң мыкты өнүккөн. "Кинологдор иттерди баңгизатты табууга үйрөтүш үчүн аларга героин берип турушат деген сөз чындыкка коошпойт. Мынча иттин баарына тиешелүү өлчөмдө героин табуу мүмкүн эмес" дейт борбордун адистери. Жарылуучу затты, баңгизатты табууда, кылмышкерди кармоого болгон жөндөмдөрүн көрүп иттерге жана аларды ушул ыкмага үйрөткөн кызматкерлерге ичибиз жылып кайттык.