п»ї
Агым
Оп, майда
Барскан менен өлтүрүп алды
16-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол-Пристань айылынын жашоочусу Э.Самсинур киши колдуу болуп ооруканада көз жумду. Облустук ИИБнин маалымдашынча, 18-ноябрда Каракол ИИБине Ысык-Көл облустук ооруканасына 45 жаштагы аял оор жаракат менен түшүп көз жумганы тууралуу билдирүү түшкөн. Ошол замат тергөө-оперативдик тобу окуя болгон жерге барып, 2013-жылдан бери Каракол-Пристань айылынын жашоочусу менен жашап жаткан 33 жаштагы Ош облусунун Биринчи май айылынын тургуну А.Жайсаңды кармашкан. Айыпкердин айтымында, ошол күнү каза болгон аял мас абалында А.Жайсаң менен жашап жаткан аялдын үйүнө келип экөө урушуп кеткен. Ошондо ал чакан барскан менен аны капталга урган. Медэкспертизанын жыйынтыгы боюнча катуу соккудан улам каза болгон аялдын оң капталындагы кабыргалары сынып, бир кабырга өпкөгө кирип кеткен. А.Жайсаңга "жабырлануучуну өлүмгө алып келген атайылап денеге оор залал келтирүү" айыбы тагылып, Каракол ИИБнин убактылуу тергөө абагына камалды.


Нуракенин айтканы аткарылбады
Өткөн жумада Алмазбек Атамбаев казак президенти менен сүйлөшүп, апрелден бери кыргыз-казак чек арасында турган 448 вагон күйүүчү майды өткөрүүнү макулдашкан эле. Ага удаа эле Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 161 вагон күйүүчү май Кыргызстанга жөнөтүлдү деп сүйүнчүлөгөн. Шаршембиде Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Улан Кулов ал вагондордун 41и гана келгенин кабарлады. Анын билдиришинче, казак тарап документтерди туураламайын калган вагонду кое бербейт экен. Ошентип ажобуз Нураке "мыйзамсыз майыбызды" берди деп барбактап, Эрлан Абдылдаев 161ин "алып келип салган" майыбызды баурдастар бербей жатыр.


Кыргызстан жеңиле эле бербей, жеңди
Кыргызстан Москва арбитраждык сотунда Москва соода өнөр жай палатасынын бейтарап сотунун "О.К.К.В" ЖЧКсынын пайдасына Кыргызстандан 2,3 млн. доллар өндүрүп берүү талашын караганга укугу жок экенин далилдеди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү билдирди. Өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн билдиришинче, кыргыз улуттук мыйзамында жана эки тараптын ортосунда кандайдыр бир арбитраждык макулдашуулар бекитилген эмес. Тактап айтканда, конкреттүү арбитраж улуттук мыйзам менен, эл аралык жана инвестор менен мамлекеттин ортосундагы келишимдер менен бекитилиши керек. Бул позицияны КМШ экономикалык соту да колдогон. Ошентип өкмөттүн эсеби боюнча аталган арбитраждык сот Кыргызстанга карата чыгарган акыйкатсыз үч чечимдин бирин жокко чыгарды.

"Жаңы Агым" - пресс



а ­е¦Є.НҐй«